БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ

2022. «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫНЫН 8- ЖАНА 9- ЖОЛКУ ЭКИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮНҮН ОКУУЧУЛАРЫ КӨПТӨН КҮТКӨН МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТКА КЕЛИП КЕТИШТИ!

Жалал-Абад облусунун Казарман айылындагы жана Талас облусунун Ак-Дөбө айылындагы мектептин окуучуларынын маданий-маалымат арттыруучу саякаты жөнүндөгү кызыктуу баяндамамды сиздер менен бөлүшөмүн. Жыл сайын эс алуу күндөрү “Биринчи мугалим” сынагынын үч жеңүүчү мугалиминин окуучулары биздин тоолуу өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан борбор калаабызга экскурсияга келишет.

Үстүбүздөгү 2022-жылы мага сынактын сегизинчи, тогузунчу жана 10-жолку жеңүүчүлөрү үчүн саякат уюштурууга туура келди! Пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам сынактын сегизинчи жана тогузунчу жеңүүчү мугалимдеринин окуучулары убадалаган саякатка келише элек эле. Аны балдар кандай күтүп жатканын элестетип жатсаңыздар керек.

Мен төмөндө саякатка келип кеткен эки класс жөнүндө баяндап бермекчимин. Бул жерден экскурсия жөнүндө сүрөт репортажды көрүңүз: ОКУУЧУЛАРЫ КӨПТӨН КҮТКӨН МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТКА КЕЛИП КЕТИШТИ. 2022-ЖЫЛДЫН МАЙ АЙЫНДАГЫ ЭКСКУРСИЯСЫ ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТ БАЯН 

Дагы эки жумадан кийин дагы үч класстын окуучуларын күтүп алабыз, ал эми калган балдар борбор калаабыздагы маданий жайларга болжол менен сентябрь айында келмекчи.


САЯКАТТЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ

Бекташова Жанара Бекташовна ЖАНА Суранчиева Фарида Кенжеалиевна

Баянымды адегенде бул саякаттын катышуучулары жөнүндө баштайын: Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы мектептин мугалими, биздин лауреат Фарида Кенжеалиевна Суранчиева менен бирге 6 “В” классынын 35 окуучусу келди. Пандемия учурунда башталгыч класстын окуучулары кадимкидей бой тиреп чоңоюп калышканы байкалды. Биздин саякаттын эрежеси боюнча жеңүүчү мугалимди жана окуучуларды ата-энелер комитетинин эки-үч мүчөсү коштоп келет.  

Бул жолу саякатыбыз жагымдуу бир окуя менен коштолду. Фарида Кенжеалиевна өзүнүн окуучулары менен бирге бир жашка толо элек уулун кошо ала келиптир. Бул алардын үй-бүлөсүндөгү бешинчи (!) наристе экен, улуусу 17 жашка чыгып калыптыр. Кичинекей бөбөгүбүз тубаса саякатчы болсо керек, бир да жолу ыйлаган жок. Кичинекей саякатчыбыз мындан ары да жакындары менен көптөгөн саякаттарга чыга беришин каалайм!

Фарида Кенжеалиевна кичинекей баласын кароо менен бирге, окуучуларынын өз ордунда өз убагында болушун көзөмөлдөп, тартипке салууга жетишип жатты. Фарида Суранчиева үч жылы катары менен — 2018-жылы, 2019-жылы жана 2020-жылы жеңүүчү болуп, окуучуларына борбор шаарыбызга саякатка келүү кубанычын тартуулагандыгын баса белгилеп койсок болот. Бул уюштуруучу катары мен үчүн жана калыстар тобунун мүчөлөрү үчүн кызыктуу факты болууда, себеби сынактын биринчи турунда катышуучулардын дилбаяндары код коюлуп, жашыруун түрдө текшерилет жана дилбаяндардын авторлорунун аты-жөнүн жана жашаган жерин эч ким билбейт. Сынактын 1-турундагы дилбаяндарды баалоо процесси жөнүндө төмөнкү баяндоодон тааныша аласыздар: «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫНЫН 1-ТУРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЖАРЫЯЛООНУН АЛДЫНДА ОБЪЕКТИВДҮҮЛҮК ЖАНА КАЛЫСТЫК ЖӨНҮНДӨ

Саякатка ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылындагы Т.Мойдунов атындагы №1 мектептин мугалими Жанара Бекташовна Бекташова 4 “В” классындагы 32 окуучусу жана ата-энелер комитетинин эки өкүлү менен келди.

Жанара Бекташовнада биздин сынактын лауреаты болгондон кийин дагы бир маанилүү окуя болуп, жергиликтүү кеңешке депутаттыкка шайланган. Жанара да үч баланын сүйүктүү энеси.

________________________________________________________________________

 

Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар өздөрү окуткан мугалимине сый-урмат менен мамиле жасашканы байкалды, алардын айткандарын эки кылбай, жардам беришип, ошол эле учурда өздөрүн ачык-айрым, ээн-эркин алып жүрүшкөнү кубандырды. Биздин өлкөдө не деген кыйын айымдар бар! Мамлекеттик мектептерде ушундай мыкты мугалимдер бар экендигине сыймыктансак болот! Ыр десе ырдап, бий десе бийлеп, бири-бири менен биримдиктүү мамиле түзө билген кандай гана жигердүү жаштарыбыз бар! Эң башкысы – алар өзүнүн кесибин, окуучуларын чексиз сүйүшөт жана өздөрү аткарып жаткан ишке өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасай билишет. Турмушта кандай кыйынчылыктар болсо да, жашоону сүйгөн жайдары маанайын сактай билгени кандай гана жагымдуу!

______________________________________________________________________

ЫКТЫЯРЧЫ ЖАРДАМЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨ

Саякаттын өзү жана анын программасы жөнүндө баяныма өтөөрдүн алдында, менин кулактандыруума кайдигер болбой, гид катары өз жардамын сунуштаган ыктыярчылардын ысымдарын атай кетейин. Баардыгы болуп экскурсияга 6 адам катышты, алардын ичинен бешөө кыргыз тили жана адабияты жана башталгыч класстардын мугалими экен. Алар – Нарынбеков Кубанычбек, Бишкектеги №74 мектеп-лицейдин мугалими жана БГУнун 4-курсунун студенти, Эдилбек кызы Адина, Бишкектеги №74 мектеп-лицейдин мугалими, Камчыбекова Жанар, Бишкектеги №74 мектеп-лицейдин мугалими жана Ж.Баласагын атындагы КМУнун студенти, Абдырахманова Нуркыз, Бишкектеги №64 мектеп-гимназиянын мугалими, Талипова Гүлбара, Бишкектеги №11 мектептин мугалими жана ошондой эле Калыбек кызы Толгонай, И.Арабаев атындагы КМУнун бүтүрүүчүсү.

Менин кулактандыруума жаштар дароо жооп берип, балдар менен кызыктуу дискуссия өткөрүүгө өздөрүнүн эс алуу күндөрүн арнагандары, чын ыкласы менен мага жардамдашкандары мени чексиз кубандырды. Алар окуучулар менен чын дилдеринен баарлашып, өздөрүн ишенимдүү алып жүрүштү. Кыскасы, ыктыярчылардын жардамы бизге аябай зор болду, анткени биздин топто 70 бала бар эле. Мен бул жөнүндө өзүнчө баяндама жазууга аракеттенемин.

РЖККК КОШТООСУ ЖӨНҮНДӨ

БИЛИМКАНАГА ЖКККББнын унаасы келди

Мен бул баянымда биздин саякаттын өтө маанилүү бөлүгү — Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖККК) жөнүндө өзгөчө белгилегим келди. Балдарды ар кайсы аймактардан Бишкек шаарына алып келүүнү уюштурууда эң кыйыны -ылайыктуу автоунаа табуу. Тилекке каршы, биздин сүйүктүү тоолуу өлкөбүздүн көптөгөн аймактарында байма-бай каттаган рейстик автоунаалар жокко эсе. Борборго каттаган элеттиктер бир машинаны төрт-бештен болуп жалдап келишет. Ал эми жөн гана рейстик автобуска барып, билет сатып алып келүүгө такыр мүмкүн эмес.
Таластыктарга туннель аркылуу Төө-Ашууну ашып келүүгө туура келет, бирок менде ал жактан анча-мынча тажрыйба бар, анын үстүнө Талас облусунан минибустарды табуу оңой. Ал эми Казармандын жолу татаал болгондуктан, минибустарды табуу эң кыйын, мүмкүн эмес десе да болот. Анткени аларда жок! Айла жок Бишкектен жалдоого туура келет, бул демек, бош автоунааны эки тарапка тең акысын төлөп, жалдоо дегендик. Ошол учурда балдарыбыз саякатка чыгууну чыдамсыздык менен күтүп жатышканын элестетип көрсөңүз! Аларга саякатка чыгуу мүмкүнчүлүгү болуп жатканы эң маанилүү эмеспи. Акырында биздин маселени анча-мынча жеңилдеткен бир вариант табылды, тагыраак айтканда, биз автоунааны Бишкектен эмес, Ысык-Көл районунун Бөкөнбаев айылынан ижарага алдык.
Ошентип мен Казарман жана Ак-Дөбөгө эки минибус тапкан соң, балдар отурган автоунааны коштоп жүрүүнү уюштуруу жана балдарды алып келүүгө уруксаат берүү жөнүндө өтүнүч кат менен ЖКККга жөнөдүм. Министрликтердин бюрократиялык түзүмүндө мен мурда кездешкен жагымсыз тажрыйбаларды эске алып, алдыдагы эң оор “милдетти” аткарууга даярданып барган элем, бирок мени мында жагымдуу сюрприз күтүп туруптур!

ЖКККнын жооптуу кызматкери Шергазиев Узакбек Жаныбекович

Эң оболу, бардык кызматкерлер мага илбериңки мамиле жасап, мени кунт коюп угуп жатышты, эң негизгиси, бардык маселени тез жана так чечип беришти! Милициянын коштоосун уюштуруп берүү өтүнүчүмө дароо эле макул болушту, баарынан да ушунун баары акысыз болду. Алардын карамагындагы автоунаалар аз болгондуктан, биздин балдарды ар бир облустардагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери бири-бирине өткөрүп берүү аркылуу коштоп жүрүштү. Маселен, Казармандан келаткан балдарды адегенде Жалал-Абад облусунун МАИ кызматкерлери, андан кийин Нарындыкы коштоп келди, аларды Чүй облусунун кызматкерлери тосуп алышты. Ал эми Бишкектеги саякатыбыз Бишкек МАИ кызматкерлеринин коштоосунда болду. Ушунун баары биздин алтын балдарыбыз үчүн эсте каларлык саякат уюштурууда эң сонун жеңилдиктерди түздү.
ЖКККнын жооптуу кызматкери Шергазиев Узакбек Жаныбековичке жана ЖККК кызматынын облустардагы анын бардык кесиптештерине чын жүрөгүмдөн чыккан ыраазычылыгымдын билдиремин.

САЯКАТТЫН ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ

Мен жогоруда белгилегендей, пандемиядан кийин саякатка келүүнү күтүп жаткан үч класстын ордуна быйылкы жылы 9 класстын окуучулары топтолду. Алардын баарын уюштуруу канчалык татаал болгондугун боолголоп жатсаңыздар керек, анын үстүнө бизде туристтик инфраструктура деңгээли азырынча мактанаарлык эмес.

Бул — Бишкекке алып келүү жана кайра жеткирүү, шаар ичинде алып жүрүүгө байланышкан транспорт маселеси, жол абалы, көп сандагы балдарды жайгаштыруу, аларды тамактандыруу жана башка көптөгөн иштерди уюштуруу, бул – экскурсияларды өткөрүүнү макулдашуу. Кээде аргасыздан ушул ишти улантуунун зарылдыгы барбы же жокпу деген ойлор келет…

А бирок ачык, шайыр, кубанычтан көздөрү жайнаган балдарды көргөндө, мындай ойлор өзүнөн өзү жоголот. Биздин кичинекей саякатчыларыбыз наристелик таза дили менен мени кучактап, өпкөндө, жан дүйнөмдүн жашырынып жаткан сентименталдык кылдар кантип козголгонун сезбей да каласың…

Эми саякаттын өзү жөнүндө айтып берейин. Балдардын саякатынын программасы жыл сайын мурунку жылга салыштырмалуу анча-мынча өзгөрүлүп турат, анткени театрларда репертуарлар башка, ага жараша афишалар да жаңырат, ар келген сайын музейлерде да  ар түрдүү иш-чаралар уюштурулат, аба ырайы да ар кандай болот, ар кыл курактагы балдар келишет дегендей. Ошол эле учурда ар дайым программада жалпы элементтер сакталат, анткени эс алуу күндөрү убакыт чектелүү болот эмеспи.

Биздин саякатыбыздын маданий-маалымат арттыруучу программасына ылайык, Казармандан жана Ак-Дөбөдөн келген балдар жума күнү кечки тамакка туш келишти, анткени алар сабактан таркагандан кийин жолго чыгышат. Аймактардан келген балдар Бишкекте эмес, Кантта жайгашат, көп жылдан бери биздин долбоорго колдоо көрсөтүп келаткан Билимкана-Кант мектеп-интернатындагы жатаканада биздин балдар үчүн жума күнү кечинде кечки тамак жана ишемби жана жекшемби күндөрү эртең мененки тамактарды жана жайлуу орундарды камсыздап коюшат. Биз Билимкана фондунун жетекчилигине жана мектеп-интернаттын кызматкерлерине, айрыкча Токтобүбү Талиповнага чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Жолдон чарчап келген балдар эс алышкан соң, ишемби күнү кечке экскурсияга чыгышат. Ал үчүн балдарга алдын-ала 50 орундук комфортабелдүү автобус даяр. Биз ыктыярчылар менен Кантка барып, аларды кайра алып келаткан Кант-Бишкек жолунда алдыдагы саякатыбыз тууралуу талкуулашып, даярдыктарды көрөбүз. Биздин ыктыярчылар балдар менен автобустун ичинде өзүн кандай алып жүрүү керектиги жөнүндө, алдын-ала дардалган темалар жөнүндө айтып беришет. Алсак, айыл менен шаардын айырмасы эмнеде, борбор шаар деген эмне, балдар саякаттан эмнени күтүшөт ж.б. Биз алар менен театр жөнүндө, театрлардын түрлөрү жөнүндө, көркөм сүрөт искусствосу жана башка искусствого байланышкан агартуучулук темалар жөнүндө баарлашабыз. Ара-чолодо маанайды көтөрүү үчүн үн созуп ырдап да жиберебиз.

Спектаклден көрүнүш

Программа боюнча адегенде театрга барып спектакль көрдүк. Адатта биз Муса Жангазиев атындагы куурчак театрына барып спектакль көрөбүз. Бул жолу балдар Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” аттуу белгилүү аңгемеси боюнча Нурлан Асанбеков койгон спектаклди көрүштү. Балдар жана мугалимдер аябай кызыгуу менен кунт коюп көрүп отурушканына күбө болдум. Айрыкча мени балдар сахнадан көздөрүн албай тигилип отуруп көрүшкөнү кубандырды. Мурда мен балдар бир орунда кадалып отурганга анча көнбөй, сахнадагы окуяларга көңүл бурбай, көңүлдөрү чар жайыт болуп жатканын байкап калчумун. Бул жолу балдар спектаклди бир дем менен көрүп отурушту, мында албетте, спектакль жогорку деңгээлде коюлганы жана балдардын даярдыгы да мыкты экендиги көрүнүп турду.

Улуттук гвардия сыяктуу…

Спектаклдин соңунда артисттер жана куурчак чеберлери, сүрөтчүлөр кичинекей саякатчыларга куурчактардын түрлөрүн жана аларды жасоо ыкмаларын көрсөтүп беришти. Балдар андан соң, биздин саякатыбыздын дагы бир сөзсүз түрдө боло турган маанилүү этабы — Ала-Тоо аянтына келишип, аянттагы эстеликтерди кыдырышып, Кароол нөөмөтүнүн алмашуу учуруна күбө болушту. Ушул чакан көрүнүш балдарга дайыма эстен кеткис таасир калтырат. Адатта балдар Улуттук гвардиянын кароолунун кадамдарын кайталап, өзгөчө ырахаттанышат. Бул жолу да ошондой болду.

Өмүрбек Самудинов — тарых музейинин гиди

Саякатчыларыбыз эки топко бөлүнүп, Тарых музейине барышты. Ал жерде биз үчүн экскурсияны Өмүрбек Самудинов жана Жанона Шамшиева жүргүздү. Балдар жаңыртылган музейди кызыгуу менен кыдырып, экскурсиячылардын айткандарын абдан кызыгуу менен угушту. Биз музейдеги байыркы доордогу экспонаттар жана этнографиялык бөлүгүн кыдырууга жетиштик. Экскурсияга бөлүнгөн убакыт толугу менен аяктап калгандыгына байланыштуу 20-кылымдагы экспозицияларды көрүүгө убактыбыз жетпей калды. Бул балким жакшы болгондур, себеби кийин балдардын ичинен кимдир бирөө Бишкекке келгенде, музейге барып, көрүүгө жетишпей калгандарын көрүп кетет деп ишенгим келет.

Эмен сейилбагында

Биз балдар менен Эмен сейилбагында сейилдеп, Ачык асман алдындагы музей деген эмне деген теманы талкууладык. Ошол эле жерде көк шиберде эс алып, балмуздак жеп, ыр ырдадык! 80 балага балмуздак табуу кыйынга турду, бирок биздин ыктыярчыларыбыз анын жолун тез эле табышты.

Андан кийинки саякат сапарыбыз Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына уланды. Ал жактан Талантбек Толобеков бизге репетиция жасалчу имаратты, хорегорафиялык көнүгүүлөр жасалчу залды, артисттердин бөлмөсүн көрсөттү, андан кийин балдар залга киришти. Бирок биз шыптагы бадырайган чоң сүрөттөрдү, балкондон караганда зал кандай ажайып көрүнөрүн, оркестр отурчу чуңкурду көрө албадык, себеби гастролго келген гитарист жана фламенко аткаруучусунун репетициясы жүрүп жатыптыр. Балдарга “Малахит залы” аябай катуу таасир калтырды. Балдар мурда классикалык архитектуранын имаратында болуп көрбөгөндүктөн, аларга кенен коридорлор, тепкичтер, малахит колонналары, туш тарабындагы жаркыраган күзгүлөр болуп көрбөгөндөй таасир калтырды.

Малахит залында (фойесинде)

Биздин окурмандар шаардан 80 адам  үчүн даамдуу, тоюмдуу жана анча кымбат эмес, анан жакын жерден тамактануу жайын табуу оңой эмес экендигин жакшы билишсе керек. Айрыкча, кол чайкагыч маселесин чечүү кыйын, көпчүлүк жайларда 2-3 кол чайкагыч гана жайгашкан. Биз жакында эле Ала-Тоо аянтына жакын жерде ачылган ФИНИКИ кафесинде түштөндүк, ал эми кечки тамакты Чүй-Үмөталиев көчөлөрүндөгү БУФЕТ кафесинде ичтик. Биз үчүн ал жерде алдын-ала дасторкон жайылып коюлган эле, БУФЕТтин кызматчылары балдардын колдорун жууй турган кумгандарды жана чакан дагараларды, кагаз кол аарчыларды даярдап коюшкан. Ал жерде сунушталган даамдуу тамак-аштар балдарга аябай жакты.

Каба уулу Кожомкулунун эстелигинде

Эртеси эртең менен жекшемби күнү аба ырайы күтүүсүздөн бузула түштү, бирок бул биздин саякатчыларыбыздын маанайларын түшүргөн жок. Биз чогуубуз менен Спорт ордосунун алдындагы Каба уулу Кожомкулга арналып коюлган эстеликти көрдүк. Балдарга ал адам жөнүндө айтылган баян айрыкча жагат. Балдар ал жердеги Кожомкул атабыздын чоң алаканы түшүрүлгөн изине өздөрүнүн мыйтыйган колдорун ченегенди жакшы көрүшөт.

Андан соң биздин саякатыбыз Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине уланды, ал жерден эки экскурсия жүргүзүүчү этнографиялык экспозиция боюнча кыскача экскурсия кылды, андан кийин советтик жана орус искусство залдарын кыдырдык. Балдардын дээрлик баары үчүн галерея менен алгачкы жолку таанышуу болду.

Билимкана Америка мектебинде – спорт залды кароо

Акырында Ч.Айтматов проспектисиндеги БИЛИМКАНА АМЕРИКАН СКУЛ мектебине саякаттап бардык, ал жерден бизге Канышай Маматбекова кыскача экскурсия өткөргөн соң, балдар  түштөнүштү. Ал мектептин кенен спорт залы, коридордон көрүнгөн класстык бөлмөлөр, стилдүү жалпы көрүнүшү, деги койчу, туш тарабы жаркыраган кооз жайлары, сүрөттөрү, айтор баары-баары балдарга эле эмес, мугалимдерге да эстен кеткис таасир калтырды. Мугалимдер: “Мен дагы ушундай мектепке иштегим келет” деп, суктанууларын жашырган жок. Мен аларга жооп кылып: “Мен сиздер иштеген мамлекеттик мектептер да дал ушундай болушун каалайм. Сиздердей мугалимдери бар болгондугу үчүн алар чексиз бактылуу!” деген оюмду айттым

ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРҮҮ

— Экскурсияны өткөрүүгө жакындан жардам беришкендиги үчүн бардык ЫКТЫЯРЧЫЛАРГА;                              

 — Жолдордо коштоп жүрүүнү уюшкандыкта өткөрүүгө жардам беришкендиги үчүн ЖККК кызматкерлерине;

— 2017-жылдан бери БИЛИМКАНА-КАНТ жатак мектебинде балдарды эки түнгө тынч жана айланасы жап-жашыл кооз аймакта жайгаштыруу мүмкүнчүлүк берген БИЛИМКАНА Фондунун атынан анын уюштуруучусу ТӨЛӨНДҮ ТОЙЧУБАЕВГЕ, бизге акысыз жатакана, келген күнү кечки тамак жана эртең мененки эки жолку тамак менен камсыздашты, ошондой эле кызматкерлери жылуу мамиле жасашты!

Билимкана-Кант жатаканасынын куратору Токтобүбү Талиповна Эсенкулова балдарды кабыл алууну жана бөлмөлөргө бөлүштүрүүнү, келген күнкү кечки тамакты жана эртең мененки тамактарды мыкты деңгээлде уюштуруп берди.

Тарых музейинин уюштуруу-билим берүү бөлүмүнүн башчысы ӨМҮРБЕК САМУДИНОВго жана экскурсиячы ЖАНОНА ШАМШИЕВАга жана директордун милдеттери аткаруучусу АБДЫКАЛЫКОВА ГУЛБАРА КАДИРБЕКОВНАга. Экскурсия бекер көрсөтүлдү!

— Экскурсия өткөрүүгө жардамдашкан А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын кызматкери ТАЛАНТБЕК ТОЛОБЕКОВго;

 — Транспорт табууга жардамдашкан Кыргызстан боюнча саякаттарды уюштуруучу ДМИТРИЙ АХМЕТОВГО;

— Ынтызар мамиле жасап, жогорку деңгээлде тейлөө кызматын көрсөткөндөрү үчүн Чүй проспектиси менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «БУФЕТ» кафесинин жетекчиси КУМАРЖАН КОНУШБАЕВАга жана башка кызматкерлерге жана ошондой эле ФИНИКИ кафесине — НАГИМА ДАВЛЕТАЛИЕВАга, ошондой эле Билимкана Американ скул ашканасында — Канджебаева Асель Асыпбековнага

терең ыраазычылыгымды билдиремин!


Дагы: 

10- «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫ: 2-ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО АЗЕМИ  10-сынак жөнүндө

АЙЫЛДАРГА ЧӨЛКӨМ ТААНУУ МУЗЕЙИ КЕРЕКПИ – БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН ОЙЛОРУ КАНДАЙ9-сынак жөнүндө

ОКУУЧУЛАРГА КЫЗЫКТУУ САЯКАТТЫ КАНТИП УЮШТУРУУ КЕРЕК – МУГАЛИМДЕР КАНДАЙ ОЙЛОШОТ?  8-сынак жөнүндө


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *