СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2019» СЫНАГЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ЖАКТЫРДЫ

 Сайттын меймандарын Кыргызстандын мугалимдерине маалымат жеткирүүгө көмөктөшүугө чакырабыз


Мектеп, мектеп, мектеп! Биздин жашообуздун эң сонун учуру мектепте калды. Биздин эс-акылыбыз жана мүнөзүбүз мектептен калыптанат эмеспи. Мектеп биздин коомду түптөйт, биздин мээбиз ошол жерден калыптанат жана да анын ичи эмнеге “толоору” мектептен көз каранды. Коомдун көзөмөлүсүз каалаган эле адамдар, мисалы кайсы бир динди жактоочу мектепке барып, окуучуларга жана мугалимдерге өзүнүн идеяларын таңуулай алабы? Албетте, баары эле “ЖОК!” деп жооп берет деп ойлойм.

Ошол себептен мектепке байланышкан бардык иш-чаралар Билим берүү жана илим министрлигинин жактыруусу, колдоосу менен өткөрүлүүгө тийиш. Мына ушул ынанымдарды бек тутуу менен, биз айылдык мектептерде эмгектенишкен башталгыч класстардын мугалимдеринин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жактыруусу менен ГАНА өткөрүп келебиз.

Биз Министрликтен акча каражат же биздин сынакка активдүү катышып берүүсүн сурабайбыз, тескерисинче, биздин Фонд өлкөнүн билим берүү системасын жакшыртууга өз салымын кошууга далалаттанат, андыктан Министрлик бизди текшерүүсү жана жактыруусу гана маанилүү.

Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2019” сынагын жеке эле колдобостон, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө биздин сынакка мугалимдердин активдүү катышуусуна көмөктөшүүнү да сунуштады.

Биз төмөндө КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин бизди колдой турганын билдирген маалыматын жарыялайбыз:


04.04.2019 №03-1/2226                  Санжарбек Данияров Фондунун директору
Асель Данияровага

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Сиздин кайрылуунузду карай чыгып, төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Санжарбек Данияровдун Коомдук Фондунун «Биринчи мугалим» сынагы айылдагы мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдерин кесиптик жактан өсүүсүн, кадыр баркын жана статусун жогорулатуу максатын көздөгөндүктөн, министрлик кызматташууга даяр экендигин жана сынакты уюштурууда көмөк көрсөтүү үчүн областтык координаторлорго, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана башкармалыктарынын жетекчилерине аталган сынак тууралуу маалымат жиберилгендигин билдирет.

              Министрдин орунбасары Н.С.Джусупбекова


04.04.2019 №03-1/2223     Облусттук координаторлорго, шаардык,
райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана
башкармалыктарынын башчыларына

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Сиздердин карооңуздарга Санжарбек Данияровдун Фондунун башталгыч класстардын мугалимдеринин арасында өткөрүлүүчү «Биринчи мугалим» сынагын жөнөтөт. Сынак айылдык мугалимдердин кадыр баркын жогорулатып, кесиптик жактан өсүүсүнө өбөлгө түзөт деген максатта, министрлик сынакка башталгыч класстардын мугалимдеринин активдүү катышуусун камсыз кылууну тапшырат (жобосу тиркелет).

                  Министрдин орунбасары Н.С.Джусупбекова

 


Кыргыз Республикасында жана андан сыртта жашаган, Кыргызстандын мектептери менен байланышы бар биздин сайттын меймандарына бул маалыматты жана ошондой эле сынактын Жобосун, соболдомонун формасын айылдык мектептерге, мугалимдердин өзүнө же башталгыч класстардын окуу башчыларына же директорлорго жеткирип коюуңарды сунуштайбыз.


Жобону жана соболдомону ушул жерден жүктөп алса болот:

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2019». АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИН СЫНАГЫНА КАТЫШУУГА ЧАКЫРАБЫЗ!

Сынак жөнүндө кененирээк

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *