C.Б.ДАНИЯРОВДУН ЫСМЫН АЛЫП ЖҮРГӨН ДАРЫГЕРЛЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ИНСТИТУТУНДА АНЫН МУЗЕЙ БУРЧУ АЧЫЛДЫ

Республикабыздын булуң-бурчтарынан келишкен дарыгерлер Санжарбек Бакирович Данияров атындагы Кыргыз квалификациясын жогорулатуу жана дипломдон кийинки даярдоо институтунда (ККЖДКДИ) кесиптик чеберчиликтерин жогорулатып кетишет. КР УИА академиги, окумуштуу жана педагогдун ысмы 2018-жылы, С.Б.Данияровдун 90 жылдык юбилейине карата дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу институтуна ыйгарылган. Окууга келишкен дарыгерлер жана кызматкерлер үчүн иштеген институтта, китепканада С.Б.Данияровго арналган музей бурчу түзүлгөн. Биздин фонд […]

Толугу менен...

КММА САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАП ЧЫГАРГАН СҮРӨТ АЛЬБОМ

Окумуштуу, педагог, КММИнын (азыркы КММА) 1971-1987-жж. ректору С.Данияровдун 90 жылдыгына арналган «АКАДЕМИК САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВ. 90 ЖЫЛ» сүрөт альбомун КММА жарыкка чыгарды. Альбомдун мазмундук бөлүгүн Санжарбек Данияровдун Фонду даярдаган. Басмаканадан басып чыгаруу демилгеси КММАга таандык. Сүрөт альбом академик С.Б.Данияровду жакындан тааныгандардын, КММА кызматкерлеринин, медицина коомчулугунун, студенттердин зор кызыгуусун жаратуу менен бирге, жалпы эле медицина тарыхы, […]

Толугу менен...

2018-ЖЫЛ – САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫ (1928-2011). И.К.АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММА БУЛ ДАТАНЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕДИ.

Санжарбек Бакирович Данияров азыр арабызда жок болсо да, бактыбызга жараша, ал адамдын жаркын элеси жөнүндө көптөгөн эскерүүлөр бар. Биз кымбат адамыбызды кантип эскеребиз? И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы бул датага байланыштуу бир нече маанилүү иш-чараларды өткөрдү: Бүтүндөй өмүрүн Кыргыз мамлекеттик медициналык институтка арнаган академик Данияровдун жаркын элесин чагылдырган «АКАДЕМИК САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВ, 90 ЖЫЛ» […]

Толугу менен...

КЕМИН РАЙОНУНДАГЫ ШАБДАН-АТА МЕМОРИАЛДЫК КОМПЛЕКСИНДЕ АЧЫЛГАН С.Б.ДАНИЯРОВДУН ЭСТЕЛИГИ

СҮРӨТАЛЬБОМ. Шабдан-Ата мемориалдык комплекси керементтүү Чоң-Кемин капчыгайындагы Улуттук паркта  жайгашкан. Мында Кемин өрөөнүнөн чыккан Кыргызстандын белгилүү ишмер адамдарына эстеликтер орнотулган. 2014-жылдын 29-августунда бул жерге Санжарбек Бакирович Данияровдун эстелиги ачылган. Эстеликтин скульптору – АСКАР ТУРУМБЕКОВ САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВ ЖӨНҮНДӨ

Толугу менен...

САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВ ЖӨНҮНДӨ

Окумуштуу-физиолог, педагог, дарыгерлердин бир нече муунунун тарбиячысы, агартуучу жана патриот    Санжарбек Бакирович Данияров  (1928-2011) – окумуштуу-физиолог, профессор, Кыргыз Илимдер Академиясынын академиги, кыйла жыл Кыргыз мамлекеттик медицина институтун жана нормалдуу физиология кафедрасын жетектеген жетекчи болгон. С.Б.ДАНИЯРОВдун өмүр таржымалы – бул жеке эле анын өзүнүн өмүр баяны эмес. Бул ошол доордун, кыргыз медицинасынын түптөлүшүнүн, кыргыз медицинасынын […]

Толугу менен...

САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВДУН АЛГАН НААМДАРЫ ЖАНА СЫЙЛЫКТАРЫ

Илимий даражалары жана дипломдору, сыйлыктары жана наамдары Бекитүүчү орган Датасы   Илимий наамдары жана дипломдору Илимдин доктору диплому СССРдин ЖАК 01.12.1971 Профессордун аттестаты СССРдин ЖАК 26.04.1972 “Кыргыз ССР ИАнын академиги” күбөлүгү Кыргыз ССРдин ИА 28.03.1989   “Биология илимдеринин кандидаты” окумуштуулук даражасы А.П.Павлов атындагы СССР ИАнын физиология институту 22.02.1952 Аспирантка берилген Сталин атындагы стипендия СССР ИАнын […]

Толугу менен...

С.Б.ДАНИЯРОВДУН ЖАРЫЯЛАНГАН ЭМГЕКТЕРИНИН ТИЗМЕСИ

САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧтин калемине 260 илимий эмгек таандык, анын ичинде 7 монография, ондогон методикалык колдонмо бар, мындан тышкары ал КМШ ЖОЖдору үчүн адамдын физиологиясы боюнча китепти түзгөн авторлор тобуна кирет. Анын жетекчилиги астында нормалдуу физиология кафедрасында студенттер үчүн 11 окуу-методикалык колдонмо жарык көргөн, ал колдонмолор КМШнын бир катар жогорку окуу жайларында колдонулуп келет.   АЛГАЧКЫ ТЕЗИСТЕРИНЕН […]

Толугу менен...