БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ

2022. ФОНДУБУЗ АТ-БАШЫ, СУЗАК, АК-СУУ ЖАНА БАКАЙ-АТАЛЫК МУГАЛИМ — ЛАУРЕАТТАРГА ЖАНА АЛАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫНА ЫСЫК САЛАМ ЖОЛДОЙТ! БИШКЕККЕ КОШ КЕЛДИҢИЗДЕР!

Мына ошентип БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаттарынын окуучулары менен 2022-жылдагы саякаты аяктады! Бул жолу август айында 2022-жылдын 23-апрелинде аяктаган 10-сынактын үч лауреатынын жана мурдагы жылдагы 9-сынактын бир лауреаты окуучулары менен саякатка келишти. Бизге төрт класс – Ат-Башы, Сузак, Ак-Суу жана Бакай-Ата райондорунан экинчи жана үчүнчү класстардын – 110 окуучусу, 4 мугалими жана 8 ата-энелер комитетинин өкүлү келишти.

Жай башталганда Санжарбек Данияровдун Фондунун чакыруусу менен пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам кийинкиге жылдырылган 8-, 9-сынактардын лауреаттарынын окуучуларынын Бишкекке саякаты ишке ашты. Бул тууралуу сиздер биздин мурдараак жарыяланган макалаларыбыздан тааныша аласыздар.

Жалпысынан алганда окуучулардын 2022-жылы үч экскурсиясынын алкагында фонд Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы тогуз класстын окуучуларынын экскурсиясын уюштурду. Бул – 258 окуучу,  4 мугалим жана 20 ата-энелер өкүлү, баардыгы – 287 адам!

Айтмакчы, Бишкекке уюштурулган балдардын үч экскурсиясынан сырткары, ушул жайда мен фонддун атынан 8,-9 жана -10-сынакта БИРИНЧИ МУГАЛИМ аталган үч жеңүүчү мугалимдин (жана ошондой эле КММАда Илим күнүнүн алкагыда 2022-жылы өткөрүлгөн жаш окумуштуу дарыгерлер сынагынын бир жеңүүчүсүнүн) Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатын уюштурдум жана ишке ашырдым. Бул саякаттар тууралуу репортаж жакынк күндөрдө жарыяланмакчы.

Адаттагыдай эле, экскурсия жөнүндө отчет берүүдөн тышкары, мен өзүнчө сүрөт альбомун жарыялайм, бул жерден таанышсаңыз болот: 2022. ФОТОРЕПОРТАЖ-АТ-БАШЫ, СУЗАК, АК-СУУ ЖАНА БАКАЙ-АТАГА КОШ КЕЛИҢИЗДЕР! 


ЭКСКУРСИЯНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ

Бишкектеги кызыктуу жайларды 2-, 3- жана 4-класстардын окуучулары кыдырышты.

  • 3-класстын 29 окуучусу менен 10-сынактын жеңүүчүсүУбайдылдаева Асель Уркалыковна  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Чолпон айылындагы Утур Калиев атындагы мектептин мугалими.
  • 3-класстын 32 окуучусу менен 10-сынактын жеңүүчүсү — Турганбаева Гүлүмкан Абыталыповна, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен мектебинин мугалими.
  • 3-класстын 27 окуучусу менен 10-сынактын жеңүүчүсү Исакова Нуржан Шамуратовна, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сеңгир айылындагы Ы.Чанаков атындагы мектептин мугалими.
  • 2-класстын 22 окуучусу менен 10-сынактын жеңүүчүсү — Суранчиева Фарида Кенжеалиевна — Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы мектептин мугалими.

Экскурсияга келген балдардын көбү буга чейин Бишкекке келе элек балдар, мурда келишсе да, ата-энелери менен Дордойго мектепке кийим-кече алганы келгендер. Ал эми мугалимдерге жардамдашып келген ата-энелер мурда борбор шаарга туугандарынын тойлоруна гана келишкендиктен, музей-театрларга кирмек тургай, ушундай театрлар, сейил бактардын бар экендигин да билишпегендигин мойнуна алышты. Сөздүн кыскасы, баары бул экскурсияны көптөн бери зарыга күтүп жүрүшкөнү айкын болду.

Баса, мугалимдер экскурсия башталгандан аягына чейин видео тасмага  тартып жатышты, анткени кичинекей саякатчылардын экскурсия жүрүшүнө алыскы айылдардагы ата-энелери, жердештери зор кызыгуу менен көз салып турушту.

Мага айрыкча Сузак районунан келген жеңүүчү мугалим Исакова Нуржан Шамуратовнанын окуучулары кийген ак футболкаларынын төш жагында Санжарбек Данияровдун фондунун логотиби жана “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” деген жазуу, далысында өзүнүн мектебинин аты жазылганы жагымдуу болду. Мыкты идея болуптур!

Ысык-Көлдөн келген окуучулар да далысына өзүнүн мектебинин аты жазылган жашыл түстүү футболка кийип келишкен. Бул айрыкча 130 бала (!) менен шаарда сейилдеп жүргөндө аябай ыңгайлуу экен, анткени балдарды алыстан эле айырмалап таанууга болот.

Биз бир нече ыктыярчылардын жардамы менен балдардын баарына көз салып туруу үчүн, мугалимдер жана коштоп келген ата-энелер менен эки-экиден жетелешкен балдарды улам-улам санап жаттык. Окшош футболка кийген балдарды көзөмөлдөө бизге жеңил болду!

БИШКЕКТЕГИ ЭКСКУРСИЯ УЧУРУНДА БАЛДАР ЭМНЕЛЕРДИ КӨРҮШКӨНҮ ЖӨНҮНДӨ

Экскурсиянын программасы жыл сайын дээрлик окшош түзүлөт, анткени биздин сынакта жеңүүчү болгон мугалимдерге жараша, ар жылы ар башка балдар келет. Арийне, бир дагы экскурсия бири-бирине эч качан окшобойт!

БХУ имаратында экскурсия. Хореографиялык сабактар үчүн бөлмө

Балдар 21-августта, бейшемби күнү кечки тамакка келип калышты. Адатта алар жума күнү келчү эле, азыр каникул болгондуктан, биз балдар үчүн экскурсияны жума ичинде уюштурдук. Балдар адатта кечки тамакты ичкен соң, Бишкекке алыстан жолдо чарчап, эс алышат, эртеси эртең менен уйкусу канган балдар күнү кечке шаар кыдырышат. Кечинде суй жыгылып чарчаган балдар уктап алып, эртеси түшкө чейин дагы кызыктуу жайларды кыдырышып, түштөнүп алгандан кийин, үйлөрүнө узап кетишет.

Бул жолу биз алгачкы жолу балдарды борбор калаабыздагы Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык училищенин (БХУ) жатаканасында жайгаштырдык. Балдар маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга гана эмес, маданияттын болочок ишмерлери – балет артисттерин даярдаган жерге келишти.

Режиссер Нурлан Асанбеков менен Ат-Башыдагы окуучулар

Балдардын эсине сакталып калган кызыктуу бир учур Муса Жангазиев атындагы Куурчак театрында режиссер Асанбеков койгон “Чыпалак бала” спектакли болду. Спектакль балдарга өзгөчө таасир калтырганын биз балдардын реакциясынан байкадык жана алардын айтып берген сөздөрүнөн билдик. Эгерде сиздин – биздин фонддун урматтуу досунун, сайттын окурмандарынын балдары бул аталган акылдуу спектаклге али бара элек болсо, анда бир барып көрүп коюуңуздарга кеңеш беребиз. Балдарга жана ата-энелерге сөзсүз жагат!

Биз ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрына бардык. Ал театр сезону аяктаганына байланыштуу августтан сентябрь айына чейин жабык болгондуктан, бул жолу мурдагы экскурсияга келишкен балдар көргөн балдар үчүн спектаклди көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Малахит залы

Биз театрдын имаратын кыдырып, кооз залдарына суктанып, сахна деген эмне, амфитеатр жана партер деген эмне экендигин билип, ложаны, оркестр үчүн даярдалган чуңкурду көрдүк, Малахит залындагы (мурда Малахиттик фойе болчу) шыптагы жазууларды окуп “ылдыйдан-өйдө карай” карап суктандык. Балдар мурда классикалык стилдеги архитектуралык жасалгаларды көрбөгөндүктөн, бул өнөр мунарасы аларга өзгөчө таасир калтырды.

Балдар Мамлекеттик тарых музейин үч кесипкөй гид менен көрүп чыгышты, биз балдар бул музейге дүйнөлүк тарых контекстинде өзүнүн тарыхын тереңирээк билүү үчүн дагы бир нече жолу келет деп ишенебиз. (Сүрөттөрдү сүрөт баянынан көрүүгө болот)

Темир жол вокзалынын имаратындагы шып

Биздин окуучуларыбыз темир жол вокзалынын имаратына киришип, шыптасындагы 1934-жылы венгер сүрөтчүсү Ласло Месарош тарткан сүрөттөрдү  көрүп, Эркиндик сейилбагында жөө сейилдешти. Бул жердеги жашыл шиберге биз эс алууга отуруп, балмуздак жедик, балдарыбыз жарышып эстафета уюштурушту. Күйөрмандар өздөрүнүн фавориттерине колдоосун билгизип сүрөөнгө алып коштоп турушту, оюндун кызуусуна кирген балдардын активдүүлүгү, ачык маанайы көргөн адамдарга да жагымдуу маанай тартуулады.

Эркиндик сейилбагында

Биз Эмен багын, Ачык асман алдындагы скульптура музейин, борборубуздагы кызыктуу эстеликтерди, анын ичинде Каба уулу Кожомкулга, Курманжан Даткага, искусство ишмерлерине жана жакында эле кыргыз-казак достугун даңазалаган Абайга коюлган эстеликтерди жана башка көптөгөн кызыктуу жайларды кыдырып, “Нөлдүк километрдин” желесин изилдедик.

Ала-Тоо аянтындагы Кыргызстандын желегин кайтарган Улуттук гвардиянын күзөт кароолунун алмашуу аземи балдарга өзгөчө таасир этет, алар ошол эле жерден гвардия солдаттарындай буттарын бийик шилтешип, марш жүрүшүн жасоого аракеттенишет.

Флагштокто Улуттук гвардиянын кароолун алмаштыруу аземи

Биз ошондой эле Манас проспектисиндеги биз үчүн экскурсия уюштурган Билимкана мектебине бардык. Бул мектептин ичинин кенендиги, андагы эбегейсиз чоң спорт залы, стилдүү жасалгалары жана ошондой эле окуудан тышкаркы убактыларында ийримдерде кайсы бир иш-чараларга даярданып жүрүшкөн активдүү жаштарынын руху-духу биздин балдарга жана мугалимдерге өзгөчө таасир этет.

БХУ жетекчилиги биздин балдарга Шаттык ансамблинин чакан концертин тартуулады, алар биздин өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата даярдап жаткан бийин бийлеп беришти.

Мугалим Фарида Кенжеалиевна Суранчиева ырдайт

Көрүүчүлөр аябай курсант болду. Биздин балдарыбыз да карап турбай БХУнун сахнасына чыгып, өздөрү даярдап келген номерлерин көрсөттү. Ат-Башыдан келген кичинекей кыздар бийлеп беришсе, ысык-көлдүктөр жалпы флэшмоб тартуулап кубантышты. Сузактыктар да жакшынакай кыргыз бийин бийлешти, Таластан келген лауреат мугалимибиз Суранчиева Фарида Кенжеалиевна “Жолуксак кандай жакшы” деген популярдуу ырды сонун аткарып берди.

ЭКСКУРСИЯНЫ УЮШТУРУУГА ЖАРДАМДАШКАНДАР ЖӨНҮНДӨ

Менин кайрылуума бир нече адам жооп берип, бул экскурсияны өткөрүүгө жардам бергенин белгилеп кетким келет. Бул тууралуу өзүнчө репортаждан окуңуз: 2022. АВГУСТ. ЭКСКУРСИЯНЫ УЮШТУРУУГА ЖАРДАМДАШКАНДАР ЖӨНҮНДӨ


Дагы сайтында:

Балдардын мугалимдер менен саякаттоосу жөнүндө: › билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › балдардын саякаты

Мугалимдердин саякаттары жөнүндө: билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › мугалимдин саякаты

Сынактардын жүрүшү жөнүндө: билим берүү › биринчи мугалим сынагы › сынактын күндөлүгү

Сынактардан алынган сүрөт баяндары: › билим берүү › биринчи мугалим сынагы › сынактын сүрөт галереясы


Жаңы басылмалар жөнүндө билгиси келгендер үчүн:

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН телеграм каналына жазылуу
СДКФ телеграм каналы кыргыз тилинде


 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *