КР АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРДИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 14-СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ

Достор! Кыргыз Республикасынын айыл мектептеринин башталгыч класс мугалимдери үчүн кезектеги 14-“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагы башталганын жарыялайбыз! Буга чейин өткөрүлүп келген сынактардан айырмаланып бул сынак өзгөчө тартипте эки окуу жылына: 2025/26 жана 2026/27-окуу жылдарына арналат. 14-жолу өтүүчү сынактын дилбаян темасы мугалимдерди мурунку жылдардагыдан кем эмес кызыктырат деп ишенебиз. Билим берүү тармагынын бардык кызматкерлерин, ата-энелерди жана балдарыбыздын билимине кам […]

Толугу менен...

2025. ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН ЖЕҢҮҮЧҮ МУГАЛИМИ АЙНУРА АШИРОВАНЫН 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ

13-жолу өткөрүлгөн БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын жеңүүчүсү Айнура Ашированын саякаты 2025-жылдын август айына туш келди. Менин баяным төрт ай кечирээк чыгып калса да, калыптанып калган салтыбызды бузбай, бул саякат жөнүндө баяндап берейин. Төмөндө Ысык-көлдөн келген мугалимдин бул саякаты жөнүндө репортажымды сиздер менен бөлүшкүм келет. БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын бардык жеңүүчү мугалимдеринин 10 күндүк саякаттары, ошондой эле жеңүүчүлөрдүн […]

Толугу менен...

КЕСИПКӨЙ ЭКСПЕРТТЕР – “УРМАТ БЕЛГИСИ” СЫЙЛЫГЫНЫН МААНИЛҮҮГҮНҮН КЕПИЛДИГИ

Биринчи мугалими бардыгынын эле эсинде болсо керек. Башталгыч класстын мугалимдери — биздин өлкөбүздүн, балдарыбыздын жана неберелерибиздин келечегин түптөгөндөр. Санжарбек Данияровдун фонду 2022-жылы “УРМАТ БЕЛГИСИ” сыйлыгын уюштурган эле. Ал сыйлык 15 жылдан кем эмес педагогикалык стажы бар мугалимдерге жана үчтөн кем эмес башталгыч класстын окуучуларын кийинки тепкичке көчүргөн мугалимдерге ыйгарылат. Сыйлык боюнча акыркы чечимди кабыл алган […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 13-СЫНАГЫ. ФИНАЛ. 2-БӨЛҮК. КАЛЫСТАР ТОБУ, АЛЫП БАРУУЧУ, АРДАКТУУ КОНОК, МУЗЫКАЛЫК СЮРПРИЗ

Санжарбек Данияровдун коомдук фонду тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги мектептердин башталгыч класс мугалимдеринин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” кароо-сынагы 2024/25-окуу жылында 13-жолу болуп өттү. Бул күн тууралуу репортажыбыз катышуучуларга жана жеңүүчүлөргө, калыстар тобунун мүчөлөрүнө гана эмес, мугалимдер жамааты, өзгөчө башталгыч класстын мугалимдери, өлкөнүн аймактарындагы жашоо-турмушу менен таанышууну каалагандар үчүн да кызыктуу болушу мүмкүн деп ойлойм. Эки бөлүктүн […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 13-СЫНАГЫ. ФИНАЛ. 1-БӨЛҮК. КАТЫШУУЧУЛАР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР

Санжарбек Данияровдун коомдук фонду тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги мектептердин башталгыч класс мугалимдеринин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” кароо-сынагы 2024/25-окуу жылында 13-жолу болуп өттү. Биринчи турда мугалимдер ЖЫЛ ТЕМАСЫ боюнча дилбаян жазса, экинчи турда финалга чыккан алты мугалим оозеки сынакта теманы талкуулоону улантат. Оозеки сынактан кийин дароо жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана сынактын катышуучуларына Сертификаттарды тапшыруу аземине өтөбүз. Салтанатта […]

Толугу менен...

2025-ЖЫЛЫ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН ТАТЫКТУУ МУГАЛИМДЕРИНЕ “УРМАТ БЕЛГИСИН” САЛТАНАТТУУ ТАПШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ

Санжарбек Данияровдун Фонду 2022-жылдан баштап ар бир окуу жылы кыргыз Республикасынын башталгыч класстын мугалимдерин «УРМАТ БЕЛГИСИ» деген сыйлык менен сыйлайт. Сыйлыкты тапшыруу “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн салтанаттуу сыйлоо аземине туш келет. 2025-жылдын 19-апрелинде БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын 2-туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө алты мугалимге сыйлыктар тапшырылды. САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН «УРМАТ БЕЛГИСИ» ЖӨНҮНДӨ […]

Толугу менен...

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 13- СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР

Калыстар тобунун баасы боюнча 2024/25 окуу жылындагы сынактын 1-турунда эң жогорку балл алган 7 дилбаянды жарыялайбыз. 6 дилбаян кыргыз тилинде жазылган, 1 дилбаян орус тилинде жазылган. Бардык дилбаяндарды котормосуз эле түпнуска тилинде гана жарыялайбыз. 13-сынактын биринчи турунун дилбаянынын темасы: МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН СӨГҮНГӨН АДАТТАРЫНА МУГАЛИМДИН МАМИЛЕСИ Дилбаянда камтыла турган үлгү суроолор. Мазмуну бул суроолорго жоопторду камтышы […]

Толугу менен...

КАЛЫСТАР – СЫНАК ЖҮЗҮ. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КАЛЫСТАР ТОБУ

Калыстар тобунун курамы эксперттерден турганда гана сиздердин көңүлүңүздөрдү бура турган сынак болушу мүмкүн деген пикириме кошуласыз деп ойлойм. «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» сынагынын калыстар тобунун мүчөлөрүн мына ушундай мүнөздөөгө болот. Бул сайтта буга чейин окшош аталыштагы жана мазмундагы маалыматтар жарыяланып келгени белгилүү, андыктан аны жаңыртууга убакыт келди көрүнөт, себеби сынагыбыз барган сайын күч алып, аны менен катар […]

Толугу менен...

13-ЖОЛКУ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН 1-ТУРУ АЯКТАДЫ. ФИНАЛИСТТЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫРАБЫЗ

  Эгерде сизди Кыргызстандын мугалимдери азыркы учурдун орчундуу маселелери жөнүндө кандай ойдо экендиги кызыктырса, анда сизди жыл сайын өтүүчү “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагы да кызыктырарында шек жок. Санжарбек Данияров атындагы коомдук фонду аны быйыл 13-ирет өткөрүп жатат. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ ДАГЫ БИР ЖОЛУ Бул сынак Кыргызстандын айыл мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдеринин сынагы экендигин эсиңиздерге сала […]

Толугу менен...

КР АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРДИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 13-СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ

Достор! Кыргыз Республикасынын айыл мектептеринин башталгыч класс мугалимдери үчүн кезектеги “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагы башталганын жарыялайбыз!  2024/2025-окуу жылында 13-жолу өтүүчү сынактын дилбаян темасы мугалимдерди мурунку жылдардагыдан кем эмес кызыктырат деп ишенебиз. Билим берүү тармагынын бардык кызматкерлерин, ата-энелерди жана балдарыбыздын билимине кам көргөндөрдүн бардыгын тема менен таанышып, ой жүгүртүүгө чакырабыз. СЫНАКТЫН СЫЙЛЫКТАРЫ(мурункудай) ҮЧ ЛАУРЕАТТЫН (1-2-3-орундар) сыйлыктары – мугалимдин […]

Толугу менен...

2024. НУРЖАН ИСАКОВАНЫН (СУЗАК) ЖАНА ТУРУМКАН КАРИМОВАНЫН (ЫСЫК-КӨЛ) 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ. 2-БӨЛҮК

Эскерте кетсек, быйылкы жылы БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын жеңүүчүсүнүн салттуу сапарын эки мугалим — 12-СЫНАКТЫН (2023/2024-окуу жылы) жеңүүчүсү Исакова Нуржан Шамуратовна жана 6-СЫНАКТЫН (2017-жылы) жеңүүчүсү Турумкан Абдырахмановна Каримова жасашкан. Бул репортаж эки бөлүктөн турат: 2024-жылдын 8-июлунан 11-июлуна чейин (1-бөлүк) жана 12-17-июлуна чейин (2-бөлүк). 1-БӨЛҮГҮН көрүңүз 2-БӨЛҮГҮ 12.07.2024 ЖУМА Жума күнүн Третьяков галереясында, негизинен Лаврушинский көчөсүндөгү башкы имаратта […]

Толугу менен...

2024. НУРЖАН ИСАКОВАНЫН (СУЗАК) ЖАНА ТУРУМКАН КАРИМОВАНЫН (ЫСЫК-КӨЛ) 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ. 1-БӨЛҮК

Быйылкы жылы “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын эки жеңүүчүсү салтка айланып калган Москва шаарына 10 күнгө саякатка барып келди. Бири – 12-сынактын жеңүүчүсү Исакова Нуржан Шамуратовна (2023/2024-окуу жылы) жана экинчиси — 6-сынактын жеңүүчүсү Каримова Турумкан Абдырахмановна (2017-жыл) болду. Турумкан эже жеке жагдайына байланыштуу убагында келалбай калган эле, эми кесиптеши менен бирге көптөн күткөн саякатка барып келди. Төмөндө […]

Толугу менен...