САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ ЖӨНҮНДӨ

САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВ ЖӨНҮНДӨ

Окумуштуу-физиолог, педагог, дарыгерлердин бир нече муунунун тарбиячысы, агартуучу жана патриот

 

Санжарбек бакирович Данияров, 1949 ж
Санжарбек бакирович Данияров, 1949 ж

 Санжарбек Бакирович Данияров  (1928-2011) – окумуштуу-физиолог, профессор, Кыргыз Илимдер Академиясынын академиги, кыйла жыл Кыргыз мамлекеттик медицина институтун жана нормалдуу физиология кафедрасын жетектеген жетекчи болгон.

С.Б.ДАНИЯРОВдун өмүр таржымалы – бул жеке эле анын өзүнүн өмүр баяны эмес. Бул ошол доордун, кыргыз медицинасынын түптөлүшүнүн, кыргыз медицинасынын билим берүүсү менен бирге саламаттыкты сактоо тармагынын жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын физиология илиминин өнүп-өсүшүнүн баяны болуп эсептелет. С.Б.Данияров – өз элине ченемсиз эмгек өтөгөн чыныгы атуулдун үлгүсү.

С.Б. Данияров эрудициясы күчтүү, физиология жана радиобиология илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон окумуштуу. Ал адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы боюнча көп кырдуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Алган фундаменталдык жыйынтыктары теориялык жана прикладдык зор мааниге ээ. Окумуштуунун өмүрү физиологиялык илимди жана тоолуу радиобиологияны өнүктүрүүгө жана өлкөдөгү физиолог жана радиобиологдордун илимий мектебин түптөөгө арналган.

С.Б.ДАНИЯРОВдун ошондой эле жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык жана дарыгер кадрларды даярдоодо эмгеги эбегейсиз.

Медицина кадрларын даярдоо

С.Б.ДАНИЯРОВ 26 жыл бою (анын ичинде тогуз жыл — проректор жана 17 жыл — ректор) өзүнүн олуттуу илимий иши менен бирге өлкөнүн саламаттыгынын сакчылыгындагы адистерди даярдоо боюнча жоопкерчиликтүү вазийпаны ийгиликтүү айкалыштырып аткарып келди.

С.Б.ДАНИЯРОВ зор ынтызарлык менен дарылоо факультетинин деканынын орун басары болуп эмгектенди. Андан кийин 1962-1971-жылдары Кыргыз мамлекеттик медицина институтунунун (КММИ) окуу-тарбия иштери боюнча проректорлук кызматын татыктуу аткарды. Анын уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, администратордук таланты жана профессионалдык компетенттүүлүгү 1971-жылы ошол эле институттун ректорлук кызматына көрсөтүлүшүнө негиз болгон. Санжарбек ДАНИЯРОВ КММИнин ректорлук кызматында 1988-жылга чейин иштеген. Бул мезгил аралыгында анын оргуштаган энергиясынын, жаңычылдыгынын, алдыга умтулуусунун натыйжасында институтта студент-дарыгерлерди окутуунун прогрессивдүү методдору ишке киргизилип, ал учурдун жаңы педагогикалык иштөө формалары, атап айтканда, окутуу жана тарбиялоо иштерин индивидуализациялоо максатында студенттерге психологиялык изилдөө жүргүзүү ыкмалары колдонула баштаган.

С.Б.ДАНИЯРОВ жаш адистерге жана студенттерге эстетикалык жана нравалык тарбия берүү маселесине өзгөчө көңүл бурар эле. Анын демилгеси жана врач-психиатр, доцент Б.Н.Дегтяревдин активдүү катышуусу менен башка медициналык жогорку окуу жайларда сейрек колдонулуучу педагогика жана медициналык психология курсу уюштурулган. Болочок дарыгерлерди окутуу программасына киргизилген негизги принциптердин натыйжасында, КММИ өз кесибинин профессионалдарын даярдоо боюнча алдыңкы орунга чыккан. Анын биринчиси билимди тереңдетүү жана адистердин чеберчилигин жогорулатууга арналса, экинчиси – личносттук түзүлүштү чыңдоо жана чыгармачылык шыктарын өркүндөтүүгө, үчүнчүсү – болочок окумуштуу же дарыгердин өз алдынча ой жүгүртө билүүсүн өнүктүрүүгө багытталган.

С.Б.ДАНИЯРОВ институттагы жаш педагогдордун, аспиранттардын жана илимий кызматкерлердин семинар-мектептерине өзү көз салып, көзөмөлдөп турган. Ал семинарларда лекция окутуу үчүн Москва, Ленинград шаарларындагы алдыңкы медициналык мекемелердин чоң-чоң окумуштууларын, эл аралык лекторлор, саясий ишмерлер, өкмөт мүчөлөрү, искусство, адабият жана маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрүн чакырып турган. Ушулардын баары медицина кадрларын заман талабына шайкеш даярдоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөш болгон.

Ал КММИ окуу базасын кеңейтүүгө зор салым кошкон. Ал жетектеп турган учурда институттун эки окуу корпусунун, студенттердин беш жатаканасынын заманбап курулушу аяктап, 1000 керебеттүү клиникалык базанын, 250 орундуу ашкананын долбоору ишке ашырылган. Санжарбек ДАНИЯРОВ ректор болуп иштеген мезгилде 16 миң дарыгер даярдалып, 35 докторлук жана 300дөн ашык кандидаттык диссертациялык жакталган.

 Илимий ишмердүүлүгү

Жүрөктүн кан-тамырдуу системасына күчтүү шоола энергиясынын тийгизген таасирине жүргүзүлгөн көп жылдык эксперименталдык изилдөөлөрүнүн натыйжасында С.Б.ДАНИЯРОВ шоолалардын терс таасиринен пайда болгон ооруларга каршы организмдин коргоочу жалпы биологиялык механизмин таап чыккан. С.Б.ДАНИЯРОВ бул тема боюнча 1970-жылы Ленинград шаарындагы С.М.Киров атындагы аскер-медициналык академиясында доктордук ишин ийгиликтүү жактап, андан соң “Шоола оорулары жана жүрөктүн кан тамырлуу системасы” деп аталган капиталдык монографиясын жарыкка чыгарган.

Бул эмгектеринде кан жүгүртүүчү аппаратты иретке салуу механизмдеринин анализине өзгөчө көңүл бурулган. Автор көптөгөн кылдат жана татаал эксперименттерди жүргүзүп, ар кандай оор жана хроникалык тажрыйбалардын түрдүү методикалык ыкмаларын жана ар кандай функционалдык жана фармакологиялык жүктөмдөрдү колдонуу менен шоолалардын таасири тийген жаныбарлардын ишмердик функцияларынын өзгөрүү фазаларын алгачкылардан болуп аныктаган жана радиациялык шоолалардын таасиринде кан айлануу системасынын мыйзам ченемдүү бир катар ыңгайлашкан жаңы реакцияларын ачкан. С.Б.ДАНИЯРОВ кеңири жүргүзүлгөн эксперименталдык материалдын негизинде жүрөктүн кан тамырлуу системасынын рефлектордук жөнгө салуучу өзгөрүүлөрү менен кан айланууну жана дем алууну жөнгө салуучу борбордук звенолордун бузулушунун ортосунда бири-бирине көз карандылык бар экендигин далилдеген. Автор ошондой эле гамма-шоолаланууда козголгон нерв борборлорунун тонусу салыштырмалуу төмөндөп, симпатикалуу нерв системасынын жүрөккө жана кан тамырларына тонустук таасири жогорулай тургандыгын аныктаган. Белгиленген өлчөмдөн ашыкча жүктөө ыкмасы менен жүргүзүлгөн тажрыйбалар шоолалардын таасиринен илдетке кабылган жаныбарлардын кан айлануу аппаратынын компенсациялдуу-ыңгайлашуу реакциялары толук эместигин, бул көрүнүш “клиникалык тынч абалда” турган кезде да билинип тураарын көргөзгөн.

С.Б.ДАНИЯРОВдун күчтүү шоолалардын кесепетинен келип чыккан илдеттерде жүрөк кан тамырлуу системасынын ыңгайлашкан реакциялары активдүү симпатикалуу-андреналдык системасынын күчөшүнүн эсебинен пайда болоору, ал патологиялык процесстин өнүгүшүндө мыйзам ченемдүү жалпы биологиялык коргоо механизмин көрсөтөрүн аныктаган эмгеги да көңүл бурууга татыктуу.

Окумуштуунун радиобиология тармагындагы илимий изилдөөлөрүнүн кийинки этабы иондошкон радиациянын жана бийик тоолуу абанын организмге тийгизген таасирин изилдөөгө арналган, анын бул багыттагы эмгектери терапия жана шооланын таасиринен пайда болгон оорулардын профилактикасы боюнча маселелерди чечүүдө жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга жол ачты.

Түрдүү багыттагы жүргүзүлгөн эксперименттердин алгачкы жыйынтыктары бийик тоолуу шартта жүргөндө, организмдин радиосезимталдыгы бир топ өзгөрүп, шоолалануу процессинин жүрүшүн жана анын тийген кесепетин жеңилдетерин көрсөткөн.

С.Б.ДАНИЯРОВдун илимий багытынын үчүнчү, эң орчундуу тармагы — тоолуу шарттарда фундаменталдык физиологиялык ийкемделиши (адаптацияланышы): жүрөк кан тамырлуу системасынын көнүү редакцияларынын механизмдерине, жүрөктүн кысылуу функциясына жана тамырлардын тонусуна, вегетативдик нерв системасынын өзгөрүүлөрүнө ж.б. маселелерге арналган.   

С.Б.ДАНИЯРОВ жана анын шакирттери миокарддын жыйрылуу функцияларынын кайрадан түзүлүшү, вегетативдик жүрөк борборунун тонусунун өзгөрүүлөрү жана башка бийик тоолуу шарттарда үйүр алган жаныбарлардагы функционалдык өзгөрүүлөр жөнүндө өзгөчө жаңы маалыматтарды табышкан. Ал изилдөөлөрдүн жыйынтыктары тоолуу факторлордун комплексине ийкемделүүнүн түзүлүшүндө симпатикалык нерв системасынын ролу жана “тоолуу ваготония” жаратылышы жөнүндө жаңы концепцияны илгерилетүү үчүн негиз болуп берген.

С.Б.ДАНИЯРОВ алгачкылардан болуп бийик тоолуу шартта резистивдүү жана сыйдыргыч тамыр нугунун бөлүмдөрүнө бир мезгилде жүргүзгөн жана ошондой эле алардын вазоактивдүү заттарга реактивдүүлүгүн аныктоо менен резистивдүү жана сыйдыргыч тамырларынын организмдеги кандын кайрадан бөлүштүрүүсүндөгү жана бийик тоолуу шарттарга көнүү процессиндеги системалык артериалдык кан басымды колдоосундагы ролу жөнүндө жаңы маалыматтарды тапкан.

С.Б.ДАНИЯРОВДУН жетекчилиги астында биринчи жолу бийик тоолуу шартта жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде адамдын баш мээсинин функционалдык абалын изилдешкен, анда функционалдык жүктөмдөрдү жүргүзүү менен электроэнцефалография методу жана биоэлектрдик белгилерди автоматтык түрдө иштеп чыгуу үчүн жабдуулар колдонулган. Бийик тоолуу шарттарда туруктуу жашаган тоолуктарда жана бийик тоолуу шартта убактылуу ийкемдешкендерде бирдей  деңгээлде электроэнцефалограмма өзгөчөлүктөрү аныкталган. Изилдөөлөрдөн алынган жыйынтыктар бийик тоолуу шарттарда туруктуу жашаган жана убактылуу жашаган тургундардын баш мээсинин биоэлектрдик активдүүлүгүнүн нормативдик маалыматтарын аныктоого негиз болуп берген жана республиканын ар кайсы райондорунан неврологиялык стационарларына дарыланууга келишкен бейтаптардын жаш курактарын жана башка составдарын изилдөөнү ишке ашырган.

С.Б.ДАНИЯРОВдун кызматкерлери жүргүзгөн изилдөөлөрү газ-транспорт системасында, вахта эмгеги менен алектенген адамдардын ийкемделүү-көнүү реакциясы алгачкы жана узак убакыт бою бийик тоолуу климаттуу шарттарга көнгөн адамдардан айырмаланып турарын көргөзгөн. Гигиенист О.Т.Касымов жана клиницисттер З.М.Кудайбердиев, Н.Н.Бримкулов, А.Сарыбаев жана А.А.Алдашев менен биргеликте жүргүзгөн ушул изилдөөлөрү үчүн С.Б.ДАНИЯРОВ 1996-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

С.Б.ДАНИЯРОВдун жана анын кызматкерлеринин ушундай ар түрдүү изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен таанышууну каалаган окурмандар “”Бийик тоолуу шарттар жана вегетативдик нерв системасы”, “Жүрөктүн иштеши” жана “Бийик тоолуу шарттарда жүрөктүн иштеши” деген монографиялардан жана академиялык “Физиология боюнча колдонмонун” кээ бир бөлүктөрүнөн жана Россия жана башка КМШ өлкөлөрүнүн медик кесиптештери менен биргеликте чыгарган жож студенттери үчүн физиология боюнча китебинен жана башка көптөгөн илимий макалаларынан таанышса болот. С.Б.ДАНИЯРОВдун калемине 260 илимий эмгек, жети монография, ондогон методикалык пособиелер жана башка авторлор менен биргеликте жазган КМШ жождору үчүн физиология китеби таандык. Окумуштуунун библиографиясы пушул сайттын тиешелүү бөлүгүндө жайгаштырылган.

Андан тышкары, С.Б.ДАНИЯРОВ А.А.Аширбаев менен биргеликте А.А.Дороховдун балдар үчүн жазылган адамдын организми жөнүндөгү «Про тебя самого» «(Сенин өзүң жөнүндө«) китебин кыргыз тилине которгон.

Данияров С.Б. ойлоп табуу жана ачылыш жасоо иштери боюнча СССРдин Мамлекеттик комитетинин эки автордук күбөлүгүн алган. Өзүнүн шакирттери менен биргеликте малдардын чакан лабораториясы үчүн спирограф түзүп чыгып, аны Казандагы медициналык жабдууларды чыгаруучу заводго тартуулаган, анын сыпатталышына 20дан ашык окумуштуулардан суроолор жиберилген.

Жаңы багыттагы радиобиологиялык кеңири изилдөөлөрү, бийик тоолуу шарттарда көнүүнүн түрдүү аспектилерин иштеп чыккандыгы үчүн С.Б.ДАНИЯРОВ 1979-жылы Кыргыз ССРинин ИАнын мүчө-корреспонденти, ал эми 1989-жылы Кыргызстан УИА академиги болуп дайындалган.

Коомдук ишмердүүлүгү

Санжарбек Бакировичтин коомдук ишмердүүлүгү кеңири жана көп кырдуу. Ал СССР Жогорку Сотунун элдик көзөмөлү болуу менен бирге кайра куруу жылдарында Сергектик коомун жетектеген, ал эми Кыргыз Республикасы түзүлгөндөн баштап Шайлоо комитетинин мүчөсү болгон.

 

 

 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *