БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ

2022. БИЗГЕ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫН ЛАУРЕАТТАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН БИШКЕККЕ ЭКСКУРСИЯСЫН УЮШТУРУУГА ЖАРДАМДАШКАНДАР ЖӨНҮНДӨ

Бул 2022-жылдын август айында өткөн “Биринчи мугалим” сынактын лауреаттарынын окуучу Бишкекке маданий-маалымат арттыруучу саякаты жөнүндө баяндоонун уландысы: 2022. ФОНДУБУЗ АТ-БАШЫ, СУЗАК, АК-СУУ ЖАНА БАКАЙ-АТАЛЫК МУГАЛИМ — ЛАУРЕАТТАРГА ЖАНА АЛАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫНА ЫСЫК САЛАМ ЖОЛДОЙТ! БИШКЕККЕ КОШ КЕЛДИҢИЗДЕР!

Саякат сүрөт альбому: 2022.  ФОТОРЕПОРТАЖ-АТ-БАШЫ, СУЗАК, АК-СУУ ЖАНА БАКАЙ-АТАГА КОШ КЕЛИҢИЗДЕР! 2022-ЖЫЛЫ ҮЧҮНЧҮ ТУР.

Адатта, ушул жылдар аралыгында мен фонддун негиздөөчүсү, директору жана долбоорунун аткаруучусу катары иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча бардык иштерди өзүм жасайм. Быйылкы жайда Бишкекке саякатка 258 бала, 9 мугалим жана 20 ата – эне катышты, бардыгы-287 адам. Бул ошол эле мезгилде төрт жеңүүчүнүн Москвага 10 күндүк сапарларынан тышкары.

Эгер адамдардын колдоосу болбосо, мен мунун бардыгын ишке ашыра алмак эмесмин. Көрсөтүлгөн жардам жана колдоо жөнүндө төмөндө берилген маалымат сизди асыл иштерге шыктандырат деп ишенем!


Бизге аябай ыңгайлуу болду: Ч. Базарбаев атындагы Бишкектеги Хореографиялык окуу жайынын (БХОЖ) директору ЭРИК ВИЛЬДАНОВИЧ ЛАТЫПОВ биздин кичинекей саякатчыларыбызга каникул учурунда жатаканадан орун берүү өтүнүчүбүзгө дароо жооп берди. Балдар жатаканада БЕКЕР жатышып, кызматкерлердин камкордугунда болушту. Биздин балдар келгиче баары дап-даяр экен. Балдарды тосуп алып, жатаканага жайгаштырууга БХУнын директорунун орун басары ЗАЛКАР КЫДЫКОВ жардам берди. Бир чети биз Залкар менен июнь айындагы экскурсияда таанышып калганбыз, ал бизге фонддун ыктыярчыларды издеген жарыясы боюнча келип, гид катары абдан сонун жардам берди эле. Эми ал бизди меймандос БХУнын кызматкери катары тосуп алып, балдарды жайгаштырууда, тамактандырууда жетектеп жүрдү. Биз ошондой эле балдарга жасаган илбериңки мамилеси үчүн БХУнын жатаканасынын тарбиячысы УМУРАЛИЕВА СЫЙДАГҮЛ ШЕЙШЕЕВНАга  да ыраазычылык билдиребиз.


Бишкек шаарынын көчөлөрүндө биз 53 адам сыйган эки чоң автобус жана 16 жүргүнчүлүк эки микроавтобус менен жүрдүк. Бул автоунааларды Эл аралык жогорку медициналык мектеби акысыз камсыздады. Биз ЭЖММ ректору профессор СТАЛЬБЕК МЕДЕРОВИЧ АХУНБАЕВГЕ кайрылганыбызда, ал бизди дароо колдоду. Ушундай жардамдардын мааниси жана салмагы канчалык экендигин сөз менен айтып жеткирүү кыйын! Таалай жетектеген автобус айдоочулар Акыл, Марат, Уландын өтө так, илбериңди кызматтарын белгилеп койгум келди.


Биздин тоолуу мекенибизде транспортту уюштуруп Бишкекке ар кайсы аймактардан балдарды ташып келүү оңой иш эмес. Балким ошонусу менен Бишкекке келүү өзгөчө баалуу сезилет чыгар.  Андыктан саякатка даярдыгыбыз балдар үчүн автоунаа издөөдөн башталат. Адатта ар бир класс үчүн эки чакан автоунаа керек, анткени чоң автобустар ашууларды ашып келиши кыйын. Медет Съездбеков Сузактан, Болот Таластан, Жыргылбай жана Жолдошбек Нарындан, жана Талант Ысык-Көлдөн балдарды ташып келген айдоочулар так жана илбериңки тейлешти. 


КР ИИМ ЖОЛ КООПСУЗДУК БАШКЫ БАШКАРМАЛЫГЫНА дагы бир жолу ыраазычылык билдиргим келет. Балдарды Сузак, Ат-Башы, Ак-Суу жана Бакай-Ата райондорунан Бишкекке алып келе жатканда жана аларды кайра алып кеткенде жана ошондой эле Бишкектин ичинен алып жүрүүдө алар бизди тынымсыз коштоп жүрүштү. Жалпысынан биздин сапарыбызды колдогондугу үчүн   улук лейтенант АЙТБАЕВ МАКСАТ КАСЫМБЕКОВИЧКЕ жооп берүү тапшырды. Баары жакшы өттү. Негизинен жетекчи ШЕРГАЗИЕВ УЗАКБЕК ЖАНЫБЕКОВИЧ биздин сапарга колдоо көрсөтүп улук лейтенант АЙТБАЕВ МАКСАТ КАСЫМБЕКОВИЧке жооп берүүнү тапшырды. Баары жакшы өттү.

МАИ кызматкерлери эстафета боюнча бири-бирине узатышып, экскурсия учурунда бизге көп сандаган кызматкерлер кызмат көрсөттү, мисалы, Ак-Суу районунун Чолпон айылынан Бишкекке чейин МАИнин 12 автоунаасы алмашты, кээ бир райондордо андан да көп болду. МАИ кызматкери кызмат учурунда илбериңки жана сак болуп, өздөрүнүн мыкты уюшкандыкта иштешерин далилдешти. Мындай камкордукту көргөн экскурсиянын катышуучулары-балдардын кубанычы чексиз болду.

Үйлөрүнө кайтышкан кичинекей саякатчылар МАИ кызматкерлеринин коштоосунда баардыгы сонун жетип алышканын (Нарын облусундагы бир аз кысталышты эске албаганда) кабарлашты.


Улуттук Тарых музейи ӨМҮРБЕК САМУДИНОВДУН жетекчилиги алдында үч гиддин кызматын сунуштады. Ошол эле учурда биз билеттерди жеңилдетилген баада сатып алдык, бул мүмкүнчүлүк үчүн директор БАКАШОВА ЖЫЛДЫЗ КЕМЕЛОВНАГА ыраазычылык билдиребиз.  


Экскурсия учурунда балдарды ЫКТЫЯРЧЫЛАР коштоп жүрүштү, алар балдарга шаар жөнүндө, андагы кооз, кызыктуу жайлар жөнүндө айтып беришип, талкууларды уюштуруп, суроолорго жооп беришти жана ошондой эле мугалимдерге жана ата-энелерге балдарды ээрчитип жүрүүгө жардамдашты. Бул жолу ыктыярчы жардамчыларыбыз – Бишкектеги №27 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими КУБАНЫЧ КЫЗЫ КАЛИЯ, жана бизге доцент Жумакова Асел Абдыбековна сунуштаган Кыргыз Орус Славян Университетинин экономика факультетинин студенттери АЙБЕРМЕТ БЕКЕНОВА жана АЛИНА ОРОЗАЛИЕВА болду.

Мен биздин шаарда Калиядай мугалим, Айбермет менен Алинадай студенттерибиз бар экенине кубандым, баардыгы жоопкерчиликтүү, таалим-тарбиялуу жана биздин педагогдорго жана балдарга чын ыкласынан жардам берүүгө ынтызар кыздар экен!

Экскурсияны видеого БАХТИЯР ТОКТОСУНОВ тартты, ал биздин Фондго буга чейин да өз ыктыяры менен бир нече жолу жардам берген. Ал сынакты жана мындан мурунку экскурсияларды тарткан. Азыр Бахтияр балдардын саякаты тууралуу видео тасма даярдап жатат. Биз аны сөзсүз түрдө сайтыбызга жарыялайбыз. 


Билимкана Американ скул мектебинин директору ПАК ТАТЬЯНА ПЕТРОВНАга БИЛИМКАНА мектебинде экскурсияны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Татьяна Петровна жогорку класстын окуучуларына тапшырма берген экен, алар биздин балдарга мектеби жөнүндө кызыктуу баяндап беришти жана меймандарга имараттын ичин, чоң айнектери менен вилалары бар коридорго, спорт залга чыгуучу класстарды көргөзүштү.


2017-жылдан бери биз Муса Жангазиев атындагы Куурчак театрынан спектаклдерди көрүп келебиз, администратору КУБАТАЛИЕВА ЗАМИРА ТОКТОГУЛОВНА ар дайым бизге чын ыкласынан көңүл буруп, жакшы каалоо-тилектерибизди колдоп турат. Мисалы, анын колдоосу менен театр артисттер үчүн эс алуу күн болгон дүйшөмбү күнү бизге спектакль коюп беришти.


А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына экскурсияны уюштурууга бизге генералдык директордун орун басары ЕЛЕНА ВИКТОРОВНА СМИРНОВА жардам берди.

Экскурсияны мамлекеттик тилде өткөрүүгө театрдын администратору АЙГУЛЬ АКЫЛБЕКОВНА ШЕРКАЗИЕВА көмөктөштү.


БУФЕТ ашканаларындагы мыкты сервистик тейлөө жөнүндө өзгөчө белгилегим келет, мен бул ашкана жөнүндө биринчи жолу айтып жаткан жерим жок. Мында таза, тыкан, кардарларга ынтызар мамиле кылышат, имараттын ичи кенен болгондуктан, көптөгөн сандагы кардарлар батат. Менеджерлер Кумаржан Конушбаева жана Салима Лобага рахмат!


Бизди «Билимкана Американ Скул» мектебинин кафе-ашканасында даамдуу тамак-аш менен сыйлап, мыкты тейлешти. Мурунку жолкудай эле ашкананын башчысы КАНДЖЕБАЕВА АСЕЛЬ АСЫПБЕКОВНА кардарларга өтө жакшы көңүл бурду, алдын-ала баарын ирээттеп койгон экен, балдарга тандап тартуулаган тамактары аябай жакты.


Айтмакчы, кезектеги БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2023 сынагы жарыяланды! Жарыялоо: КРдин АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНДЕГИ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН 11-ЖОЛКУ «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ

Кайсы аймактын мугалимдери жеңүүчү болуп, дүйнөдөгү өлкөлөрдүн бир борборуна 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барат болду экен? Кимдер жеңүүчү болуп Бишкек шаарына өзүнүн окуучулары менен экскурсияга келишет болду экен? Ал тууралуу жакынкы келечекте билебиз!


Эгерде сизге бул экскурсия тууралуу маалымат кызыгуу жараткан болсо, аны дос-курбуларыңыздардын арасында билим берүү тармагында иштегендер жана мугалимдер менен бөлүшсөңүз болот. Алар болсо бири-бирине өтүүчү “чынжырча боюнча” башка мектептердеги башталгыч класстардын мугалимдерине таратат.


Жаңы басылмалар жөнүндө билгиси келгендер үчүн:

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН телеграм каналына жазылуу
СДКФ телеграм каналы кыргыз тилинде


 


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *