Кайрадан “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагын баштаганыбызды жарыялайбыз. Быйыл — 2018-жылы бул сынак 7-жолу өтмөкчү. БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 сынагына катышуу үчүн мурдагыдай эле төмөнкү шарттарга шайкеш келүү керек:
— Кыргыз Республикасынын АЙЫЛДЫК МЕКТЕБИНИН мугалими болуу
— БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН мугалими болуу
— БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОНУ кунт коюп окуп чыгуу
Эгерде жогоруда белгиленген шарттар сизге шайкеш келсе, анда ТӨМӨНКҮ 1-5-ПУНКТТАРДЫ аткаруу керек:
- БМ 2018 СДКФ Жобо. Кырг көрсөтүлгөн тема боюнча дилбаян жазуу
- АРЫЗДЫН формасын толтуруу БМ 2018 №5 ТИРКЕМЕ Арыз.Кырг
- Бүтүрүп чыгарган ОКУУЧУЛАРДЫН ТАБЕЛИНИН көчүрмөсү жана предметтик-мугалимдерге бергенден кийинки ОШОЛ ЭЛЕ ОКУУЧУЛАРДЫН ТАБЕЛИНИН көчүрмөсү.
- Сынактын УЮШТУРУУ КОМИТЕТИНЕ жогоруда белгиленген материалдарды (дилбаян, арыз жана табелдер) төмөнкү дарекке САЛЫП ЖИБЕРҮҮ:
720040, Бишкек шаары, Раззаков көч. 10, кв 7
же
электрондук дареги: meldesh@gmail.com
Сурап-билүү телефону 0550 077905, 0772 804608 же электрондук почта аркылуу sdkf.meldesh@gmail.com
Ийгилик каалайбыз!