КАТЫШУУЧУЛАРГА

10-ЖОЛКУ ЮБИЛЕЙЛИК “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 2021 СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАП ЖАТАБЫЗ

Кыргыз Республикасынын айылдык мектептеринде иштеген башталгыч класстардын мугалимдерин “Биринчи мугалим” 2021 сынагына катышууга чакырабыз. Жыл сайын өткөрүлүп келаткан бул сынак быйыл 10-жолу болмокчу.

Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякаты. Болжолдуу ПРОГРАММА (1 орун)

Бишкек шаарына лауреаттарынын классынын окуучуларынын маданий-маалымат арттыруучу экскурсиясы. Болжолдуу ПРОГРАММА (1-2-3-орун)

 


Адаттагыдай “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2021” сынагына катышуу үчүн төмөндөгү шарттарды аткаруу керек:

  • Кыргыз Республикасынын АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРИНИН мугалими болуу
  • БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН мугалими болуу
  • БИРИНЧИ МУГАЛИМ СЫНАГЫНЫН 2021 ЖОБОСУН кунт коюп окуп чыгуу

Сынактын 2021 Жобосунда сынак кандай өтөт, дилбаяндар кандай бааланат, сынактын өтө турган күнү жөнүндө бардык маалыматтар толугу менен жазылган. Дилбаяндын жаңы темасы жөнүндө 2021-жылдын ЖОБОСУН окуп биле аласыздар.

Фондубуз катышуучулардын баарына кабыл алынган документтер, андан соң биринчи турдун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды жөнөтөт жана баарын  сынактын катышуучусу (биринчи турдун жеңүүчүлөрүн) же күйөрман катары чакырат. Аябай кызыктуу болот!

Ийгилик каалайбыз!

=====================================

БМ 2021 СДКФ ЖОБОНУ ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ (КЫРГ)

=======================================

2021 КАТЫШУУЧУНУН СОБОЛДОМОСУН толтуруу боюнча видео (интерактивдүү pdf программасында)

 

КАТЫШУУЧУНУН СОБОЛДОМОСУН ЖҮКТӨП АЛУУ (интерактивдүү pdf)

же болбосо каалоочулар СОБОЛДОМОНУ word программасында толтурса болот:

КАТЫШУУЧУНУН СОБОЛДОМОСУН ЖҮКТӨП АЛУУ (word)

 

=========================================

Суроолоруңуздар болсо төмөнкү телефонго кайрылыңыздар:

  • 0(707)783295 – Асель Санжарбековна Даниярова. Маалымат алмашуу, кат жазышуу, сүрөттөр үчүн гана. Телефон чалууга болбойт 
  • Электрондук дарек: daniyarova@daniyarov.kg же sdkf.meldesh@gmail.com

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНҮН МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТАРЫНЫН СҮРӨТАЛЬБОМДОРУ

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ОКУУЧУЛАРЫНЫН САЯКАТТАРЫНЫН СҮРӨТАЛЬБОМДОРУ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *