СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ”- 2021 СЫНАГЫНЫН БИРИНЧИ ТУРУНДА КИМ ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ?

2021-жылдагы сынактын биринчи туру аяктады. Ооба, 2021, мен датасы менен жаңылган эмесмин. Жөн гана пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам биздин сынактын мөөнөтү бузулду, бирок биз улантабыз – баары өз нугунда! Эми 1-турдун жыйынтыгын билүүгө мезгил жетти. Сынактын экинчи турунда баш сыйлык үчүн кимдер таймашка чыгышат жана катышуучулардын арасынан кимдер күйөрмандар жана байкоочулардын катарына кошулат?

Эскерте кетсем, экинчи турдун биринчи орунду ээлеген мугалим эки сыйлыкка эгедер болот: Санжарбек Данияровдун Фондунун баш сыйлыгы – Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат жана Фонддун атайын сыйлыгы – классындагы окуучулары менен бирге эс алуу күндөрү Бишкекке маданий-маалымат арттыруучу экскурсия. Бул Атайын сыйлык менен ошондой эле 2- жана 3-орунду ээлеген мугалимдер сыйланышат.


Бул  жылы сынакка баардыгы болуп 100 дилбаян келип түштү. Ал дилбаяндарды плагиатка жана 2021-жылдагы СЫНАКТЫН ЖОБОСУНУН шартына шайкештигин текшергенден кийин, мелдешке катышууга 66 дилбаян кабыл алынган.

2020-жылдагы сынактын биринчи турунун катышуучуларынын пикирлери боюнча дилбаяндын “АЙЫЛДАГЫ ЗАМАНБАП МАДАНИЯТ ҮЙҮ” деп аталган темасы баардыгына аябай жаккан. Көпчүлүк дароо эле өз айылында Маданият үйүнүн тагдыры жана ролу жөнүндө ойлонушту.

66 дилбаянды текшерүүгө калыстар тобунун 11 мүчөсү катышты, алардын баары билим берүү тармагынын эксперттери, ал эми төртөө – “Биринчи мугалим” сынагынын мурунку жылдардагы жеңүүчүлөрү. ”. Биздин калыстар тобу жөнүндө бул жерден окуй аласыз:  КАЛЫСТАР — СЫНАКТЫН ЖҮЗҮ.

Адаттагыдай эле, калыстар тобунун мүчөлөрү дилбаяндарды жашыруун түрдө алышып, катышуучулардын аты-жөнүн, даректерин жана иштеген жерлерин билишкен жок. Ар бир дилбаянды калыстар тобунун 7 мүчөсү 5 баллдык система менен 6 критерий боюнча баалашты. Натыйжада катышуучу алган эң жогорку баа 210 баллды (б.а. 7 х 5 х 6 = 210 балл) түздү.

Бул жылы биздин сынакта мүмкүн болуучу 210 баллдын ичинен, эң жогоркусу – 195 балл болду. Сынактын шарттарына ылайык, эң жогору балл алган 6 катышуучу финалга чыгууга тийиш эле, бирок ир нече катышуучу бирдей балл алгандыктан, финалга 189дан 195 баллга чейин балл алган 8 адам чыкты.

Жалпысынан упайлардын жайылышы анчалык деле чоң болгон жок деп айтуу керек, ошондуктан финалисттер менен финалга өтпөй калгандардын ортосундагы аралык анчалык деле чоң эмес.

Бир нече сюрприз:

  • Бир нече катышуучулардын упайлары бирдей болгон
  • Биздин сынакка 4 финалист буга чейин 1ден 5 жолу катышкан!
  • Бир финалист буга чейин 2019-ж финалга чыккан
  • Эки финалист бир мектептин мугалимдери. Алар Ысык-Көл облусундагы, Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы орто мектебинин мугалимдери.

Эми сынактын биринчи турунун финалисттери менен тааныштырабыз


1 орун: 195 упай

     ЖАНЫБАЕВА ГҮЛАЙЫМ КАРЫПБЕКОВНА, 
     Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Атай айылдагы №5 Барктабас атындагы орто мектебинин мугалими

2 – 3 орун 193 упай 
(Алфавит тартибинде)

      АШЫМОВА ЖАЗГҮЛ НУРМАМЕТОВНА,
      Ош облусундагы, Кара-Кулжа районунун, Токбай-Талаа айылдагы Беделбай Исаев атындагы  орто мектебинин мугалими

      ЭСЕНГЕЛДИЕВА ЭЛЗАТ ЖУМАКАДЫРОВНА
      Ысык-Көл облусундагы, Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы орто мектебинин мугалими. 2020-жылдын сынагынын катышуучусу

4-5 орун 191 упай 
(Алфавит тартибинде)

      ЖОРОБЕКОВА ГУЛЗАДА ЭСЕНБАЕВНА, 
      Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Кадыралы айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин мугалими           

     УБАЙДЫЛДАЕВА АСЕЛЬ УРКАЛЫКОВНА, 
     Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы Үтүр Калиев атындагы орто мектебинин мугалими. 2017, 2018, 2020-жылдардагы сынактарын катышуучусу

6-7-8 орун. 189 упай
(Алфавит тартибинде)

      АТАГЕЛЬДИЕВА ЭЛЬВИРА КАЧКЫНБЕКОВНА, 
      Ысык-Көл облусундагы, Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы орто мектебинин мугалими.

      ИСАКОВА НУРЖАН ШАМУРАТОВНА, 
      Жалал-Абад облсусундагы Сузак районунун Кызыл Сенгир айылындагы №31 Ы. Чанаков атындагы орто мектебинин мугалими. 2019-жылдагы сынактын финалисти

     ТУРГАНБАЕВА ГҮЛҮМКАН АБЫТАЛЫПОВНА, 
      Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылындагы “Ой-Терскен” орто мектебинин мугалими. 2017, 2018, 2019, 2020-жылдардагы сынактарын катышуучусу


Финалга чыккан мугалимдерди чын дилибизден куттуктоо менен бирге, экинчи турда 3 байгелүү орун үчүн ат салыша турган 8 мугалимден кызыктуу акыл таймашын күтөбүз!

Жалпысынан алганда, 66 дилбаяндын ичинен 12 катышуучу биздин сынакка мурда да катышкан, анын ичинен, бир катышуучу 6-жолу дилбаян жөнөткөн.  

Катышуучуларды облус боюнча бөлгөндө, төмөнкүдөй:

Ысык-Көл 20, Талас 18, Баткен 8, Жалал-Абад 5, Нарын 5, Ош 5, Чүй 3

66 дилбаяндын 63ү кыргыз тилинде, 3ү орус тилинде жазылган.

Бардык катышуучуларды – 66 мугалимди 2-турда жана сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо Салтанатында катышуучу катары күтөбүз! 1-турга катышкан баардык катышуучулар КАТЫШУУЧУНУН КҮБӨЛҮГҮН алышат.

Иш-чаранын болжолдуу датасы 2022-жылдын апрелинин биринчи жарымы, ишемби күнү. Иш-чара өтө турган күндүн так датасы сөзсүз түрдө ушул сайтта эки жумадан кечиктирбестен жарыяланат. Албетте, адаттагыдай эле, анын Программасы менен да алдын-ала тааныша аласыздар. Быйыл сынактын 2-турунун жана жеңүүчүнү сыйлоо Салтанатынын Ардактуу коногу ким болмокчу?


 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *