БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ

2018. КҮН НУРЛУУ БАЛДАР КҮНӨСТҮҮ БИШКЕКТЕ. ЭКСКУРСИЯ ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТ ОТЧЕТ

СҮРӨТАЛЬБОМ. Кыргызстандын айылдык мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдеринин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018” сынагынын үч жеңүүчү мугалимдин окуучуларынын Бишкек шаарына экскурсиясы алдын-ала белгиленгендей эле, ү.ж. 27-29-апрелинде өттү! Алар: Баткен облусундагы Жаңы-Бак айылынын экинчи класстагы окуучулары (мугалими – Караева Нургүл Жапаровна), Ысык-Көл облусундагы Темир айылынын үчүнчү класстагы окуучулары (мугалими – Каримова Турумкан Абдырахмановна) жана Нарын облусундагы Чолпон айылынын төртүнчү классынын окуучулары (мугалими – Акунова Нур Садатбековна).

Балдардын баары борбор калаабыз Бишкектеги кызыктуу жайларды кыдырууда өтө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Баарынан да окуучулардын күчү менен даярдалган концерттик программалары биз үчүн өтө жагымдуу болду, айрыкча Темир жана Жаңы-Бак айылдарынын кичинекей бийчилеринин бийлери жана Чолпон айылынын окуучулары даярдашкан “Алтын-Уя мюзикли бизди таң калтырбай койгон жок. Окуучулардын жана аларды даярдашкан мугалимдердин жогорку чеберчиликте аткарган өнөрлөрү бизди чексиз кубандырды!

Бул экскурсия жөнүндө биздин сайттан окуңуздар: КҮН НУРЛУУ БАЛДАР КҮНӨСТҮҮ БИШКЕКТЕ


2017-жылдагы экскурсиянын сүрөталбому:

БАЛДАР ГАДЖЕТТЕРДИ ГАНА КАРАП КАЛГАН ДЕЙСИЗБИ? ТУУРА ЭМЕС!
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

ФОНДДУН ЛАУРЕАТЫ АЙГҮЛ ЖОЛЧУБАЕВАНЫН МОСКВА ШААРЫНДАГЫ 10 КҮНҮ


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *