СҮРӨТАЛЬБОМ. 11-жолу белгиленип жаткан Биринчи мугалим сынагы 2023-жылдын 15-апрелинде И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Жыйын залында өттү.
Катышуучулар жана иш-чаранын жүрүшү тууралуу кененирээк 2023-ЖЫЛДАГЫ СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА СЫЙЛЫКТАР ЖӨНҮНДӨ деген макаладан тааныша аласыздар.
______________________________________
- Иш-чаранын жүрүшү, катышуучулары жана меймандардын БАРДЫК СҮРӨТТӨРҮН ТОЛУГУ МЕНЕН каалоочулар ШИЛТЕМЕ БОЮНЧА жүктөп алышса болот (700дөн ашык сүрөт): 2023-ИШЧАРАСЫНДАГЫ СҮРӨТТӨР.
ЭСКЕРТҮҮ! Бул шилтеме боюнча сүрөттөрдү 2023-жылдын 30-майына чейин жүктөп алса болот.
2023-жылдын 30-майынан кийин төмөндөгү сүрөт альбом көрүү үчүн сакталып калат
______________________________________
Бул 2 бөлүктөн турган сүрөталбомдо сынактын экинчи турунун жүрүшүн чагылдырган 240 сүрөт (биринчи бөлүгүндө 113, экинчисинде 127) камтылган.
- Иш-чара башталганга чейин
2.Сынактын 2-турунун ачылышы. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Дөбө айылындагы No21 К.Карачев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими, Санжарбек Данияров атындагы фонддун «Сыйлоо белгисинин» ээси Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев иш-чараны алып барат
КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректорунун саламы. И.К.Ахунбаев ф.и.д. Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна, илимий жана медициналык иштер боюнча проректору м.и.к. Ниязбек Нурланбекович Маматов
- Даниярова Асель Санжарбековна Кыргыз Республикасынын башталгыч класстардын мугалимдери үчүн Фонд тарабынан түзүлгөн “Сыйлоо белгиси” сыйлыгы тууралуу айтып берет. Сыйлык ыйгаруу боюнча Эксперттер кеңешинин мүчөлөрүн Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев тааныштырат. Мугалимдерге УРМАТ БЕЛГИСИ сыйлыгын жана сертификаттарды тапшыруу.
- Сынакта биринчи, экинчи, үчүнчү орундар үчүн биринчи турдун 6 финалистинин таймашы. Аларга үч тапшырма берилет, калыстар тобу упайларды берип коет.
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз
Дагы:
«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2023» СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР