БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ

2022. ОКУУЧУЛАР КӨПТӨН КҮТКӨН МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТ ИШКЕ АШТЫ! МАЙ АЙЫНДАГЫ ЭКСКУРСИЯ ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТ РЕПОРТАЖ

СҮРӨТ АЛБОМ. Бул мурдагы жылы жана былтыр боло турган 8-жана 9-жолку сынактардын жеңүүчү мугалимдеринин окуучулары менен саякаты болду. Пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынып салып, Бишкек шаарына экскурсияга келе турган алты класстын экөө келди. Пандемия учурунда башталгыч классты аяктап, кийинки тепкичке көтөрүлгөн балдар кыйла чоңоюп калышканы байкалды. Саякатка келишкендер:

Бекташова Жанара Бекташовна — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылындагы Т.Мойдунов атындагы №1 Макмал мектебинин мугалими 4″В» классындагы 32 окуучусу жана ошондой эле ата-энелер комитетинин эки өкүлү.

Суранчиева Фарида Кенжеалиевна, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы мектептин мугалими, 6″В» классындагы 35 окуучу жана ата-энелер комитетинин эки өкүлү.

Саякат тууралуу кеңири отчет: «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫНЫН СЕГИЗИНЧИ ЖАНА ТОГУЗУНЧУ ЖОЛКУ ЭКИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮНҮН ОКУУЧУЛАРЫ КӨПТӨН КҮТКӨН МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТКА КЕЛИП КЕТИШТИ»

Дагы үч класс эки жумадан кийин келет.


 

Биринчи күн-жума 20-Май

Экинчи күн-Ишемби 21-Май

Үчүнчү күн — жекшемби 22-Май


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *