Достор!
Кыргыз Республикасынын айыл мектептеринин башталгыч класс мугалимдери үчүн кезектеги “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагы башталганын жарыялайбыз! 2024/2025-окуу жылында 13-жолу өтүүчү сынактын дилбаян темасы мугалимдерди мурунку жылдардагыдан кем эмес кызыктырат деп ишенебиз. Билим берүү тармагынын бардык кызматкерлерин, ата-энелерди жана балдарыбыздын билимине кам көргөндөрдүн бардыгын тема менен таанышып, ой жүгүртүүгө чакырабыз.
СЫНАКТЫН СЫЙЛЫКТАРЫ
(мурункудай)
ҮЧ ЛАУРЕАТТЫН (1-2-3-орундар) сыйлыктары – мугалимдин классындагы окуучулары менен бирге дем алыш күндөрү Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу саякаты.
БИРИНЧИ МУГАЛИМ Премиясы (1-орун) – мугалимдин дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын бири, 7-10 күндүк маалымат арттыруучу саякаты.
№13 СЫНАК ЖӨНҮНДӨ ЖОБО ЖАНА КАТЫШУУЧУНУН СОБОЛДОМОСУ
Адаттагыдай эле, биз ар бир катышуучу СЫНАКТЫН ЖОБОСУН кунт коюп окуп чыгышына аракет кылабыз. Андыктан 13-сынактын темасын ЖОБО менен таанышкан соң биле аласыздар. Төмөндө биз сиздерге бул документти жана катышуучунун соболдомосун жүктөп алуу үчүн шилтемелерди сунуштайбыз:
СЫНАК ЖӨНҮНДӨ ЖОБОНУ ЖҮКТӨП АЛУУ ЖЕ ОКУП ЧЫГУУ
КАТЫШУУЧУНУН СОБОЛДОМОСУН ИНТЕРАКТИВДҮҮ pdf ФОРМАТЫНДА ЖҮКТӨП АЛУУ
________________________________________________
Көңүл буруңуздар! 13-БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын жобосунда сынак кандай өтөөрү, дилбаяндар кандай бааланары, аны ким баалайт, өткөрүү датасы, ошондой эле 2024/25-окуу жылынын темасы толук баяндалган.
_________________________________________________
Быйылкы окуу жылында сынактын 1-турун 1-сентябрда эмес, 1-ноябрда баштайбыз. Сынактын 1-туруна дилбаяндарды кабыл алуу мурдагы сынак сыяктуу 28-февралда жыйынтыктайбыз.
Өткөн жылдардын тажрыйбасынан биз катышуучулар дилбаяндарын акыркы учурда, февралдын акыркы 10 күнүндө жөнөтүшөрүн билебиз. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы мүнөтүндө бир эле учурда жөнөтүлгөн материалдардын көптүгү дилбаяндардын сынактын шарттарына шайкештигин текшерүү процессин жайлатып жатканына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Ошол эле учурда, кандайдыр бир себептерден улам сиздин материалдарыңыз бизге жетпесе же соболдомодо кандайдыр бир тактоолор же оңдоолор талап кылынса, анда сизде ага убакыт калбай калат. Андыктан дилбаянды мүмкүн болушунча эртерээк жөнөтүүнү суранабыз!
Сынактын катышуучуларын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү гана эмес, катышуунун өзү, теманын үстүндө иштөө процесси, ой жүгүртүү, пикир алмашуу, кесиптештер менен жолугушуу кызыктырарына ишенебиз. Сынак аяктагандан кийин, катышуучулардын көбү биз сынактын катышуучулары үчүн түзгөн чатта башка мугалимдер менен баарлашууну улантышууда.
Дилбаян жазууга даярданып жаткан учурда кесиптештер, достор, окуучулардын ата-энелери жана үй-бүлөңүз менен өзүңүздүн ой-пикириңизди талкуулоону сунуштайбыз. Балким, сиздин идеяларыңыз кошумча идеялар менен байыйт же алымча-кошумчаланып калышы ыктымал. Сынактын жүрүшүнө, айтылган ой-пикирлерге жана жыйынтыктарга сиздин жакындарыңыздын чөйрөсү көз салса болот.
Биз ал тууралуу жана алты мыкты дилбаян боюнча репортаждарды жарыялайбыз, ал эми экинчи турду түз эфир аркылуу көрүүгө болот.
Биз сайттын бардык конокторун тема боюнча ой жүгүртүүгө, эгерде ниет-каалоолор болсо, комментарийлерде айтууга чакырабыз.
Ал эми сынактын бардык катышуучуларына турмушта жана иштеринде ийгиликтерди каалайбыз!
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз
Дагы маалымат:
Мурунку сынак тууралуу:
12-ЖОЛУ ӨТКӨРҮЛГӨН БИРИНЧИ МУГАЛИМ СЫНАГЫ, ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ СЫЙЛОО, АРДАКТУУ КОНОК ЖӨНҮНДӨ РЕПОРТАЖ
Жеңүүчүгө сыйлык тууралуу:
2024. НУРЖАН ИСАКОВАНЫН (СУЗАК) ЖАНА ТУРУМКАН КАРИМОВАНЫН (ЫСЫК-КӨЛ) 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ. 1-БӨЛҮК
Тема эмне жөнүндө болот