СҮРӨТАЛЬБОМ. Бүлөлү, Бакай-Ата жана Кичи-Кеминдин мектеп окуучулары Бишкекке экскурсияга келип кетишти! Бул саякат балдарга эс-көөнүнөн кеткис кубаныч тартуулады. Айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» сынагынын 2016-жылдагы жеңүүчү мугалимдердин окуучуларынын Кыргызстандын борборуна болгон маданий-маалымат арттыруучу саякаты тууралуу кеңири баян менен «Биринчи мугалим» рубрикасындагы «ТООЛУУ АЙЫЛДЫН БАЛДАРЫНЫН БИШКЕКТЕН КӨРГӨН КЫЗЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ» макаладан окуй аласыздар.
Бул жерде 2017-жылдын 21-23-апрелинде БҮЛӨЛҮ жана БАКАЙ-АТАдан борборго экскурсияга келишкен балдардын сүрөттөрү бар.
2017-жылдын 28-30-апрелинде Кичи-Кеминден Бишкекке экскурсияга келишкен балдардын сүрөттөрүн ушул жерден көрүүгө болот.