КММАНЫН ИЛИМ КҮНДӨРҮ ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ

ТААЛАЙБЕК УУЛУ БАЙЫМБЕТ – САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУ ФОНДУНУН СЫЙЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ЛАУРЕАТЫ БОЛДУ

Байымбет

2017-жылдагы Санжарбек Данияровдун Фондунун сыйлыгынын алкагында Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу саякатка И.Ахунбаев атындагы КММАнын дипломго чейинки жана кийинки окуунун нейрохирургиясы кафедрасынын клиникалык ординатору ТААЛАЙБЕК уулу БАЙЫМБЕТ барат.

Сыйлыктын Лауреаты КММА “ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН” алкагында 2017-жылдын 14-16-апрелинде 6-жолу өткөрүлгөн жаш окумуштуулардын сынагындагы жеңиштин негизинде аныкталды. Биздин пикирибизче, бул форум Кыргыз Республикасынын медицинасын жана илимин өнүктүрүүдө өтө маанилүү болуп эсептелет.  Тилекке каршы, биздин өлкөдө илим жана билим тармагы жеткиликтүү каржыланбайт, ал эми илим жана билимсиз мамлекеттин өнүгүп-өсүүсү мүмкүн эмес. Ошол эле учурда медицина тармагында байма-бай өткөрүлүп келаткан профессионалдык дискуссиялар, докладдар, аларга КММАнын студенттеринин, клиникалык ординаторлордун жана аспиранттардын, профессордук-окутуучулар курамынын жана башка медициналык жана изилдөө мекемелеринин активдүү катышуусу биздеги билим жана илим саясаты оң жагына өзгөрүлгөнгө чейин илимий ресурсту сактап турууга жардам берип келет. ИЛИМ КҮНДӨРҮН ушундай кеңири масштабда өткөрүү демилгеси КММАнын илим боюнча мурдагы проректору профессор Н.Н.Бримкуловга таандык.

Илим күндөрүнүн жана жаш окумуштуулар сынагынын жана ошондой эле ушул жылы өткөрүлгөн Миррахимов Универсиадасынын катышуучулары энтузиазм, эргүү, атаандаштык дух менен катышкандыктары кубандырат.

Аудитория
Аудитория

ИЛИМ КҮНДӨРҮН Кыргызстандын медицина дүйнөсүндөгү белгилүү инсандарына же ага байланыштуу окуяларга арноо жакшы жөрөлгө болуп калды. Быйыл белгилүү окумуштуу жана кайталангыс клиницист, биздин өлкөдө Кардиологиянын илимий-изилдөө институтун негиздеп, кардиолог жана кардиохирургдардын бүтүндөй плеядасын тарбиялоо менен бийик тоолуу медицинанын өнүгүшүнө зор салым кошкон академик М.М.Миррахимовду эскеришти.

ИЛИМ КҮНДӨРҮ өтө баштаган мезгил аралыгында медициналык академиянын жетекчиси алмашып, академиянын ректору профессор И.О.Кудайбергенова дайындалды. Мындай өзгөрүү калыптанып калган салтты өзгөртмөк тургай, тескерисинче, мындай жакшы идея колго алынып, ийгиликтүү уланууда. Ректор академияны өнүктүрүүгө салым кошкон улуу муундардын өкүлдөрүнө жана эмгек сиңирген профессорлорго жана ошондой эле  Санжарбек Данияровдун фондунун жетекчиси катары мага да КММАнын эстелик медалы менен сыйлады.

Биздин Фонд БИЛИМ КҮНДӨРҮ 2012-жылы жаңы уюштурулуп баштаган алгачкы күндөн тартып ушул мезгилге чейин жаш окумуштуулар сынагынын жеңүүчүсүн сыйлап келет.

Сиздер жеңүүчүлөрдүн ысымдарын жана Фондун Сыйлыгы жөнүндө жеңүүчүлөрдү сыйлык тапшыруу салтанатында даярдалган кыскача маалыматтан тааныша аласыздар (бул жерде — орусча) КГМА Илим күндөрү 2017 АД.

Мурдагы жылдардай эле биз бул сайтта сыйлыктын лауреаты Таалайбек уулу Байымбет жөнүндө  сүрөт репортажды жайгаштырабыз.


ТААЛАЙБЕК УУЛУ БАЙЫМБЕТТИН МОСКВАГА САЯКАТЫ СҮРӨТ РЕПОРТАЖ 


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *