КАТЫШУУЧУЛАРГА

КР АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРДИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 12-СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ

Достор!

Биздин кезектеги – 12-жолку айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагы башталды! Ал катышуучуларга кызыктуу жана пайдалуу болоруна ишенемин. Мугалимдер 2023-24-окуу жылдын темасын маанилүү деп кабыл алып, ал тууралуу ой жүгүртүүнү каалайт деген ойдомун.


СЫНАКТЫН СЫЙЛЫКТАРЫ
(мурункудай)

ҮЧ ЛАУРЕАТТЫН (1-2-3-орундар) сыйлыктары – мугалимдин классындагы окуучулары менен бирге дем алыш күндөрү Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу саякаты. Таанышып алыңыздар: ОКУУЧУЛАРДЫН САЯКАТЫНЫН БОЛЖОЛДУУ ПРОГРАММАСЫ

БИРИНЧИ МУГАЛИМ Премиясы (1-орун) – мугалимдин дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын бири, атап айтканда, Москва шаарына 10 күндүк маалымат арттыруучу саякаты. Таанышып алыңыздар: МУГАЛИМДЕРДИН САЯКАТЫНЫН БОЛЖОЛДУУ ПРОГРАММАСЫ


ЖЫЛДЫН ТЕМАСЫ ЖӨНҮНДӨ

Мурунку жылдарда катышуучуларга сунушталган темаларды эске сала өтөйүн:

  • №1 – Менин окуучуларым мага эмнени үйрөтөт?
  • №2 – Мугалим – балдарды тарбиялоодо ата-энелерге шериктеш
  • №3 – Мугалимге 1-класстын окуучусу – балабы, тарбиялануучубу, окуучубу?
  • №4 – Үйлөрүндө китеп жок балдарды көркөм адабий китептерди окууга кантип көндүрсө болот
  • №5 — Китеп – сенин мыкты досуң: ата-энелерге кайрылуу жана балдарга кайрылуу
  • №6 – Ч.Айтматовдун “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” повести менен менин алгачкы таанышуум” жана ушул жылдар аралыгында Дүйшөнгө менин мамилемдин өзгөрүлүшү
  • №7 – Мугалим – бул кесиппи же талантпы?
  • №8 – Кызыктуу саякат (сиздин айылдагы мектепке шаардык окуучулар меймандап келди)
  • №9 – Менин чөлкө таануу музейим
  • №10 – Айыл жергесиндеги заманбап Маданият үйү
  • №11 – Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу
  • №12 – Адаттагыдай эле ЖЫЛДЫН ТЕМАСЫ 12-жолу өткөрүлүүчү сынактын Жобосунда көрсөтүлгөн.

____________________________________________________

12-жолу өткөрүлүүчү БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын Жобосунда сынак кандай өтөт, эмгектер кандай бааланат, чыгармаларды ким баалайт, аны өткөрүү датасы, ошондой эле 2023/2024-окуу жылынын темасы толук баяндалат.

____________________________________________________

№12 СЫНАКТЫН ЖОБОСУ ЖАНА СОБОЛДОМОСУ

Шилтемелер:

ЖОБОНУ ЖҮКТӨП АЛУУ ЖЕ ОКУУ

СОБОЛДОМОНУ ИНТЕРАКТИВДҮҮ PDF ФОРМАТЫНДА ЖҮКТӨП АЛУУ  

СОБОЛДОМОНУ WORD ФОРМАТЫНДА ЖҮКТӨП АЛУУ


Сынак жөнүндө кошумча маалымат:

билим берүү › биринчи мугалим сынагы › сынактын күндөлүгү — Сынтактын күндөлүгү (мурунку сынактар жөнүндө репортаждары)

билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › мугалимдин саякатыЖеңүүчү мугалимдердин саякаттары тууралуу

билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › балдардын саякаты — балдардын саякаты  Мугалимдер менен студенттердин ортосунда саякаттоо


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова

10 комментарии на “КР АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРДИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 12-СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ

    1. Урматтуу Элнура айым!
      Тема Сизди кызыктырганына кубанычтамын! Ийгилик каалайм!

  1. Здравствуйте, уважаемая Асел Сажарбековна! Очень актуальная и давно наболевшая тема.
    Спасибо, Вам за Ваши идеи и работу, которую Вы ведёте.

    1. Урматтуу Айнура айым!
      Теманы тандоону колдогонуңузга кубанычтамын! Мугалимдердин оюн билүү мен үчүн абдан маанилүү.
      Басылмалардын кыргыз тилдүү вариантына комментарий жазганыңыз үчүн мен сизге кыргызча жооп берип жатам.

      1. Здравствуйте, мне очень понравилось, спасибо вам и за ваши идеи буду участвовать!

  2. Сизден автордук китеп алдым эле , дил баян жазып ,буюрса катышып дагы да сертификаттын ээси болом деп үмүттөнөм .

    1. Урматтуу Асел Асанбековна! Сиздин катышууңуз сиз үчүн кызыктуу жана пайдалуу тажрыйба болот деп ишенем!

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *