БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынан алган сабактар менен бөлүшүүмдү улантмакчымын. Алар тез арада чечүүгө муктаж, өтө курч, приоритеттүү маселелер.
21-кылымдын мугалими – интернети жок, компьютери жок, керектүү окуу китептери, көркөм адабияттар жетишсиз, газета-журналдарга жазылмак түгүл, жада калса радиосу да жок, театр-музейлерге барбайт… Биздин замандын мугалимдеринин бүгүнкү абалы мына ушундай.
Мектепте иштеген мугалимдер өздөрүнө керектүү маалыматты кантип алышат болду экен деген суроо кызыктырбай койбойт. Алар билим тармагында дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаңылыктарды, лекциялык материалдарды, аналитикалык макалаларды, деги эле ааламда, өзүнүн эле айланасында эмне болуп жаткандыгы тууралуу акыркы жаңылыктарды кайдан алышат? Мугалимдер арасында билим берүү айдыңындагы маалымат алмашуу процесси кандай жүрөт?
Мына ушундай суроолорго жоопту алыстан издөөнүн кажети жок. Анткени анын жообу белгилүү. Айыл жергесиндеги агартуу тармагынын өкүлдөрү ИНТЕРНЕТ КОЛДОНУШПАЙТ, компьютерди дегеле колдоруна алышпайт же колдоруна тийбейт. Бул мектептерде компьютер тап-такыр жок дегендик эмес, жетишерлик санда болбосо да, ар бир мектепте жок дегенде бир же эки компьютер сөзсүз бар. Бирок ал басма куралы катары директордун катчысынын гана колдонуусунда сакталуу экендиги да жашыруун эмес. Кээ бир мектептерде жогорку класстын мугалимдери анда-мында колдонуп калышы мүмкүн, бирок көп учурда интернет менен иштөө тажрыйбасы алардын күнүмдүк турмушуна активдүү аралаша элек. Муну мен жеке өзүмдүн тажрыйбамдан улам тастыктай алам.
Ага бир мисал келтире кетейин. Санжарбек Данияровдун фонду айылдык башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн быйыл бешинчи жолу өткөргөн “Биринчи мугалим” сынагы жөнүндө мектеп директорлоруна интернет аркылуу кат жөнөтүүгө аракеттендим. Адегенде райондук билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылып, мектеп директорлорунун электрондук даректерин сурадым. Туура, мындай ыкманын жардамы менен алыскы аймактардагы мектеп директорлорунун тизмесин алардын электрондук даректери менен кошо алдым деңизчи, бирок ал даректер боюнча жөнөтүлгөн каттардын 100 пайызына (!) андай дарек жок деген жооптор келди. Бул эмнеден кабар берет? Демек, мугалимдер өз керектөөсү үчүн электрондук почта колдонушпаганы аз келгенсип, тап-такыр эле маалымат алмашышпайт турбайбы. Демек, билим берүү мекемелеринин жетекчилери өздөрү да мектептерге электрондук почта аркылуу эч кандай маалымат жөнөтүшпөйт жана эч кандай жооп да күтүшпөйт. Чындыгы, өздөрү деле интернетти колдонушпайт шекилдүү. Маалымат алмашуунун, аны өз убагында жеткирүүнүн куралы болгон оперативдүү ресурс колдонулайт…
Электрондук почта аркылуу тап-такыр кат алган жокмун дегенден алысмын, сынак тууралуу анча-мынча кабардар болгон башталгыч класстардын кээ бир мугалимдери электрондук почта аркылуу өздөрүнүн дилбаяндарын жөнөтүштү, албетте. Бирок авторлору кийин айтышкандай, алар туугандарына же тааныштарына текстти терип берүү, андан кийин дагы бир башка таанышына ал текстти электрондук дарек аркылуу жөнөтүү өтүнүчтөрү менен кайрылышкан.
Баарынан кызыгы (жана капа кылганы), сынакка катышуу үчүн авторлор компьютерге өздөрү терип, бизге жөнөткөн тексттердин көпчүлүгү интернет айдыңынан алынгандыгы үчүн плагиат боюнча текшерүүдөн өтпөй, сынактан четтетилип калды. Аргасыздан интернетти үйрөнгөн мугалимдер дароо эле башкалардын эмгектерин “тартып алган” маалымат колдонуучу болуп калышат турбайбы деген тыянакка келесиң. А биз бул жерде келечек муунду тарбиялаган адамдар жөнүндө сөз кылып жатпайбызбы…
Бизге келип жеткен дил баяндардын калгандарынын баарын авторлор кадимки почта кызматы аркылуу жөнөтүшкөн же Бишкекке иштери менен келатышкан жердештери аркылуу берип жиберишкен. Ал дилбаяндар кол менен жазылыптыр. (Кашаа ичинде белгилей кетейин, калыстар тобунун мүчөлөрүнө дил баяндар аты-жөнү же катышуучунун координаты жок, жеке коддор менен гана жөнөтүлгөндүктөн, буш иштер сканирлөө, ашыкча маалыматтарды алып салуу жана ошондой эле авторлордун кол жазмаларын окуу, плагиатка текшерүү сыяктуу кошумча түйшүктөрдү жаратканына карабай, биз мындай ыкмага жол бергенбиз).
Бирок мында да “кемчиликтер” болбой койгон жок. Биздин сынакка кандайдыр бир жол менен “Бишкек шаары, Санжарбек Данияровдун Фонду” деген гана жазуусу бар бир-эки кат келгени да кызык. Башкача айтканда, Чеховдун кичинекей каарманы Ванька Жуков “Кыштактагы чоң атама”! деп жазганындай эле болду. Почта кызматкерлерине рахмат, фонддун каттоо дарегин текшеришиптир да, табышмактуу каттын дарегин табышыптыр. Бул эмнеден кабар берет? Чын эле кээ бир мугалимдер электрондук почта эмес, канча жылдан бери колдонуп келаткан кадимки эле почта кызматын да пайдаланганды билишпейби?
Балким мугалимдер басма сөз каражаттарына: гезит жана журналдарга жазылышабы? Мугалимдерге жардам бере турган басылмалардын бир-экөөнү эле санап берсеңиз, мен жаңылыш ойлоп жатканым үчүн кубанычта гана болмокмун. Менимче, Кыргызстандагы басма сөз каражаттарынын ичинен педагогикалык профиль боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин органы болгон жалгыз гана КУТБИЛИМ гезити болсо керек. Мага жеткен маалыматтар боюнча, мектеп ал гезиттердин ар бир санына жазылганы менен, мугалимдер ар бир санын окуйт деп айтууга болбойт. Мектептеги китепканаларда же болбосо директордун кабыл алуу бөлмөсүндө сакталган ал гезиттерди кээ бир мугалим гана барактаса керек, аргасыздан жок дегенде ушундай “маалымат терезеси” болгону да жакшы дейсиң… Мугалимдердин айтымында, бирок КУТБИЛИМ эркин сатыкка чыкпайт, ал эми үйүнө бардык эле мугалимдер жазыла бербесе керек.
Балким мугалимдер профилдүү эмес гезит жана журналдарга жазылып жүрүшпөсүн? Тилекке каршы, мындай маалымат жок, бирок мен баарлашкан билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн эч кимиси аларга деле жазылышпайт экен. Мен минтип ишенимдүү айтып жатканымдын себеби, сынак тууралуу маалыматты мугалимдерге кандай жол менен жеткирсем деген ойдо атайын сурамжылоо жүргүзгөн элем.
Өлкөбүздүн аймактарына FM радиосунун толкундары текши жетеби? Бизде билим берүү саясаты тууралуу максаттуу чагылдырган атайын канал бар же жогу деле белгисиз. Бар болсо деле калктын калың катмарына жете бербейт.
Ошондо телевидение гана калууда, бирок мен анын агартуучулук жана билим берүүчүлүк ролуна ишеним арта албасымды мойнума аламын.
Демек, иш жүзүндө кесиптик мүнөздөгү маалымат алмашуу жолун сунуштаган бир гана мугалимдин квалификациясын жогорулатуучу курстар калды окшойт…
Биз жогорку технологиялардын кылымы — 21-кылымда жашап жатабыз. Мугалимдер интернет деген менен тааныштыгы жок, гезит-журналдарды жана китептерди дээрлик окушпайт, окуу куралдары, окуу китептери жетишсиз. Буга кооптуу деңгээлде төмөндөп бараткан калктын активдүү окурман катмарын, акырындап жоголуп келаткан китеп дүкөндөрүн, ал эми китептер болсо дээрлик басылбай калуу коркунучунда калгандыгын, акырында келип-келип мектеп окуучуларына окуу китептери жетишпей жаткандыгын кошууга болот. Аймагы жана андагы жашоочулары чакан калк ичинде, келечек муундарга маанилүү маалымат таратуу милдетин аркалап келаткандарга маалыматты ыкчам жеткирүү мүмкүн эмес!
Сиздин оюңузча, жакынкы эки-үч жылда биздин мугалимдерди маалымат айдыңына тарта алабызбы? Ой-пикириңиз болсо, биз менен бөлүшүңүз!