СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯНЫН ӨКҮЛҮ КАТАРЫ АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДЕРДИН РОЛУ, 2023-ЖЫЛДАГЫ СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА СЫЙЛЫКТАР ЖӨНҮНДӨ

Адаттагыдай эле, жыл сайын өтүүчү БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын кезектегиси аяктагандан кийин, сынактын жүрүшү, катышуучулары, жеңүүчүлөрү, сыйлактар жана сюрприздер жөнүндө даярдаган репортажды сиздердин назарыңыздарга тартуулаймын. Салт болуп калыптанып калгандай, сүрөттөр өзүнчө жарыяланат, каалоочулар ал сүрөттөрдү төмөнкү шилтеме боюнча көрсө болот: СЫНАКТЫН СҮРӨТ АЛБОМУ

Иш-чара 2023-жылдын 15-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жыйын залында 10:00дон башталып, 17:00го чейин өттү.


ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨГҮ КОММЕНТАРИЙ

КММАнын Жыйын залы

Быйыл, 2023-жылы сынак 11-жолу болду, анын экинчи туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо Салтанаты биринчи жолу жаңы жерде – И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда өттү. Мурда катышуучулар 7 жыл бою И.Арабаев атындагы КМУга келишчү. Ал албетте ошондой болууга тийиш деп айтаарыңыз бышык, анткени ал окуу жайы адамдардын эс-тутумунда жогорку билим берүү системасынын педагогикалык багыты, ал эми көпчүлүк катышуучулар үчүн alma mater болгондугуна байланыштуу.

Сынак өтүүчү жаңы орду биз үчүн аябай ыңгайлуу жана кызыктуу болду. КММАнын башкы корпусунун Жыйын залы жакында эле жаңыртылып, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып, укмуштуудай жаркырап калыптыр. Залдагы бийик шыптар, заманга шайкеш жасалгасы катышуучулар жана күйөрмандар үчүн абдан ыңгайлуулукту жаратты. Баарынан да так ушул Жыйын залында Санжарбек Данияровдун фонду уюштуруп жаткан сынактын катышуучулары академиянын азыркы ректору Индира Орозобаевна Кудайбергенова башында турган КММАнын кызматкерлери ушунчалык мээрим менен жасаган Санжарбек Бакировичтин музей бөлмөсүн көргөнү эң маанилүү болду. КМААнын жыйын залында биздин өлкөбүздүн медицинасынын жана медициналык педагогикасынын белгилүү төрт ишмери: С.Б.Данияровдун, И.К.Ахунбаевдин, М.М.Миррахимовдун жана К.Р.Рыскулованын музей бөлмөлөрү бириктирилип жасалган.

КММАда андан тышкары, жогорку окуу жайдын тарыхына арналган өзүнчө музей бар, аны Кыргызстандын медицинасынын тарыхы деп атаса да жарашат. Ал мындан бир нече жыл мурда курулган 500 орундук жаңы заманбап конференц-холлдо жайгашкан. Анын айнек дубалдары аркылуу ошол жерге өзгөчө көрк берип турган медицина тармагынын агартуучуларынын скульптураларын көрүүгө болот. Алардын баарын биринчи жолу көрүшкөн биздин катышуучулар үчүн абдан кызыктуу болду деп ойлойм.

Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бизге өтө маанилүү болгон колдоо көрсөткөндүгү үчүн анын ректору Индира Орозобаевна Кудайбергенова башында турган КММАнын жетекчилигине терең ыраазычылыгымды билдирип койгум келет. Ушундай жооптуу миссияны ийгиликтүү аткарып келаткан ректор онколог-хирург катары бейтаптарга консультация берүү ишин улантып жатканына таң калбай кое албадык. Анын бейтаптарды кабыл алуу убактысы биздин иш-чара менен дал келип, биздин иш-чарага катыша албай калганынан улам биз бул тууралуу билип калдык.

Г.И. Жунушалиева жана Н.Н. Маматов И.К Ахунбаев атындагы КММАнын проректорлору

КММАнын жетекчилигинин атынан биздин иш-чарага жогорку окуу жайдын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору ф.и.к. Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна катышып, ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирүү менен бирге, мындан ары келечекте ал залдын эшиги мугалимдердин сынагын өткөрүп турууга  ар дайым ачык экендигин айтты. Илимий жана медициналык иштер боюнча проректор, м.и.к. Ниязбек Нурланбекович Маматов куттуктоо сөзүн менен мугалимдерге кайрылды.

Айтмакчы, КММАнын таң каларлыктай ынтымактуу жана илбериңки кызматкерлеринин баары бизге жардам берүүгө дилгирлигин көрсөтсө, Арун жана Дайыр экөө иш күнү аяктаганча уюштуруу маселелерин илгиртпей чечип берип жатышты.


БИЗДИН ИШ-ЧАРАНЫН АЛЫП БАРУУЧУСУ ЖАНА КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨЛӨРҮ

Ушуну менен төртүнчү жолу биздин иш-чараны Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Дөбө айылында жайгашкан К.Карачев атындагы №21 мектептин башталгыч классынын мугалими, Санжарбек Данияровдун фондунун “Урмат белгисинин” ээси Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев алып барды.

Таалайбек Мырзабаевичтин билимдүүлүгү, айылдык мектептердеги башталгыч класстардын мугалиминин ишин билгендиги, артисттик чеберчилиги жана өз ишине чын ыкласы менен берилгендиги аны ийкемдүү жана алмашкыс алып баруучу экендигин далилдейт.

Калыстар тобунун мүчөлөрү жөнүндө ушул жерден окуй аласыздар: (жүктөө процессинде)


САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН “УРМАТ БЕЛГИСИ” МЕНЕН МУГАЛИМДЕРДИ СЫЙЛОО ЖӨНҮНДӨ

Биз иш-чараны сыйлыкка талапкер болгон мугалимдердин ар бири боюнча чечим кабыл алууда чоң иш аткарган эксперттер тобу менен тааныштыруу жана мугалимдерди салтанаттуу сыйлоодон баштадык. Бул  маанилүү тема жөнүндө өзүнчө кененирээк баяндап беребиз: 2023-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН ТАТЫКТУУ МУГАЛИМДЕРИНЕ “УРМАТ БЕЛГИСИН” САЛТАНАТТУУ ТАПШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ


2-ТУР ЖАНА СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ

2-турга катышуучуларды жана меймандарды чакыруу алдында, биринчи турда ким алдыга озгонун, башкача айтканда, финалга кимдер чыкканын жарыялаган элек. Бул жөнүндө ушул жерден окусаңыздар болот. Биринчи турдун бардык 6 жеңүүчүсүнө биринчи турдун жеңүүчүсүнүн Диплому ыйгарылды:

Адаттагыдай эле 6 финалист 1-орун (жеңүүчү), 2- жана 3-орун (лауреаттар) үчүн таймашты. Таймашта үч тапшырма берилди:

  1. Окуучунун мугалимге суроосу. Жообуна – 2 мүнөт берилет жана жооптон кийин – калыстар тобу катышуучуга эки суроо берет.
  2. Ата-энелердин мугалимге кайрылуусу. Жообуна – 3 мүнөт, жооптон кийин – калыстар 2 суроо берет.
  3. Мугалимден аракетти талап кылган кырдаал, жообуна – 3 мүнөт жана калыстар тобунан 3 суроо берилет.

Каалоочулар суроолор менен төмөнкү макаладан тааныша алат: “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 2023 СЫНАГЫНЫН ЭКИНЧИ ТУРУНУН ТАПШЫРМАЛАРЫ

Бардык суроолор финалисттерге жана залда олтурган катышуучу-күйөрмандарга алдын-ала белгилүү болгон, бирок финалда катышуучуга 6 варианттын кайсынысы туш келери чүчүкулак кармоодо аныкталмак..

Адаттагыдай эле, жооптор 5 баллдык система боюнча бааланды. 2-турдун калыстар тобунда 11 адам болду. Бул жолу ар бир критерий боюнча өз-өзүнчө баалап олтурбастан, ар бир жоопко бир гана жолудан баа берилди. Натыйжада бул этапта биз күн тартибинен алдыга озуп кеттик. Ал ортодогу убакыт аралыгында калыстар тобунун мүчөлөрү дисскуссия түрүндө кээ бир байкоолорун ортого салышып, келечек үчүн баалуу кеңештери менен бөлүштү. Менимче, бул иш-чарабызга кошумча жандуулук тартуулады окшойт. Анын үстүнө бул чакан дискуссияда олуттуу да, анча-мынча тамаша да сөздөр коштолуп жатты. Жалпысынан алганда калыстар тобунун мүчөлөрүнө суроолор реалдуу турмуштук кырдаалдан алынганы жакканын белгилөө мен үчүн да жагымдуу болду.   

Эмесе, жеңүүчүлөр менен таанышып коюңуздар:

__________________________________________________________

1-ОРУН: ТУРГАНБАЕВА ГҮЛҮМКАН АБЫТАЛЫПОВНА 
2016; 2017; 2018; 2019; 2020-жылдагы сынактардын катышуучусу, финалист жана 2021-жылдагы сынактын лауреаты.
Нарын облусу, Ат-Башы району, Ача-Кайынды айылы, Ой-Терскен орто мектеби

Ыйгарылган сыйлык: Дүйнөлүк маданият борборлорунун бирине 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка баруу жана эс алуу күндөрү классындагы окуучулар менен бирге Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келүү

2-ОРУН: МИЙЗАМОВА СҮЙҮМКАН ИСРАИЛОВНА
Ош облусу, Кара-Кулжа району, Биймырза айылындагы Бөжөк Бегиев атындагы гимназия класстары бар орто мектеп

Эс алуу күндөрү классындагы окуучулар менен бирге Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келүү

3-ОРУН: ШЕЙШЕКАНОВА ДИНАРА ОРОЗАКУНОВНА
Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков атындагы №14 орто мектеби

Эс алуу күндөрү классындагы окуучулар менен бирге Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келүү

____________________________________________________________

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана балдарга билим-тарбия берүүдө чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз!

Дилбаяндары сынактын биринчи туруна кабыл алынган мугалимдердин баары сынактын катышуучулары болгондуктан, калыстар тобунун мүчөлөрү аларга КАТЫШУУЧУНУН КҮБӨЛҮГҮН тапшырды. Биз бардык мугалимдерге алардын маанилүү иштеринде мындан ары да албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.


МУЗЫКАЛЫК СЮРПРИЗ ЖАНА АРДАКТУУ МЕЙМАНДАР ЖӨНҮНДӨ

Турусбек Жумалиев, КР Эл артисти

Биздин сынактын калыптанып калган өзүнүн салттары бар. Биз аларды эстен чыгарбайбыз.

Музыкалык сюрприз. Адатта, фольклордук жанрга тиешелүү болбогон музыканттардын чыгармалары болот. Албетте, биз фольклорду аябай жакшы көрөбүз, бирок биздин сынакта элет жеринде оңой менен жаңырбаган жандуу музыка жаңырууга тийиш. Андан тышкары, мугалимдер менен өзүнүн искусство таанымы менен бөлүшүүгө даяр музыкант өз ыктыяры менен акысыз келет.

Бул жолу биздин мугалимдердин алдына ата-бала Жумалиевдер чыгышты.  

Турусбек Жумалиев Ромеонун монологун аткарып берди. Бул аябай таасирдүү жана өзгөчө болгону талашсыз, анткени биздин элеттик мугалимдер шаардык театрга Шекспирдин драмасын эл артистинин аткаруусунда көрүү үчүн атайын чыгынып келе албаса керек.

Ырчы Дмитрий Жумалиев

Дмитрий Жумалиев адегенде эки ырды: «Can’t Help Falling In Love» Элвис Преслинин (“Сени сүйбөй коюу мүмкүн эмес”) жана Муслим Магомаевдин “О море, море” (“Деңиз, деңиз”) деген ырын аткарып берди, андан соң суроолор боюнча Френк Синатрынын “My way” (“Өз жолу менен”) ырын ырдады.

Дүркүрөгөн кол чабуулар аткаруучунун мыктылыгын далилдеди!

Турусбек жана Дмитрий Жумалиевдер театралдык-музыкалык сюрпризибизди мына ушундай жогорку деңгээлде чын ыкласынан аткарып беришкендиги үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет.

Ардактуу мейман Мелис Мураталиев

Ардактуу меймандын сөзү. Биз дилбаяндардын темасы менен меймандар көтөргөн теманы бири-бирине айкалыштырууга аракеттенебиз. Быйылкы жылдын темасы: “Айыл интеллигенциясынын өкүлү катары мугалимдин ролу деп аталган эле. Ардактуу мейман катары белгилүү кыргыз таануучу, “Бакдөөлөт” фондунун президенти Мелис Мураталиевди чакырган элек. Анын темасы: “Жашоонун куту билимде” деп аталды.

Залдагы көрөрмандардын кызыгуусу арбын экени алардын суроолорунан байкалды, бирок тилекке каршы, убакыттын тартыштыгына байланыштуу кыскартууга мажбур болдук. Калыстар тобунун кээ бири анын мазмундуу жана бай тилин белгилешти, ал сөзүн аяктагандан кийин иш-чараларда, анын ичинде, университеттердин бирине жолугушууга келип, сүйлөп берүүсүн өтүнгөн чакыруулар болду, менимче, анын айткандары иш-чарабыздын темасына айкалышты. Мен Мелис мырзанын лектор катары кээ бир ораторлордой популизмдигинин артынан түшпөй, сөздүн маани-маңызын так жана жеткиликтүү жеткирүү менен бирге, барк-баасын ашырса ашырып, арийне, төмөндөтпөй ачып бергендиги үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Абдылдаева Гульшан Кушбековна (микрофон менен), Кашыбаева Айнагүл Супатаевна, Калмамбетова Бактыгүл Маликовна

Бул жолу биздин иш-чарабызга КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башкы адиси Абдылдаева Гульшан Кушбековна катышты. Бул 12 жылдан бери (2011-жылдан бери) болуп келаткан сынактын тарыхында Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү келип катышкан алгачкы окуя болгондуктан, бизге аябай жагымдуу болду. Гульшан Кушбековна залдагы катышуучулар менен амандашкан соң, жеңүүчүлөрдү жана сыйлангандарды куттуктап өттү жана ошондой эле республикалык “Мыкты мугалим” сынагынын алкагында башка номинацияларга кошулуп “Башталгыч класстын мугалими” номинациясы киргизиле тургандыгын билдирди.


ЫКТЫЯРЧЫ ЖАРДАМЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨ

КММАнын студенттери каттоодо

11-жолку “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын 1-туруна дилбаяндарды жана ага тиешелүү документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 26-августуна чейин болору жарыяланган эле, ал эми кабыл алуу план боюнча 2023-жылдын 28-февралына чейин болмок, бирок 2023-жылдын 10-мартына чейин узартылды.

Узак мөөнөткө карабастан, дилбаяндардын басымдуу көпчүлүгү февраль айы башталгандан тартып, 2023-жылдын 10-мартына чейин келип жатты. Ушунчалык көп сандаган каттарды жана катышууну каалаган билдирмелерди кабыл алуу иштери мага оңойго турбагандыгын болочок катышуучуларга алдын-ала айта кетким келет. Анткени, код коюлган дилбаяндарды калыстар тобунун мүчөлөрүнө баалоого жөнөтөр алдында, алардын баары сынактын шарттарына дал келеби же жокпу, плагиатка текшерүү сыяктуу иштер жүргүзүлөт. Иштин бул этабында мен жардамчыларды тартамын, анткени, каттар өтө көп жана ирээтсиз тартипте келет, мисалы, бир катышуучу үч керектүү документти чогуу жөнөтпөстөн, үч башка жөнөтөт, кай бирде ар кайсы даректерден салып жиберет…

Бектур Данияров жана Асел Жумакова

Биздин калыстар тобунун мүчөлөрү жана алып баруучубуз да чын ыкласы менен жардам берип жаткан ыктыярчылар.

Бул жолу бизге катышуучуларды каттоо, техникалык колдоо көрсөтүү, уюштуруу маселелерин чечүү сыяктуу иштерде КММАнын кызматкерлери өтө чоң көмөк көрсөтүштү, мен ал тууралуу жогоруда белгилеп өттүм.

Упайларды каттоону жүргүзүү жооптуу ишин дайыма биздин ардактуу үй-бүлө мүчөлөрү — түгөйлөр Данияров Бектур Санжарбекович жана Жумакова Асель Адыбековна аткарат. Мен иш-чаранын жүрүшүндөгү уюштуруу маселелерин так жана өз убагында билгизбей аткаргандыгы үчүн Аселге өзгөчө ыраазычылыгымды билдиргим келет.

Уюштурууга жардам берген эгиз сиңдим Гүзел Айтматовага, ошондой эле иш-чараны сүрөткө тартканы үчүн жолдошум Владимир Шварцка ыраазычылык билдирбей коё албайм.


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Дагы:

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2023» СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *