
Эгерде сизди Кыргызстандын мугалимдери азыркы учурдун орчундуу маселелери жөнүндө кандай ойдо экендиги кызыктырса, анда сизди жыл сайын өтүүчү “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагы да кызыктырарында шек жок. Санжарбек Данияров атындагы коомдук фонду аны быйыл 13-ирет өткөрүп жатат.
“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ ДАГЫ БИР ЖОЛУ
Бул сынак Кыргызстандын айыл мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдеринин сынагы экендигин эсиңиздерге сала кетейин. Өлкөнүн калкынын үчтөн экисине жакыны айылда жашайт. Өлкөбүздүн жашы жеткен жарандарынын катарынын басымдуу көпчүлүгүн биздин айылдык мектептерден билим алган жаштар толуктайт. Мугалимдер – биздин сынактын катышуучулары – Кыргызстандын жакынкы келечегин түзүүчүлөр деп ынанымдуу айта алабыз!
Эсиңиздерге сала кетейин, сынак эки тур менен өтөт. Биринчи турунда мугалимдер ЖЫЛДЫН ТЕМАСЫ боюнча дилбаян жазат. Код коюлуп, аты-жөнү жашыруун түрдөгү дилбаяндарды компетенттүү калыстар тобу текшерет.
Адаттагыдай эле, сынактын экинчи турунда калыстар тобунун баалоосу боюнча эң жогорку балл алган алты дилбаяндын автору үч байгелүү орун жана БИРИНЧИ МУГАЛИМ даражасы үчүн таймашат. Сынакка катышкан авторлордун баары сынактын экинчи турунда күйөрман жана байкоочу катары катыша алат.
Экинчи тур 2025-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында өтөт. Кайсы жерде өтөөрү жана анын программасы сөзсүз түрдө ушул сайтта чагылдырылат. Иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт.
13-жолу уюштурулган сынактын биринчи туру аяктады, мен биздин сайттын күйөрмандарын анын жыйынтыгы менен бөлүшүүгө ашыгуудамын.
13-СЫНАКТАГЫ ЖЫЛДЫН ТЕМАСЫ
Сынактын темасы ар жылы ар түрдүү, бирок мугалимдердин назарын бура турган жана биздин коомдогу мугалимдин ролун терең түшүнүүгө түрткү берген маанилүү темалар камтыларына шек санабаймын. Коомду тынчсыздандырган орчундуу маселелер боюнча элет жериндеги интеллигенциянын алдыңкы бөлүгүнүн ой-пикирлерин иликтөө үчүн биздин базабызда бир топ материал топтолгон. Эгерде кимде-ким аны талдап чыгууга даяр болсо — кадырыңыз жан болсун, биз менен байланышыңыз! Биз сиздин иликтөөңүздүн жыйынтыгын жарыялайбыз.
ЖЫЛДЫН ТЕМАСЫН “Сынактын күндөлүгү” рубрикасынан (Сиз азыр окуп жаткан макала да ушул бөлүмдө жайгаштырылган) билүүгө болот, анда бардык жылдар аралыгындагы темалар бар.
13-жолку БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын темасы төмөнкүдөй эле: МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН СӨГҮНГӨН АДАТТАРЫНА МУГАЛИМДИН МАМИЛЕСИ
Адаттагыдай эле бул теманы чагылдырган мыкты дилбаяндарды жакынкы күндөрү ушул сайтка жайгаштырабыз.
Экинчи турдун тапшырмалары ДИЛБАЯНДЫН ТЕМАСЫН улантат. Сайттын окурмандарынын кимисине кызыктуу болсо, тапшырмаларды ушул жерден окуй алат: 13-СЫНАКТЫН ЭКИНЧИ ТУРУНУН ТАПШЫРМАЛАРЫНЫН СУРООЛОРУН КӨРҮҮ ЖЕ ЖҮКТӨӨ
БИРИНЧИ ТУРДУН ФИНАЛИСТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ
Калыстар тобунун баалоосу боюнча финалга 160 баллдан 164 баллга чейин алган 7 катышуучу чыкты. Алар экинчи турда сынактын катышуучулары жана меймандардын алдында таймашат. Баллдын максималдуу саны 180 болду. Бул цифра төмөндөгүдөй аныкталат: 5-балл системасы, 6 критерий боюнча баалоо, ар бир дилбаянды 6 адамдын текшерүүсү: 5 х 6 х 6 = 180 балл.
Быйыл 6 эмес, 7 финалист болду, анткени эки катышуучу бирдей баа – 160 балл алып, 6-орунду ээледи.
Биринчи турдун жети финалистин кубануу менен тааныштырмакчымын:
- МАКСЫТОВА ЖЫЛДЫЗКАН ЭРКИНБАЕВНА №90 Арзыбай Саипов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими, Ош облусу, Кара-Суу району, Бөрү айылы. 3-жолу катышууда.
- АСАНАЛИЕВА АЙНУРА МАЛИКОВНА Марат Темиров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими, Ысык-Көл облусу, Түп району, Корумду айылы. 2-жолу катышууда.
- ЧОЛПОНБАЕВА АЙГҮЛ КАДЫРБЕКОВНА Энилчек негизги жалпы билим берүүчү мектебинин мугалими, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Энилчек айылы. 5-жолу катышып жатат.
- МИНБАЕВА ГҮЛЖАМАЛ АСАНБАЕВНА Николай Лященко атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Ананьево айылы. Биринчи жолу катышты.
- АШИРОВА АЙНУРА МАКАНБАЕВНА №10 Мукай Элебаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими, Ысык-Көл району, Түп району, Талды-Суу айылы. 5-жолу катышып жатат.
- ИБРАХИМ КЫЗЫ МООЛИДА С. Эрматов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими, Баткен облусу, Баткен району, Кара-Булак айылы. 2-жолу катышып жатат.
- НУРМАНОВА НУРАЙЫМ АРСТАНБЕКОВНА Ташболот Жапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими, Баткен облусу, Лейлек району, Чымкен айылы. 1-жолу катышты.
Биздин катышуучулар эмгектенген мектептин мугалимдерин, алардын жетекчилерин жана кесиптештерин куттуктайбыз!
СЫНАКТЫН СТАТИСТИКАСЫ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
Быйыл сынакка 239 мугалим өздөрүнүн эмгектерин жиберген. Сынактын ЖОБОСУНДАГЫ талаптарга шайкештигин, плагиаттын жоктугун текшергенден кийин сынакка 203 дилбаян кабыл алынган. Анын ичинен 193 дилбаян – кыргыз тилинде жана 10 дилбаян – орус тилинде болду.
Бардык мугалимдер – аялзаты. Башталгыч класстын мугалимдеринин катарында эркек мугалимдер өлкө боюнча өтө аз, сынак өткөрүлүп келаткан 13 жылдын ичинде болгону эки эркек мугалим сынакка катышкан.
Эгерде аймактардын катышуусу тууралуу айта турган болсок, анда салттуу түрдө биздин сынакка эң көп катышуучулар Ысык-Көл облусунан:
Ысык-Көл 107
Жалал-Абад 28
Нарын 21
Баткен 19
Чүй 14
Ош 8
Талас 6
КЫРГЫЗСТАН 203
СЫНАКТЫН ЭКИНЧИ ТУРУ ЖӨНҮНДӨ
Биз билим берүү тармагынын адистерин жана жөн эле кызыккандарды, бул сайттын конокторун 19-апрелде өтө турган сынактын экинчи турунда көрүүгө кубанычта болобуз. Толук маалымат бул сайтта жарыяланат. Бардык маалыматтар фонддун Telegram каналында чыгат. Басылманын астындагы фонддун Telegram каналына жазылыңыз.

Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз
Дагы тема боюнча:
Сыйлык (мугалимдин саякаты) тууралуу бул жерден окуй аласыз:
билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › мугалимдин саякаты
Сыйлык (мугалимдин окуучулары менен саякат) тууралуу бул жерден окуй аласыз:
билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › балдардын саякаты
БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын биринчиден акыркысына чейинки хроникасы бул жерде:
билим берүү › биринчи мугалим сынагы
Калыстар тобу жөнүндө:
Калыстар — сынактын жүзү.


