Санжарбек Данияровдун коомдук фонду тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги мектептердин башталгыч класс мугалимдеринин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” кароо-сынагы 2024/25-окуу жылында 13-жолу болуп өттү.
Бул күн тууралуу репортажыбыз катышуучуларга жана жеңүүчүлөргө, калыстар тобунун мүчөлөрүнө гана эмес, мугалимдер жамааты, өзгөчө башталгыч класстын мугалимдери, өлкөнүн аймактарындагы жашоо-турмушу менен таанышууну каалагандар үчүн да кызыктуу болушу мүмкүн деп ойлойм.
Эки бөлүктүн тең аягына чейин окуңуз!
Биринчи бөлүккө шилтеме: КАТЫШУУЧУЛАР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР
Быйылкы иш-чара 19-апрелде саат 10:00дөн 17:00гө чейин болуп, түз эфирде көрсөтүлдү.
_____________________________
Ютубдагы көрсөтүүгө шилтеме: БИРИНЧИ МУГАЛИМ. 13-СЫНАК. ТҮЗ ЭФИР
БАРДЫК СҮРӨТТӨРГӨ (880) шилтеме: БИРИНЧИ МУГАЛИМ. 13-СЫНАК. ФОТО
Сүрөттөрдүн баары эч кандай оңдоп-түзөөсү жок берилди. Сүрөттөрдөн ошол күндөгү иш-чарага катышкандар өздөрүн көрө алат. Бул шилтеме боюнча сүрөттөрдү 2025-жылдын 31-августуна чейин жүктөп алсаңар болот.
____________________________
БИЗДИН АЛЫП БАРУУЧУБУЗ ЖӨНҮНДӨ
Биздин иш-чарабызды ушуну менен алтынчы жолу (6!) Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Сары-Дөбө айылындагы №21 К.Карачев атындагы мектептин башталгыч класс мугалими Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев алып барды.
Быйылкы жылы Таалайбек Мырзабаевич Казакстан Республикасынын «BILIM-ORKENIETI» улуттук инновациялык изилдөө борборунун версиясы боюнча «Борбордук Азиянын мыкты мугалими» наамын алды, аны биз иш-чаранын жүрүшүндө куттуктадык. Таалайбек Мырзабаевич Санжарбек Данияровдун коомдук фондунун “УРМАТ БЕЛГИСИ” төш белгисинин да ээси. Биздин туруктуу алып баруучубуз бул жолу сынактын биринчи турунун калыстар тобунун мүчөсү болду.
Таалайбек Мырзабаевич баары сыйлаган эң сонун мугалим гана эмес, ошондой эле эң сонун алып баруучу, жоопкерчиликтүү, кыраакы адам, көркөм, кооз сүйлөгөн сөзү орундуу жана аудиториясын кылдат башкара билет!
БИЗДИН КАЛЫСТАР ТОБУ
Өткөн жолку баяндамабызда калыстар тобунун 23 мүчөсүн тааныштырганбыз. Сынактын экинчи турунда конкурсанттарды баалоого калыстар тобунун 15 мүчөсү катышты. Калыстар тобунун мүчөлөрү тууралуу кеңири маалыматка шилтеме баяндаманын соңунда.
Сүрөттөр: калыстар тобунун мүчөлөрүнүн салтанаттуу чыгышы
Быйыл биз калыстар тобуна катышуунун жаңы системасын колдондук: 15 адамдан турган беш топ түзүлүп, ар бир топко мурунку сынактардын жеңүүчүлөрү болгон мугалимдер, борбордогу мекеме-уюмдардын билим жана маданият ишмерлери кирди. Биринчи тапшырманы 1-2-топтогу калыстар, экинчи тапшырманы 2-3-топтогу калыстар, үчүнчү тапшырманы 1-3-топтогу калыстар баалады. Бул ыкма калыстарды баалоо ишине көбүрөөк тартууга мүмкүндүк берди, ошол эле учурда 10 адамдын катышуусу мелдештин жүрүшүнө тоскоол болбой, иш-чаранын программасы так аткарылды.
Калыстар тобунун билим берүү маселелерине кайдигер эмес мамилесин белгилегим келет. Калыстар тобунун дээрлик бардык мүчөлөрү сынактын жүрүшүнө жана жыйынтыгына, сынакта белгиленген көйгөйлөргө сын баасын беришти. Алар сынак жыл өткөн сайын жакшырып, тарбиялык маанилүү маселелерге терең көңүл буруп, жакшы уюштурулуп жаткандыгын бир ооздон билдиришти.
Жылдын темасынын, тагыраак айтканда, мугалимдин мектеп окуучуларынын күнүмдүк турмушта адепсиз сөздөрдү колдонуусу боюнча ой жүгүртүүлөрдүн актуалдуулугуна өзгөчө көңүл бурулду. Баяндамачылардын айтымында, бул көйгөй коомдо жетиштүү деңгээлде талкууланбайт. Калыстар тобунун мындай жогорку баасы мени абдан кубандырды, алардын ар бири өз тармагынын профессионалдары деп айтууга болот.
Ошол эле учурда чыгып сүйлөгөндөрдүн көбү 1-турдагы дилбаяндардын көбү жана 2-турдун айрым катышуучуларынын жооптору билим берүүнүн өтө актуалдуу проблемасына терең кире албай, үстүртөдөн болгондугун белгилешти. Мындан тышкары, тапшырманын табияты окуучу жана ата-эне менен практикалык баарлашуу көндүмдөрүн колдонууну талап кылгандыгына карабай, жооптордун кээ бирлери теория жүзүндө гана берилгени айтылды.
Калыстар тобунун мүчөлөрү биздин балдарга грамматиканы үйрөткөндөрдүн дилбаяндарында бир топ грамматикалык каталар орун алгандыгын кейиштүү көрүнүш катары белгилешти. Мен алардын айтылган ой-сунуштарын түз эфирден угууну сунуштайм, YouTube шилтемеси баяндаманын башында.
АРДАКТУУ КОНОК ЖӨНҮНДӨ
Биздин баяндамабыздын окурмандары ардактуу конок чакыруу биздин сынактын абдан маанилүү салты экенин жакшы билишет. Биздин катышуучулар экинчи турга башка аймактардагы кесиптештери менен баарлашуу үчүн атайын келишет. Учурдан пайдаланып, белгилүү инсандын, биздин замандашыбыздын жылдын темасы боюнча ой-сунуштарын угуп, катышуучулар менен пикир алмашуу уюштурабыз.
Жылдын темасы биздин балдарыбыздын сүйлөө речине, күнүмдүк турмушта сүйлөгөн сөздөрүнө байланыштуу болгондуктан, быйыл биз ардактуу конок катары сөз чебери – белгилүү манасчы Дөөлөт Садыковду чакырдык. Алгач Дөөлөт мырза көрүүчүлөргө балдардын сөгүнгөн сөздөрү, анда камтылган коркунучтар тууралуу ой бөлүшүп, сөз чеберлеринин жашоосунан бир нече окуяларды айтып берди. Көрүүчүлөр манасчыдан «Манас» эпосунан үзүндү укпай коё беришпеди. Манасчыны көрүүчүлөр кызуу кол чабуулар менен узатты.
“УРМАТ БЕЛГИСИ” СЫЙЛЫГЫН ТАПШЫРУУ
Санжарбек Данияровдун коомдук фондунун башталгыч класстардын мугалими үчүн “Урмат белгиси” сыйлыгы 2022-жылы түзүлгөн жана жыл сайын БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде тапшырылат.
Сыйлык алгандар жана сыйлыкты ыйгаруу чечимин кабыл алган эксперттер өзүнчө баяндамада чагылдырылат, шилтеме баяндаманын соңунда келтирилген.

МУЗЫКАЛЫК СЮРПРИЗ ЖӨНҮНДӨ
Катышуучулар бизге алыстан, өлкөбүздүн бардык булуң-бурчтарынан келишет. Иш-чара бир күн бою уланат. Программаны жандуу өткөргөнгө, меймандарыбызды чарчатпаганга аракет кылабыз. Музыкалык сюрприз программанын милдеттүү бөлүгү болуп саналат, ал катышуучуларга алаксыганга, балким, эс алууга жана күч-кубат алууга жардам берет. Ошол эле учурда биз жагымдуу менен пайдалуу нерселерди айкалыштырууга аракет кылабыз: анткени биздин катышуучулар үй шартында эле фольклордун эң сонун үлгүлөрү менен тааныш алса да (бул саптардын автору да аны абдан жакшы көрөт), классикалык музыканын же джаздын жандуу аткарууларына жакындан күбө болууга дээрлик мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошондон улам биз буга чейинки сынактардагы сыйлык тапшыруу аземине Эрнис Асаналиев жетектеген камералык оркестрди, керемет опера баритонунун ээси Дмитрий Жумалиевди, Шекспирдин монологдорун окуган театр артисти Турусбек Жумалиевди, виолончелист Касиет Ниязбекова менен скрипкачы Бегай Сталбек кызынын дуэтин, Түштүк кореялык виолончелист Су Чи Хе менен коштоочу Айтурган Беренбек кызын жана башкаларды чакырганбыз.
Бул жолу саксофончу Асылбек Жусупжанов мугалимдерибизге обондорду аткарып, адегенде “Издеп жүрөм”, андан соң “Englishman in New York”, “Historia de un Amor” аттуу жагымдуу обондорду көрүүчүлөр жылуу кабыл алышты.
Асылбек Мырза саксофонду биздин мугалимдердин алдында экинчи жолу аткарды. Сынактын катышуучулары анын 2022-жылдагы аткаруусун 10-конкурстун жүрүшүндө угушту. Асылбек Жусупжановго аткарган иши үчүн ыраазычылык билдиребиз! М.В. Фрунзе музейинин директору, ошондой эле 20 жылдан бери Бишкектин коомчулугун кубандырып келе жаткан джаз фестивалынын уюштуруучусу Кеңешпек Алмакучуковго чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Музыкалык сюрприз уюштурууга бизге Кеңешпек мырза жардам берди!
КОРУТУНДУ
Биздин сынактын конкурстук бөлүгү аяктады, эми фонд жеңүүчүлөргө жана лауреаттарга ыйгарыла турган саякаттарды уюштуруп, ишке ашыруусу керек!


Кийинки 14-конкурс келерки окуу жылынын башында жарыяланат
< = БАСЫЛМАНЫН БАШЫНА ШИЛТЕМЕ. ФИНАЛ. 1-БӨЛҮК. КАТЫШУУЧУЛАР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз
13-сынак жөнүндө дагы окуңуздар:
13-жолку сынактын Жобосу жөнүндө бул жерден окууга болот:
КР АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРДИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 13-СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ
Калыстар тобунун мүчөлөрү жөнүндө:
КАЛЫСТАР – СЫНАК ЖҮЗҮ. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КАЛЫСТАР ТОБУ
Биринчи турдун жеңүүчүлөрүнүн дилбаяндары:
«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 13- СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР
Биринчи турдун жыйынтыгы жөнүндө:
13-ЖОЛКУ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН 1-ТУРУ АЯКТАДЫ. ФИНАЛИСТТЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫРАБЫЗ
2025-ЖЫЛЫ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН ТАТЫКТУУ МУГАЛИМДЕРИНЕ “УРМАТ БЕЛГИСИН” САЛТАНАТТУУ ТАПШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ


