С. ДАНИЯРОВ ЖӨНҮНДӨ КИТЕПТЕР ЖАНА МАКАЛАЛАР

ОКУМУШТУУ, ПЕДАГОГ, ПАТРИОТ ЖАНА ДОС

академик Миррахимов Мирсаид Мирхамидович

Макаланын автору – кардиолог, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, академик, Социалисттик Эмгектин Баатыры Миррахимов Мирсаид Мирхамидович (1927 — 2008).

Макала 2003-жылы С.Б.Данияровдун 75 жылдыгына арналып жазылып, кийин К.Б.Даниярованын “САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВ” китебинде басылып чыккан, Учкун, 2008-ж.


60 жылдан ашуун жыл бирге жүргөн адам жөнүндө жазуу оңой эмес тура, анын үстүнө, ал сенин студенттик куракта тагдыр табыштырган жакын досуң болсо, андан бетер татаал экен. Быйыл жарым кылымдан ашуун бирибизге-бирибиз арка бел жөлөк болуп, жардамдашып бирге жүргөн досум Санжар Данияровдун жарык дүйнөгө келгенине 75 жыл толду. Биз узак убакыт бою үй-бүлөбүз менен бирге карым-катышта жүрдүк. 50 жылдан ашык мезгил ичинде биз жолдоштук бийик мамилебизди бекем сактап гана калбастан, ал достугубузга кенедей да шек келтирген жокпуз.

Биз ошол кездеги Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна мамлекетибиз үчүн кыйын болуп турган мезгилде келдик. Миллиондогон адамдарды жуткан Дүйнөлүк экинчи согуш жүрүп жаткан учур эле. Кан күйгөн согушка аттанбаган, кан жутуп какшабаган боору бүтүн бир да үй-бүлө, кырчындай жаш жигиттердин өмүрүн алган согуштун запкысын тартпаган бир да жан жок болчу.

1947 жыл. Үчүнчү катар, биринчи сол жакта — С.Данияров, экинчи катарда, биринчи солдо — М.Миррахимов

1943-жылдын биринчи жарым жылдыгында 15 жана 16 жаштагы эки өспүрүм жигит медициналык институттун даярдоо курсунда окуп калдык, андан жарым жылдан кийин тиешелүү экзамендерден өткөн соң, студент деген толук статуска ээ болдук. Бирге окуп баштаган алгачкы күндөн тарта эле мен кругозору кенен, ички маданияты терең, орус тилинде кыйла тың сүйлөгөн, сырткы келбети жыйнактуу, сылык-сыпаа, эң негизгиси – жарык маңдайы жана боорукерлиги менен башкалардан айырмаланган Санжарга көңүл буруп жүрдүм. Алган таалим-тарбиябыз, билимге умтулуубуз, жакындарга, айрыкча, педагогдорго терең урмат менен жасаган мамилебиз жагынан экөөбүздөгү окшоштук биздин андан аркы мамилебизди жакындатты деп ойлойм. Биз экөөбүз бир тайпада окучубуз, Санжардын өзгөчөлүгү – эс тутумунун мыктылыгы эле, ал жаңы, татаал окуу жана окуудан тышкаркы материалдарды өтө тез өздөштүрүп алчу. Окуу жылынын алгачкы күндөрүнөн тарта эле биздин курстун студенттеринин арасында лидер болууга жетишкен Санжарды студенттер эле эмес, окутуучулар да сыйлап турар эле. Менин жеке оюмда, анын билимдүү адам болуп калыптанышына дүйнөнүн европа бөлүгүнөн эвакуацияланып келишкен алдыңкы окумуштуу-теоретиктер жана клиницист-профессорлор эң чоң роль ойноду. Биздин профессордук-окутуучулук состав негизинен Харьков, Москва жана Ленинград шаарларындагы Медициналык институттарынан келишкен өкүлдөрдөн түзүлгөн. Окуу процессинде биз жеке эле студенттер эмес, башкалар да колдон түшүрбөй окуй турган ошол кездеги мыкты окуу китептеринин, фундаменталдык илимий жана окуу колдонмолорунун авторлорунун, педагог-медиктердин лекцияларын угуп, баарлашуу бактысына ээ болдук. Ал китептерди өлкөнүн бардык медициналык жогорку окуу жайларынын педагогдору колдонушчу. Ач-тогубузга, ысык-суукка карабай, студенттер бир да лекцияны же семинардык сабактарды калтырбай барчубуз, андан да маанилүүсү, бир да студент сабакка даярданбай келчү эмес. Студенттер, анын ичинде, Санжар да жаңы билимге суусап, көптү билүүгө умтулушар эле. Санжар эки предметке: фундаменталдык (теориялык предмет) – нормалдуу физиология” жана колдонмо (клиникалык предмет) – “Акушердик жана гинекологияга” көбүрөөк кызыгар эле.

Ал кезде биринчи кафедраны белгилүү физиолог, И.П.Павлов атындагы Физиология институтунун өкүлү (Ленинград), Павловдун мектебин улантуучу профессор Г.П.Конради, экинчисин – мыкты окумуштуу жана клиницист – профессор Л.Е.Гуртовой жетектечү. 4-курста окуп жүргөн кезинде Санжар “Акушердик жана гинекология” кафедрасынын алдындагы студенттик илимий ийримди жетектеп калды. Менин эсимде, Санжарды клиникалык адистикти тандайт деген бекем ишенимдеги Леф Ефимович мыкты окуган алдыңкы студент катары аны менен бир нече ирет аңгемелешкен. Бирок жаш жигиттин – студенттин жүрөгү физиологияга көбүрөөк ыктап туруп алды. Билбейм, эгерде Санжар профессор Л.Е.Гуртовойдун сунушуна макул болсо, анын тагдыры кандай болмок. Санжардын жөндөмдүүлүгүн жана эмгекчилдигин жакшы билгендиктен, мен анын акушердик жана гинекология тармагында кыргыздан чыккан биринчи илим доктору эле эмес, биздин республикадан тышкары кеңири таанымал авторитеттүү адис болмок деп ишенем. Бирок андай болбоду, анткени тагдыр дайыма эле биз каалагандай боло бербейт тура, аны  биз өзүбүз каалаган нукка буруп, башкара да албайт экенбиз.

1950-ж. Колтушево (Ленинград облусу), СССР илимдер академиясынын Павлов атындагы Физиология институту.   Биринчи катар – солдон төртүнчү – С.Данияров

Медициналык институтту персоналдык стипендия жана кызыл диплом менен аяктап жаткан студенттин нормалдуу физиологияны тандап алышы анын СССР ИА И.П.Павлов атындагы Физиология институтунун  аспиранты (Ленинград) болуп катталышы менен аяктады. Санжардын илимий жетекчиси СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз Республикасындагы филиалында эмгектенген, өз учурунда биздин медициналык институтта нормалдуу физиология кафедрасын түзгөн, экологиялык физиологиянын көрүнүктүү өкүлү Абрам Донович Слонимдин болгондугунун да мааниси чоң деп ойлойм. Маданияты өтө бийик, ар тараптуу жана терең билимдүү устат Санжарга физиология тармагы боюнча эле билим бербестен, анын кийин мыкты адис болуп калыптанышына да таасир этүүчү сапаттарды да үйрөтө алды. Профессор А.Д.Слонимди мен да жакшы билчүмүн, анткени кийинчерээк ал менин доктордук диссертациямдын консультанты болгон. Биздин устатыбыздын көп мүнөздөрү биздин элдеги кылымдардан бери калыптан келаткан каада-салттарыбызга шайкеш келер эле. Ошондон уламбы, Санжар Академиялык физиологиялык институтунда өзүн өз үйүндө жүргөндөй эркин сезип жүрчү, буга албетте профессордун таасири чоң болгондугу талашсыз. Албетте, Санжар өзүнүн өзгөчө жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында ошол кездеги Ленинграддагы дүйнө боюнча эң алдыңкы физиологиялык борборлордун бири болуп эсептелген борбордо физиология тармагы боюнча олуттуу билимге ээ боло алды жана так ошол жерде окумуштуу катары анын билимге чыйыры башталды. Андан тышкары, кругозору кеңейип, ички маданияты артканы тууралуу да айтып кетпесек болбос. Анын алган билими, өтө тез өздөштүрө алуучу жөндөмдүүлүгү жана конференцияларда, семинарларда чыгып сүйлөгөн докладдарынын аркасында ал Советтер Союзунун көрүнүктүү физиологдорунун арасында абройлуу адиске айландырды. Кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон соң, Санжар Фрунзе шаарына кайтып келип, нормалдуу физиология кафедрасында ассистент болуп иштеп калды. Мында да кыска убакыт аралыгында эле педагогикалык тажрыйбаны өздөштүргөнгө жетишкен Санжар студент жаштарынын сүйүктүү мугалими болууга жетишти. Биз тез-тез жолугушуп турар элек, ар жолугушкан сайын илимий көйгөйлөр, айрыкча, бийик тоолуу шартындагы физиология туурасында аңгемелешер элек. Аңгемелерибиздин өзөгүн биздин 1947-жылдарда, студенттик кезде профессор М.Е.Вольскийдин жетекчилиги менен бийик тоолуу жерлердеги экспедиция учурунда жүргүзгөн алгачкы илимий-изилдөө иштерибиз түзөр эле. Баарынан кызыгы, кийин биз иш жүзүнө ашырган көптөгөн илимий идеяларыбыз ошондой кадыресе баарлашуулар, талаш-тартыштар учурунда жаралгандыгы болчу. Балким ушундай кырдаал түзүлгөндүгүнө ошол кездеги мединституттагы жалпы чыгармачылык чөйрө түрткү берсе керек. Ошол “алтын мезгилде” биздин башкы каарманыбыз — жогорку квалификациялуу, сабаттуу кафедра башчысы, андан кем эмес квалификациялуу доценттерден, ассистенттерден жана аспиранттардан турган кафедраны билгичтик менен бириктире алды. Биз, студенттер, илимий студенттик ийримдерге, студенттик конференцияларга, диктаты жок дискуссияларга активдүү катышып, акыл-насыяттар жана монологдорду талкуулачубуз. Биздин сүйүктүү окутуучу-профессорлорубуз музыка, маданият жана башка көптөгөн кызыктуу темалар боюнча лекцияларды уюштуруп гана тим болбостон, эстен кеткис музыкалык концерттерге өздөрү да катышышчу. Азыр анын баары бир көргөн түштөй элес калтырат, анткени азыр тилекке каршы, анын бирин да кездештире албайсың. Ал эле эмес, кийинки мезгилде жалпы жашообуздун нравалык деңгээли төмөндөп кеткени өтө кейиштүү.

1958 г. Апасы Бүбү. Фрунзе, Биринчи Май (Раззаков) көчөсүндөгү батири

Биздин адам болуп калыптанышыбызга биздин жакын адамдарыбыз, туугандарыбыз, анан албетте, үй-бүлөбүздүн салымы зор деп ойлойм. Айрыкча, мээримдүү, назик, табиятынан акылман Санжардын апасы Бүбү апаны алигиче эстейм. Ал бизге акыл-насаатын айтып, ак жол тилегенден чарчачу эмес. Мен Санжардын улуу эжеси – кыргыздын алгачкы балериналарынын бири, кийин көптөгөн жаш жана таланттуу бийчилерди тарбиялап чыгарууга өз салымын кошкон  Гулбара (Байда) менен баш кошкон белгилүү жазуучу-драматург, окумуштуу Тазабек Саманчиндин үйүнө көп бардым. Санжар студент кезинде алар менен бирге турчу, алардын үйүнө качан барсаң да, үй-бүлөлүк жылуу  ынтымактын илеби сезилип турар эле. Айрыкча Тазабек Саманчиндин сүйлөгөндөрү, баскан-турганы, жадагалса кийингени да биз үчүн үлгү болчу, биз өзүбүздү ошол кишидей алып жүрүүгө далалаттанчубуз. Тилекке каршы, Саманчин Молдо Кылычка арналган кандидаттык диссертациясы үчүн улутчул деген атка конуп камалып кеткен. Сибирден оор гипертония дарты менен ооруп келгенден кийин да, биз үчүн насаатчы, устат бойдон кала берди. Асылган дарт алып тынат тура, ал кишинин оорусу күчөп инсульт болуп, аягы келип кайгылуу аяктады…

Санжардын үй-бүлөсү кыргыздын белгилүү уруусунан болгондуктан, анын кесепети кызматтык тепкичтен көтөрүлүүсүнө, деги эле анын кийинки тагдырына терс таасир тийгизбей койгон жок. Өз убагында Ленинграддагы 1-медициналык институтунун биологиялык кафедрасында аспирантурада билим алган анын кичүү карындашы Кутпа да бир топ кыйынчылыктарды башынан кечирди. Анын талыкпаган эмгегинин натыйжасында 2000-жылы “Базаркул Данияров – тунгуч агартуучу” деген китеп жарык көрдү. Белгилүү окумуштуу, академик Аскар Какеев баш сөз жазып, окурмандардын назарына сунушталган ал китептин жаралышы жана жарык көрүшү Кутпанын талыкпаган эмгегинин үзүрү.

Санжар үй-бүлөсүндө өзгөчө сүймөнчүктүү бала эле. Менин ата-энем да ага өз баласындай мамиле кылышчу. Менин жеке пикиримде, Санжар экөөбүздүн достук мамилебиздин үзүлбөй келишине улуу муундун өкүлдөрүнүн да салымдары бар.

Лиля Турусбекова, режиссер,  — Санжарбек Данияровдун жубайы

Биз түптөгөн жаш үй-бүлөбүздүн очок ээлери, өмүрлүк жарларыбыз Лиля Турусбекова жана Неля Юсупова да биздин жеке достук жана иш жаатындагы мамилебизди ого бетер бекемдешти. Кыргыз киносунун алгачкы негиздөөчүлөрүнүн бири Лиляны мен өз оюн бетке айткан, түз, принципиалдуу, кругозору кенен адам катары жакшы билем, ал өзүнүн адамдык да адистик да мыкты сапаттары менен кийинки муунга үлгү боло алды деп ойлойм.

Өзүмдүн кыскача баянымды аяктап жатып, Санжардын ишмердүүлүгүнүн дагы бир жагын – кыргыз медицинасынын билим берүү жана илиминин уюштуруучусу экендигин белгилебей кое албайм. Ал окуу процессинин, окутуу психологиясынын, окуу процессинин илимий негиздеринин ысымы баш тамга менен жазылууга татыктуу, сөздүн түз маанисиндеги билерманы болуп калды. Анын мындай ийгиликке жетишүүсүнө медициналык институттун окуу ишине чексиз берилген башкаруучулар “командасы” эле эмес, кафедраларды илимий-окуу процессинин негизги ячейкасына айландыра алган илимий-педагогикалык эмгек жамааты да көмөктөшө алышты деп эсептейм.  Медициналык институтка Саламаттыкты сактоонун, окуу ишинин жана илимдин көрүнүктүү уюштуруучулары: Б.В.Петровский (СССР Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку министри), академик Ю.М.Лопухин (Москвадагы 2-медициналык институттун ректору, азыркы Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин физика-химиялык медицина институтунун директору), академик Е.И.Чазов (СССР Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку министри, азыркы Кардиологиялык илимий-өндүрүш комплексинин директору), В.И.Покровский (РАМН президенти) жана көптөгөн башка көрүнүктүү окумуштуулар байма-бай мейманга келип турушчу. Уюштурулган кеңешмелерде, симпозиумдарда же конференциялардагы жолугушууларда кызуу талаш-тартыштар, кызыктуу дискуссиялар биздин жождун өнүгүп-өсүүсүнө жаңы багыт көрсөтүп, жаңы идеяларды тартуулап турар эле. Албетте мындай учурларда Санжарбек Бакирович Данияровдун аныктоочу ролу чексиз боло турган.

Сөзүмдүн акырында Санжардын жана ал сыяктуу көптөгөн башка болочоктогу адистердин жана республикабыздын лидерлеринин калыптануусуна талашсыз чоң роль ойногон маанилүү окуялардын дагы бирин эскере кетейин. Бул 1948-жылдын май айындагы күндөрдүн бири эле, Панфилов атындагы жайкы эс алуу паркына ошол кездеги эсеп боюнча республикабыздагы авторитеттүү деген жогорку окуу жайлардын алдыңкы студенттери чогулушту. Жайкы кинотеатрда окуунун алдыңкы студенттеринин алдына Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары, маданияты жогору, билимдүү, жарандардын кадыр-баркына терең урмат-сый менен мамиле жасай билген, сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндөгү накта интернационалист, мыкты уюштургуч, оратор, өлкө жетекчиси  И.Р.Раззаков чыгып сүйлөдү. Эч кандай шаан-шөкөтсүз, ашыкча ызы-чуусуз эле эбегейсиз зор иштерди аткаруу анын кадимки адаты эле. Ал көрөгөчтүк менен студенттерге кайрылып: “Ушул жерде отургандардын баары окууда мыкты окуган студентсиңер, араңарда биздин мамлекетибиздин келечегин аныктай турган болочок саясатчылар жана мамлекеттик лидерлер, окумуштуулар, академиктер жана башка өлкөбүз үчүн өтө зарыл адистер бар. Көпчүлүк учурларда профсоюздарды, комсомол жана партияны ортомкеч катары пайдаланышкан “кызыл бай-манаптар” кызматтык тепкич боюнча көтөрүлүп калышат. Бирок жаштарды туура өстүрүүчү жалгыз жол – бул илим-билим алуу, болгондо да үзгүлтүксүз, туруктуу билим алуу, өткөн чактын баалуулуктарына аяр мамиле жасоо менен бирге, келечекке аң-сезимдүү кароо, өзүңөрдүн кругозоруңарды жана маданиятыңарды кеңейтүү экендигин эч качан эсиңерден чыгарбай, ошого жетүүгө умтулушуңар керек” деди. Ал ошондой эле өзүнүн сөзүндө “Жаштар жердешчилик, улуттук үстөмдүк, уруучулук мамилелерге байланышкан “артыкчылыктардан” баш тартып, алдыга койгон максаттарыңарга билим жана тынымсыз эмгектин аркасынан гана жетүүгө аракеттенишиңер керек” деп баса белгиледи. И.В.Раззаковдун сөзүнөн кийин ошол эле жерде, паркта чакан чай ичүү аземи болду. Биз баарыбыз чай жана таттуу токоч жегенибизге чексиз кубанып турдук. Бирок ал жердеги эң чоң окуя, албетте, чыныгы өлкө башчысы менен болгон жолугушуубуз эле. Үйлөмө аспаптардан куралган оркестр түрдүү музыка ойноп, студент кыздардын көбү аны менен бий бийлеп жатышты, а биз болсо аны менен тең атадай баарлаша алганыбызга корстон болуп кайттык. Биз анын айланасында эч кандай кароолду, азыркыча айтканда, жан сакчыларын көргөн жокпуз, бизге окшогон катардагы жөнөкөй адамдар менен республика башчысынын ортосунда кандайдыр бир ажырымды да сезбедик. Ушуга окшогон үй-бүлөдөгү жана жоро-жолдоштор арасындагы бийик адеп-ахлактуу эстен кеткис жолугушуулар жаркын келечекке умтулушкан көптөгөн жаш студенттердин жүрүм-турумуна жана өсүп-өнүгүүсүнө алдын-ала багыттап жол салып койсо керек деп ойлойм.

Ошондон улам, эгерде биз жаштарга туура мамиле жасап, туура көңүл бурсак, аларды керектүү иштерди аткарууга жана ийгиликтерге жетишүүгө сөзсүз багыттай аларыбызды дагы бир жолу айтып кетким келет. Менин эскерүүлөрүмдөн дагы бир мисал келтирейин.

Улуу Ата Мекендик согуш жүрүп жаткан кез эле, батышта кан төгүлүп, элдин баары же Советтик Армиянын катарында душман менен кармашып же болбосо орукта эмгектенип жатышкан. 1944-жылы Кыргызстандын Түштүгүн бит аркылуу жугуучу тиф, т.а. темгилдүү жана кайталама келте каптап кетти.

Ар түрдүү курактагы жүздөгөн адамдар ал илдеттен кайтыш болуп, алдыдагы жазгы-талаа иштери үзгүлтүккө учуроо коркунучу туулду. Ошондой күндөрдүн биринде, кезектеги лекция аяктап калганда республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинен, Ош облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынан жана Өкмөттөн өкүлдөр келип калышты. Бизге ал жактагы кырдаалды кыскача түшүндүрүшкөн соң, медициналык кызматкерлер жетишсиз болуп жатканын, ошол себептүү ыктыярдуу түрдө ал жакка барып, тарап жаткан коркунучтуу илдетти жеңүүгө жардамдашуубузду өтүнүштү. Албетте, биздин курстун студенттеринин ичинен ыктыярчылар тез эле чогулуп калышты, алардын арасында Санжар экөөбүз да бар элек. Ал экөөбүздү КЭР менен чектешкен Чоң-Алай районуна жиберишти. Ал жакка баруу үчүн белгилүү структуралардан чек ара аймагына кирүүгө уруксат берген кошумча уруксат кагазын алышыбыз керек эле. Ошондой уруксат кагазын алуу үчүн биз Ош облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын меш жагылган имаратынын өзүндө, эч кандай шарты жок жайда бир жумача күтүп жатып калдык. Андан кийин бөлүнгөн жерибизге, бийик тоолуу жерге барып, бит баскан адамдардын кандай кедейчиликте жашап жатышканын өз көзүбүз менен көрдүк. Ар бир боз үйдө кан күйгөн согуштун курмандыгын жоктогон ый угулуп турар эле. Биз экөөбүз өз-өзүбүзчө иштеп жүрдүк, райондун ар кайсы жеринде жайгашкан колхоздоруна ат менен барып жаттык. Ар бирибизге бирден “медициналык айымды” – медициналык училищенин студент кызын бекитип беришкен эле. Биз жеке эле биттеп кеткен элди биттен арылтпастан, Түндүк Америкадан алынып келинген, составында сурьма бар дарыны (мафарсен) сайып, айылдыктарды келтеден дарылап жаттык. Болжол менен 45-50 күндөн кийинки эмгегибиздин акыбети кайтып, коркунучтуу илдетти токтотуп, элге ишенимин кайтардык. Согуш аяктагандан кийин согуш учурунда орукта эмгектенгендер үчүн берилген кээ бир жеңилдиктерди колдонсок деле болмок, бирок биз андай укуктан баш тарттык. Мында болбой эле өзүбүздөгү нукура таза адеп-ахлак маданияты, а балким патриоттук сезим үстөмдүк кылып кетсе керек.


Автору
М. М. МИРРАХИМОВ

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *