СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

БАШТАПКЫ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИ ӨЗ КЕСИБИ ТУУРАЛУУ КАНДАЙ ОЙЛОШОТ?

“Биринчи мугалим 2018” сынагынын 2-туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо Салтанаты жөнүндө репортажды назарыңыздарга сунуштайбыз. Бул иш-чара ишемби күнү, 15-сентябрда И.Арабаев атындагы КМУ жыйындар залында өттү.

Бул тууралуу сүрөтбаянды ушул жерден окуңуздар: “Экинчи тур… жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо Салтанаты…”


Урматтуу биздин сайтка назар салган окурман, бул маселе маанилүү деп эсептейсизби? Мугалимдерибиз өздөрүнүн иши, милдети жөнүндө кандай ойдо болушат?

Өлкө келечеги ушул адамдардын колунда. Бул тууралуу биздин сайтыбызга көп эле жазып жүрөбүз, дагы бир жолу эске алууга түрткү берген жаңы себеп бар. Ушул жылы жетинчи жолу өтүп жаткан “Биринчи мугалим 2018” сынагынын лейтмотиви мугалимдин ролун жана милдеттерин талкуулоо болду. Биздин сайтыбыздын окурмандарына маалым болгондой, дилбаяндын 1-турунун темасы: “МУГАЛИМДИК – БУЛ КЕСИППИ ЖЕ ТАЛАНТПЫ?” деп аталды. Биринчи турдун жыйынтыгы тууралуу биз “Сынактын биринчи туру аяктады” деген материалыбызда маалымдаганбыз. Жакшы деп табылган дилбаяндарды былтыркы жылдагыдай эле биздин “Эң жогорку балл топтогон дилбаяндар” деген аталыштагы материалыбызда жарыяладык.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2-турга сынактын 1-турунда көп балл топтогон 7 жеңүүчү – дилбаяндардын авторлору чыккан. Экинчи турда алар кесиптештерине жана калыстарга дилбаяндын негизги идеясын, мугалимдик иш тажрыйбасындагы кызыктуу окуяны айтып берүү жана окуучуларга тиешелүү суроолорго жооп берүү тапшырмасын аткарышты.

Сынактын биринчи турунун бардык жеңүүчүлөрү өздөрүнүн мыктылыгын көрсөтүшкөндүгүнөн улам, калыстардын балл коюудагы милдетин татаалдантып жибергендей   болду. Биздин калыстар тобунун курамы мектептеги башталгыч класстагы окутууну баалоодо жана окутууда тажрыйбалуу мыкты кесипкөйлөрдөн, билим берүү тармагынын эксперттеринен турат. Калыстар тобунун мүчөлөрү жөнүндө “Сынактын катышуучуларын кимдер баалашат…” деген материалдан окусаңыздар болот.

Иш-чаранын атайын ардактуу коногу бул жолу биринчи мугалим – Дүйшөндүн образын түбөлүккө сактап берген, баарыбыз сыймыктанган жазуучубуздун эжеси – Роза Төрөкуловна Айтматова болду. Роза Төрөкуловна өзү физиканы окуткан профессионал педагог. Ал В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтун – азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетин аяктап, андан кийин кыйла жыл ушул жогорку окуу жайында агартуучу болуп эмгектенген. Роза Төрөкуловна өзүнүн атасы Төрөкул Айтматов, апасы Нагима Айтматова жөнүндө “Тарыхтын ак барактары” деген эң сонун эскерүү китеп жазган, жакында эле окурмандарга бир тууган эжеси Лютфиянын уулу Асан Ахматов менен биргеликте “Человек жив, пока о нем помнят люди” деген китепти жазып, жарыкка чыгарды.

Ардактуу конокту аудитория ардактап тосуп алып, суроо-жооп иретинде кызыктуу маегин бир дем менен угуп отурду. Кызыктуу комментарийди биздин иш-чаранын дагы бир ардактуу коногу Шабдан баатырдын чөбөрөсү – Жаңыл Абдылдабек кызынан уктук. Жаңыл эже өз сөзүндө Роза Төрөкуловна атактуу адамдын карындашы гана болбостон, жогорку профессионалдуу педагог жана бир нече китептердин автору экендигин баса белгилеп өттү.

Жаңыл Абдылдабековна – математик, ал эми Роза Төрөкуловна – физик экендиги жана экөө чогуу өлкөдөгү гендердик көйгөйлөрдү чечүү багытында иштегендиктери тууралуу фактынын өзү эле кандай кызык.

Бул жолку жеңүүчүлөргө жана лауреаттарга Роза Төрөкуловнанын колунан диплом алуу өзгөчө сыймыктуу болгондугун да белгилеп коюу керек.

Сынактын катышуучуларын И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, тарых илимдеринин профессору Төлөбек Абылович Абдырахманов да куттуктап, өзүнүн каалоо-тилектерин айтты.

БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 наамына ким татыктуу болгондугу баарыңыздарды кызыктырып жатса керек. Бул жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылындагы №37 1-Май мектебинин мугалими Камбарова Динара Дарманбековна жеңүүчү деп табылды. Эми ал өзү Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барса, классындагы окуучулары менен биргеликте эс алуу күндөрү Бишкек шаарына ошондой эле маданий-маалымат арттыруучу экскурсия келмекчи. Бишкекке классы менен чогуу андан башка, 2- жана 3-орунду ээлеген мугалимдер: Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылында жайгашкан М.Рахимова атындагы орто мектептин мугалими Ашымова Назира Асанбековна жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында жайгашкан Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектептин мугалими Суранчиева Фарида Кенжеалиевналар да келишет. Экинчи турдун жеңүүчүлөрүн чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!

Иш-чаранын жүрүшүндө калыстар тобунун төрайымы Жаркын Маматовна Рыскулова жасаган презентация зор кызыгууну туудурду. Ал биринчи турдун катышуучуларынын дилбаяндарын баалагандан кийинки таасирлеринен бөлүштү. Мугалимдер ал презентациянын көчүрмөсүн сурап алып кетишти. Дагы башка каалоочуларга ушундай мүмкүнчүлүк беребиз: Ж.М.РЫСКУЛОВАНЫН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ

Су Чи Хе и Айтурган Беренбек кызы

Бул жылдын музыкалык белеги К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториядан музыкалык билим алган Түштүк Корея скрипкачы Су Чи Хе тарабынан тартууланды. Ал учурда магистратурада билим алуу менен катар эле Германияда скрипка ойноп жүрөт. Аны роялда КУК дагы бир бүтүрүүчүсү – Айтурган Беренбек кызы коштоду. Музыканттар классикалык эки чыгарма жана “Запах женщины” кинотасмасынан Астор Пьяццолланын “Аргентина тангосун” аткарып беришти.

Иш-чаранын соңунда катышуучулардын баарына Катышуучунун күбөлүгү, Фонд басып чыгарган китептер салтанаттуу тапшырылды. Ал эми жеңүүчүлөргө Роза Айтматованын жаңы китеби тийди. Андан тышкары KITEPKANA.KG сайтынын негиздөөчүсү Азамат Шаршебаев да катышуучуларга бир нече китептерди белекке тартуулады.

Биздин жаңылыктарды окуп, сынакты мындан ары жакшыртуу боюнча сунуш айткылары келген окурмандар менен кызматташууга даярбыз.


Дагы окуу:

ЖЫЛЫНА БИР ЖОЛУ ӨТҮҮЧҮ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” ДОЛБООРУ ЖӨНҮНДӨ

Сурөтальбом: “БИРИНЧИ МУГАЛИМ»-2018: ЭКИНЧИ ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *