СЫЙЛЫК БЕРҮҮ ЦЕРЕМОНИЯСЫНДА ЖЮРИНИН МҮЧӨЛӨРҮ ОЛЬВА ФИРМАСЫНАН КӨРКӨМ ТАГЫЛУУЧУ БЕЛГИЛЕРИН АЛЫШТЫ

Москвалык зергер буюмдардын устасы Вадим Кац, логотип менен значокторду заказка чыгараган, Ольва зергер фирмасынын башкаруучусу, жана фонддун уюштуруучусунун досу, биздин ишибиз менен таанышып, фондубузга белек кылып берди: бул значок биздин фондубуздун логотипин көргөзүп турат (логотиптин мааниси боюнча бул жерден көрүп алсаңыз болот, кичине астыга түшүңүз), бирок фонддун аталышынын ордунда ФОНДДУН ШИРЕКТЕШИ деген жазуу турат. БИРИНЧИ […]

Толугу менен...

БУГУН БИЗ МОСКВА ШААРЫНА МАДАНИЙ – БИЛИМ БЕРҮҮ САЯКАТКА КИМ БАРА ТУРГАНДЫГЫН БИЛДИК. КОНКУРС АЯКТАЛДЫ!

Мына КММАнын 2014 жылынын Илим Күндɵрү аякталды.  Жаш илимпоз медиктердин конкурсу да соңуна келди. Проект боюнча маалыматты проекттин баяндоосунда окуп алсаңыз болот. Бул жылы ар кандай уюштуруучулардын сыйлыктары жана материалдык  сыйлыктары кɵбүүрɵк болду, биз бул окуяга абдан сыймыктанабыз анткени конкурстун катышуучулары  — биздин келечегибиздеги илимдин жана клиникалык медицинанын  ɵңү! Жаш илимпоздор 9 адистик секцияда мелдешүүлɵргɵ […]

Толугу менен...

ЖАШ ИЛИМПОЗ-МЕДИККЕ СЫЙЛЫГЫ КАЙТАДАН 2014 ЖЫЛЫНДА БЕРИЛЕТ.

«КММА Илим кундɵрү» 2014, илимий конференциясы жакындап  баратат. Бул конференцияны Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы (КММА) жана Саламаттык Сактоо Министрлиги неченчи жолу ɵткɵзүп жатышат. Бул жылдын даталары жарыяланган: 16-18 апрель. Бул жылы «Илим күндɵрү» Академиянын, мамлекеттик эң биринчи жогорку окуу жайарынын биринин, 75-жылдык юбилейине арналган. Бул маанилүү датага байланыштырып КММА 2014 Илим Күндɵрүнүн Уюштуруучу Комитети салтанаттуу […]

Толугу менен...

“МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМДҮН САНЖЫРАСЫ” СЫНАГЫНА КАТЫШКАН БАЛДАР ӨЗДӨРҮНҮН ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН САНЖЫРАСЫН ТҮЗҮШКӨН

СҮРӨТАЛЬБОМ. Балдар өздөрү жазган дил баяндарды үй-бүлөлүк санжырасынын сүрөттөрү менен кооздошкон. Баарынан кызыгы, урук-туугандарынын же болбосо, үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрү дарактын мөмөсүнүн ичинде жайгаштырылган. Же дагы бир мисал, улуу муундар дарактын тамырында орун алса, андан тараган кийинки муундар – сабактарында жана дарактын учтарында жайгашкан. Балдардын эч кимиси ал даракта өзүн көргөзбөгөнүн да белгилеп койсок болот, тааныштыгы […]

Толугу менен...

КЕМИНДЕГИ “МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМДҮН САНЖЫРАСЫ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2014-жылдын 9-августунда Чоң-Кемин өрөөнүндө жайгашкан мектептердин окуучуларын, алардын ата-энелерин, мугалимдерди чогулткан аябай кызыктуу окуя болду!  Ага Бишкек шаарынан калыстар тобунун мүчөлөрү барышты, калыстар тобунун мүчөлөрү “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагын калыс баалагандар экенин эсиңиздерге сала кетели. Сыйлоо салтанаты Шабдан айылындагы БИЛИМКАНА мектебинде өттү. Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Улуттук паркы, тоо койнуна куп жарашкан жаңы мектептин имараты, андагы кубанычтуу […]

Толугу менен...

ЖАШ ОКУМУШТУУ ДАРЫГЕРЛЕР ҮЧҮН УЮШТУРУЛГАН СЫНАКТЫН 2013-ЖЫЛДАГЫ ЛАУРЕАТЫ – МИКРОХИРУРГ РАДИК ТАЛАНТТЫН МОСКВАГА САЯКАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2013-жылы колуна жаңы эле КММАнын дипломун алган жаш микрохирург Радик Талант И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) “ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН” алкагында жыл сайын жаш окумуштуу дарыгерлер үчүн уюштуруп келген сынактын ошол жылдагы жеңүүчүсү болгон, демек ал Санжарбек Данияровдун фондунун сыйлыгынын да лауреаты болуп эсептелет. Салт болуп калгандай, Фонд өзүнүн лауреаттарын Москва шаарына он күндүк […]

Толугу менен...

ХИРУРГ АЛЛАН АБДИЕВДИН МОСКВАДАГЫ ЖАЙКЫ АЖАЙЫП 10 КҮНҮ

СҮРӨТАЛЬБОМ. Аллан Абдиев — жаш хирург, ал 2012-жылдын жаш окумуштуу сынагынын жеңүүчүсү болгон. Сынак И.А.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын (КММА) ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН алкагында жыл сайын өткөрүлүп келет. Аллан Санжарбек Данияровдун 2012-жылы өткөрүлгөн сынагында жеңүүчү катары сыйлыкка ээ болгон, фонд ошол жылы жаш окмуштуу дарыгерлер үчүн биринчи жолу сыйлык уюштурган. Фонддун сыйлыгы – Москва шаарына […]

Толугу менен...

ЖЫЛЫНА БИР ЖОЛУ ӨТҮҮЧҮ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” ДОЛБООРУ ЖӨНҮНДӨ

БИРИНЧИ МУГАЛИМ – бул мектептин башталгыч классынын мугалими. Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн – мугалимдердин эң мыктысы! Урматтуу БИРИНЧИ МУГАЛИМДЕР!             Мектептен кетпеңиздер! Биринчи мугалим деген наамга дайыма татыктуу болуңуздар. Сиздер баарыбызга: балдарга да, чоңдорго да абдан керексиздер. Ар бирибиздин жашообузда БИРИНЧИ МУГАЛИМ – чыныгы БИРИНЧИ МУГАЛИМ болуш керек! Сиздердин алтынга бергис акыл сөзүңүздөр биздин турмуш […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2011” СЫНАГЫНЫН АЛГАЧКЫ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БАКТЫГҮЛ КАЛМАМБЕТОВАНЫН МОСКВА ШААРЫНА МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. Бактыгүл Кемин районунун Шабдан айылындагы мектептин мугалими болуп иштеп жүргөн кезинде Фонд мугалимдер үчүн алгачкы уюштурган сынактын жеңүүчүсү болгон. Саякат 21.08. – 31.08.2011-жылы болду. Бактыгүл андан кийин Шабдан айылындагы “Билимкана” мектебин жетектеп калды. Бактыгүлдүн бул саякат тууралуу “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынан мен эмне таптым?” деген баяны. КУТБИЛИМ САЙТЫНДА

Толугу менен...

ТОО АЙЫЛЫНДАГЫ ДОСТОР КИТЕПКАНАСЫ. ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Бул кат биз тууралуу жакшы билгендер жана сайттагы баракчабызга баш баккан коноктор, Сиздер үчүн! Кымбаттуу достор!               Биздин силерге кайрылуубуздун себеби – бул биздин мекенибиз Кыргызстандагы Кемин районундагы бир мектебинин  китепканасына белек. Сиздер окуучуларга ылайыкуу китеп белек кылсаңыздар – биз сиздерге абдан ыраазы болор элек. Биз милдет катары,  ал китептердин чаңдап жатпай,  окулуусуна чоң […]

Толугу менен...

МОСКВА ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН КИЧИНЕКЕЙ ОКУУЧУСУ ИВАН ЛОГАЧЕВДУН КЕМИН РАЙОНУНУН КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНА ТАРТУУЛАГАН БЕЛЕГИНЕ ЖАЗГАН КААЛОО-ТИЛЕКТЕРИ

Китеп тартуулаган адамдар биздин өтүнүчүбүз боюнча түрдүү каалоо-тилектерин жазышат. Москвалык окуучу Иван мына мындай татынакай каалоолорун жазган.   ИВАН ЛОГАЧЕВДУН ЖАЗГАН КААЛОО-ТИЛЕКТЕРИ СҮРӨТАЛЬБОМ: КИТЕПКАНА. КЕМИН

Толугу менен...

ИВАН ЛОГАЧЕВДУН КЕМИНДЕГИ КИТЕПКАНАНЫН ОКУРМАНДАРЫНА КААЛООСУ

Досторубузга жана жалпы эле тааныштарыбызга китептериңер болсо, китепканага белекке тартууласаңар болот деген биздин кайрылуубузга КЕНЖЕ КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ ИВАН ЛОГАЧЕВ деген кичинекей досубуз жооп иретинде өзү жакшы көргөн китептерин берип жиберген экен. Сиздерге маалым болгондой, Фонд китептерин тартуулаган досторубуздан ал китептерди жөн гана берип койбой, ал белекке жакшы ниетин билдирген каалоо-тилектерин жазып коюусун өтүнгөн эле. Бизди […]

Толугу менен...