БААЛОО ТУУРАЛУУ

КАЛЫСТАР – СЫНАК ЖҮЗҮ. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КАЛЫСТАР ТОБУ

Калыстар тобунун курамы эксперттерден турганда гана сиздердин көңүлүңүздөрдү бура турган сынак болушу мүмкүн деген пикириме кошуласыз деп ойлойм. «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» сынагынын калыстар тобунун мүчөлөрүн мына ушундай мүнөздөөгө болот. Бул сайтта буга чейин окшош аталыштагы жана мазмундагы маалыматтар жарыяланып келгени белгилүү, андыктан аны жаңыртууга убакыт келди көрүнөт, себеби сынагыбыз барган сайын күч алып, аны менен катар калыстар тобу да кеңейүүдө. Бир гана маанилүү принцип: калыстар тобуна кесипкөй адистер өз ыктыяры менен кошулуп келаткандыгы эч өзгөрүүсүз келатат.


Жыл сайын калыстар тобунун мүчөлөрү биринчи турда мугалимдер жиберген дилбаяндарды баалап, экинчи турда мугалимдердин оозеки сынагына калыстык кылышат. 13-СЫНАКТЫН ЖОБОСУН билгендер калыстар тобунун бардык мүчөлөрү катышуучулардын эмгектерин баалоо үчүн авторлордун аты-жөнү көрүнбөй, жашыруун сандар коюлган түрдө гана алышаарын тастыктай алышат. Калыстар тобунун ар бир мүчөсүнө баа берүү үчүн 40-60 дилбаян берилип, ар бир иш 5 баллдык шкала менен 6 критерий боюнча бааланып, жыйынтыгын баалоо баракчасына киргизет. Калыстар тобунун бардык мүчөлөрүнөн толтурулган баллдык баракчаларды алган соң, мен ар бир катышуучу үчүн жалпы баллды эсептеп чыгамын. Ар бир дилбаянга калыстар тобунун 6 мүчөсү туура келет. Ар бир дилбаян үчүн коюлган баллдардын жалпы суммасын эсептеп чыккандан кийин, авторлордун ысымдарын ачыктоого болот.

Калыстар тобунун мүчөлөрү мына ушул иштердин баарын коомдук башталышта, эч кандай материалдык компенсация албастан, жеке убактыларын бөлүп аткарат. Мага калыстар тобунун ар бир мүчөсү дилбаяндардын жыйынтыктарын өз мөөнөтүндө же белгиленген күнгө чейин жөнөтүшөт! Эгерде мага “Кыргызстанда адамдардын кечиккен адаттары бар” — деп айтышса, мен аларга: “Баары ким менен иш алып барганыңа жараша болот!” — деп гана айтмакчымын! Мисалга алсак, биздин калыстар тобунун мүчөлөрү сыяктуу иштери чачтан көп жана кызматы жогору бааланган адамдар эскертүүлөрдү күтүшпөйт! Алар өз иштерин так, өз убагында жана достук маанайда аткарышат.

Биздин билим берүү системасында ушундай сонун адамдар – чыныгы кесипкөй, сабаттуу, энергиялуу, эмгекчил адамдар бар экенине мен чексиз сыймыктанамын.

Мен аларды сиздерге алфавит тартибинде тааныштыра кетейин:


БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ ТАРМАГЫНЫН ИШМЕРЛЕРИ


АЙТПАЕВА ГУЛЬНАРА АМАНОВНА

“Айгине” маданий изилдөө борборунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор. Илимий эмгектердин, монографиялардын жана макалалар жыйнактарынын автору жана редактору. ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин төрагасынын орун басары. Кыргыз улуттук университетинин жана Кыргызстан Улуттук илимдер академиясынын диссертациялык кеңешинин мүчөсү. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 2024-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.


БАТРАКЕЕВА ЧЫНАРА ЭБИШОВНА

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ББОУБ) директору. Борбор Кыргызстандын бүткүл коомчулугуна ЖРТды уюшулган 2002-жылдан бери өткөрүп келе жаткан уюм катары белгилүү.

2014-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.


ДЮШЕЕВА ГҮЛМИРА САМТЫЕВНА

“Тил клаб” кыргыз тилин окутуу борборунун негиздөөчүсү жана окутуучусу, Борбордук Азиядагы Америка университетинин ага окутуучусу, үч бөлүктөн турган “Кылым карыткан тил” кыргыз тили окуу китебинин автору. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.

2024-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.  


ЖАЙЧИБЕКОВА СААДАТ ТОЛОМУШОВНА

Бишкектеги №5 кесиптик лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими. Билим берүү тармагында 30 жылга жакын практикалык иш тажрыйбасы бар адис. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.

2025-жылдан бери калыстар тобунда.


ИМАНАКУНОВА КҮЛНАР ШЕРИМБЕКОВНА

И.Арабаев атындагы КМУнун кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты, кыргыз тили боюнча илимий эмгектердин жана окуу китептеринин автору.

2025-жылдан бери калыстар тобунда.


ИБРАИМОВА ГҮЛНАРА ҮМӨТБЕКОВНА

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кыргыз тилин өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тил» жана «Саякбай манасчы» төш ​​белгилери менен сыйланган. 2023-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.


ИСКЕНДЕРОВА ШАРАПАТ АБЫЛОВНА       

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу-инспектордук бөлүмүнүн башчысы, доцент, филология илимдеринин кандидаты.

 

2025-жылдан бери калыстар тобунда.


КАШЫБАЕВА АЙНАГУЛЬ СУПАТАЕВНА

КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Кут Билим” медиа борборунун”Кут Билим” гезитинин бөлүм редактору. Билим берүү тармагында 30 жылдан ашык эмгек тажрыйбасы бар журналист. КР Билим берүүсүнүн мыктысы, КР Журналисттер союзунун “Мыкты журналист”, КР Президентине караштуу улуттук мамлекеттик тил комиссиясынын “Кыргыз тил”, С.Данияров коомдук фондунун “Урмат” төш белгилеринин жана Чүй облустук “Кеменгер” сыйлыгынын ээси. 2017-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.


МОМУНКУЛОВА ЗАМИРА КАЗАКОВНА

Бишкек шаарындагы №13 англис тилин тереңдетип окуткан мектеп-гимназиясынын окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана кыргыз тили жана адабияты мугалими.  Мектепте иштеген көп жылдык тажрыйбасы бар.  Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги. 2024-жылы КРнын министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2014-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.


МУКАМБЕТОВА ГҮЛЗАТ БЕКБОСУНОВНА

Бишкек шаарындагы №68 Алыкул Осмонов атындагы орто мектебинин информатика мугалими. Бишкек шаарынын мэриясынын “Ак ниеттүү жана үзүрлүү эмгеги үчүн” грамотасы менен сыйланган. “Жылдын мыкты мугалими-2022” республикалык сынакта байгелүү 2-орунду ээлеген.

2025-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.


МЫРЗАБАЕВ ТААЛАЙБЕК МЫРЗАБАЕВИЧ              

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Сары-Дөбө айылындагы No21 К.Карачев атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими. Улуттук тренер, жаштардын насаатчысы. Санжарбек Данияровдун фондунун №1 “УРМАТ” сыйлыгынын ээси, бул башталгыч класстардын үчтөн кем эмес класс окуучуларын даярдаган ардагер мугалимдерге берилген сыйлык. 2019-жылы өткөрүлгөн 8-жолку сынактан берки “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын алып баруучусу, 2025-жылдагы сынактын биринчи турунда калыстар тобунун мүчөсү болду.


МЫКЫЕВА МИРА РАСАБЕКОВНА

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча улуттук борбордун адиси, 15 жылдан ашык убакыттан бери билим берүүнү баалоо боюнча адис болуп эмгектенип келет, ошондой эле чоң тажрыйбасы бар практик мугалим. Билим берүү тармагындагы эл аралык долбоорлордун катышуучусу.

2011-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.


РЫСКУЛОВА ЖАРКЫН МАМАТОВНА

Филология илимдеринин кандидаты, доцент, Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин окутуучусу, жогорку окуу жайлардын билим сапаты боюнча эксперт. Адабият таануу (дүйнө адабияты жана котормо таануу) адиси, билим берүү тармагындагы эл аралык долбоорлордун координатору (орто жана жогорку окуу жайларында окутуу жана баалоо) илимий жана практикалык иш боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар.

2011-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.


ТАШКЕНОВА БАКТЫГҮЛ ӨМУРБЕКОВНА

Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылындагы М.Ноорузбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими. Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти. Улуттук тренер, жаштардын насаатчысы.

2025-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.


ЭСЕНГУЛОВА МИРКУЛЬ МОЛУТБЕКОВНА

И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын доценти. Педагогика илимдеринин кандидаты. Педагогикалык дисциплиналарды окутууда көп жылдык тажрыйбасы бар. 60тан ашык илимий макалалардын жана окуу-усулдук колдонмолордун автору. Эшенаалы Арабаев жөнүндө монографиянын автору: “Эшенаалы Арабаевдин агартуучулук ишмердүүлүгү жана педагогикалык мурасы”.  2014-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.


ЮСУПОВ ДОГДУРБЕК ӨМҮРЖАНОВИЧ

Акын, жазуучу, котормочу жана журналист, бир нече поэтикалык жана аңгемелер жыйнактарынын автору. Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепкана системасынын басма сөз катчысы.

2023-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.


ӨТКӨН ЖЫЛДАРДАГЫ СЫНАКТАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ-КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨЛӨРҮ


БЕККУЛ КЫЗЫ НУРЖАН

“Биринчи мугалим-2019” сынагынын жеңүүчүсү. Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы Үтүр Калиев атындагы орто мектептин башталгыч класс мугалими. Педагогикалык стажы: 28 жыл. Райондук билим берүү бөлүмүнүн, облустук билим берүү борборунун жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 2020-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.


ИСАКОВА НУРЖАН ШАМУРАТОВНА

2023-2024-окуу жылындагы “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 12-сынагынын жеңүүчүсү. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылындагы Чанаков атындагы орто мектептин башталгыч класс мугалими.

2025-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү


КАЛМАМБЕТОВА БАКТЫГУЛЬ МАЛИКОВНА

2011-жылдагы «Биринчи мугалим» сынагынын биринчи жеңүүчүсү. Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Шабдан айылындагы «Билимкана» жеке мектебинин директору, башталгыч класс жана англис тили мугалими.  Көп жылдык педагогикалык тажрыйбасы бар.

2013-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү


КАМБАРОВА ДИНАРА ДАРМАНБЕКОВНА

“Биринчи мугалим-2018” сынагынын жеңүүчүсү. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Чечме айылындагы №37 Биринчи Май атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы жана башталгыч класс мугалими. Педагогикалык стажы: 17 жыл. Мектеп администрациясынын, Бирлик айыл өкмөтүнүн, Кадамжай райондук коомдук уюмунун, Баткен облустук усулдук бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган. 2019-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.


ТУРГАНБАЕВА ГҮЛҮМКАН АБЫТАЛЫПОВНА

2022-2023-окуу жылындагы “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 11-сынагынын жеңүүчүсү. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч класс мугалими. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2024-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү


УБАЙДЫЛДАЕВА АСЕЛ УРКАЛЫКОВНА

2020-2021-окуу жылындагы “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 10-сынагынын жеңүүчүсү. Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы Үтүр Калиев атындагы орто мектептин башталгыч класс мугалими.

2023-жылдан бери калыстар тобунун мучөсу


УЗАКОВА ҮМҮТ КУРМАНБЕКОВНА

2019-2020-окуу жылындагы “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 9-сынагынын жеңүүчүсү. Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Сары-Дөбө айылындагы №21 К.Карачев атындагы орто мектептин башталгыч класс мугалими.

2021-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү


Калыстар тобунун бардык мүчөлөрүнө жогорку кесипкөйлүк менен ак ниеттен аткарган эмгеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиремин.


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Дагы тема боюнча:

Сыйлык (мугалимдин саякаты) тууралуу бул жерден окуй аласыз:
билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › мугалимдин саякаты

Сыйлык (мугалимдин окуучулары менен саякат) тууралуу бул жерден окуй аласыз:
 билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › балдардын саякаты

БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын биринчиден акыркысына чейинки хроникасы бул жерде:
билим берүү › биринчи мугалим сынагы



Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *