ТАРЫХЫЙ СҮРӨТТӨР: Э. АРАБАЕВ – КАЙГЫЛУУ ӨЛҮМҮНӨ ЧЕЙИН БИР ЖЫЛ КАЛГАНДА ТҮШКӨН КООМЧУЛУККА БЕЛГИСИЗ СҮРӨТ

Көрүнүктүү инсандардын сүрөттөрү жана көзү тирүү кезинде тартылган портреттери алардын өмүр таржымалына, деги эле жалпы тарыхына, алар жашап өткөн доордун өзгөчө белгилерине кызыккан адамдардын табигый кызыгуусун жаратып, кесипкөй тарыхчыларды да өзүнө тартып келет. Тилекке каршы, бизди кызыктырган адамдардын тирүү кезинде тартылган сүрөттөрүн табуу дайыма эле мүмкүн эмес, андыктан биз үчүн образдарды ойлоп тапкан сүрөтчүнүн фантазиясына […]

Толугу менен...

ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН?

Макалабызды кыргыздын чыгаан агартуучусу, мамлекетибиздин “негиздөөчү аталарынын” бири Эшенаалы Арабаевдин 140 жылдыгына арнайбыз. Бул макала да мурункудай эле кыргыздын туңгуч басма китеби болгон Арабай уулу (Арабаев) Эшенаалы, Хафиз Сарсекеевдин «Алип бээ жаки төтө окуу» китебине арналат. Ал Шарк басмаканасында, Уфада, 1911-жылы жарык көргөн. Аталган макалада китептин толук электрондук нускасы бар. Басмакана аркылуу кыргыз тилиндеги биринчи […]

Толугу менен...

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БИРИНЧИ БАСЫЛГАН КИТЕП ЖӨНҮНДӨ

Макалабызды кыргыздын чыгаан агартуучусу, мамлекетибиздин “негиздөөчү аталарынын” бири Эшенаалы Арабаевдин 140 жылдыгына арнайбыз. Бул макалада сиздер үчүн биринчи кыргыз китебинин толук электрондук версиясы бар: Арабай уулу (Арабаев) Эшенаалы, Хафиз Сарсекеев. «Алип бээ жаки төтө окуу» «Шарк» басмасы, Уфа, 1911-ж. Хафиз Сарсекеев тууралуу маалымат кийинки басылмада ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН? Кыргыз эли ар дайым эбегейсиз […]

Толугу менен...

“БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ» КИТЕБИ ЖӨНҮНДӨ. ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАНА КАЗАКСТАНДАН КЫЗЫКТУУ ПИКИРЛЕР

Бул сын-пикирлерди биздин веб-сайттын «КОММЕНТАРИЙ» тилкесинде китептин орус тилиндеги версиясы басылып чыккан жеринен тапса болот: КНИГА 2021 Г. ИЗДАНИЯ: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ПЕРВЫЙ ПЕДАГОГ. ПОРТРЕТ НА ФОНЕ ЭПОХИ» 30.09.2021. Мага ал пикирлер кызыктуу сезилди. Ал китептин кыргызча варианты чыккандыгы тууралуу маалымат менен бөлүшүп жатып (2022-ЖЫЛЫ ЖАРЫК КӨРГӨН: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН […]

Толугу менен...

2022-ЖЫЛЫ ЖАРЫК КӨРГӨН: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ» КИТЕБИ. ЭМНЕ ҮЧҮН МЕН БУЛ КИТЕПТИ ОКУП ЧЫГУУНУ СУНУШТААР ЭЛЕМ?

Орузбаева-Даниярова К.Б., Даниярова А.С. Базаркул Данияров — алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси/ Кыргызчага которгондор Кашыбаева А.С., Даниярова А.С. — Бишкек: Санжарбек Данияровдун коомдук фонду, 2022, — 504 б с., ил. Китеп кыргыз тилинде. Төмөндө бул китептин электрондук варианты жарыяланган.  Китептин кыргыз тилинде жарык көргөн версиясын окурмандар менен бөлүшүп жатканыма кубанычтамын! Орус тилиндеги версиясы жарык […]

Толугу менен...

БУЛ БАЯН ТУРМУШТАГЫ ЭҢ ЧОҢ ВАЗИЙПАСЫН АТКАРЫП КЕТКЕН ЖАҢЫЛ АБДЫЛДАБЕК КЫЗЫ ЖӨНҮНДӨ

Көптөн бери сиз менен эсимде турган сонун адамдын сүрөтүн бөлүшкүм келди. Баяным узун, ким окуса, өзү үчүн кызыктуу бир нерсе табышы мүмкүн… Жаныл Абдылдабек кызы (Тайгуронова) (1947-2021), Шабдан баатырдын уулдарынын бири Исаметдин Шабдановдун уулу Абдылдабек Тайгуроновдун (Тайгүрөңовдун) кызы. 1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун автоматика жана телемеханика адистиги боюнча бүтүрүп, кыргыздын алгачкы IT инженер аялдарынын бири болгон. […]

Толугу менен...

КИТЕП 2021. ТЭЦУ АКИЯМА: КЫРГЫЗ БААТЫРЫ ЖАНА РОССИЯ ИМПЕРИЯСЫ

  Tetsu Akiyama. The Qїrghїz Baatïr and the Russian Empire. A Portrait of a Local Intermediary in Russian Central Asia. Series:  Islamic Area Studies, Volume: 05. — 2021. 144 б Тэцу Акияма. Кыргыз баатыры жана Россия Империясы Brill басмаканасынын сайтындагы китепке шилтеме: The Qїrghїz Baatïr and the Russian Empire. A Portrait of a Local Intermediary […]

Толугу менен...

ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮНДӨ “24.КГ” МА ТУҢГУЧ АГАРТУУЧУ-ПЕДАГОГ БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВДУ ЭСКЕРЕТ

  7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө биз замандаштар жана келечек муун үчүн өзүнүн ак эмгегин, күч-кубатын, билимин жана өмүрүн арнагандарды эскеребиз. Сиздердин назарыңыздарда “24.кг” маалымат агенттигинин журналисти Гүлмира Маканбай кызынын Асель Даниярова менен маегин сунуштайбыз (Орус тилинде).   Маектин өзөгүн Базаркул Данияров жана анын замандаштары, алардын кайгылуу тагдырлары жана ошол окуяларга бай доор […]

Толугу менен...

2021-ЖЫЛЫ БАСЫЛЫП ЧЫККАН КИТЕП: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ»

Орузбаева-Даниярова К.Б., Даниярова А.С. Базаркул Данияров – Алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси. — Бишкек: Санжарбек Данияровдун Коомдук фонду, 2021, — 472 б., ил. Орус тилинде. Китептин кыргыз тилиндеги варианты 2021-жылдын декабрь айында басмадан жарык көрүүгө даярдалып жатат.   Китеп өзүнүн пикирлештери менен бирге Кыргызстан маданиятынын жана билим берүүсүнүн көрүнүктүү ишмерлеринин бүтүндөй плеядасын жана  алгачкы […]

Толугу менен...

МЕНИН ӨЛБӨС ПОЛКУМ

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ. Менин таятам. Акын жана драматург. 32-жашта согушта курман болгон САГАЛЫ ЭГИЗОВ — Гүлсурук эжекемдин күйөөсү. Ал фронтто курман болгондо 30 жашка чыга элек болчу АПСЕКЕ (АБДЫСАЛАМ) БАКИРОВ (ДАНИЯРОВ) — атам Санжарбек Данияровдун агасы. 28-жашта курманболгон.   КУБАНЫЧБЕК МОЛДАХМАТОВ — Үмү-Күлсүн Молдахматова таенем, акын Жусуп Турусбековдун жубайынын агасы. Полшада курман болгон. АСАНБЕК МОЛДАХМАТОВ -Үмү-Күлсүн Молдахматова таенем, акын Жусуп […]

Толугу менен...

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН «МЫСКАЛ» ТАСМАСЫ. 1989-Ж.

Уникалдуу табигый үндүн ээси Мыскал Өмүрканова жөнүндө тасмасы. “Мыскал” тасмасын тарткандан кийин Лиля Турусбекованын берген интервьюсунда: “Бул тасмалардын темаларынын баары бири-бири менен үн алышып турат – алар элдик таланттар жөнүндө. Негизинен мени ушундай адамдар өзүнө тартат… Биз, кинематографисттер ушундай уникалдуу адамдарды тасмага тартып калууга бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыбыз керек, болбосо эртең кеч болуп калат” деп айтканы […]

Толугу менен...

1942-ЖЫЛ. ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН «КАРАКЧЫНЫН ТРАГЕДИЯСЫ» ПОЭМАСЫ

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы. Согуш учурунда жазылган поэма.  Акын Жусуп Турусбеков 33 жашында, 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон. Ал учурда атагы чыгып калган белгилүү акын жана драматург эле. Аны согуштан бошоткон кагазы (бронь) болгонуна карабай, фронтко, душмандар менен согушууга аттанган… Балдар үйүндө тарбияланып өскөн жаш акын, баш калаабыздын так борборундагы […]

Толугу менен...