КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ДИЛБАЯНДАРЫ

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2021» СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР

Калыстар тобунун баасы боюнча 2021 сынагынын 1-турунда эң жогорку балл алган 8 дилбаянды жарыялайбыз. Бир нече катышуучу бирдей упай топтогондуктан финалга 6 эмес, 8 катышуучу чыкты. Бардык дилбаяндарды котормосуз эле түпнуска тилинде гана жарыялайбыз. Бардык 8 дил баян кыргыз тилинде жазылган

Биринчи турдун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮНДӨ караңыз:


2021-жылдагы дилбаяндын темасы: АЙЫЛДАГЫ ЗАМАНБАП МАДАНИЯТ ҮЙҮ

Дилбаяндарды баалоо критерийлери:

  • Теманын толук ачып берилиши
  • Негизги ойду ачык жана так баяндап берүү
  • Баяндоо стили (көркөмдүүлүгү)
  • Жазуунун сабаттуулугу
  • Тажрыйба бөлүшүү, иш жүзүндө андан ары колдонууга пайдалуулугу
  • Дилбаяндын темасына стандарттан тышкары ыкма жасоо

Ар бир критерий боюнча 5 баллдык шкала боюнча баа берилди


ЖАНЫБАЕВА ГҮЛАЙЫМ КАРЫПБЕКОВНА,

Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Атай айылдагы №5 Барктабас атындагы орто мектебинин мугалими

Айылдагы заманбап Маданият үйү

 Кириш сөз

Алтын чөйчөк аталган, тоолору асман тиреген, бетегеси белден буралган, суусу мөлтүрөгөн тунук, абасы атыр жыттанган айылда алдыга чоң максат коюп шыктанган жөнөкөй мугалим көп нерсени кыялданып, ойлоруна улам жаңы ойлор кошулуп, кубанычтан көздөрү жайнап, эркин дем алып, ишенимдүү кадам таштап, жумушуна ашыга бара жатты. Анткени, ал өз кесибин сүйгөн, кесибин урматтаган, кесибине жан дили менен берилген мыкты агартуучу. Көздөрү баео, жан дүйнөсү суудай таптаза бөбөктөргө талыкпастан ак дилден билим, таалим- тарбия беришти жактырат. Бүгүн эмнегедир мектепке эртелеп барууга ашыкты. Өз баласындай болуп калган окуучуларын эстегенде, улам жол арбыбай узарып кетип жаткандай туюлду. Алардын ар биринин кыял-жоруктарын, жүрүм-турумдарын, сабак учурунда боло турчу кызыктуу окуяларын эстеп алып, аргасыздан бырс этип күлүп да жиберди.

Бир убакта өзү да ушул бөбөктөрдөй кичине бала болгону, билим алууга чаңкап турганы, келечекте “Эң улуу кесип –мугалим” болууну самаганы эсине түштү. ”А” тамгасын тааныткан эжейине окшоп, ары сыймыктуу, ары түйшүктүү, ары ардактуу кесиптин ээси болууну көздөгөнү үчүн бактылуу. Ичинен кымыңдап өзүнө-өзү абдан ыраазы болот. Адамзаттын тарыхында эң алгачкы пайда болгон кесиптердин бири мугалимдик кесип. Мына бүгүн ал — мугалим. Мөмөсү төгүлгөн, мээрими чексиз, чырпыгы өсүп чынар болгон кадырлуу кесип ээси.

Негизги бөлүк

Жыл сайын бир жолу өткөрүлүп туруучу ”Биринчи мугалим“ сынагы быйыл менин багыма туш болду. Башталгыч класстардын мугалимдери үчүн өткөрүлүп келаткан бул сынак быйыл 10- жолу болмокчу. Эл катары сынакка катышсам деп кыялданчумун. Мына буюрса кыялым орундалып олтурат. Мени кызыктырганы анын темасы болду. ”Айылдагы заманбап маданият үйү”деген темада экен. Албетте, маданияттын көрөңгөсү айылдан башталат эмеспи. Айылга маданият үйү керекпи? ”Ааламга жол айылдан башталат” дегендей эле көрүнүктүү маданий ишмерлер алыскы айылдардан чыгат деген ой оюма келип жатты. Ой артынан ойлор чубалып, айланага көз чаптырсам жаздын күнү өзүнчө бир керемет. Теребел жашыл боекко боелгондой тим эле көркөм. Куштардын өз тилинде ар түрдүү сайраганы кулакка жагымдуу угулат. Суунун шаркыраган үнү өзгөчө обон жаратып ары уккулуктуу.

“Биринчи мугалим-2021” сынагы мени ойго салды. Окуучуларым менен биргеликте иштөөнү чечтим. Айылдын чок ортосунан орун алган маданият үйүнө окуучулар менен экскурсияга барууну туура көрдүм. Ошентип мектепке да жете келдим. Алгач босогону аттарым менен сүйүктүү окуучуларым тосуп алышты. Алар менен бир топко божурашып, алдыга максат коюп, ага жетиш үчүн эмне кылуу керектиги жөнүндө сүйлөштүк. Биринен сала бири өз ойлорун айтып жатышты. Маданият үйүнө качан барарыбыз жөнүндө сүйлөшүп, күнүн да белгилеп алдык.

“Убакыт учкан куш” деген сыңары окуучуларым менен бирге белгилеп алган күнүбүз да бизге жете келди. Ал күнү баарынын тең көздөрү жайнап сабактын эрте эле бүтүшүн каалап жатышты. Ким эмнени билгиси келип кызыгып жатканы, ким кандай суроо берери жөнүндө сүйлөшүп алып, маданият үйүн карай ашыга жөнөдүк. Маданият үйүнө бара жаткандагы балдардын сүйүнүчүндө чек жок. Улам ар кимиси ар нерселер жөнүндө сурап жатышты. Жолдогу көрүнүштөрдүн эч бирин текке кетиришкен жок.

— Эжей, бул гүлдөргө кимдер кам көрүп турушат?

-Бул бактар сонун экен.

-Сүрөткө түшүп алсак болобу?

-Ушунчалык чоң жерлерди кимдер тазалап турушат?

Бизди маданият үйүнүн жетекчиси, кызматкерлери жылуу тосуп алышты. Балдарга жагымдуу маанай тартуулашты. Балдардын келечегине түрткү бере ала турган, коом менен байланыша ала турган кандайдыр бир күчтүү берүүгө аракеттеништи.

Белгилүү маданият ишмерлеринин портреттери, өмүр баяндары, эмгектери, сыйлыктары, наамдары, элге кылган кызматтары менен таанышып чыктык. Жан дүйнөсү таза, аруу балдардын ал жерден да кызыгуулары, толкундоолору сезилип турду.

-Мен келечекте Бүбүсара Бейшеналиевадай бийчи болом.

-Менин кино тарткым келет. Айылыбыз жөнүндө.

-Мыскал ападай ырчы болсом дейм.

-Кыргыз элинин улуттук аспабы болгон комузда ойногум келет.

-Мен журналист болгум келет.

Маданият үйүнө болгон сапарыбыз байсалдуу болуп, үйгө кайттык. Демек, маданият үйүнүн биздин келечек болгон жаш муундарга тийгизген таасири өтө чоң экендигине ынандым. Бул ыйык жерден балдардын бир нерсеге болгон шыктануулары жаралат экен. Маданияттуулукка, адептүүлүккө, коом менен тыгыз байланышта болуп, коом менен аралаша билүүгө да үйрөнүшөт. Маданият үйүнүн аткарган кызматы коом үчүн өтө маанилүү. Кандай иштерди алып баруулары керек? Балдар жана балдардын үй-бүлөлөрүн бул жайга аралаштырып анын иштерине катыштырып турууга жетишүү жана мүмкүнчүлүк түзүп берүү.

Маданият үйүнүн ишмердүүлүгүндө баардык жарандар бирдей кам көрө билүүбүз керек. Мугалимдердин да салымы болушу шарт. Кенже класстын окуучуларын ата-энелери менен биргеликте маданият үйү менен байланыштырып турушубуз жакшы натыйжа берери белгилүү. Бирок маданият үйүн кенже класстын окуучулары жана ата – энелери үчүн кантип кызыктуу кылуу керек?

Классыбыз менен бир нерселерди ойлонуштуруп жаттык. Окуучуларымдан да жакшы пикирлер, сунуштар, ойлор айтылып жатты. Акыры маданият үйүнө барып куурчак театр коёлу деп сүйлөштүк. Балдар сүйүнүшүп, ар бир каармандарды бөлүп алышып, ата –энелери менен биргеликте жасап келишмек болушту.

Даярдык кызуу башталды. Ар күнү сабактан кийин бош убакта даярданып жаттык. Окуучуларым абдан кызыгуу менен сүйүнүчтөрү жүздөрүнөн төгүлүп, ушунчалык дилгирленишип, бири-бирине жардам беришип баардык тапшырмаларды кылдаат аткарып жатышты. Окууларын да таштап коюшпай сабакка да жетишип, мурдагыдан да жакшы окушуп мени кубандырганга да жетишишти. Ата-энелерибиз да мектеп менен бат-бат байланышып, даярдыгыбызды сурап келип жатышты. Кээ бир ата-энелер оюнубузга катышып, балдары менен бирге өнөрлөрүн сахнада көрсөтүүгө бел байлашты. Ошентип каармандар даяр, куурчактар даяр болуп оюн кое турган күн да келди. Окуучулардын ата-энелерине, кенже класстын мугалимдерине, айыл элине чакыруу барактарды тараттык. Балдар толкундоолорун жашыра алышпай сүйүнүп жатышты. Куурчак театр көрүүгө келген көрүүчүлөр залдан орун алышкандан кийин оюнубузду баштадык. Баары пландаган боюнча ирети менен болуп жатты. Эң кызыгы даярданып жаткандагыдан да бир сонун болуп, окуучуларым өз өнөрлөрүн зал толтура элге тартуулап жатканы болду. Кулак тундурган кол чабууларга, олтургандардын алкоолоруна, сүйүнүчтөргө чек жок.

Ушундан кийин мага мындай ой келди. Айылда, райондо, областта, шаарда болобу, маданият үйүнүн болушу шарт. Анткени мектеп окуучусу менен коом тыгыз байланышта болуп, коом менен аралаша билүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болушат. Мектептен, үйдөн баланын кандайдыр бир нерсеге шыктуулугу байкалат эмеспи. Бирок кээ бир учурларда баланын көкүрөгүндө жашап жаткан эч кимге байкалбаган талантынын, шыгынын ойгонушуна ушул маданият үйү себепчи боло алат экен. Учурдун талабына ылайык жашоо үчүн балдарды ушул коомго тарбиялоо үстүндө аракет кылып жатабыз.

Заманбап маданият үйү менимче бардык жерде камералар коюлган, чоң экранда белгилүү маданий ишмерлердин эмгектери көрүнүп турган жай болушу керек. Санариптүү технологияда маданият үйүнүн ичи чагылдырылып турса бардык келген адамдар каалаган маалыматын таба алышмак.

 Ошол күндөр да болот, биздин балдардын жаркын келечегине салым кошуу үчүн бул ойлор да ишке ашат деген ойдомун.

“Беш манжа тең эмес”дегендей кайсы бир айылдарда маданият үйүнүн жоктугу өкүндүрбөй койбойт. Ошол айылдын эли да жаштардын келечегин ойлоп жогору жактагыларга кайрылышса, анан атка минерлер калганын жайгарышмак беле. Биз айтып жаткан маданият үйүнүн сахнасында бир ыр ырдап чыкса да, ошол балада өзгөчө сезимдер пайда болуп, дагы да ырдагысы келип толкундоолорго туш болору анык. Келечек муун үчүн, жаштарыбыз үчүн маданият үйү башкы орундардын биринде болмокчу. Бул үчүн мугалимдер жана маданият үйүнүн кызматкерлери биргелешип чогуу иш алып баруусу зарыл.

  Корутунду

Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу “ – деп улуу жазуучубуз айткандай, ар дайым жакшы адам болууга аракет жасайлы. Бирөөнүн ийгилигине, кубанычына ортоктош бололу. Керек болсо колдон келген жардамыбызды бири –бирибизден аябайлы. Муну айтып жатканымдын себеби, биз билим берип жаткан балдардын келечеги биздин колубузда десем да жаңылышпасам керек. Аманат катары тапшырылган балада жакшы кулк-мүнөздү калыптандыруу, аны ар тараптуу тарбиялоо жана күн сайын өзгөрүп турган дүйнөгө даярдап, уядан учуруу ар бир мугалимдин милдети эмеспи. Биз баланы тарбиялоодо жана аны жаркын келечекке даярдоодо биринчи кезекте инсанды толук кандуу таанып билүүбүз керек. Баланын мүнөзүн билбестен, сырткы жана ички дүйнөсүн аңдабастан, үмүт- каалоолорун түшүнбөстөн, жашоо шартынын абалын тактабастан, аны кантип тарбиялай алмак элек. Алгач баланын жан – дүйнөсүнө сүңгүп кирбестен, ага билим, тарбия бере албайбыз. Ушул нерселер жетишпесе, балага берилип жаткан тарбия да жетишсиз. Ошондуктан улуу кесиптин ээси болгон кесиптештерим, өз ишибизди мыкты аркалап, инсан тарбиялоодогу сапарыбыз байсалдуу болуп, эч талыкпастан эмгектенип, келечек ээлерин уядан учура берели. “Инсанды таануу- ааламды таануу менен барабар”- деп сөзүмдү жыйынтыктайм.


АШЫМОВА ЖАЗГҮЛ НУРМАМЕТОВНА,

Ош облусундагы, Кара-Кулжа районунун, Токбай-Талаа айылдагы Беделбай исаев атындагы  орто мектебинин мугалими

 Айылдагы заманбап маданият үйү

Улуттун улуттугун аныктоочу негизи — тили жана маданияты. Экөө эриш-аркак жашап, бир улутту экинчи бир улуттан эн белги болуп айырмалап турат. Эгер алардын бирөөсүнүн эле “ичер суусу түгөнсө” улутундун жер менен жексен болушуна даярдана бер.

Мен бул айылга жаӊы эле келин болуп келгенмин. Жумушка орношуп башталгыч класс мугалими катары иштей баштагам. Бир күнү айылга Жетимиш Даскаеев баштаган көз боёмочулар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүү үчүн биздин айылдагы маданият үйүнө келишти. Окуучулар менен бирге мен да, келген өнөрпоздордун өнөрлөрүнө күбө болуу үчүн маданият үйүн көздөй жөнөдүм. Айыл башындагы бул маданият үйү Союз мезгилинде бардык шарты менен курулган маданият үйлөрүнүн катарында экен. Ошондой болсо да, чейрек кылымдык жылдар аралыгында кароосуз калган бул жайдан мага эӊ эле алгач В. И. Лениндин ташка чегилген сүрөтү, чирип араӊдан зорго ачылып-жабылган каалгасы, сырдалбаган полу, чехолдору сыйрылган, чекелери сынып кеткен, отурган адамга ынгайсыздык жараткан, Союздагы кадимки отургучтар, сүзүлүп кеткен пардалар, сынык терезелер күндүн суугунда барган биз үчүн “Дүйшөндүн мектебиндей” эле көрүндү. Жылытуу тууралуу ойлонбой эле койсок болот. Мындай көрүнүшкө мен көп деле таӊ калган жокмун. Анткени айыл жерлериндеги эле эмес, район борборлорундагы маданият үйлөрүнүн да абалы ушуга окшогон эле көрүнүштө.

Албетте, бул мындан жети-сегиз жыл мурдагы көрүнүш. Андан бери өлкөбүздө маданиятка болгон мамиле жакшырып, шаар жана райондордо руханий дүйнөнү өстүрүүчү жана тарбиялоочу борборлордо жогорку деӊгээлде оӊдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, калкты маданий жана руханий жактан тарбиялоодо өз салымдарын кошуп келет. Ошол кездеги менин зээнимди кейиткен маданият үйү, бүгүнкү күндө оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, айыл өнөрпоздорунун башын бириктирүүдө. Айылдагы маданий иш-чараларда, өлкөбүзгө белгилүү болгон маданият өкүлдөрүнүн жеке концерттик программаларын өткрүүдө жана өкмөттүк ар кандай чогулуштарда өз кызматын көрсөтүп келет.

Мен өз кыялдарымда, маданият үйүбүз айыл өкмөтү тарабынан каржыланып, айылдагы айрым тыӊ чыкма ишкерлерибиздин жардамы менен заманбап оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлсө. Полдору сырдалып, жылуулатуу системалары орнотулуп, эшик-терезелерин заманбап пластикалык жабдыктар менен алмаштырсак, чебер кол эжелерибиздин жардамы менен пардаларыбызды жаӊыласак, заман талабына ылайык декорациялар менен кооздосок, сахнага чоӊ форматтагы монитор орнотсок, музыкалык аспаптар менен камсыздасак, отургучтардын отурган адамга ыӊгайлуу болуусун шарттасак, кийим кийүүчү жайлары, даараткана жайларын учурдун талабына эп келтирсек, имараттын айланасына адамга эстетикалык эс алуу тартуулай ала турган, бак-дарак, гүлдөрдү отургузсак, улуу журттун урпактарын тарбиялоодо эбегейсиз эмгек жасаган болор белек дейм.

Биз айылдагы маданият үйүн материалдык жактан заман талабына ылайыкташтырып алсак, андан элге берилген моралдык жана руханий азыктардын айылдаштарыбызга тийгизген таасирлери төмөнкүчө болмок деп ойлойм. Маданият үйүндө айылдагы ар тармактуу, шыктуу инсандардын башы биригип, өнөр көрөӊгөлөрүн сыртка алып чыгып, бири-бири менен өнөр жолунда пикирлеш болушмак. Чөлдөгү сөксөөлдөй бирин-серин калган коомузчу, ооз комузчу, чоорчу, дастанчы, манасчылардын учугун улаган урпактарды тарбиялашмак.

Маселен, айылыбызга жаӊы эле көчүп келген музыка мугалимине комуз үйрөтүү үчүн ата-энелер балдарын зор ынтызарлык менен берип жатышат. Бирок атайын барып комуз үйрөнүүчү имараттын жоктугунан балдар ар кайсы күнү мугалимдин үйүнө барып билим алууга мажбур болуп жатышат. Ал эми маданият үйүндө жогорудагыдай шарттар түзүлсө, балдар атайын белгиленген саат-убакытта мектептен кийин барып, эч кимге тоскоол болбой, эч кимден кысынбай өнөр үйрөнө алмак. А бул болсо, өз кезегинде балдарга рухий азык болуп, алардын жүрүм-турумуна, ой жүгүртүүсүнө, келечек максаттарына оӊ таасирин тийгизмек.

Өткөнүбүзгө кайрылсак, эгемендүүлүккө ээ болуп, жаӊы гана өз алдынча жашоону үйрөнүп жаткан мамлекетибизде, руханий байлыктан материалдык байлыктын биринчи орунга чыгып кетиши, эптеп эле курсак тойгозуунун камында болуп калган карапайым калктын жашоого болгон көз карашы, жашоосун жалаӊ гана акча менен өлчөп калган жаштардын багыты, улуулардын өтпөй калган кеп-кеӊеши, өлкө жетекчилигине жалаӊ байып кетүү максатында гана келип калган саясатчыларыбыздын түшүнүгү сыяктуу башаламандыктарды жөнгө салууда өз маданиятка кайрылуунун мааниси чоӊ. Буга чейин ар кайсы улуттун идеологиясын, маданиятын, бала тарбиялоо ыкмасын, окутуу методдорун, каада-салтын алып келип, жамачыдай кылып, улам жамачылаганыбыз менен, андан ныпым майнап чыкпасын отуз жылдык тажырыйба көрсөтүп жатат. Кыргыз Республикасынын түптөлүүсүнө жана өнүгүүсүнө чоӊ салым кошкон атабыз Искак Разаков тууралуу тартылган фильмде, анын кайсы бир окмуштууга айткан сөзүн мисал катары алайын. “Башка улуттун маданиятын, адабиятын изилдөө эӊ сонун иш. Бирок өз адабиятыбызды бирдиктүү системага алып келүү, окуу китептерин түзүү сыяктуу иштер эӊ зарыл иш деп билем. Ошол себептүү эӊ биринчи өзүбүздүн адабиятыбызга, жазуу-сызуубузга тиешелүү илимий изилдөөлөрдү жасасаӊыздар деген тилегим бар”- деген маанайдагы сөзү өз улутту тарбиялоодо башка улуттардын маданият, үрп-адат, каада-салтын үйрөнүү менен катар өз идеологиябызды түзүүдө, бала тарбиялоодо, окутуу усулдарында, адамдык асыл сапаттарды урпактарга сиӊирүүдө, башкарууда, эл аралык мамилелерди курууда, өз башатыбызга кайрылып, ата-бабабыздын, нагыз биздин улуттун гана өзгөчөлүгүнө ширелишкен ой чабытын, жашоо-тажырыйбасын өзүбүзгө башат катары кабыл алуунун зарылчылыгын белгилейт. Буларды бүгүнкү күндө түптөлүп калган маданият менен адабиятыбыздан, “Манасыбыз” менен Чыӊгыз атабыздан алабыз. Алардын чыгармаларынан издейбиз. Айыл жеринде буларды издөөчү негизги булак билим берүүчү мекемелер болсо, ал эми тереӊирээк сүӊгүп кирүүдө айылдагы маданият үйлөрүнүн орду чоӊ.

Айылдагы маданият үйүнүн ишмердүүлүгүн арттырууда бир топ иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү бар. Учурда КТРК тарабынан уюштурулуп жаткан “Шайыр апалар” долбоорунун алкагында биздин айылда да “Шайыр апалардын” тобу пайда болгон. Ал апалар дастандарды, элдик ырларды кемелине келтирип аткарышып, элдин жан дүйнөсүнө рухий азык тартуулап келет. Эгерде айылда бул апалардын башын бириктирүүчү имарат болсо, албетте, алардын элге тийгизген жакшы таасири мындан да жогору болмок. Мындан сырткары республикалык деӊгээлде уюштурулган кароо-сынактардын баштапкы турлары мектептин кичинекей класстарында же шарты жок коридорлордо эмес жаркыраган маданият үйүндө өткөрүлмөк. Мектепте мугалимдер тарабынан демилгеленип, өткөрүлүп келген иш-чаралар, “Келгиле окуйбуз” сыяктуу ири долбоорлор кенен форматта, чоӊ залда өткөрүлсө, белгилүү даталарга карай китеп көргөзмөлөрү, айыл өкмөт, мектеп жетекчилери жана китеп сүйүүчүлөр тарабынан уюштурулуп турса, “китеп окуган өлкөнүн келечеги бар” дегендей, жаштардын китеп окууга болгон кызыгуусуна, келечектеги кесиптерин эрте жаштан аныктоосуна, дегеле илим-билимдүү жаштардын чыгуусуна бекем пайдубал болуп бермек. Ал эми өнөр ээлери менен биргеликте уюштурулган ийримдер бир эсе калкты иш менен камсыз кылууда аз да болсо өз салымын кошсо, бир эсе келечекте өлкөнү дүйнөгө таанытчу комузчу, дастанчылардын чыгышына себепчи болмок. Жогорудагы сүйлөмдөрдө айткандай, башатка кайрылуу темасы ушул ийримдердин негизинде гүлдөп өсүп, тамыры бардын, тарыхы бар дегенчелик кенен тамыр жаймак. Мында өнөр үйрөнгөн балдар, моралдык жана эстетикалык туура багытта тарбия алат деп ишенем жана мындай балдардан өз кызын зордуктаган, адам өлтүргөн, коррупцияга аралашкан, бирөөнүн акысын жеген, үй-бүлөсүнө гумандуу мамиле жасай албаган, уурулук, каракчылык сыяктуу кылмыштарды жасаган, коомго зомбулук көрсөткөн, төрөп баласын таштап кеткен, жаратылышка одоно зыяндарды келтирген эргулдардын катарында болушу мүмкүн эместигин белгилегим келет. Мен болсо кадимки башталгыч класстын мугалими катары мындай ийримдерге ата-энелерди өз балдарын жиберүүгө шыкактамакмын. Ансыз да айыл жеринде балдардын аӊ-сезимин өстүрүүдө мектептен башка бир да ийрим иштеринин жоктугу өз балдарынын келечегине кайдыгер карабаган ата-энелерди кыжаалатка салып турган учурда, мындай ийримдердин уюштурулуусу алар үчүн чоӊ табылга болмок. Ал эми ушул сыяктуу иштер республиканын бардык булуӊ-бурчунда аткарылса, анда улут катары сакталып калуубузда урпактарга жасаган зор камкордугубуз болор эле.

Оюмдун акырын кыргыз күүсүнүн кереметтүүлүгү тууралуу айтылып жүргөн баян менен жыйынтыктайм. “Тээ байыркы замандарда күүну мыкты черткен акылман карыя айылдагы тестиер балдардын баарын чогултуп, таӊда-кечте аларга күү чертип берчү. Балдар бул күүлөрдү зор ынтызарлык, шыктануу жана эргүү менен угушар эле. Күндөрдүн биринде мына ошол кут төгүлгөн журтка душмандар тарабынан кол салынып, айылдагы тестиер эркек балдардын баарын туткундап кетет. Душман аларды кара күчтүн алп баатырлары кылып, өз эли-жерин унутуусуна аябагандай кам көрөт. Балдар эр жетип тоону бузчу кайрат-күчкө ээ болгондо, өз уулдары менен өздөрүн кырып жок кылуу үчүн, кыргыз элине жоого аттанат. Өз уулдарынын өздөрүнө каршы согушууга келе жатканын уккан аталар дел болуп катып калса, энелердин сай-сөөгү сыздады. Бирок, душман менен салгылашуудан башка арга жок эле. Жалпы журт бар күчү менен жоонун мизин кайтарууга аракет жасашты. Каруу билеги күчкө толгон бир кездеги тестиер балдар алардын каршылыгына оӊой менен жеӊиле коймок беле. Тескерисинче, бир кездеги журтташтарын четтен кырып келатышты. Ойлоп тапкан амалдарынын мыктылыгына четтен карап турган душман мыйыгынан күлүп турду. Акыры айласы кетип куруган эл артка кетенчиктеп кача баштады. Ошол учурда алдан тайып, билегинде каруусу кеткен баягы акылман карыя комузун колуна алып, жакын жердеги дөбөгө чыгып отуруп, бир кезде черткен мукам күүлөрүн кезек-кезеги менен куюлуштура черте берди. Күүнүн ыргагына термелген мурунку тестиер балдар, качандыр бир кездерде ушул күүлөрдү уккандай, бир нерсени эстегендей, улам бири-бирине элейе карап жатышты. Балдардын жашы улуураактары эсине түштү белем, улам алдынан чыккандарды чаап бараткан баатырларды токтотууга аракеттене баштады. Карыя күүсүн эргүү менен, кайгы менен улам муӊканып черте берди. Ошентип, балдардын баары эсине келип, артына бурулуп душмандарды талкалоого өтүштү. Акыры душман жеӊилип, акылман карыянын тапкычтыгына тан берип, артка чегинүүгө мажбур болушту. Мына ошентип, жоготкон уулдарын эрезеге жеткенде, күүнүн жардамы аркылуу таап алган энелер кубанычтан көз жаштарын көлдөтүп, акылман карыяны алкап жатышты. Мына ошондон кийин эл тынчтыкта, бакубат турмушка бөлөнүп, улам кийинки муундарга чебер комузун, көркөм күүлөрүн таберик кылып калтырышкан экен. ”

Жогорудагы баянда келтирилген күүнүн керемет сыры дал ушул маданият менен тыгыз байланышта. Ал эми “Манас” баштаган элибиздин көркөм сөз мурастарында элибизди дүйнө элдери менен теӊ ата сүйлөштүрө алчу дипломатия, экономиканы көтөрчү ишкердик, кылмышкерлерди жазалоочу мыйзам, балдарды тарбиялоочу улуу ой, үй-бүлөдөгү ата менен эненин, уул менен кыздын, келин менен күйөөнүн ордун белгилеген тактык, жаратылышка аяр мамиле жасоодогу гумандуулук, күнүмдүк турмуштун мыйзам ченемдери, деги койчу кыргыз улутунун улут болуп жашап кетүүсүнө болгон жагдайлардын баары жогорудагы эпостордо камтылган. Демек, айыл жеринде маданият үйлөрүн куруу жана аларды заман талабына шайкеш келтирүүдө, маданият өкүлдөрүн, акын-жазуучуларды, сүрөтчүлөрдү, комузчуларды, манасчыларды, дастанчыларды бапестеп аздектөөдө, жалпы улут үчүн көптөгөн пайдалар бар экенин баса белгилейм.


ЭСЕНГЕЛЬДИЕВА ЭЛЗАТ ЖУМАКАДЫРОВНА

Ысык-Көл облусундагы, Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы орто мектебинин мугалими. 2020-жылдын сынагынын катышуучусу

Айылдагы заманбап Маданият үйү.

Кириш сөз

     Дилбаян жаздым ыр менен баштап,
     Ойлогон ойду ортого таштап.
     Издендим далай, уктабай түндө,
     Пайдасы болор бүгүнкү күндө.

 Акыркы жылдарда өлкөбүздө мугалимдерди ар тараптан колдоого алып, дем- күч берген сынактар байма-бай өтүп келет. Муну менен мугалимдердин эмгеги бааланып, статусу жогорулап келет десем жаңылбастырмын. «Мугалим-мөмөлүү дарак». Бул өтө таамай айтылган накыл кеп. Аны чечмелеп, талдоонун кажети жоктур. Менин айта турган нерсем башка.

 Ар жыл сайын «Биринчи мугалим» сынагынын жарыялаган темалары элет жергесиндеги катылып жаткан, көмүскөдө калган олуттуу, көйгөйлүү маселелерди сууруп чыккандай сезилет. Дилбаянды жазууда чыныгы турмуш жүзүндө ишке ашырууга бел байлап, чыгармачыл дем-күч алып, айыл жергесинде талыкпай эмгектенген Дүйшөндөй мугалимдин колуна-кол, бутуна-бут болуп, таянаар тообуз сыяктуу эреркейбиз.

 Былтыркы сынактын активдүү катышуучусу болуп, «Менин чөлкөм таануу музейим» аттуу дилбаянды жазуу менен бирге мектепте чөлкөм таануу музейин уюштурдук. Бул да болсо биз үчүн чоң жетишкендик. Сынакты уюштурган Санжарбек Данияровдун Коомдук фонду эмнегедир элет көйгөйүн жан дүйнөсү менен сезип туйгандай. Айылда эмгектенген башталгыч класстын окуучуларын, мугалимдерин ойлоп, көз жаздымда калтырбаганына миң мертебе ыраазымын. 

Негизги бөлүк

 Алгач, сөзүм кургак болбосун үчүн маданият деген сөз жөнүндө айта кетсем ашык болбос. Себеби, мен заманбап маданият үйү жөнүндө сөз учугун алып бара жатам. «Маданият» деген өтө көп кырдуу, көп сырдуу дегендей, татаал термин болуп саналат. Жалпысынан алганда, ал тарбия, тарбиялануу дегенди түшүндүрөт, өзү латын тилинен алынган. Маданияттын негизги жана кошумча түрлөрү өтө көп. Ар бир нерсенин маданияты болот, сүйлөө маданияты, өзүн алып жүрүү маданияты жана башкалар.

 Кепти туура таап, аны сабаттуу жазуу- бул да чоң маданият.

 Кыргыз элим эзелтен кеп багып, сөзгө чоң маани берип ар бир сөздү салмактаган, рухий байлыкты жогору койгон.

 Улуу сөздүн уңгусун улаган, таңдайын сөзгө бүлөгөн, тамшантып көпкө сүйлөгөн не бир сөзмөрлөр чыккан кыргыздан.

 Кыргыз элинин оозеки чыгармалары болгон кенже эпостор, дастан, макалдар, жаңылмач, табышмактар-биздин түгөнбөс маданиятыбыз. Кыргыз маданиятынын туу чокусу-улуу «Манас» эпосу.

 «Кыргыз эли нечен кылым карыткан, эч ким аны унуталбайт тарыхтан» — деп элибиз бекеринен айтпаса керек. Кыргыз элинин улут болуп жаралганы өзүнүн каада-салты, үрп-адаты, маданияты, тарыхы ошол күндөн ушул күнгө чейин эч бөксөрбөй, толуп-ташып, өсүп өнүгүүнүн үстүндө. Буга маданият үйүнүн да кошкон салымы зор деп ойлойм. Маданият үйү десе мындан 30-35 жыл мурдагы балалык кезим эсиме түшөт. Балалык кез-кандай сонун убак. Апаларыбыз таңдан туруп чака-чака сүт саап, каймак тартып, бээ байлап, казанга көмкөрмө нан жасап, челек-челек кымыз бышкан бактылуу балалыкты башыбыздан кечирдик. Ал убакта биздин Оттук айылында эски клуб бар эле. Клубка концерт, кино келди дегенде кары-жашы дебей кечинде чууруп жөнөп калышаар эле. Индия кинолорун көрүп, каармандар менен кошо аралашып, далай көздөн мончок-мончок жаш куюлганы али эсимде. Кийинки муундар клуб эмне экенин билбей эле чоңоюшту. Советтер Союзу кулагандан кийин айылдагы маданият үйлөрү каралбай, таланып-толонуп кароосуз калган. Замандын талабына жараша болот экен да бардык нерсе, коом өнүгөт, аны менен бирге адамдын акыл-эси да өнүп-өсөт. Клуб же маданият үйү деген эмне? Алардын азыр кандай мааниси бар? Клуб-бул англис тилинен алынган. Бизче которсок кызыкчылыгы, көз карашы бирдей адамдар жолуга турган жай же уюм дегенди билдирет. Маданият үйлөрүнө чоң маани берилип, айылдарда заманбап, баардык талаптарга жооп берген клубдар курулуп жатат.

 Ала-Тоонун бермети болгон Ысык-Көлдүн көкүрөгү, жердин гүлү, туптунук Түп суусунун боюнан орун алган, абасы таза, төрү салкын биздин Тасма айылында 200 орундуу заманбап үлгүдөгү маданият үйү ачылганына жарым жылдын жүзү болду. Айылыбыздын ортосунан орун алган заңгыраган үч кабаттуу Асан Сопиев атындагы мектептин сол тарабында жайгашкан Кайыков Жазыбай атындагы маданият үйү менен сыймыктанып келебиз. Тегерегинде бийик-бийик теректер, жапжашыл карагайлар, бак-дарактар клубдун көркүнө көрк кошуп, көз жоосун алат. Жаш жеткинчектердин, айыл тургундарынын жан дүйнөсүн, кыялын, назарын өзүнө тартып тургандай сезилет. Клубдун айланасында мектептен тышкары бала-бакча, газон-футболдук аянтчасы, оорукана орун алган. Айыл жергесине маданият үйүнүн ишмердүүлүгү канчалык деңгээлде керек? Маданият үйү айылга сөзсүз керек. Ансыз билдин келечегибиз болгон балдардын эли-журтубуздун, коомчулуктун руханий байлыгы, адеп-ахлагы, каада-салты, үрп-адаты артта калаарын жон терибиз менен сезип билебиз жана клубдун мындан ары да иштеп, өнүгүшүнө өз салымыбызды кошобуз деп айта алам.

 Жергебизге жаз келип, жер жарылып чөп чыгып, айлана жапжашыл көрккө бөлөнүп, адырларда бажырайган байчечекей гүлүн ачып, келгин куштардын үн кубулжутуп сайраганы ар бир өтүлгөн сабагымдын шыктануусун жаратты. Дал ушундай шыктануу окуучуларым менен бирдикте канаттуулардын жашоо-тиричилигине кызыгып, аларды изилдөө иштерин баштадык. Кыштоочу канаттуулар, келгин канаттуулар, дүйнөдөгү алп жана кооз канаттуулар, эң кооз сайраган сулуу канаттууларды изилдеп маалыматтарды топтоп, «Канаттуулар-биздин досубуз» деген темада чоң программадагы тарбиялык саат даярдадык. Программага көркөм окуу, макал-лакап, табышмак, жомокторду ролдоштуруп аткаруу, обондуу ырлар, слайд көрсөтүүлөрү камтылган. Ушундай мыкты деңгээлде даярдалган тарбиялык саатты чоң сахнада, музыкалык инструменттин коштоосунда өтүү максатында, айылыбыздын маданият үйүнүн жетекчиси менен жолугушууга бет алдык.

 Назира Султанбековна: — Саламатсыңарбы, балдар! — Кош келдиңер! Адегенде силерди клубдун ички көрүнүшү менен тааныштырып өтөйүн. Кире бериштеги заңгыраган бийик зал-Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары, айылыбыздан чыккан атактуу инсандары жана Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген, Кыргыз эл артисти Гүлайым Каниметова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Эл артисти, дирижёр Каниметов Жумакадыр агабыз көптөгөн опералык чыгармалары менен өлкөбүзгө таанымал. Кийинки зал-көрүчүлөрдүн залы, бул жерде силер тарбиялык саат өтө турган сахна жайгашкан. Окуучулардын кубанычына чек жок эле, улам бир орундуктарга отура калышып, сахнага чыгып музыкалык аспаптарды сылап-сыйпалап, кызыгуулары арта баштады. Бардыгынын көз алдына алдыда боло турган тарбиялык саатты өзүлөрүн заңгыраган клубда ырдап-бийлерин элестетишип, өтө бир кубанычтуу сезим менен үйлөрүнө тарашты.

 Күткөн күн да келип жетти. Залдын ичи толо окуучулар, мугалимдер ата-энелер, айыл тургундары чыдамсыздык менен күтүп жатышты. Дүркүрөгөн кол чабуулар менен 4-а клаасстын окуучуларын көрүүчүлөр ордуларынан туруп тосуп алышты. Окуучуларым ырларын, макал-лакап табышмактарын, обондуу ырларын мыкты аткарып жатышты. Жомокторду ролдошторуп аткарууда кармандардын образына сүңгүп кирип, чыгарманын мазмунун эң сонун түшүнүктүү ачып бере алышты. Класстагы даярдык менен чоң сахнадагы даярдыктын айырмачылыгы асман менен жердей экендигин окуучуларымдын аткаруу чеберчилигинен байкап турдум.

 Бала… Балалыктын бактылуу сезимдери чоң сахнада балкып турду. Жүрөгүм опкоолжуп, буттарымды калтырак басты. Ушундай бактылуу чоң толкундоолорго балдарым да, мен дагы биринчи туш болдук. Элдин сүрү оңойго турбастыгын эми сездим. Канаттуулардын жашоо-тиричилиги ар бир көрөрмандын жүрөгүн аралай чаап, аларга болгон суктануусу, сүйүүсү, аёо сезими балдардын дагы, чоң адамдардын дагы жүздөрүнөн байкалып турду. Клубда өтүлгөн тарбиялык саатым максатына жетип, ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн түнөк тапканына сыймыктандым.

 Өзүмдүн сабак өтүү практикамда цирк темасы дайыма жүрөгүмдү өйүп келет.

 Мугалим: — Балдар, циркке бардынар беле, кандай оюндар ойнотулат, кандай жаныбарларды көрдүңөр эле? Класс ичи жымжырт. Дал ушул жымжырттык жүрөгүмдү тилип кетти. Балдарын чоң суудан жонуна мингизип алып көтөрүп өткөргөн Дүйшөн кана? Атаганат, колумдан келсе өзүмдү ак кууга айландырып, оң канатыма он баламды, сол канатыма он баламды отургузуп алып, алыскы-алыскы борбор калаабыздагы цирк дүйнөсүнө алып барсам. Асмандан караганда көмкөрүлгөн тарелкага окшогон цирктин так төбөсүнө конуп, балдарыма цирк оюндарын көргөзүп келсем кандай сонун болоор эле. Өткөнкү бир маектешүүмдө айыл өкмөтүнүн башчысы цирктин жетекчиси менен тааныштыгы бар экендигин айтып өткөндүгү кылт этип эсиме түштү. Дароо эртеси күнү окуучулар менен бирдикте айыл өкмөтүнө жолугушууга барып, балдардын суроо талаптарын айтып өттүм.

 Кайыков Курманбек: — Саламатсыңарбы балдар! Силелдин суроо-талаптарыңарды аткарууга ар дайым даярмын. Бала үчүн баарыбыз колдон келсе асмандагы айды алып бергенден кайра тартпайбыз. Балдардын келечегине кайдыгер эместиги айыл өкмөт башчысынын жүзүнөн байкалып турду. Дароо телефон аркылуу цирктин жетекчигили менен байланышууга өттү. Чурулдап, божурашып жаткан балдарым телефондун үнүн тыңшап, кандай жооп келер экен деп кулак түрүп тыңшап калышты. Бир жумадан кийин биздин маданият үйүбүздүн сахнасына ылайык келе турган атайын даярдалган номерлери менен көчмө цирк келе тургандыгын айтты. Балдарымдын көздөрүнөн кубанычтын нуру төгүлүп, турмушта болуп көрбөгөндөй өздөрүн бактылуу сезип турушту. Балдар күткөн күн да келди. Көчмө цирк келген күнү балдар эмес ата-энелер, айыл тургундары кары жашы дебей зал ичи жык-жыйма толуп калды. Сахнага ылайыктуу цирк оюндары, маскарапоздордун күлдүргөнү, фокусниктердин көз боёомочулугу, баарынан кызыгы айбанаттар менен болгон оюндары окуучуларды, ата-энелерди таң калтырды. Эл менен бирге залда отуруп, өзүмдүн бала кезим эсиме түштү. Азыркы учурдагы балдарымдын көздөрүндөгү кубанычтын учкундары жүрөгүмдү жибитип турду. Ошентип көкүрөктөгү кушка айланган кыялым орундалып, окуучуларымдын жүрөктөрүнөн кеткис чоң кубаныч тартууладым. Көрсө, кыялдар орундалат тура.

 Маданият үйү менен биргеликте жүргүзүлгөн чыгармачылык ишмердүүлүгүм уламдан-улам кызыкка батты. Клубдун эмгек жамааты менен мектеп байланышып, 1-4-класстар арасында куурчак театрын уюштуруп «Жеткинчек» аттуу адабий ийрим ачтым. Ийримдин негизги максаты-жаш жеткинчектердин окуган чыгармаларын сахна артында катылган куурчактарга жан киргизүү менен коштоп, каармандардын образын ачып, тарбиялык жактан зор мааниге ээ болгон чыгармаларды аткаруу. Куурчак театры балдарды адеп-ахлактыкка, адамгерчиликке достукка бекем болууга, эли-жерин сүйүүгө, боорукерликке, ак-караны айырмалай билүүгө үндөйт. Башталгыч класстардын окуучуларынын арасынан өз калоосу менен, жыйырмадай жөндөмдүү балдарды тандап алдым. Адамдардын, айбанаттардын сөлөкөтүн жана кийимдерин жасалгалоодо мектептин көркөм өнөр мугалими, айылдагы жүндү кайра иштетүү чакан цехте эмгектенген апаларыбыз жардамдарын аяшкан жок. Мына ушундай жаңы ачылган куурчак театрынын келечеги кең болуп, өсүп келе жаткан жаш муундардын руханий байлыгын өстүрүп, жан дүйнөсүн байытып, коомго, маданиятыбызга чоң салым кошкон инсандардан болуп чыгышына биз, мугалимдердин талыкпаган эмгегибиздин үзүрү экендигине терең ишенемин. Бардык мугалимдерге айтаарым талыкпастан билимиңерди берип, эмгегиңиздерден баар таап, чырпыктан чынар өстүрүшүңөргө чын жүрөктөн тилектишмин.

Корутунду

 «Айылдагы заманбап маданият үйү» деген темадагы дил баянды жазууда, мен өз ой толгоомду, көз карашымды, иш-тажрыйбамды кагазга түшүрүп баяндоого аракет кылдым. Маданият үйү менен тыгыз байланышта болуп, мындан ары да эң сонун иштерди жасоого белсенип киришип жаткан чагым. Менин кылган иштерим окуучуларды ар тараптан өнүккөн, келечекте мыкты эл керегине жараган инсандардан болуп чыгышына чоң өбөлгө түзөт деп ишенем. Себеби-балдар биздин келечегибиз, аларды туура жолго багыттоо, кызыгуусуна, жөндөмүнө жараша иш алып баруу ар бир мугалимдин милдети. Ар бир бала, адам маданияттуу болуш керек. Маданиятсыз адамды көпчүлүктүн арасынан аныктоо абдан оңой. Ар бир улуттун басып өткөн тарыхы жана энчилүү маданияты болот эмеспи.

 Тарых элибиздин эзелтен басып өткөн жолу, жашоо-тиричилиги болсо, маданият-ошол элдин рухий жана материалдык казынасы. Маданият-адамдын жашоосундагы ой санаасы, кыялы, таалим-тарбиясы, тиричилиги, жаратылыш менен болгон мамилеси. Мен өз дил баянымда кыргыз элинин рухий маданияты, алардын учурдагы актуалдуулугу, окуучуларды тарбиялоодогу маанисин ачып берүүгө аракет кылдым. Сөзүмдүн акырында элибиздин каада салты, калк казынасы, маданияты өлбөс-өчпөс болуп, муундан-муунга жашай берсин демекчимин.

 Жадыраган жаз менен бирге келген бул сынакка ар бир башталгыч класстын мугалимине жазгы дем-күч менен, жаздай жадыраган жылуу жүз менен белсенип катышып, чоң-чоң ийгиликтерди багындырабыз деген терең ишенич менен сөзүмдү жыйынтыктайм. «Ийгилик» деген нерсе ар бирибизди коштоп жүрсүн!


ЖОРОБЕКОВА ГҮЛЗАДА ЭСЕНБАЕВНА

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Кадыралы айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин мугалими

Айылдагы заманбап маданият үйү 

Адамзат коомунда ар бир элдин өзүнө тиешелүү маданияты, үрп-адаты, басып өткөн жолу болоору шексиз. Анын сыңары адам баласынын же элдин маданиятын, турмуштук ой жүгүртүүсүн, рухий байлыктарын, адеп-ахлагын, таалим тарбиясын, турмуш-тиричилигин ошондой эле жаратылыш менен болгон мамилесин кабарлоо жана аны урпактарга калтыруу жана жайылтуу максатында ар бир айыл жергесинде учур талабына ылайык заманбап маданият үйү болуусу шарт. “Маданият” көп мааниде адамдын жөндөмдүүлүктөрүн аныктоого жана өнүктүрүүгө багытталган адамдын чыгармачылык ишмердүүлүгү маданият катарында түшүндүрүлөт. Ошол маданиятты өнүктүрүү үчүн өзгөчө элет жергесинде жашаган адамдар үчүн китепкана, маданият үйү, мектеп, бала- бакчалардын болуусу абзел.

Ак- талаа жергесинде Муса Баетов, Калый Молдобасанов, Тоголок Молдо, Шүкүрбек Бейшеналиев өңдүү нечендеген мыкты өнөр ээлери чыккан. Ошол улуу инсандар жердеген, кут дарыган Ак-Талаа жергесине 2003-жылы жаңы келин болуп келген кезим. Баары бейтааныш, эл-журт, айлана-чөйрө башка. Айтор мага бардык нерсе өтө эле кызык көрүнүп жатты. Мугалимдик кесибиме жол тарткыча ар кандай шарттар менен үйдө отуруп калдым. Ошондой күндөрдүн биринде айылдык маданият үйүнө шаардан артисттер концерт коюп келип калышты. Өзүм өнөр сыйлаган адамдардын катарын толуктайм. Ал концертке абдан кызыгып баргым келип турду. Жолдошума айтып, жакын жеңемди ээрчип айылдык маданият үйүнө бардым. Сыртынан чоң көрүнгөнү менен ичине киргенде бир аз ыңгайсыз болдум. Киргенде эле маңдайыма жакын эски дубал урунду, ичи кичинекей жана эскилиги жеткен имарат, келген адамдардын да саны азыраак. Өзүм дагы ушул райондун башка айылынын кызы болом. Биздин айыл чоңураак болгондуктан айылдык маданият үйү да кененирээк болсо керек. Ошентип концерт аяктап үйгө жакшы маанай менен кайттык. Эртеси жолдошум менен концерттин коюлушу,ырчылардын чыгармалары, музыкалык аспаптар жана айылдык маданият үйүнүн акыбалы тууралуу маектешип олтурдук.

 Айылдык маданият үйү – айылдын борбодук бөлүгүндө жайгашып, жашоочулардын, ата-энелердин жана окуучулардын көңүлүн бурган, эл агылып кирип турган маданий борбор болсо, анда ага барган ар бир адамдын турмуштук ой жүгүртүүсү өсүп, жан дүйнөсү байып, таалим тарбиясы өзгөрүп турар беле деп кыялдандым. Ооба, айылдык маданият үй, китепкана, мектеп жаштарга туура жол көрсөтүп, туура тарбия бере турган жай. Ата бабаларыбыз “Тарбиянын жакшысы- тагдырдын ачкычы” деп бекер айткан эмес. Себеби маданият үйүнүн аткарган иштери- коомчулуктун жашоодогу орду, алардын ой жүгүртүүсүнө, жасаган ишине түздөн-түз таасирин тийгизет эмеспи. Анын сыңары анда иштеген кызматкерлер учур талабына ылайык иштерди аткаруусу зарыл. Маселен азыркы учурда адамзат коому интернет айдыңында жашап келет. Кичинекей баладан өткөн улуу муундарыбызга чейин маалымат каражаттарын ар кандай социалдык тармактарга (Фейсбук, Инстаграмм, Ютуб ж.б) алмаштырып алдык. Баягыдай китеп, газета журнал окуу, таза абада ойноо, эң эле жөнөкөй нерсе бири-бирибиз менен сүйлөшүү, балдарыбыз менен баарлашуу деген көрүнүш жоголду. Ар бир үйдүн ар бир мүчөсүндө смартфон аппараты жана ар бири үйдүн ар кайсы бурчунда маанисиз нерселерди көрүү менен алек.

Өсүп келе жаткан жаш муундун жүрүш-турушуна терс таасирин тийгизген оюндар, видеороликтер жок эмес.

Айтайын дегеним, баарыбыз чогулуп көргөн адабий кечелер, балдар үчүн оюндар, жана даталуу күндөргө карата маданий иш чараларга элдин талабы азыраак экендиги байкалат. Мындай көрүнүштөр улана берсе келечек муундун маданиятын элестетүү кыйын. Ушундай жагдайда маданият кызматкерлеринин айлык маянасынын жогорулаганын туура деп эсептейм. Анткени унутта калып бара жаткан маданий иш- чараларды кайрадан жандантуу, аларды учур талабына ылайык даярдоо, өнүктүрүү, жарнамалоо, өнөр адамдардын чыгармачылыгын жана ишмердүүлүгүн дал ушул маданият үйүндө өткөрүү, тартуулоо- бул маданият үйүнүн кызматкерлеринин иши деп эсептейм.

 Кыргыз эли өнөр барктаган, сөзгө маани берген, сөз баккан эл. Ошол улуу сапаттарды урпактарга өткөрүп берүү ар бир кыргыз баласынын милдети. Мисалы, манасчылардын манасы менен тарбия алып келсе, акын, ырчылардын ыры менен жан дүйнө азыгын толуктап келишкен. Маданият үйүнүн эшиги ошол таланттуу, өнөр адамдарына толуп турса кандай керемет. Таланттуу адамдардын ыйык үйү болгон маданият үйү замандын талабына ылайык болуусун каалайт ээлейм.

Айыл жергесинде “Сармерден” оюну, көчөлөр арасында маданий иш-чараларды, майрам күндөрүнө карата концерттерди, жогорку класстын окуучулары арасында “Акыл ордо” оюнун, “Манас таануу” таймашын, башталгыч класстын окуучулары арасында “Келгиле окуйбуз” иш чарасын, “ Окуу фестивалын” жана башка интеллектуалдык таймаштарды өткөрүп туруу, адамдарды руханий жактан байытып, эс алдырып, көңүлүн тойгузуп, ошол эле учурда ар кандай жаман адаттардан( ушак сүйлөө, уурулук кылуу, жалкоолук ж.б) арылтат деген ойдомун. Тилекке каршы айыл жергесинде мындай алгылыктуу иштер азыраак ишке ашырылып келет. Бул маселени чечүүдө айылыбыздын креативдүү жаштары же патриот жигиттери жана кыздары жардамга келет деп ойлойм. Маселен өзүбүздүн айылыбыз жөнүндө кеп кылалы.

Мындан бир нече жыл мурда айылыбыздагы маданият үйүнүн оңдолушуна, ага жылуулук системасынын орнотулушуна, маданият үйүндөгү китепкананын жаңыланышына айылыбыздын тургуну Б.Шерматовдун эмгеги чоң. Себеби 2009 — жылдары “Арис” программасынын жардамы менен айылдык маданият үйү толук ремонттон өтүп ишке берилген. Ошол учурдагы башыман өткөн кызыктуу окуялардын биринен айтып берейин. Өзүм маданият чөйрөсүнө кызыккан адам катары, маданият үйүнүн болуп көрбөгөндөй өзгөрүшүнө кызыгып турдум. Анткени менин педагогикалык ишмердүүлүгүмдө бир нече кыйынчылыктарга дуушар болгонум эсимде. 2010- жылдары окуткан классыма “Алиппе” майрамын өткөрүү үчүн окуучуларымды музыканын коштоосунда ырдаткым келди. Бирок тилекке каршы музыкалык аппаратура, микрофон ж.б техникалык каражаттар мектепте да, айылдык маданият үйүндө да жокко эсе эле. Эмнеси болсо да кырдаалдан чыккым келди. Үйдөн азыркыдай эмес чоң сыналгыны, DVD каражатын көтөрүп барып, шаардан алдырган “Детские караоке” (орустардыкы) дискин салып, орус балдар ырынын обонуна кыргыз ырларынын тексттерин салып, окуучуларымды темптен чыкпай ырдоого машыктырдым. Дагы ушундай иштердин көбү жасалды. Кийин бул окуучуларымдын айрымдары маданият чөйрөсүндө иштеп кетишти. Бири ырчы, бири тамада, жакшы уюштуруучу жана башка кесипти аркалашып, чыгармачылыкка жакын болушту. Бул мен үчүн ийгилик жана сыймык. Демек биз мугалимдер маданиятыбыздын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо алаарыбызга шегим жок.

Ошентип айылыбыздагы маданият үйүнүн ремонттолушуна жолдошума (Б.Шерматов) колуман келген жардамымды берүүнү туура көрдүм. Ал учур көп кызыктары менен эсимде калды.Маданият үйүнүн сахнасына тартылуучу чоң көшөгөнү үйдөн тикмей болдук. Аны тигүү жана жасалгалоо үчүн айылдагы тикмечи жеңелеримди чакырып, көшөгөнү тиге баштадык. “Түйшүгү болбой түшүмү болбойт” демекчи, ал мезгилдеги үйдүн тардыгы, кездеменин чоңдугу, бир учун тапсак бир учун таппайбыз, чачылары чачышып беш күн дегенде тигип бүткөнүбүз эсимде. Аны үтүктөш да чоң маселе болгон. Ошого карабастан, ал көшөгөнүн илинишин, анын жайкалган көрүнүшүн тезирээк көргүм келди. Акыры баары ойдогудай болуп, ремонт иши аяктап, маданият үйүнүн ачылышында айылдын өнөр адамдары тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт өткөрүлдү. Ошондогу элдин маанайы азыркыга чейин эсимде. Эл ыраазы болуп, черлери жазылып, аксакал карыялар баталарын берип, үйлөрүнө жайдары маанайда кайтышты. Андан бери бир топ жыл өттү. Элибизде “ Иштесең көл болот, иштебесең чөл болот” деп айтылат. Замандын өзгөрүшү жана өнүгүшү менен айылдык маданият үйү заманбап техникалар, музыкалык аппаратуралар, кинопроекторлор, жарыктандыруучу каражаттар менен толукталышы керек эле. Мындай иштердин жолго коюлбай келгени маанайды түшүрөт. Ушул сыяктуу маселелерди чечүү үчүн долбоорлордун үстүндө иштөөнү кыялданам. Элибиздин келечегине кайдыгер карабаган инсан катары “Улутубуздун уул-кызын адам кылуу” деген улуу вазийпаны аткаруу жолуна түштүм. Учугубуз кур эмес айылыбыздагы демилгелүү жаштар тарабынан жакшы саамалыктар да уюштурулуп келет. Мисалы “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында айылыбыздын тургуну С.Каармановдун (биринчи бүтүрүүчүм) демилгеси менен айылдык маданият үйүндөгү китепканага 300 дөн ашуун китептер алынып келинди. С.Каарманов сыяктуу креативдүү жаштар көп болсо айылыбыздын маданиятынын өнүгүшунө зор салым кошулат деген ойдомун.

 Ал эми айылдагы балдар, балдардын үй бүлөөлөрү маданият үйүнө баруусу солгунураак деп айта алам. Мунун себеби маданият үйүнүн кызматкерлеринин ишинин алсыздыгы, “Киши болоор кишинин киши менен иши бар, киши болбос кишинин киши менен иши эмне” дегендей, элге маалыматтын жеткиликсиздиги же иштин максатсыз пландалышы болушу мүмкун. “Жашоонун шамы эмгек” деп, бул жагдайдан чыгууда биз мугалимдер түздөн-түз киришип, алардын аткарып жаткан ишине катышууга же окуучуларыбызды, ата-энелерди катыштырууга түрткү бере алабыз. Кантип? Маселен, балдар, ата-энелер жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Окуу фестивалын” уюштуруу, кенже класстын окуучулары үчүн “Куурчак театр” өткөрүү, “Күзгү балл” “Кышкы балл”, майрамдык кечелер, жогорку класстын окуучулары үчүн “Манас таануу” боюнча иш чаралар, “Акыл ордо”, ”Кичинекей сүрөтчү”, “Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам” вокалдык конкурсу, “Жоокер ыры” конкурсу ж.б.у.с интеллектуалдык таймаштарды, сынактарды маданият үйүнүн кызматкерлеринин иш планы менен бирдикте иш алып барсак жана аткарылган иштер жалпы элге жеткиликтүү болсо, маданиятыбыздын, руханий байлыктарыбыздын өнүгүшүнө жана пропагандалоого мугалимдердин таасири зор.

Жыйынтыктап айтканда,” Сен эч кимди ойлобосоң, сени эч ким ким ойлобойт” деген сыңары ушул сыяктуу алгылыктуу иштер айылыбыздын өкмөтү, патриот мырзалары, кыздары, демилгелүү жаштары, коомчулуктун өкүлдөрү, маданият үйүнүн кызматкерлери жана албетте мугалимдер тарабынан бирдикте жүргүзүлсө, жалпы айыл эли, коомчулук үчүн, кенже класстын окуучулары жана ата-энелери үчүн албетте кызыктуу да, жагымдуу да, ошол эле мезгилде пайдалуу жана эң негизгиси “рухий азык” болоор эле деп кыялданам….


    УБАЙДЫЛДАЕВА АСЕЛЬ УРКАЛЫКОВНА

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы Үтүр Калиев атындагы орто мектебинин мугалими. 2017, 2018, 2020-жылдардагы сынактарын катышуучусу

Айылдагы заманбап Маданият үйү 

Бул теманы окуганда эле жүрөгүмдө сүйүнүч ойгонуп, унутта калган балалык кездерим эсиме түштү. Эң кызыктуу да, күлкү келерлик да кездер экен.

1980-1981-жылдарда болсо керек эле. Маданият үйү жөнүндө деле билчү эмес экенбиз, улуу адамдардын деле билгендери аз болсо керек, өзгөчө айыл жериндегилер үчүн. Ошол кезде айылда “Кино келди” деген кабарды укканда өзгөчө бир чоң майрам болчу эле. Ошол кино келе турган күндү чыдамсыздык менен күтүп, үйдөгү жумуштарды тез-тез бүтүрүп калчубуз. Ан сайын убакыттын өтүшү да кыйын.

 Мен жашаган айылымдын так ортосунда аштык (азыркыча буудай) төгүлө турган жер бар эле. Азыр да көз алдымда элестеп турат. Ошол аштык сакталган жерди кампа деп коюшчу. Колхоздун элге деген ун ушул жерден таратылчу. Ошол кампанын узундугу болжолдуу 5-20 метрдей болсо керек. Кампанын сырты аппак болуп акталган эле, ошол аппак тамдын бетине киномеханик жарыгын чагылдырып кино коюп берчү. Кино келгенде, ошол жерге барып айыл эли кино көрүшчү. Кинону кечинде караңгы киргенде көрчүбүз. Мына ошондой кинону мен, сиңдим экөөбүз энебизди ээрчип барып көргөнүбүз азыркы күнгө чейин эсимде. Колубузда кичинекей тактайдан жасалган отургучубуз да бар. Бизде эле экен десем, сакалдуу энелер, аталар да көтөруп алышкан. Андай кинолор жайкысын бир, же эки эле жолу келсе керек. . . Анткени балалык кездеги эң бир эсте каларлык ушул учур саналуу эле күндөрдөн болчу. Акысына 3 тыйын, же 1 тыйын төлөйбүз, же ата-энелерибиздин совхоздогу эмгек акысынан кармап калса керек. Ошол кино согуш тууралуу болчу. Тилин түшүнбөсөк да, кыймыл-аракеттери аркылуу кинонун маңызын түшүнүп жаттык. Кечкисин суук да болуп үшүгөнүм эсимде, бирок ага карайбызбы, кинолентадагы окуяга жуурулушуп, каарман менен кошо бир дүйнөгө кирип кетебиз. Үйгө келгенде да, кино жөнүндө талаш-тартыштар, талкуулар уланат.

Кийинчерээк кошуна Миң-Булак деген айылдагы чоң заңгыраган маданият үйүнө бардык. Анда мектептин окуучулары менен Улуу жеңиштин баатырларына арналган эстеликтин ачылышын көргөнү Бүбүя эжейибиз менен барганбыз. Анда да отургучтары бириктирилген, жылып кетпегендей катар-катар болуп турганын көрүп кызыгып койдук. Ошол айылдын окуучулары концерт коюп беришти. Ал эми кечкисин ар ишемби күнү дискотека болуп турарын дагы уктук. Ал дискотекага барыш кайдан, 1 км аралыктагы айылга жиберишпейт. “Биздин да жашыбыз жете элек, чоңойсок, ошол клубга барып биз да концерт коюп беребиз” деген ойлорубузду эжейибиз менен бөлүштүк. Класстык саат өткөн учурларда баягы эле маданият үйү жөнүндө кеп баштап, тез-тезден баарлашчу болдук. Эжейибиз да биздин оюбуз менен болуп ар кыл кеңештерди берер эле. Ошол кезде азыркы учурдагыдай заманбап технологиялар жок эле. “Балдарым, көрөсүңөр, силер кийин алыста жүргөн балдарыңар менен үйдөн отуруп эле сүйлөшүп каласыңар, ”- деген эле. Бизге ушунчалык таңгалычтуу угулду, кантип эле деген элек. Мына, азыркы учур – технологиянын заманы. Бир кезде эжейибиз айткан сөз азыр ишке ашып отурат. Ошол кездеги мугалимдерибиздин маалымдуулугу, билими, көрөгөчтүгү бизге үлгү. Биз алардан тарбия алдык.

1988-жылы мен Пржевальск шаарындагы (азыркы Каракол шаары) педагогикалык окуу жайына тапшырдым. Шаардын кооздугуна кызыгып, ал жактагы заңгыраган “Мир”, “Ысык-Көл” деп аталган кино театрларын көрдүк. Анда деле кирип көрө албайсың. Эртерээк билет алып коюшуң керек, болбосо билети жок кире албайсың.

Бир жолу эсимде кыздар болуп эрте барып, “Танцор диско” деген киного билет алып киргенбиз. Кинону көрүп ушунчалык образга кирип кеткенбиз го, баарыбыздын ыйлап чыкканыбыз күнү бүгүнкүдөй эсимде. . 1988-1990-жылдарда индиялык кинолорго билет талашып эле көрчү элек.

Ошентип шаардын жашоосу менен таанышып көнүп калдык. Бардык студенттер жаңы жылдык майрамды тосуу үчүн Касымаалы Жантөшев атындагы драм театрына чакыруу алдык. Кыздар болуп абдан сүйүнүп, маданият үйүнүн ичине киргенде, театрдын жылуу, таза залы, бийик заңгыраган дубалдары көңүлүбүздү абдан көтөрдү. Ал жерден биз жогорку курста окуган студенттердин таланттарын көрдүк. Кызыктуу оюндар ойнотулду. Кээ бир шыктуу-таланттуу кыздарыбыз белектерди алышты. Драм театрларга кирүү да оңойго турчу эмес, күн мурун билет алып анан кирчүбүз. Ошол кезде театрда белгилүү актерлор, актрисалар ойночу.

1992-93-жылдары союз чачырап, жумушсуздук күч алып чоң-чоң мекемелер, анын ичинде театрлар, маданият үйлөрү ээн калып каралбай, иштеген кызматкерлерге айлык акысы төлөнбөй, ар ким жеке кызыкчылыктары менен алек болуп калышты. Ошонун ичинде театр, маданият үйлөрүнүн кызматкерлери да болду.

Кийин экономикалык кризиске байланыштуу артта калган маданият тармагын көтөрүүгө бир топ жылдар керектелип, бүгүнкү абалына келүү үчүн далай кыйынчылыктар баштан өттү.

Азыр ошондогу жашоо турмуш жөнундө балдарыбызга, кийинки жаштарга айтып берсек, жомоктогудай элестетишет. Таң калып угуп калышат.

Ал эми азыркы учурда кийинки муундун жаштары өзгөчө бир патриоттук сезим менен чоңоюшууда. Жашоо-турмушубузду жакшы нукка келтирип жашоо үчүн күч-аракеттерин жумшап жатышат.

Айылда көптөгөн көйгөйлүү маселелер бар, тактап айтсак, маданий эс алуу жайларынын – маданият үйүнүн, китепкананын, музейлердин ж. б. жоктугу. Учурдун талабына ылайык, айылдын чогулуш, кеңешмелерин, жолугушууларды өткөрүүгө келгенде, эң башкы көйгөй жаралат. Ал эми айылдын жаштарынын, мектеп окуучуларынын сахналык чыгармачылык изденүүлөрүн ж. б. элге тартуулоо ишке ашпай келет, бул дагы чоң көйгөй, анткени кайсы бир жаш таланттын ачылуусун көрө албай калып жатабыз. Мына ушундай маселелерди чечүү үчүн чогулуп сүйлөшүү, маданиятты көтөрүү керектигине жаштардын, айыл элинин көздөрү жетти. Өсүп келе жаткан жаш муундардын туура тарбия алуусу үчүн, чындыгында, көпчүлүк айылдарда азыркы учурда спорт тармагына көңүл бөлүнүүдө. Жаштарыбыз да спортко кызыгып, ар кандай спорттук мелдештерди айыл-айыл болуп өткөрүшүүдө. Ушул эле спорт менен чектелбей, айылыбызга маданият үйүн да түптөшүбүз керек. Себеби айылдага жаштарыбыз, сакалдуу ата-энелерибиздин да өнөрлөрүн өнүктүрө албайбызбы деген ойдомун. Анткени өнүккөн заманда жашап жатканыбызда калет жок.

Айылдагы заманбап Маданият үйүн куруу үчүн ар бир айыл тургуну сырттан карап турбашы керек. Ар кимдин ою баалуу, “Кеңешип кескен бармак оорубайт” деп бекеринин айтылбаса керек, анын сыңарындай, мен да төмөндөгү ойду айткым келет.

Айылдын так ортосунда заңгыраган мектеп, бала бакча, дүкөн орун алган. Мына ушул мекемелердин жанында эски мектеп бар. Анын тегерегинде бийик өскөн кайың, карагайларды көрүүгө болот. Ошол эски мектептин ордуна маданият үйүн айыл тургундары менен, чет жакта иштеп жаткан ишкерлерибиздин жардамы менен тургузсак деген ойдомун. Унутта калып бара жаткан буюм тайымдарыбызды, материалдык баалуулуктарыбызды эл ичинен жыйнап, тарыхый музей бурчун да түзсөк болот.

Ошондой эле менин кыялымдагы маданият үйүнүн элеси төмөнкүдөй.

Эски мектептин жанындагы карагай, кайыңдардын алдында ээн бош орун бар. Мына ошол жерге ачык асман алдындагы жасалгасы менен сахна жасасак болот. Менин кыялымдагы сахна жарым боз үйдүн формасында болмок. Анын материалы таза экологиялык жыгачтан болуп, кыргыз улуттук оюм-чиймелери менен кооздолот. Баарына табигый түс берүүгө аракет кылат элем. Ушул ойдун ишке ашырылышына айылдагы уз, чебер кыз-келиндерди, усталарды тартууга болот. Анткени алар дагы айылдын көрктөнүүсүн, маданият багытында өсүүсүн каалашат. Тегерете заманбап көчмө орундуктар жайгаштырылат. Узак мөөнөт гүлдөөчү гүлдөр өстүрүлөт. Дизайнын түзүүдө айыл жаштары кол кабыш кылат эле. Асман алдындагы сахнанын айланасында түнкүсүн жарык берүүчү электр кубаты да коюлат. Сахнанын бир тарабында жаңы муундагы электрондук заманбап кинотеатр жайгаштырылса, ар кандай курактагы көрүүчүлөр үчүн кызмат кылат эле. Кечээ жакында эле болуп өткөн “Токио — 2020” олимпиадасына катышкан кыргыз спорт чеберлеринин оюндарын Ала-Тоо аянтында ачык асман алдында кошо жүргөндөй болуп көргөндөрү, күйөрмандык кылгандары абдан жакшы саамалык болду. Ушундай көрүнүштү мен да айылымдан көргүм келет.

Жаш бөбөктөр үчүн да чакан оюн аянтчаларын куруу маанилүү, анткени бөбөктөрдүн да ойноосу, эс алуусу маанилүү.

Айыл элинин, мен сыяктуу мугалимдердин оюнун ишке ашырылыша көмөктөшө турган административдик орган – айыл өкмөтү жана ошондой эле, айыл башчысы, айылдык кеңештин өкүлдөрү, ондук башчылары. Айыл эли бул кызматтагы адамдардын сөзүн, багытын жок дебейт.

Маданият үйүн куруу бир эле айыл элинин демилгеси менен бүтүп калбайт. Жеке колдоочу ишкерлер менен бирге мамлекеттик деңгээлде колдоо маанилүү. Анткени маданият үйүн андан ары өнүктүрүш керек, иштетүү керек. Атайын билги, кесипкөй адистердин кызмат кылуусу керек.

Мен кыялымдагы заманбап маданият үйүн жогоркудай элестеттим. Бала кезде айылдын ортосундагы ачык асман алдында чоң кампанын аппак акталган дубалында кино көргөндө кандай кубанган болсом, азыркы айлымдагы заманбап маданият үйүнө да жаш муундар ошондой кубанмак. Кандай мезгил, учур болбосун, бала жүрөгү ар дайым таза, аруу. Демек, бала үчүн, келечек муун үчүн татыктуу кызмат кылуу – ар бир жарандын милдети.


АТАГЕЛЬДИЕВА ЭЛЬВИРА КАЧКЫНБАЕВНА

Ысык-Көл облусундагы, Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы орто мектебинин мугалими.

Айылдагы заманбап Маданият үйү.

 План:

  1. Кириш сѳз
  2. Негизги бөлүк
  3. Корутунду

Кириш сөз 

             «Ааламга жол айылдан башталат» деген сѳздүн чындыгында эч калет жок. Анткени айылда чоңоюп өскөн балдар ошол жердин таза абасынан дем алып, тунук суусунан ичип, айран, сүт, каймак майын жеп, жайы-кышы көп кабаттуу үйлѳрдөн чыкпай телевизор, телефон тиктеп отурбастан тоого чыгып отун алып, таза абада ат минип, мал кайтарып ойноп ѳскөн балдарыбыздын жолу кантип ааламга кенен ачылбасын.

             Айтайын дегеним жогоруда санап ѳткөн кѳрүнүштөрдү толуктап, айылыбыздын кѳркүнө-кѳрк кошуп, келечек ээлерин ар тараптан өнүктүрүп, дүйнө таанымын кеңейтип, маданиятыбызды ѳнүктүрүүгѳ түркүк боло турган маданият үйүбүздүн курулуп ал тургай саналуу күндѳрдѳн кийин ишке киришкени жатканы мени чексиз кубандырды жана ушул дилбаянды жазуума дагы себепчи болду десем болот. Анда кеп учугун ѳзүм жашап, эмгектенип, эл катары жашоо сүртүмдөрүн ѳткөрүп жаткан айылым, алдыга умтулуп ойносо оюнга тойбой, окуса билимге тойбой турган окуучуларым жана бирге иштеп бир кемеде балдарыбыздын келечеги үчүн улам жаңылануунун үстүндө талыкпай эмгектенип жаткан кесиптештерим жѳнүндө баштайын.

 Айылыбыз Тасма Ысык-Кѳл областына караштуу Түп районунда орун алган. Айылыбыз деңиз деңгээлинен 170 метр бийиктикте жайгашкандыктан, «катаал шарттагы» аймактардын катарына кирет. Катаал шарттагы аймактардын катарын толуктасак дагы, айылыбызда заңгыраган эки кабаттуу баардык шарттары бар маданият үйүнүн курулуп жатканына айыл эли да чексиз кубанууда. Жөнѳкөй гана маданият үйү эмес өлкөбүздөгү, эң алдыңкы заманбап маданият үйү болушуна ишенүү менен өз салымдарын кошууда. Анткени заманыбыздын талабына ылайык бардык жерден эле заманбап саркеч кийимдер, заманбап ыкмада жасалган бюмдар, заманбап курулуштар деги койчу ушул сыяктуу сѳздөрдү кезиктирип келебиз. Ошол себептен биздин маданият үйүбүз дагы замандын талабына жооп берген, ар тараптан ѳнүккөн имарат болушун каалар элем. Мен сөз кылган маданият, маданият үйү деги эле маданияттуулук жѳнүндө кеп кылуудан мурда жооп издеп кѳрдүм. Маданият латынча – «тарбия», «тарбиялануу», көп учурда ѳзүн-өзү байытуу, ѳнүктүрүү деген маанини түшүндүрѳт. Маданиятсыз адамды кѳпчүлүктүн арасынан аныктоо эң оңой. Алар кѳп учурда сабатсыз сүйлөйт, бейтааныш адамга сен деп кайрылат, тамактануу адебин билбейт жана башка ушул сыяктуу белгилери байкалат. Адам баласы ѳз жашоосунда маданияттуулуктун көп кырдуу белгилерин байма-бай үй-бүлѳдө ата-эне, бакчада, мектепте мугалимдер балдарды тарбиялоодо колдонуп келишет. Кыргыз элибиз байыртан үрп-адат, каада салтты бекем сактаган, жан-дүйнѳсү кенен, меймандос калк болгондуктан биздин ички жана коомдук маданиятыбыз тээ байыртан калыптанып, сакталып муундан-муунга өтүп келүүдѳ. Ал эми мектеп программасынан кеп жана жазуунун маданиятын, тиричилик деги эле баланын ѳнүгүүсүнѳ таасир эткен, жакшы деп эсептелген нерселердин бардыгы окутулат. Алардын кээ бирлерине токтоло кетсем: фольклордук чыгармалар, адабий чыгармалар, кинемотографиялык чыгармалар кирет. Канчалык аракет кылбайлык балдарыбыздын аң-сезими, ал тургай кары жаш дебей бардыгыбыздын аң-сезимибизди маалыматтык технологиялар, уюлдук телефондор башкарып калганы мени ѳкүндүрдү. Ошондуктан балдарыбыздын түшүнүгү, дүйнѳгѳ болгон көз караштары уламдан-улам башка нукка бурулуп бараткандай. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагыдай өз тилин, дилин билбей, үрп- адат, каада- салтты, элдик оозеки чыгармаларды кой, кыргыз тилинде эки ооз сѳздү байланыштырып суйлѳй албай калган жаштарыбыз жок эмес. Алардын маңкуртка айланып баратканы мени убайымга салып, эчен кырлуу ойлордун тереңине чѳмүлттү. Маңкуртка айланган Жоламандын тагдырын сүрөттѳп жазган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир мезгилдеги «биз дүйнөнү өзгѳрттүк, дүйнѳ бизди өзгѳрттү» деп айтканында эч калет жок.

 Айтайын дегеним азыркы заманга жараша дебестен, коомго жараша кулк-мүнөзүбүз, бири-бирибизге болгон мамилебиз, дүйнөгѳ болгон көз карашыбыз ѳзгөрүүдѳ десем туура болор. Анткени, биз «заман бузулду…өзгѳрдү…» деген сыяктуу сөздѳрдү көп колдонуп күнөѳнү заманга коюп көнүп алганбыз. Заманыбыз өз ордунда эле турат, ал эми коом өзгѳрүүдѳ. Ар кайсы нерсени шылтоо кылбастан, адамдагы адамдыкты, маданияттуулукту сактаганда гана- биз адамдын жан дүйнѳсүндѳгү асылдуулукту, маданиятты сактап калган болобуз.

             Жогоруда айтып ѳткөндѳй, көптѳн бери жүрөгүмө катылып, убайымга салып, эчен кырлуу ойго чѳмүлүп, айтылчу кептердин учугу дал ошол маданиятыбыздын аксап турганында болду. Кептин тереңине сүңгүп, эчен кырлуу ойлордун кучагында болсом дагы кантип, кандай жол менен маданиятыбызды сактап кала алабыз, андан ары кантип ѳнүктүрүүгѳ болот? — деген сыяктуу суроолор жан дүйнѳмө тынчтык бербеди. Акыры маданият үйүбүздүн ачылып калышына өзүлѳрүнүн зор салымдарын, эмгегин кошкон инсандарыбыздын катарын мен дагы аз да болсо толуктагым келди.

Негизги бѳлүк 

             Маданият үйүбүз эки кабаттуу жана кенен болгондуктан, балдар үчүн ар кандай ийримдерди иштетүү үчүн бардык шарттар бар эле. Ар бир эл улуттук балдар адабиятына айрыкча маани берип келет. Анткени ал улуттун байлыгы. Ал аркылуу улуттун келечеги болгон жаш муундардын рухий дүйнѳсү калыптанат. Балдарыбыздын улуттук адабиятка, деги эле китеп окууга болгон кызыгуусунун жоктугу тынчсыздандырбай койбойт. Тынчсыздануунун себептери, жөнү да бар. Алардын биринчиси- республикабыздагы экономикалык каатчылыктан улам китеп чыгаруу кыйын болгондугу, экинчиси- дүйнѳлүк глобалдашуунун айынан балдар жана жаштар маалыматтык технологиялардын терс жактарына азгырылып, китеп окуу маданиятыбыздын төмѳндөгѳнү болуп отурат.

             Буга чейинки чар жайыт ойлорумду бир калыпка салып алуу максатында алгач ѳзүмдүн колуман келе турган, дараметим жете турган, балдарыбызды өнүктүрүп, келечеги үчүн пайдасын тийгизе турган иштерди тизмектеп кѳрдүм. Жогоруда айтып өткѳн негизги проблемабыз балдарыбыздын китеп окууга болгон кызыгуусунун жоктугунан улам, атайын окуучулардын китеп окуу кѳндүмдөрүн калыптандыруучу ыкмаларды үйрөтө турган окууларга барып, алардын ичинен «тез окуу» курсунан окуп келип, окуучуларды окута баштадым. Ошол себептенби, менин жүрѳгүмѳ жакыны балдардын китеп окуу маданияттуулугун өнүктүрүү жана маданий маалыматтуулугун жогорулатуу максатын кѳздөгөн ишти баштадым. Алгач балдар үчүн маданий маалыматтык борборун уюштуруу жагын карап кѳрдүм. Ал борбордун максаты: башталгыч класстардын окуучуларынан түзүлгөн топ балдар үчүн журналдарды, кызыктуу электрондук китептерди басып чыгаруу жана даталуу күндөргѳ арналган кызыктуу такталарды, ошондой эле электрондук баракчага балдар үчүн кызыктуу боло турган айылдагы, мектеп турмушундагы жаңылыктарды жарыялап туруу аны менен бирге балдарга китеп окуу маданиятын үйрөтүү эле. Ойлогон оюм оңунан чыгып, жетекчилер менин сунуштаган ишим менен таанышып, колдоп, жаңы курулган маданият үйүнѳн иш ордун камсыздап беришти. Андан аркы ишимди балдар үчүн маданий маалыматтык борбору үчүн керек болгон техникалык жабдууларды, каражаттарды табуу, колдоо кѳрсѳтѳ турган демѳѳрчүлөрдү издѳө менен уланды.

             Алгач жардам кѳрсөткѳндөр окуучуларымдын ата-энелери болду. Балдарынын келечеги үчүн кайдыгер карабаган ата-энелер бар болушсун демекчимин! Иштин жайын түшүнгѳн ата-энелерим өз ойлорун, эң жакшы пикирлерин, сунуштарын ортого салып, бизге эң керек болуп турган концелярдык каражаттар менен камсыз кылышты. Иштин андан ары улануусуна мектеп жетекчилиги жана кесиптештерим да кайдыгер карашкан жок. Колдорунан келген жардамдарын аябай жаңы идеялардын болушуна түрткү болду. Мектеп жетекчилиги кеңешип, баардык жабдыктары менен компьютер белек кылышты. Ишибиз кызуу уланып жатты. Окуучуларымдын кубанычтарын сөз менен жеткире алчудай эмесмин. Мени менен чогуу изденип, күнүгө эчен түрлүү өз ойлорун айтышып, бүгүн кандай иш кылабыз? Биздин кандай жардамыбыз керек? деген сыяктуу суроолорду берип жатышты.

             Ичтеринде кыпындай да кири жок, мотурайган бөбѳктөрүмдүн кыялдарын орундатууга мурдагыдан да көбүрѳөк аракеттене баштадым. Иш бѳлмөбүздүн тазалоо, жасалгалоо иштери кызуу жүрүп жаткан эле, айыл ѳкмөт башчысы Курманбек Жазыбаевич жана аны менен кошо келген кызматкерлер биздин борборго баш багышты. Ушундай жакшы ишти баштап, балдарыбыз үчүн маданий маалыматтык борборун уюштуруп жатканыбызга терең ыраазычылыктарын билдирүү менен дайыма колдоо көрсөтүп турушаарын билгизишти. Ошону менен бирге эле бардык жабдыктары бар эки компьютер, түстүү принтерлерди белек кылышты. Бизге колдоо көсөткѳн адамдардын ишеничтерин актаарыбызды билдирип, келген конокторду жылуу узаттык. Баштаган ишибиздин акыбети кайтып, жумуш ордубуз да даяр болуп калды. Андан ары окуучуларым менен бирге демөѳрчүлөрүбүзгѳ ыраазычылык билдирүүнү чечтик. Балдарым менен кеңешип, ойлорубузду ортого салдык. Алгачкылардан болуп ѳзү кичинекей болсо дагы өтѳ зээндүү окуучум Айдин сөз баштады:

— Эжей бизге жардам берген агай-эжейлерге, ата-энелерибизге жана Курманбек Жазыбаевичке ыраазычылык кат жазып жѳнөтсѳк болобу? –деди.

 — Албетте болот. Анткени бизде ыраазычылык каттарды жасоого баардык шарттарыбыз бар да, эң жакшы ой экен, Айдин, азаматсың! – дедим.

Айдинди утурлай дагы бир окуучум Нурэл сөзгѳ аралашты:

 — Эжей мен дагы борборубуздун ачылышында окуучулардын атынан ыр ырдап берсем болобу? Мен жакшы ырдайм го — деди. Окуучуларым менен бирге бир ооздон Нурелдин, Айдиндин сунуштарын колдодук жана борборубуздун ачылышы боло турган күнү даярдап, тапшырууну сүйлѳштүк.

Көптѳн күткөн күн да келди. Айылыбыздагы маданият үйүбүздүн ачылышына кѳптөгѳн коноктор чакырылды. Алардын катарын кыргыз республикасына эмгегин сиңирген артисти Гүлайым Каниметова жана КТРканын алдында уюшулган «Дѳөлѳт» студиясынын мыкты кызматкери Чынара Сопиева да келип толукташты. Алар маданият кызматкерлери болгондуктан, маданият үйүндө мектеп окуучуларынан түзүлгѳн театр ачылса эң жакшы боло турганын айтышты. Ал театрдан бөбѳктөр үчүн «куурчак театры», жогорку класстардын окуучулары үчүн өзүбүздүн жана дүйнѳлүк классикалык чыгармаларды ойносо, балдарыбыздын аң-сезимдеринин ѳнүгүшүнѳ, маданиятыбыздын өнүгүшүнө жол ачыларын айтышты. Эжекелердин айткандары жүрѳгүмдүн тереңинде ѳтө чоң таасир калтырды. Келечекте дагы ушундай театр түзсө боло турганына ишеним коюп, ал оюмдун ишке ашаарына да ниетимди койдум. Уюштурулган иш чара жогорку деңгээлде өтүп жатты. Кезек бизге да келип жетти. Келген коноктор биздин борборго да баш багышты. Маданий маалыматтык борбор айыл жергеси үчүн эң керек жана маанилүү экенин белгилөѳ менен бирге, ишибизге ийгиликтерди каалашты. Ал жактан биз балдар үчүн журналдарды, даталуу күндѳргө арналган такталарды жасап, видеороликтерди тартып, электрондук баракчабызга айылдагы балдар үчүн кызыктуу болгон жаңылыктарды жарыялоо жана интернет булактарынан ар кандай кызыктуу электрондук китептер, жаңылыктардан кабардар болуп турушаарын камсыздоо менен алектенерибизди окуучуларым менен бирге айтып бердим.

             Ошентип биздин ишибиз андан ары улана берди. Балдар үчүн алгачкы журналыбызды уюштурууга кириштик. Журналыбызды «Ааламга жол» деп атоону чечтик. Анткени бул сѳздүн мааниси өтѳ терең эле. Журналыбыз үчүн материалдарды, маалыматтарды окуучуларым менен биргеликте изденип, талдап жаза баштадык. Ата-энелерим, айыл тургундары тарабынан демѳөрчүлүк кылып берген кагаздарды, каражаттарды пайдаланып, кырк даана китепчелерди чыгарып даярдадык. Кеткен чыгымдарды эсептеп, баасын койдук. Андан соң журналыбыздын бет ачаары уюштурулуп, сатыкка коюлду. Алгачкы эмгек акыбызга журналыбыздын кийинки сандарын чыгарууга ар кандай каражаттарды алууга сарптадык. Балдарыма арнап таттуларды алууну да унуткан жокмун. «Ааламга жол айылдан башталат» — дегендей биздин журналыбыздын да келечеги кең болуп, ѳрүшүбүз өсүп, ѳнөт деген илгери үмүтүм зор.

Корутунду 

Айылыбызга эки жактан коноктор келсе, дароо жол боюнан орун алган эки кабаттуу занкайган маданият үйүбүзгѳ көз артышат. Канчалаган зор эмгектин аркасы менен курулган маданият үйүбүз менен ар дайым сыймыктанып келебиз. Кандай гана маданиятка байланышкан баалуулуктарыбыз болбосун, окуучулардын дүйнѳ таанымын кеңейтип, эли- жерин сүйүп, каада-салт, үрп-адаттарын кадырлап, мамиле жасоого багыт берет эмеспи. «Эл ичи ѳнѳр кенчи» деген жакшы кеп бар эмеспи, эмки сѳздү дал ошол ѳнөр баккан инсандарыбыз тууралуу кеп козгоюн.

 Улуу манасчы Саякбай Каралаев, тѳкмө акын Токтогул Сатылганов, эмгек сиңирген композитор Абдылас Молдобасанов сыяктуу атактуу инсандарыбызды атап кетпесек болбос. Мындан биздин уучубуз куру эмес калк экенибизди билсек болот. Кѳрсө эл ичинен чыккан аттуу-баштуу, ѳнөр баккан инсандарыбыз элге мурас катары ѳнөрлѳрүнүн бир үзүмүн калтырып кетет экен. «Ѳнѳрлүү адам көпкө таанылат, элге алынат» деген акылман ойлордун маанисин чечмелесек адам ѳнөрүнүн аркасы менен урмат-сыйга ээ болот. Ал эми өнөрүн пайдалана албаган адам жансыз суротко айланат. Ѳнөр бул – байлык. Ѳнѳрдүн арты менен сый урматка жетесиң. Ушундай баа жеткис баалуулуктарыбызды ѳзүбүзгѳ сыйдырып, келечек муундарга мурас катары жеткирүү биздин милдетибиз. Ошол маданият үйүндѳ тарбияланган балдарыбыз биз сыймыктанып келген улуу инсандардын жолун жолдоп, айылыбыздын атагын алыска таанытып, желегибизди желбиретип, жасаган эмгектеринин аркасы менен сый –урматка ээ болгон, уул –кыздардан болуп ѳсүшсүн, — демекчимин. Ал эми маданият үйүбүздүн келечеги кенен, эл керегине жараган мыкты инсандарды тарбиялап ѳстүргѳн, жогорку масштабдагы иш чаралар ѳтѳ турган жайлардан болушуна тилектештигимди билдирмекчимин!

 


ИСАКОВА НУРЖАН ШАМУРАТОВНА

Жалал-Абад облсусундагы Сузак районунун Кызыл Сенгир айылындагы №31 Ы. Чанаков атындагы орто мектебинин мугалими. 2019-жылдагы сынактын финалисти

Айылдагы заманбап маданият үйү

Кириш сөз:

Адамдын күндөлүк жашоосундагы материалдык, моралдык баалуулуктар жөнүндө кеп козгосок, алар эмнелер? — деген суроого келип кептелебиз. Санжарбек Данияров атындагы фонддун жыл сайын аткарып жаткан иштери айыл мугалимдери үчүнбү же жалпы кыргыз элинин өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымыбы? Ушул суроолор менен алышып жатып мен өз оюмду айткым келди.

Кыргыз эли ажайып кооздугу, элинин меймандос жөнөкөйлүгү, каада салты, үрп адаты, чыгаан баатырлары, калк кадырлаган көсөм калыс аксакалдары менен кылымдан кылымга жашап келе жатканы жалпы журтка маалым. Бирок, ушундай тарыхы бар элди түбөлүккө сактап урпактан урпакка өткөрүп берүү ар бирибиздин атуулдук милдетибиз.

Айылдагы жөнөкөй мугалимдин билими, тарбиясы, иш — аракети келечектеги “Кыргызстан” үчүн кандай мааниси бар? Ушул суроонун айланасында опол тоодой эмгек жасап жаткан Санжарбек Данияров атындагы фондго ыраазычылык билдиргим келет.

Менин баамымда, түшүнүгүмдө эң жогорку идеялар ар жылы берилип жаткан дилбаяндардын темасы ар түрдүү болгону менен максаты бир. Анда карап көрөлү быйылкы дилбаяндын темасы “Айылдагы заманбап маданият үйү.” Мында кыйыр түрдө караган адамга мугалимге кандай тиешеси бар, маданият үйүнүн өзүнүн статусу, кызматкерлери бар, ошолордун жумушу катары сезилет. Алар өз иштерин аткарып жатышат дейли, бирок жыйынтыгы кандай кеп ошондо.

Менин жан дүйнөмдү кайда болбоюн күнөстүү айылымдын турпаты коштоп журот. Айрыкча айыл жергесиндеги маданий иштердин алга жылышы, көрүлгөн шарттар аз да болсо жүрөктү жылытат. Мен дагы куру кыялым менен эмес жаш жеткинчектерге терең билим берүү менен чыныгы маңдай тер, мээнетим менен айылдын маданиятын көтөрүүгө өз салымымды кошкум келет.

Айыл маданиятын, руханий байлыгын көтөрүүдө, айыл жеринде социалдык объектилердин болушу абзел. Алсак, медпункт, китепкана, мектеп, бала бакча, маданият үйү, спорт аянтчасы, эс алуучу, көңүл ачуучу сейил бактары, тарыхый музейлер жана башка ушул сыяктуулар. “Жашоо адамга бир берилет, аны өкүнбөгөндөй жашап өтүү керек” дегендей бир гана иш менен алектенбей жогорудагылардын болушу келечек муундар үчүн көрүлгөн камкордук болмокчу.

Н.Г.Чернышевскийдин өз кезегинде: “Коомдо асыл адамдар бар экендигинен улам ал жашарып, көрктөнүп турат,” — деп эң сонун айтканы бар эмеспи. Ошондуктан, кыргыз элинде элдин келечегин ойлогон атуулдар көп болушун тилеп кетээр элем.

Ар жылы берилген дилбаяндар бири-бири менен максатташ берилип жатканы мени кубандырат. Мен 2019 – жылы жазган “Кызыктуу саякат” деген дилбаянымда айыл менен шаардын айырмачылыктарынын бири айыл жериндеги маданият үйлөрүнүн жоктугу деп жазган элем. Эмесе бүгүнкү дилбаянымдын максаты башынан болсун. 

Негизги бөлүк

Менин айылым, айтылуу Жалал–Абад курортунун жанында, бөксө тоолор менен курчалган бак дарактуу, эгин эгүүгө, мал багууга шарты бар эң кооз жеринен орун алган. Айылдын так ортосунда мен эмгектенген Ы.Чанаков атындагы №31 жалпы билим берүүчү мектеби, ага канатташ наристелердин “Достук” балдар бакчасы, айылдык медпункт, “Икрам ажы Стамкулов” атындагы спорт мектеби жана айылдын руханий маданиятын көтөрүү максатында салынган “Касымбек Маканбаев” атындагы маданият үйү орун алган.

Мен өз айылымдын жашоо шарты, маданияты, эли менен сыймыктана алам. Анткени, биздин айылдан илимпоздор, врачтар, агартуу майданынын алдыңкы адамдары, депутаттар жана маданияттын мыкты кызматкерлери чыгышкан. Ар бир инсан материалдык муктаждык үчүн эмес, руханий муктаждыгын да кошо алып жүрсө бул жашоонун ырахатын сезе алат эле. Айткан себебим биз руханий байлыкты кийинки орунга коюп көп жаңылыштык кетиребиз. Ошондуктан, айыл жериндеги маданият үйлөрүнүн иштеши, бул ошол айылга эбегейсиз байлыкты тартуулайт. Анткени, маданият үйлөрүндө бардык шарттары менен ийримдер өтүп турса бул ар бир кыргыз эли үчүн көрүлгөн камкордуктун бири болмок.

Ушул кезде ар бир айылда маданият үйлөрү барбы? Алардын аткарган иши кандай?. Айылдыктарга жардамын берип жатабы жана кандай максатта деген ой ар бирибиздин жан дүйнөбуздө жашап келет. Алсак, азыркы күндөгү биздин айылдык маданият үйүнүн аткарган кызматы, жалпы жыйындар, борбордон барган маданият кызматкерлеринин концерти болот жана мамлекеттик иш чаралар өткөрүлөт. Ошону менен бирге ар жыл сайын мектептин бүтүрүүчү класстары жаңы жылдык майрамдык программасын тартуулашат. Ошентип, азыркы күндө биздин айылдын маданият үйүнүн абалы ушундай. Айыл жеринде өнөрлүү адамдар жашап, эмгектенишет. Алсак алардын арасында санжырачы,ырчы, чоорчу, бийчилер, калың элди каткырта күлдүргөн куудулдар, сөздү тандап, талдап сүйлөгөн чечендер, кол ойноткон комузчу, дастанчылар, дегеле кыргыздын нукура жөнөкөй адамдары жашашат. Мына ушундай асыл адамдардын башын бириктирип, кыргызды дүйнө элине таанытууга эмне үчүн болбосун. Албетте болот, ал үчүн маданият жайларын жандандырууну колго алуу керек. Өкмөт тарабынан бир аз көңүл бурулганы менен жетишсиз. Бул ишти айыл тургундары колго алып жалпы мамлекеттик деңгээлде алып чыгуусу зарыл. Ал үчүн айыл жериндеги бизге окшогон мугалимдер демилгени колго алып ишти баштасак оң натыйжасын бермек.

Биз мугалимдер кандай жардам бере алабыз?… Мен өткөн жылы пандемия шартында онлайн сабак өтүп жатып көптөгөн кызыктуу окуяларга дуушар болдум. Ата – энелер балдары менен бирге тапшырма даярдап жатышып, өздөрүнүн ачылбаган өнөр таланттарын көрсөтө алышты. Алар балдары менен сабак даярдоо учурунда бири математик, бири тилчи, дастанчы болуп чыга келишти. Адабий окуу сабагынан Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата өткөрүлгөн иш чара менин ата – энелеримдин чыныгы жүзүн, таланттарын ачып бере алды. Биздин кече “Ч.Айтматов үй–бүлөлүк театрда” – деген аталышта өткөрүлдү. Ар бир окуучуга жазуучунун чыгармаларынан үзүндү аткарып, каармандардын ойлорун терең чагылдыруу тапшырмасы берилген. Ата – энелер өздөрүнө жаккан теманы тандап сахналаштырып, ролдорду эң жогорку деңгээлде аткарып жөнөтө алышты. Мындан мен ата–энелердин өз алдынча ой жүгүртүп бала менен иштөөсү эң жакшы ийгилик жаратарына толук ынандым. Алсак, Жер эне менен Толгонайдын монологун апасы менен кызы, Майсалбектин согушка баратканын чоң эне менен небереси, “Бугу эне”, “Эрте келген турналарды” болсо дээрлик бир үй бүлө толугу менен жеткире аткара алган.

Көрсөң, ар бир каармандын образын, кийимдерин туура тандап кадимки сахнада көргөндөй болосуң. Мына ошондон кийин менде эмне үчүн айылда маданият үйлөрүндө үй–бүлөлүк театрларды ачып иштетсе болбосун деген ой жашап калды. Себеби өздөрү аткарган ролдун тарбиялык мааниси турмушта көп таасири тиери чындык. Адам качан гана өз башынан өткөрбөй, сезип туйбаса көп нерсени биле бербеси турган иш. Анткени азыркы күндө айылдагы маданият үйлөрүндө ушул маселелерди колго алып жандандырууга болбосун. Айылдагы үй–бүлөлүк театр, ансамбль, кол өнөрчүлүк сыяктуу топторду ачып, кайра элге тартууласа эң жакшы болоор эле. Мына ушул иш чараларды маданият кызматкерлери колго алуусу зарыл. Азыркы пандемия шартында уюштуруу иштерине тоскоолдуктар жаралууда, бирок бул убактынча. Биз мугалимдер да бул ишке өз салымыбызды кошуп, биргеликте иш алып барсак жакшы ийгиликтер жаралат.

Мен дагы бир нерсеге ишендим. Адамдын жан дүйнөсү тазарып, дүйнөгө болгон көз карашы өзгөрүлмөйүнчө, биздин жашоо шартыбыз оңолбой, баягы эле көр тиричилик, куру намыс жана дүнүйө мүлк жыйноо менен бул өмүрдү өткөрүп жиберерибиз чындык. Адамдын жан дүйнөсү моралдык, материалдык, руханий байлыктар менен айкалышып турганда гана бул жашоонун рахатын сезе алат.

Менин сөзүм, кыялым куру болбос үчүн окуучуларымды айылдык маданият үйүнө саякатка алып бардым. Айылдын көркүн ачып турган “Касымбек Маканбаев” атындагы маданият үйү айыл өкмөттөгү жападан жалгыз коомдук жай. Бул жайды айылдыктар “биздин клуб” деп аташчу. Борбордон келген “артисттер” келди дегенде кошуна айылдын тургундары жабылып келип клубка батпай калчу. Ал убак биздин бала кезде көп болоор эле. Мына ошолордун таасиринен улам Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу Арзыбек Бедияров, маданияттын мыкты кызматкерлери манасчы Алимбай Маатов, белгилүү куудул Тынар Курбаналиев азыркы учурда республикалык, областтык филармонияда иштеп жатышкан Феруза Стамкулова, Айдай Стамкулова, Гульнара Өмүрзакова, Базарбай Мадоморов өңдүү таланттар чыккан. Ал эми маданият үйүнүн наамын алып жүргөн Касымбек Маканбаев аккордеондо кол ойнотуп ырга шыктуу жана билимге умтулуп физика илими боюнча кандидаттык диссертация жактаган. Азыркы күндө да айылда таланттардын саны арбын.

Ошентип, биз баян кылган “клубка” да келдик. Окуучулар демейдегиден шаңдуу, көңүлдөрү ачык. Айылдагы маданият үйүн күндө көрүшкөнү менен ал жер жөнүндө түшүнүктөрү жок эле. Маданият үйүнүн ичи кенен, каз катар тизилген отургучтар жана төрдө көшөгөлүү сахна орун алган. Балдардын сезимине ушул көрүнүш да зор таасир калтырды. Алар өздөрүн көрүүчү да сахнадагы аткаруучу да катары сезе алышты. Мен алардын аң сезимине таасир этүү үчүн өздөрү жаттаган ыр, декламация, бийлерден сахнада аткартып, окуучуларга кол чаптырып жагымдуу маанай тартуулоого аракет жасадым. Бул менин кыялымдагы эң алгачкы көрүнүш болду. Бул иш чараны аткарууга мага дилбаяндын темасы, идеясы таасир этти.

Корутунду

Биз саякат учурунда маданият үйүнүн тарыхы, аткарылып жаткан иштери жөнүндө кеңири маалымат алдык. Ошентип, окуучуларга айылдагы маданият үйү жөнүндө “Мен сүйгөн жай” деген темада үйдөн дил баян жазууну тапшырма бердим. Дил баяндын максаты: “Сен маданият үйүндө эмнелер болушун каалайсын?” деген суроону өз ичине камтыды. Менин окуучуларым ата–энелери менен бирдикте бул тапшырманы аткарышты. Ата – энелер өздөрүнүн түмөндөгөн ойлорун балдары аркылуу мага жеткире алышты. Ар бир инсандын жүрөгүндө, аруу сезим, асыл ойлор болоорун мен дилбаян аркылуу түшүндүм.

Сиздерге кээ бир окуучулардын ойлорун ортого сала кетейин Салиха Азимжанова мындай деп жазат; “Эгерде маданият үйүндө китепкана, окуу залы болсо, мен эң кызыктуу китептерден таап окуур элем”. Ал эми Эмир Токтосунов; “Мен комуз ийримине катышып, атам экөөбүз сахнада ырдасак кандай сонун болмок!” Көрдүнүздөрбү окуучулардын тилектери кандай жакшы. Чындыгында айылда кыргыздын тарыхый энцклопедиясы жатат. Аны ачып берүү, турмушта пайдалануу, ар бирибиздин милдетибиз деп билемин. Анткени тарыхый окуяларды, санжыраларды билген адамдар күндөн–күнгө арабыздан азайып барууда. Кыргыздын байлыгы менен бирге маданий мурастарын да сактап калышыбыз керек.

Жалпылап айтканда , айылдагы маданият үйү айыл тургундарынын сүйгөн жайына айланууга тийиш. Эгерде маданият үйүндөгү ийримдер кагаз жүзүндө гана калбастан иш жүзүндө аткарылса!. Алсак айылдагы өнөргө шыктуу адамдарды маданият үйүнө тартып алардын өнөрүн элге тартууласак. Ар кандай оюн–зоок кечелерин уюштуруп элдин маданиятын жогорулатып руханий байлыгын байытуу менен ар бир жаран үчүн кам көрө билсек. Мектеп мугалимдери окуучуларынын класстан тышкары сабактарында уюшулган иш чараларын айыл тургундарына тартууласак, келечектеги өнөр адамдарына жол ачмакпыз. Айылдагы маданият үйүндө ар кандай ийримдер толук иштешин биз мугалимдер талап кылуу менен окуучулардын таланттарын ачууга көмөк берүүбүз керек. Олтуруп коюп ойлонуп, кыялданып жазып коюуга болот, бирок аны ишке ашыруу үчүн көптөгөн иштерди аткаруу керек. Баарыбыз бириксек, ойлорду бириктирсек баары ишке ашат.

Чоң иш майдадан башталаары баарыбызга белгилүү, андыктан келгиле жөнөкөй айылдык мугалимдер ушул маселени колго алып өз салымыбызды кошолу. Эл менен бирге болсок биздин жаштардын келечеги жаркын болооруна толук ишеним бар. Мен да өзүмдүн салымымды кошуу максатында пандемиянын шарттары жоюлса толук кандуу жашоо образы башталса өз кыялымдагы “Үй–бүлөөлүк театрды” ачуу максатым бар. Азыркы учурда өз классым менен кызыктуу китептерди окуп, андагы каармандар менен сүйлөшүп, өз ара талкууларды жүргүзүп жатабыз. Ошону менен бирге кыргыздын чыгаан акындарынын туулган жер, мекен, эне, жөнүндөгү ырларын көркөм окуп даярдануудабыз. Класстагы окуучуларыбыз “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү жаттоодо. Бул иштерди ишке ашырууда мен ата–энелерди да биргеликте иш алып барууга чакырып, балдардын келечегине кенен жол ачууга түрткү болоорубузга ишеничим бар. Ар бир иштин ийгилиги өз жемишин берери чындык.


ТУРГАНБАЕВА ГУЛҮМКАН АБЫТАЛЫПОВНА

Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылындагы “Ой-Терскен” орто мектебинин мугалими. 2017, 2018, 2019, 2020-жылдардагы сынактарын катышуучусу

Айылдагы заманбап маданият үйү

 План:

  • Алгы сөз
  • Өзөк сөз
  • Жыйынтык сөз

Мен таңы күлүп аткан, күүгүмү күмүш чачкан, токоюн кийик, түлкү аралаган, тоосунда бүркүт уялаган, мал киндиктүү Ат-Башы өрөөнүндөгү Ача-Кайыңды айылынын кызы да, келини да болом.

Эңсеген кесипке ээ болуп, “атама, апама окшош айылыма” кайттым. Нечендеген бүтүрүүчүлөрдүн алтын уясы болгон уюткулуу Ой-Терскен орто мектебине башталгыч класстын мугалими болуп орноштум. Менин татаал да, түмөн түйшүктүү да, кызыктуу да мугалимдик жашоом ушинтип башталды.

Айылыбыз райондун борборуна жакын, түз жерде жайгашкандыктан, бийик жерден дүрбү менен же жөн деле карасаңыз алаканга салгандай даана көрүнөт.

Тигине үч кабаттуу заңкайган мектеп, тигине спорт үйү, тигине мечит, тигине дүпүйгөн бактуу, эки кабат айыл өкмөтүнүн имараты! Кызык, кана баягы айылдын чок ортосундагы чоң айылдык клуб? Кайда баягы сахнада ачылып-жабылып турган кыпкызыл көшөгө? Кайда баягы зал толтура отургучтар, аппак пардалар, жылыткычтар?

Эсимде, 1-классты бүтүрүп, эс алууга тараардын алдында 10-класстын (азыр 11-класс) бүтүрүүчүлөрү менен 1-классты бүткөн окуучулардын эсинде калчу “Акыркы коңгуроо” деген салтанат мектептеги чоң традиция болчу. Ошондо менин биринчи мугалимим СССРдин эл агартуусунун отличниги Энтериев Жумабай агай биздин классты тизип, өзү алдыга баштап, айылдык клубдун чоң имаратына алып келип киргизген. Ичи кенен, сахнасы бийик, көрүүчүлөр отурчу отургучтар жаңы, таза, укмуштуудай сонун көрүнгөн эле. Ошондо мыкты окуучу катары агайым мени сахнага жетелеп чыгып, сөз сүйлөткөнү, залда отурган жык-жыйма эл, мени тиктеген көздөр, апамдын толкунданган көз жашы али да күнү бүгүнкүдөй эсимде. Маданият үйүндө апта сайын чоңдор жана балдар үчүн тасмалар көрсөтүлүп, концерттик топтор, жергиликтүү вокалдык ансамбль жандуу үн менен ырдап, ар кандай ийримдер иштеп турчу. Айылдын дээрлик бардык тургундары ар бир майрамда клубга чогулушчу. Бардык иш-чаралар шаңдуу, берекелүү өтчү.

Айтылуу союз тарап, Крыловдун тамсилиндегидей ар ким арабасын каалаган багытка сүйрөй баштады. Мунун оң да, терс да жагы болду. Мына ошол терс жагынын жаасы дал биздин айылдык клубдун чокусуна сайылган экен.

Бир күну карасаң чатыры жок, дагы бир өтүп баратсам дубалдары тыптыйпыл. Ал эми ичиндеги эмеректер, буюм-тайымдарды айтпасам да түшүнүктүү. Мунун баарына ким күнөөлүү, ким колдуу болду, кимдер жол берген деген суроолорго айыл эли али да жооп таппай келет. Төгүлгөн сүт кайра идишке куюлбайт дегендей, өткөн өттү, эми келечек үчүн кам көрүшүбүз керек.

Туура, айылым күн санап өсүп, көрктөнүп, жашоо шарттары оңолууда десем жаңылышпайм. Мени так ушул биз козгоп жаткан маселе, заманбап маданият үйү кызыктырып, тынчсыздандырып жүргөн десем ишенимдүү болбос.

Бирок мектепте жанаша салынган айыл өкмөтүнүн имаратынын алдында союз учурунда түйшүгү түмөн малчылыкта эмгектенип, 100 койдон 200дон козу алынып, тонналаган жүндөрдү тапшырышып, мамлекеттин казынасына чоң киреше беришкен Социалисттик Эмгектин Баатырлары Курманбек Жумабековдун (көзү өтүп кеткен), Орозакун Мамбетакуновдун (көзү тирүү) айкелдери турат. Андан арыраак бассаңыз, бир убакта так эле жогорудагы экөөндөй чабандык кесипти аркалап, тер төгө эмгектенип, СССРдин жогорку советине депутат болгон Уулкелди Абдылдаканованын үйүн көрөсүз. Бул апага бала-чакасы кез-кезде куран окутуп турганы болбосо, эч кимдин эсинде жок. Физика-математика илимдеринин доктору, 20 илимий эмгектин автору раматылык таякем Кенжебаев Шаршенди кийинки жаш муундар биле бербейт. СССРдин эл агартуусунун отличниги, менин биринчи мугалимим Жумабай агайды учурунда республиканын ар бир мугалими билчү.

Атагы атпай кыргыз журту эле эмес, тигил жагы Алтай, бул жагы калдайган казак, өзбек, түркмөн элине аттын кашкасындай таанымал курч сатирик, чыгаан журналист, публицист, кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев агабызды кимдер билбейт. Же жаш болсо да, чоң таланты бар, коңур, мукам үндүү Токтобек Асаналиев – кыргызмын дегендер сыйлаган ырчы. Айтып отурсак, айылыбыздан чыккан чыгаан, кыргыз элине сыйы бар, артында калчу изи бар, тарыхый инсандарыбыз четтен саналат.

Анда кандай кылалы? Же өмүр бою эл үчүн тер төгүп эмгек кылгандарды эстебей, бүгүнкү чыгаандарыбызга сый көрсөтпөй, аларды кийинки муундардын эсинде калгыдай бир маанилүү идея көтөрбөй, сен мага тийбе, мен сага тийбейм деп, жеп-ичкенибизге ыраазы болуп жүрө беребизби? Бул маселени чечүүнүн убакыт-сааты келди окшойт.

Ушул республикалык мугалимдердин педагогикалык ааламындагы чыгармачылыгын өнуктурүү максатында жүргүзүлгон “Биринчи мугалим” кароо сынагына катышып жүргөнүмө көп жыл болду. Мени кубандырганы “Биринчи мугалим-2021” кароо сынагынын “Айылдагы заманбап маданият үйү” деген темасы менин айылымдын көңүл чордонундагы маселенин дал үстүнөн чыккандыгы. Бул тема мага ойлонууга, аракет жасоого шык, түрткү берди окшойт.

Ооба, дил баяндын темасы менен таанышкандан кийин көпкө ойлондум. Бул көйгөйдү кантип чечүү керек? Маданият үйүн кимдер кура алат? Өкмөттүн казынасынан куруп береби? Айыл элинин муктаждыктарын чече тургандар барбы? Уюмдарга долбоор жазуу керекпи? Долбоор жазардын алдында демөөрчү табуу керек да. Мына ушундай суроолорго жооп табуу абдан чоң маселе, көйгөй болду.

Ошентип, классташым Сариев Аликбайга телефон менен байланыштым. Ал мектепте окуп жүргөндө эле тарбиясы бар, токтоо, бардык нерсеге олуттуу мамиле жасаган алдыңкы окуучу эле. Классыбыздагы орчундуу маселени ансыз чече алчу эмеспиз. Азыр дагы айылыбыздын сыймыктанчу уулдарынын бири.

Экөөбүз ушул маселени көпкө талкууладык. Акырында мындай чечимге келдик. Ошол жылы 10-классты үч класс бүткөнбүз. Үч класстын эркек балдарына кайрылып, кеңешүүгө чакырдык. Албетте, бизди колдошту. Классташым алардан сырткары чет өлкөдө жана өз жерлерибизде иштеп жүргөн айылыбыздын эр-азаматтары менен байланышты. Алардын ичинен Америкада эмгектенип, айылыбызга көптөгөн чоң жардамдарды берип келе жаткан Эсенгелдиев Кайрат, бизди колдой тургандыгын айтып, суйүнттү.

Айылдын так ортосундагы мурунку клубдун ордун суроо үчүн айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин депутаттарына кайрылып, макулдук сурадык. Долбоор менен тааныштырып, маданият үйүн курууга сарпталуучу эсептин башын биз ачарыбызды билдирдик. Жергиликтүү бюджеттен да каржылоо бөлүнүүсүн сунуштадык. Азыркы шайланган айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбетиминов Адилет жаш, ишке ынтызар, демилгелүү жаштардын бири. Бул идеяны ишке ашырганга бардык жактан колдоо көрсөтүүгө, долбоор жазууга, айыл элинин колдоосуна чакырык жасоого убадасын берди. Эми аракет гана жасашыбыз керек.

Бул маселе тез эле айыл элине жетти, угулду. Кээ бирөө эң сонун десе, кээ бирөө ишене бербейт, кээ бирөө койчу деп кол шилтейт. Бирок колдон келген жардамды беребиз дегендер абдан көп. Кудай буюрса, бул иш жаз алды менен башталарына көзүм жетип калды.

Азыр баягыдай залкар артисттер келип концерт койгон учурлар алыстагы арман болуп калган. Атактуу маданият адамдарын эл көрүүгө зар. Балдар үчүн тарбиялык мааниси бар кинолор, куурчак театры жөнүндө айтпай эле коелу. Эгер ушул идеябыз орундалып, биз даярдаган долбоор (проект) ишке ашып, заманбап маданият үйү курулуп калса, эң ириде жогоруда атын атаган инсандар үчүн, эрдиктери эгерим элдин эсинен эч качан өчпөгөн согушка катышкандар үчүн бир бөлмө берилип, ошол адамдардын эмгегин, эрдигин тастыктаган документтер, сүрөттөр, буюмдар менен жасалгаланат эле. ”Эл ичи-өнөр кенчи” дегендей, айылыбыздагы колунан көөрү төгүлгөн уста, уздарыбыз, таланттуулар үчүн дагы бир бөлмө бөлүнсө жаман болбос эле. Айылдын эли жана мектеп окуучулары үчун ыңгайлуу шартта чоң китепкана жайгашса, комуз, аккордеон, ыр, бий жана башка ийримдер үчүн бөлмөлөр берилсе, өнөрлөрү өркүндөп, айыл жаштары иш менен да камсыз болушат. Анан, албетте, бардык коомдук иш-чаралар, жыйындар, коомдук угуулар, концерттер, кинолор боло турган жаркыраган, жылуу, заманбап кенен зал болуусу турган иш.

Мектептин иш планында экскурсия, чөлкөм таануу деген жакшы иш-чаралар бар. Окуучулар маданият үйүнө келип, ата-бабадан калган мурастарды, тарыхый инсандарды таанып, бүгүнкү күндө кимдер менен сыймыктанса боло тургандыгын аңдап, билишет. Мектептин жыйын залы болбогондуктан, окуучулар ар кандай иш-чараларды, жалпы ата-энелер чогулушун өтүүсүнө да шарт түзүлөт. Ал эми “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүү үчун, табылгыс жай боло тургандыгы анык. Анткени аптаптуу 25-май күнү салтанаттын катышуучулары (ата-энелер, 10 жылдык, 20 жылдык, 30 жылдык бүтүрүучүлөр, 1-11-класстар ж. б. ) мектептин бак короосунда үч-төрт саат тикесинен туруп, чарчап, көңүлдөрү чөккөнү байкалат. Биз эңсеген маданият үйү салынып, тилегибиз ишке ашса, салтанаттуу аземибиз жаркыраган, ыңгайлуу жайда өтсө, кандай сонун болор эле. Маданият үйүн куруу иши башталып эле кетсинчи.

Айылдагы заманбап маданият үйү эң ыңгайлуу жерде жайгашкан. Айылдын дал ортосунда, артында футбол аянтчасы, андан ары спорт залы бар. Алды жагынын сол тарабында бий аянтчасы курулган. Ал эми маңдайында 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн демилгеси менен жаңыланып, жашылдандырылган, жасалгаланган эс алуу жайы (парк) орун алган.

Күн чайыттай ачык. Эки кабаттуу заманбап маданият үйүн алыстан караганда эле шаңга бөлөнүп, ого бетер айылдын көркүн чыгарып турду.

Зал толтура айылдын эли. Сахнанын оң жагында ак калпагын кайкалата кийип, уурту жайылган Шайлообек агабыз отурат. Сахнада “Шайлообек Дүйшеев -75 жаш” деген жасалгалуу жазуу бажыраят. Салтанаттуу кече “Шайлообек Дүйшеев атабызга таазим” деген аталыштагы 3-класстын (менин классымдын) окуучуларынын атынан куттуктоосу менен башталды. Агайдын ырларын көркөм окуп, ыр-бийлерин тартуулашты. Агайыбыз: “Мен силердей кезимде бир да оюнчугум жок эле, бирок ойной турган оюнум аябай көп эле”, — деп балдарга каалоо-тилегин айтып, калем сабын белек кылды.

“Атама, апама окшош айылымсың” деген ыр саптары мукам үндүү Токтобек Асаналиевдин аткаруусунда жаңырып, сыбызгып чыгып, бүт айылга угулуп жатты. Бүгүнкү салтанаттуу кечебиз андан ары уланып, жогорку деңгээлде өтүп, элеттиктерге эргүү берип, дем-күч тартуулады.

Мына, кычырыган кыш, айлана кооз, керемет! Жыл аяктап, жаңы жылыбыз босогобузда турат. Келе жаткан 2022-жылыбыз ден соолуктун, берекенин, токчулуктун, өсүп-өнүгүүнүн жылы болсо экен. Билим берүү тармагында алгылыктуу иштер жүрүп, окуучуларга жана бизге окшогон көп түйшүктүү ишти аркалаган мугалимдерге дем күч жана ийгилик берсин деп тилейм.

Мен “Айылдагы заманбап маданият үйү” темасындагы дил баянымды аяктап жатып, “Жакшы тилек-жарым ырыс” дегендей, келечекте айылыбызга заманбап маданият үйү курулуп, айылыбыздын эли, жаш жеткинчектер, анын ичинен аруу тилек кенже класстын окуучулары үчүн чоң жетишкендик болор эле. Биз эгер эң баалуу болгон ата-бабалардын мурасын, маданиятын, жан дүйнөбүздүн байлыгын сактап, муундан–муунга, улам кийинки урпактарга узатсак, келечегибиз кенен болорунда шек жок.

Айылымдагы маданият үйүнө карата ой толгоолорумда айтылгандай, кооз, керемет жаратылышыбыз, алмустактан бери мурас кылып сактап келген тарыхый инсандарыбыз, каада-салтыбыз, үрп-адатыбыз, окумуштуу агаларыбыз, баатыр аталарыбыз, өнөрлүү, таланттуу элибиз, билимдүү, акылдуу, ыймандуу окуучуларыбыз менен сыймыктанып келебиз.

     Сыймыктанып гана тим болбой, келечек муунга үлгү болуу, мыкты тарбия берүү, аларды ааламга кете турчу жолго багыттап, максаттарына жетүүгө шык берүү- баарыбыздын, өзгөчө, эл агартуучуларынын милдети. Мен да ушул изги тилегимден жанбай, мугалимдиктин мыкты бир өрнөгүн көрсөтсөм экен деп, аракет кылып келем. Буюрса, долбоорду ишке ашырып, коомдун өнүгүшүнө, өсүшүнө өз үлүшүбүздү кошо алабыз деп үмүттөнүп, баянымды жыйынтыктайын. Ар бир жакшы ой, аруу тилек ишке ашат деп ишенем.


 


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *