СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ЭМГЕКТЕРИН КИМДЕР БААЛАШАТ? “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017” СЫНАГЫНЫН КАЛЫСТАР ТОБУ

Биздин билим берүү системасында өз кесибинин мыкты кесипкөйлөрү, сабаттуу, энергиялуу, эмгекчил, мыкты адамдар бар. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017” сынагынын калыстар тобуна мына ошондой адистер кирген.


Калыстар тобунун мүчөлөрү 1-турда дилбаяндарга өз бааларын беришти. Ал иш так, өз убагында, ынтымактуу, ашыкча шаан-шөкөтсүз аткарылды. Ар бири долбоорго өзүнүн бош убактыларын арнашып, акысыз иштешкенине карабай, белгиленген мөөнөттө, өз убагында аякташты. Эми алар сынактын экинчи турундагы оозеки таймаштын жүрүшүн баалашмакчы.
Биздин калыстар тобунун мүчөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерди бирдей, кесиптик жогорку деңгээлде билишкендиктери мугалимдердин дилбаяндарын да ошондой эле деңгээлде баалоого шарт түзөт.

Миргуль заметка ЭСЕНГУЛОВА МИРКҮЛ МОЛУТБЕКОВНА

И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын доценти. Педагогика илимдеринин кандидаты. Предметтери: педагогика тарыхы, педагогикалык теориялар, системалар жана технологиялар, этнопедагогика, билим берүү системаларын башкаруу. Э.Арабаев жөнүндө монографиянын автору, «МЕКТЕП» журналынын редактору (убактылуу чыга элек). 2014-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү. 2015-2017-жж. сынактардын калыстар тобунун төрайымы.

 

 Чынара Батракеева заметка БАТРАКЕЕВА ЧЫНАРА ЭБИШОВНА 

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ). Коомчулук менен байланыш боюнча адис. 2014-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү

 

 Войтышина Людмила В сжато ВОЙТЫШИНА ЛЮДМИЛА ВЛАДИМИРОВНА

Кыргыз тили жана адабияты мугалими. Бишкек жана Кара-Балта шаарларындагы мектептерде көп жылдан бери кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.

 

 Айгуль ДЖОЛЧУБАЕВА АЙГУЛЬ СЕЙДЕКЕРИМОВНА

Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Ленин атындагы мектептин башталгыч классынын жана орус тили мугалими. “Биринчи мугалим” сынагынын жеңүүчүсү жана фонддун 2016-жылдагы лауреаты.

 

 Бактыгуль 2016 КАЛМАМБЕТОВА БАКТЫГУЛЬ МАЛИКОВНА

«Билимкана-Шабдан» жеке менчик мектебинин директору, башталгыч класстардын жана англис тили мугалими. “Биринчи мугалим” сынагынын 2011-жылдагы жеңүүчүсү. Мектепте көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар мугалим. 2013-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

 Айнагуль КАШЫБАЕВА АЙНАГУЛЬ СУПАТАЕВНА

КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Кут билим” гезитинин бөлүм редактору. Кесиби журналист. 1991-жылдан бери “Мугалимдер газетасында” (азыркы “Кут билим”) эмгектенет.

 2015-сен-05 Замира МОМУНКУЛОВА ЗАМИРА КАЗАКОВНА

Бишкек шаарындагы №13 мектеп-гимназиянын башталгыч класстарынын окуу бөлүм башчысы жана кыргыз тили жана адабияты мугалими. Мектепте көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар. 2014-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

Мира заметка МЫКЫЕВА МИРА РАСАБЕКОВНА

Кыргыз Билим берүү академиясынын мониторинг жана баалоо лабораториясынын улуу илимий кызматкери. Билим берүү тармагынын эл аралык долбоорлорунун катышуучусу. 2011-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү. 2013 жана 2014-жылдардагы сынактардын калыстар тобунун төрайымы.

Жаркын заметка РЫСКУЛОВА ЖАРКЫН МАМАТОВНА

Билим берүү тармагынын эл аралык долбоорлорунун катышуучусу жана жетекчиси. Илимий, практикалык жана окутуучулук иште көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар, билим берүү системасынын эксперти. 2011-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

 2015-сен-05 Елена ЧЕРНОМАЗОВА ЕЛЕНА

Врач-реаниматолог. КММАнын реаниматология кафедрасынын клиникалык ординатору. Санжарбек Данияровдун Фондунун сыйлыгынын Лауреаты (жаш окумуштуу-дарыгер)

Сынак өткөрүлүп келаткан 5 жыл аралыгында калыстар тобунда билим берүү тармагынын башка дагы мыкты кесипкөйлөрү болушту. Биз бул жерде 2017-жылдагы сынактын калыстар тобун тааныштырдык. Бардык калыстар тобунун мүчөлөрүнө чын пейилинен жогорку чеберчиликте аткарган эмгектери үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

 


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *