БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ

2022. АВГУСТ АЙЫНДА БИШКЕККЕ БОЛГОН АК — СУУ, СУЗАК, БАКАЙ-АТА ЖАНА АТ-БАШЫДАН КЕЛГЕН БАЛДАРДЫН ЖАНА МУГАЛИМДЕРДИН САЯКАТЫ ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТ БАЯН.

СҮРӨТ АЛЬБОМУ: Сынактын лауреаттарынын окуучуларынын маданий-таанып-билүүчүлүк саякатынын алкагында Биринчи мугалим, ушул жылдын үчүнчү тобу келди: үч класстын окуучулары:

  • 3-класстын 29 окуучусу менен 10-сынактын жеңүүчүсүУбайдылдаева Асель Уркалыковна  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Чолпон айылындагы Утур Калиев атындагы мектептин мугалими.
  • 3-класстын 32 окуучусу менен 10-сынактын жеңүүчүсү — Турганбаева Гүлүмкан Абыталыповна, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен мектебинин мугалими.
  • 3-класстын 27 окуучусу менен 10-сынактын жеңүүчүсү Исакова Нуржан Шамуратовна, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сеңгир айылындагы Ы.Чанаков атындагы мектептин мугалими.
  • 2-класстын 22 окуучусу менен 10-сынактын жеңүүчүсү — Суранчиева Фарида Кенжеалиевна — Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы мектептин мугалими.

Бул саякат жөнүндөгү баянды кененирээк 2022. БИЗДИН ФОНД БИШКЕКТЕГИ ЛАУРЕАТ МУГАЛИМДЕРДИ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН КАЙРАДАН ТОСУП АЛАТ! АТ-БАШЫ, СУЗАК, АК-СУУ ЖАНА БАКАЙ-АТАГА КОШ КЕЛИҢИЗДЕР! репортажынан окуй аласыздар.

________________________________________________________

Саякаттын  БАРДЫК СҮРӨТТӨРҮН ТОЛУГУ МЕНЕН каалоочулар ШИЛТЕМЕ БОЮНЧА жүктөп алышса болот (360 сүрөт): БМ САЯКАТ. Көңүл буруңуздар: Сүрөттөрдү шилтеме боюнча 30.09.2022 күнгө чейин жүктөп аласыздар. Көрсөтүлгөн датадан кийин төмөндөгү сүрөт альбомдогу сүрөттөрдү мурдагыдай эле көрүүгө болот.

_______________________________________________________


БИРИНЧИ КҮН 21-АВГУСТ ЖЕКШЕМБИ. Келүү

Шаардын борборунда жайгашкан Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын (БХОЖ) жатаканасында жайгаштыруу. Кечки тамак БХОЖдун ашканасында. Окуу жайынын имаратында экскурсия.

ЭКИНЧИ КҮН – ДҮЙШӨМБҮ, 22-АВГУСТ

БХОЖдун ашканасында эртең мененки тамак. Спорт сарайынын жанындагы Кожомкул эстелигине автобус менен баруу. Муса Жангазиев атындагы Куурчак театрына саякат. «Чыпалак бала» Куурчак театрынын спектакли. Үч топ өз кезеги менен сахна артындагы театрды көрүү. Калган балдар театрдын алдындагы аянтчада ойношту. Жеңиш аянтынын эстелигине автобустар менен баруу. Абай Кунанбаев эстелигинин жанынан Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелигине чейин сквер аркылуу жөө басуу. Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрына экскурсия. Залды, сахнаны, фойени көрүү.// «БУФЕТ«ашканасында түшкү тамагы. 1-топ: Турусбеков көч., 174: 2-топ: Горький көч., 132/2. // Темир жол бекетине автобустар менен баруу. Бекеттин имаратын, шыптагы сүрөттөрдү карап чыгуу. Эркиндик бульварында кыймылдуу оюндар ойноо жана балмуздак менен эс алуу. Эркиндик бульварын бойлоп Ала-Тоо к-театрына чейин жөө басуу. Курманжан датка, Нөл километр, «Шире-суу» павильону, сүрөтчүлөрдүн көчө галереясы, к-т Ала-Тоо көрүү. Ачык Асмандын астындагы музейин Эмен сейил-багында көрүү.// Ала-Тоо аянтындагы флагштоктун жанындагы Улуттук гвардиянын кароолун алмаштыруу аземи көрүү. Эски аянтка баруу. Бишкек хореографиялык окуу жайына автобустарменен кайтып келүү.// БХОЖдун ашканасында тамактануу. БХОЖдун жетекчи Эрик Вильданович Латыповдун сөзү. БХУ окуучуларынын концерти. Саякат катышуучуларынын концерти

ҮЧҮНЧҮ КҮН — ШЕЙШЕМБИ, 23-АВГУСТ

БХОЖдун ашканасында эртең мененки тамак.// Ала-Тоо Аянты. Тарых музейинде гиддер менен үч тобу менен экскурсия. Тарых музейинин тепкичтеринде чогуу сүрөткө түшүү. Аянттагы фонтандардын жанында жана музейдин жанында сейилдөө.// Филармониянын имаратынын жанынан Ч.Айтматов проспектисиндеги БИЛИМКАНА мектебине баруу. БИЛИМКАНА мектебинде экскурсия.// Билимкана мектебинде түшкү тамак ичүү. 6 миниавтобуска үйгө чыгуу


Дагы сайтында:

Балдардын мугалимдер менен саякаттоосу жөнүндө› билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › балдардын саякаты

Мугалимдердин саякаттары жөнүндөбилим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › мугалимдин саякаты

Сынактардын жүрүшү жөнүндөбилим берүү › биринчи мугалим сынагы › сынактын күндөлүгү

Сынактардан алынган сүрөт баяндары: › билим берүү › биринчи мугалим сынагы › сынактын сүрөт галереясы

 


Жаңы басылмалар жөнүндө билгиси келгендер үчүн:

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН телеграм каналына жазылуу
СДКФ телеграм каналы кыргыз тилинде


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *