СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 13-СЫНАГЫ. ФИНАЛ. 1-БӨЛҮК. КАТЫШУУЧУЛАР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР

Санжарбек Данияровдун коомдук фонду тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги мектептердин башталгыч класс мугалимдеринин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” кароо-сынагы 2024/25-окуу жылында 13-жолу болуп өттү.

Биринчи турда мугалимдер ЖЫЛ ТЕМАСЫ боюнча дилбаян жазса, экинчи турда финалга чыккан алты мугалим оозеки сынакта теманы талкуулоону улантат. Оозеки сынактан кийин дароо жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана сынактын катышуучуларына Сертификаттарды тапшыруу аземине өтөбүз. Салтанатта ошондой эле биздин фонд тарабынан 2022-жылы түзүлгөн тажрыйбалуу башталгыч класстардын мугалимдерине арналган “УРМАТ БЕЛГИСИ” сыйлыгын тапшыруу да болот.

Сыйлык тапшыруу аземинин бир бөлүгү сөзсүз түрдө чакырылган Ардактуу конокко арналат, аны менен жыл темасы боюнча кыскача баарлашуу, ошондой эле иш-чаранын катышуучулары үчүн 15 мүнөттүк музыкалык сюрприз болот.

Бул күн тууралуу репортажыбыз катышуучуларга жана жеңүүчүлөргө, калыстар тобунун мүчөлөрүнө гана эмес, мугалимдер жамааты, өзгөчө башталгыч класстын мугалимдери, өлкөнүн аймактарындагы жашоо-турмушу менен таанышууну каалагандар үчүн да кызыктуу болушу мүмкүн деп ойлойм. Аягына чейин окуңуздар!

Быйылкы иш-чара 19-апрелде саат 10:00дөн 17:00гө чейин болуп, түз эфирде көрсөтүлдү.

_______________________

Ютубдагы көрсөтүүгө шилтеме: БИРИНЧИ МУГАЛИМ. 13-СЫНАК. ТҮЗ ЭФИР

БАРДЫК СҮРӨТТӨРГӨ (884) шилтеме: БИРИНЧИ МУГАЛИМ. 13-СЫНАК. ФОТО

Сүрөттөрдүн баары эч кандай оңдоп-түзөөсү жок берилди. Сүрөттөрдөн ошол күндөгү иш-чарага катышкандар өздөрүн көрө алат. Бул шилтеме боюнча сүрөттөрдү 2025-жылдын 31-августуна чейин жүктөп алсаңар

_______________________

ЭҢ ОБОЛУ БИЗГЕ КОЛДОО КӨРСӨТКӨНДӨРГӨ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕБИЗ

Быйыл үчүнчү жолу БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын экинчи туруна жана жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземин өткөрүүгө И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын жетекчилиги бизди Медициналык академиянын эң сонун, мыкты жабдылган жыйындар залы менен камсыздады, ошондой эле конгресс-холлдун жанынан катышуучулар түшкү тамактануусу үчүн орун бөлүп берди. Бул баа жеткис колдоосу үчүн ректор, профессор Кудайбергенова Индира Орозобаевнага чын дилимден ыраазычылык билдиремин. Бул залда угармандар үчүн орундуктардын артында медицинанын көрүнүктүү ишмерлери үчүн 4 музей кабинети, анын ичинде биздин фонд ысымын алып жүргөн Данияров Санжарбек Бакировичтин кабинети жайгашканын белгилеп кетким келет.

В Актовом зале КГМА перед началом мероприятия

Сынакты түз эфирди көрсөтүүгө техникалык жактан чын ыкласы менен колдоо көрсөтүп, майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурган КММАнын кызматкери – Дайыр Калыбек уулуна өзгөчө ыраазычылыгымды билдиремин.

Иш-чаранын жүрүшүндө бизге мугалимдерди жана конокторду каттоодо, сынактын катышуучуларына калыстар тобу берген упайларды эсептөөдө КР Тарых музейинин кызматкери Назира Акматова, Түп районундагы М.Мамакеев атындагы мектептин усулчусу, англис тили мугалими Назира Осмонбаева, физик, сүрөтчү жана ушул саптардын авторунун күйөө баласы Марат Райымкулов ыктыярдуу түрдө жардам көрсөтүштү. Ошондой эле сынактын баштан-аяк жүрүшүн сүрөткө тарткандыгы үчүн өзүмдүн өмүрлүк жолдошум Владимир Шварцка ыраазычылык билдиремин. Мээрим Султангазиева, Роял Метрополитен Университетинин окутуучусу жана Нурай Сулейманова, мектеп окуучусу, иш-чаранын жүрүшүндө зарылчылыкка жараша ар кандай жардамдарды көрсөтүштү, бул үчүн аларга терең ыраазычылык билдиребиз!


СЫНАКТЫН ЭКИНЧИ ТУРУ (ФИНАЛЫ) ЖӨНҮНДӨ БИР НЕЧЕ СӨЗ

Мурунку репортажда (шилтемеси баяндаманын аягында) байгелүү орундар үчүн финалда ат салышууга тийиш болгон биринчи турдун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары жарыяланган эле. Биринчи турда жеңишке жетишүүнүн өзү эле чоң ийгилик эмеспи! Ошондуктан биз сынактын экинчи турун финалисттерибизге — биринчи турдун жеңүүчүлөрүнө сыйлык берүү менен баштадык. Быйыл алты эмес, жети финалист болду, анткени эки мугалим бирдей упай алган.

Эскерте кетсек, сынакка дилбаяндары кабыл алынган бардык мугалимдер экинчи турга күйөрман жана көрүүчү катары, ошондой эле Катышуучунун сертификаттарын алуу үчүн салтанаттуу тапшыруу аземине чакырылат.

КОНКУРСТУН БАРДЫК КАТЫШУУЧУЛАРЫ 2-турдун тапшырмаларын алдын ала алышкан, бирок ким финалга чыгаарын эч ким билбейт. Эгерде көрүүчүлөрдүн өздөрүнүн жооп варианттары болсо, алар дагы сынактын жүрүшүнө баам салып көрүүгө кызыкдар болот деп ишенем.

“Мектеп окуучуларынын сөгүнгөн адаттарына мугалимдин мамилеси” 13-конкурсунун ЖЫЛДЫН ТЕМАСЫ. Биринчи турда катышуучулар ушул темада дилбаян жазышты; экинчи турдагы тапшырмалар теманы улантты.

Ар дайымкыдай эле сынак үч тапшырмадан туруп, ар биринде алты суроо камтылган; финалисттердин кимиси алты суроонун кайсынысын алаары чүчүкулак аркылуу аныкталды.

Бул жолу суроолорду алдын ала видеого жаздырдык. Биринчи тапшырма – окуучунун суроолорун чыныгы башталгыч класстын окуучулары, экинчи тапшырманы – чыныгы ата-энелер, чоң ата, чоң энелер берсе, үчүнчү — кырдаалга жараша түзүлгөн суроону аудиториядагы мугалимдер узатты.

Чыныгы аткаруучуларды видеого тартууга Түп районунун Сары-Дөбө айылдагы К.Карачев атындагы мектептин башталгыч класс мугалимдери – алып баруучубуз Таалайбек Мырзабаев жана 9-сынактын жеңүүчүсү жана калыстар тобунун мүчөсү Узакова Үмүт жардам беришти. Алар мыкты иштешти: бардык катышуучулар чыныгы чеберчиликти көрсөтүштү!

Үмүт Узакова, Таалайбек Мырзабаев


13-СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАЙБЫЗ! 
БАЛДАРДЫ ОКУТУУДА ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨ МЫНДАН АРЫ ДА ИЙГИЛИКТЕРГЕ
ЖЕТИШҮҮЛӨРҮН КААЛАЙБЫЗ!

ЖЕҢҮҮЧҮ:

Санжарбек Данияровдун фондунун «Биринчи мугалим» сынагынын жыйынтыгы боюнча “2024/25-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН “БИРИНЧИ МУГАЛИМИ”

АШИРОВА АЙНУРА МАКАНБАЕВНА

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Талды-Суу айылындагы №10 М.Элебаев атындагы мектептин мугалими.

Бул жылы ал 5-жолу катышты.


«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 13-сынагынын ЛАУРЕАТЫ:

МИНБАЕВА ГҮЛЖАМАЛ АСАНБАЕВНА 

Башталгыч класстардын мугалими.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы Николай Григорьевич Лященко атындагы мектеп

Сынакка алгачкы жолу катышты.


«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 13-сынагынын ЛАУРЕАТЫ:

НУРМАНОВА НУРАЙЫМ АРСТАНБЕКОВНА

Башталгыч класстардын мугалими.

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Чымкен айылындагы Т.Жапаров атындагы мектеп

Сынакка алгачкы жолу катышты.


Эми үч жеңүүчүбүз Бишкекке окуучулары менен бирге маданий-агартуу саякатына, ал эми жеңүүчү дагы ири шаарлардын бирине, музыкалык, театралдык жана музей борборуна 10 күндүк билим берүү саякатына барышы керек.

Алар өлкөбүздүн булуң-бурчунан келген 203 катышуучунун арасында өткөн мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту.


СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ

Биздин сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан өкүлдөр катышты. Сынактын жүрүшүндө алардын бардыгы дилбаяндын темасы боюнча ой жүгүртүп, дилбаянда бул маселе боюнча өз ойлорун айтышты.

Көптөгөн катышуучулар экинчи турдагы тапшырмаларга өздөрүнүн жоопторун даярдашкан.

Келген катышуучуларга Катышуучунун күбөлүгү салтанаттуу түрдө тапшырылды. Сүрөткө шилтеме басылманын башында берилген

 


УЛАНДЫСЫ –2-БӨЛҮК => КАЛЫСТАР ТОБУ, АЛЫП БАРУУЧУ, АРДАКТУУ КОНОК, МУЗЫКАЛЫК СЮРПРИЗ, СЫЙЛЫК ТАПШЫРУУ 


Дагы 13-сынак жөнүндө:

13-жолку сынактын Жобосу жөнүндө бул жерден окууга болот:
КР АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРДИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 13-СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ

Калыстар тобунун мүчөлөрү жөнүндө:
КАЛЫСТАР – СЫНАК ЖҮЗҮ. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КАЛЫСТАР ТОБУ

Биринчи турдун жеңүүчүлөрүнүн дилбаяндары: «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 13- СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР

Биринчи турдун жыйынтыгы жөнүндө: 13-ЖОЛКУ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН 1-ТУРУ АЯКТАДЫ. ФИНАЛИСТТЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫРАБЫЗ

2025-ЖЫЛЫ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН ТАТЫКТУУ МУГАЛИМДЕРИНЕ “УРМАТ БЕЛГИСИН” САЛТАНАТТУУ ТАПШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ


 



Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *