
Калыстар тобунун баасы боюнча 2024/25 окуу жылындагы сынактын 1-турунда эң жогорку балл алган 7 дилбаянды жарыялайбыз.
6 дилбаян кыргыз тилинде жазылган, 1 дилбаян орус тилинде жазылган.
Бардык дилбаяндарды котормосуз эле түпнуска тилинде гана жарыялайбыз.
13-сынактын биринчи турунун дилбаянынын темасы:
МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН СӨГҮНГӨН АДАТТАРЫНА МУГАЛИМДИН МАМИЛЕСИ
Дилбаянда камтыла турган үлгү суроолор. Мазмуну бул суроолорго жоопторду камтышы мүмкүн, бирок алар менен эле чектелбейт:
Башталгыч класстын окуучуларынын арасында сөгүнүү сөздөр кеңири жайылганбы? Ата-энелердин арасындачы? Мугалимдердин арасындачы? Бул көйгөйбү? «Ал убакыттын өтүшү менен жоголот» дегендей кооптонбой койсо болобу? Балдар мындай сөздөрдүн маанисин түшүнөбү? Балдар башкалардын сөгүнүүсүнө жана өздөрүнүн сөздөрүндөгү сөгүнгөн сөздөргө кандай карайт? Мунун себеби эмнеде, бул көрүнүштүн тамыры эмнеде? Мугалим бул боюнча бир нерсе кылышы керекпи? Эгер ошондой болсо, эмне кылуусу керек? Тарбиялык чаралар аркылуу оң натыйжага жетишүүгө болобу? Бул маселеде мугалимге ким өнөктөш болот?
Дилбаяндарды баалоо критерийлери:
- Теманын толук ачып берилиши
- Негизги ойду ачык жана так баяндап берүү
- Баяндоо стили (көркөмдүүлүгү)
- Жазуунун сабаттуулугу
- Тажрыйба бөлүшүү, иш жүзүндө андан ары колдонууга пайдалуулугу
- Дилбаяндын темасына стандарттан тышкары ыкма жасоо
6 калыстар тобунун мүчөсү 6 критерийдин ар бири боюнча 5 баллдык шкала боюнча баа беришти. Ошентип, максималдуу мүмкүн болгон жалпы балл 6 х 6 х 5 = 180 болгон.
Калыстар тобунун мүчөлөрү автордун аты-жөнүн билбестен дил баяндарды баалашты. Ар бир дилбаянга код берилген. Авторлордун аты-жөнү ар бир дилбаянга берилген упайлар саналгандан кийин белгилүү болду.
164 упай
Кыргыз тилинде
МАКСЫТОВА ЖЫЛДЫЗКАН ЭРКИНБАЕВНА
№90 Арзыбай Саипов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби. Ош облусу, Кара-Суу району, Бөрү а.
ЖЫЛДЫЗКАН МАКСЫТОВАНЫН ДИЛБАЯНЫ. ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨӨ
163 упай
Кыргыз тилинде
АСАНАЛИЕВА АЙНУРА МАЛИКОВНА
Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби. Ысык-Көл облусу, Түп району, Корумду а.
АЙНУРА АСАНАЛИЕВАНЫН ДИЛБАЯНЫ. ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨӨ
163 упай
Кыргыз тилинде
ЧОЛПОНБАЕВА АЙГҮЛ КАДЫРБЕКОВНА
Энилчек негизги жалпы билим берүү мектеби. Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Энилчек а.
АЙГҮЛ ЧОЛПОНБАЕВАНЫН ДИЛБАЯНЫ. ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨӨ
162 упай
Кыргыз тилинде
МИНБАЕВА ГҮЛЖАМАЛ АСАНБАЕВНА
Николай Григорьевич Лященко атындагы жалпы орто билим берүү мектеби. Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Ананьево а.
ГҮЛЖАМАЛ МИНБАЕВАНЫН ДИЛБАЯНЫ. ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨӨ
161 упай
Орус тилинде
АШИРОВА АЙНУРА МАКАНБАЕВНА
№10 Мукай Элебаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби. Ысык-Көл облусу, Түп району, Талды-Суу а.
АЙНУРА АШИРОВАНЫН ДИЛБАЯНЫ. ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨӨ
160 упай
Кыргыз тилинде
ИБРАХИМ КЫЗЫ МООЛИДА
С. Эрматов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби. Баткен облусу, Баткен району, Кара-Булак а.
МООЛИДА ИБРАХИМ КЫЗЫНЫН ДИЛБАЯНЫ. ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨӨ
160 упай
Кыргыз тилинде
НУРМАНОВА НУРАЙЫМ АРСТАНБЕКОВНА
Ташболот Жапаров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби. Баткен облусу, Лейлек раону, Чымкен а.
НУРАЙЫМ НУРМАНОВАНЫН ДИЛБАЯНЫ. ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨӨ
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз.
Дагы тема боюнча:
13-ЖОЛКУ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН 1-ТУРУ АЯКТАДЫ. ФИНАЛИСТТЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫРАБЫЗ
КАЛЫСТАР – СЫНАК ЖҮЗҮ. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КАЛЫСТАР ТОБУ


