БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ

2022. БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ БАЛДАР ЖАНА ЧОҢДОР ҮЧҮН ЧОҢ КУБАНЫЧ! БЫЙЫЛКЫ САЯКАТЧЫЛАРДЫН 2-ТОБУ

Салт боюнча “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын лауреат мугалимдеринин үч классынын окуучуларынын маданий-маалымат арттыруучу саякатынан кийин, ал жөнүндө репортаж менен бөлүшмөкчүмүн. Бул жылы мен толук тогуз класстын балдары үчүн саякат уюштурамын. Анткени 8-сынактын лауреаттарынын үч классы жана 9-сынактын лауреаттарынын үч классы 2020-2021-жылдардагы пандемияга байланыштуу, саякаттарга жана маданий борборлорго барууга чектөө салынгандыктан улам, күтүп калышты. Тилекке жараша, 2022-жылы ал чектөөлөр алынып салынды! Ал эми 2022-жылда өткөн 10-сынактан кийин дагы үч класс кошулду. 10-сынактын жеңүүчүлөрү саякатка 2022-жылдын сентябрь айында келишмекчи.

Эки класстын балдарынан турган биринчи топ Бишкек шаарына эки жума мурда келип кетти, ал саякат жөнүндөгү репортаж менен –2022. «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫНЫН 8- ЖАНА 9- ЖОЛКУ ЭКИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮНҮН ОКУУЧУЛАРЫ КӨПТӨН КҮТКӨН МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТКА КЕЛИП КЕТИШТИ! — УШУЛ жерден тааныша аласыздар.

Үч класстын окуучуларынан турган экинчи топтун саякаты 3-июндан 5-июнга чейин болду. Мында Ак-Суу, Түп жана Кара-Буура райондорунун окуучулары келишти. Адаттагыдай эле экскурсия жөнүндөгү репортаждан тышкары, мен өзүнчө сүрөт альбомду жарыялаймын, аны менен ушул жерден тааныша аласыздар: 2022. БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ – БАЛДАР ҮЧҮН ЖАНА ЧОҢДОР ҮЧҮН КУБАНЫЧ. ЭКСКУРСИЯДАН СҮРӨТ РЕПОРТАЖ


2022-ЖЫЛДЫН 03-05-ИЮНУНДАГЫ КАТЫШУУЧУЛАР ЖӨНҮНДӨ

Саякатка келгендер

  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Чолпон айылындагы Үтүр Калиев атындагы мектептин мугалими Беккул кызы Нуржандын 5-классындагы 23 окуучу,
  • Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Дөбө айылындагы К.Карачев атындагы №21 мектептин мугалими Үмүт Курманбековна Узакованын 4-классындагы 24 окуучу жана
  • Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чоң-Кара-Буура айылындагы Мамат Акымбеков атындагы мектептин мугалими Аспира Каныбековна Рахматованын 7-классындагы 31 окуучу.

Баардыгы болуп 78 окуучу жана аларды коштогон 9 чоң адам – лауреат-мугалимдер өздөрү ар бир класстагы ата-энелер комитетинен тандаган экиден өкүл жардамчы катары келишти.

Лауреат мугалимибиз Үмүт Курманбековна Узаковага жардамга келгендердин арасында аны менен бир мектепте иштеген мугалим Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев да келди, ал биздин сынактын 2018-жылдагы катышуучусу, андан кийин биздин сынактын алып баруучусу болду. Андан артык алып баруучуну табуу кыйын экендигин баса белгилеп кетким келет. Ал өзүнүн жеке тажрыйбасынан улам башталгыч класстын мугалимдеринин ишин эң жакшы билет жана ошол эле учурда оратордук тажрыйбасы мыкты, билимдүү, жайдары адам. Бул жолу анын саякатка катышуусу, анын алып баруучу болгонунан ашса ашар, бирок кем болгон жок. Өзүнө экскурсияны алып баруучунун ролун алган Таалайбек Мырзабаев, мында да аябай кызыктуу, жандуу айтып берип, гиддерге жана ыктыярчыларга караганда өзүн бир топ ынанымдуу да, ишенимдүү да алып жүрдү. Биз Таалайбек Мырзабаевичке биздин экскурсиянын кызыктуу өтүшүнө салым кошкондугу үчүн чын жүрөгүбүздөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Экскурсиябыз анын өзү үчүн да кызыктуу болуп, ырахат тартуулады деп ишенгибиз келет!

Мен мурда жазгандай, 20-22-майдагы экскурсиядан кийин, лауреат мугалимдер менен баарлашып, маанайым аябай көтөрүлдү.

____________________________________________________________

 

Өлкөбүздөгү биз ар дайым айтып жана жазып жүргөн билим берүү системасындагы кыйынчылыктарга карабай, келерки муундун балдарын окутуп-тарбиялап жаткан не деген мыкты мугалимдерибиз бар экендиги аябай кубандырат. Саякаттын жүрүшүндө мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы мамилелер ачык көрүнүп калат. Саякаттап келген биздин балдар өздөрүнүн мугалимдерине терең сый-урмат көрсөтүп, түшүнүү менен мамиле жасашары дароо байкалды. Мугалимдер да окуучулары үчүн жооптуу экендигин сезишип, кырдаалды көз жаздымынан чыгарбай көзөмөлдөөгө аракеттенип жатышты. Алар окуучулар менен ээн-эркин баарлашса да, ошол эле учурда өздөрүнүн улуу насаатчылык ролун да эстен чыгарышкан жок. Менин бул айткандарым Нуржан Беккуловнага да, Үмүт Курманбековнага да, Аспира Каныбековнага да жана Таалайбек Мырзабаевичке да таандык.

____________________________________________________

 

Балдар жөнүндө өзүнчө айтып кетким келет. Алардын баары гаджеттери жок келишиптир жана экскурсия учурунда баарын зор кызыгуу менен көрүшүп, көңүлдөрү толугу менен баарлашууларга, жаңы көрүп жаткан жаңылыктарга арналды. Балдар саякатка чыккандарына чын жүрөгүнөн кубанып жатышканы ачык көрүнүп турду жана кубанычтарын жашырбай, тартынбай, ушундай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылыктарын ачык билдирип жатышты. Мен ушул сынакты уюштуруп келаткан мезгил аралыгында кичинекей саякатчылардын жүрүм-турумун байкап жүрүп, айылдык балдарда шаардыктарга салыштырмалуу алгач мен үчүн күтүүсүздөй көрүнгөн айырмачылыктар бар экендигин байкадым. Мисалы, кээ бир шаардык балдар майрамдарда чоңдордун же болбосо өзү курдуу балдардын алдына чыгып ыр айтуудан уялышат, балдардын майрамдарында да ыр жаттап айткылары келбейт. Ал эми биздин кичинекей конокторубуздун бири да калбай баары ырдап, бийлеп, суроолорго жооп бергилери келет.

___________________________________________________________

Экскурсияга келишкен кичинекей саякатчылар көбүнчө атайын ыр, бий даярдап келишкенин айтышат. Бир жолу Нарын облусунан келген 3-класстын окуучулары “АЛТЫН УЯ” деген 40 мүнөттүк мюзикл даярдап келишкени эсимде. Ал жөнүндө баянды ушул жерден окуңуздар:2018. КҮН НУРЛУУ БАЛДАР КҮНӨСТҮҮ БИШКЕКТЕ.Биринчи класстын окуучулары Опера жана балет театрынын имаратынын алдында бийлеп жүрүштү: 2019. САЛАМ, БИШКЕК! БОРБОР ШААРГА ЭКСКУРСИЯГА КЕЛИШКЕН 1-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНАН САЛАМ!

Бул жолу Түптөн келген 4-класстын балдары мугалимдерине айтпай туруп эле өз алдынча флэш-моб бий даярдап келишип, Ала-Тоо аянтындагы Улуу Манастын айкелинин жанында бийлеп беришти!

Эртеси күнү биз кайрадан А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдындагы аянтка барганда, кыздар жана балдар “Мөлмөлүм” деген обонунда кыргыз бийин бийлешти.

Бул көрүнүш кимдин да болсо жүрөгүн элжиретпей койбосо керек!

Акырында Талас облусунун Чоң-Кара-Буура айылынан келген жетинчи класстын окуучусу Али Анас Мамасалиев Тарых музейинин так маңдайында “МАНАС” эпосунан үзүндү айтып берди. Манас эпосу эл ичинде унутулбай уланып келатканы кандай бакыт!

 

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ

Адаттагыдай эле балдар жума күнү кечинде кечки тамакка келип калышты. Алыс жолдон чарчап келишкендиктен, эс алып, күч топтоп алышып, ишемби күнү экскурсияга чыгышты, жекшемби күнү түшкө чейин уланган саякаттан кийин, түштөнүп алышып, үйлөрүнө сапар тартышты.

Биздин программа мына ушундай болду:

  • Үч гиддин коштоосунда Тарых музейин кыдыруу,
  • М. Жангазиев атындагы Куурчак театрында режиссер Нурлан Асанбеков койгон Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” спектакли,
  • А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында коюлган балдар үчүн “Доктор Айболит” балети,
  • Ала-Тоо аянтындагы кароолду алмашуу салтанатына күбө болуу;
  • Мырзабаев Таалайбек Мырзабаевичке «УРМАТ БЕЛГИСИ» төш белгисин тапшыруу. Ал жөнүндө өз алдынча репортаж даярдалып жатат.
  • Курманжан-Датка, Кожомкул баатыр, Чолпонкул Базарбаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Абай Кунанбаев жана башка мамлекетти түптөгөн көптөгөн белгилүү адамдарга коюлган эстеликтерди кыдыруу.
  • Нөл километр белгисин көрүп чыгуу.
  • Темир жол вокзалынан баштап Эркиндик бульварын бойлоп Ала-Тоо аянтына чейин жөө сейилдөө, бал муздак жеп шибер чөптө эс алуу,
  • Эмен паркын жана Ачык асман алдындагы скульпторлордун музейин, Эски аянтты кыдыруу, көк шиберде эс алуу,
  • Жеңиш аянтына барып, эстеликти көрүү,
  • Ч.Айтматов проспектисиндеги Билимкана Американ скулга экскурсия
  • Шаардагы кафелерде түштөнүү жана кечки тамакты ичүү.

ФОНДГО ЭКСКУРСИЯНЫ УЮШТУРУУГА ЖАРДАМ БЕРГЕНДЕР ЖӨНҮНДӨ

  1. Мен бул жолу да чын жүрөгүмдөн Кыргыз Республикасынын ЖККК (ГУОБДД) МЫКТЫ ИШИ үчүн ыраазычылык билдиргим келет!
    Мен жеке өзүм, лауреат мугалимдер, ата-энелер комитетинин мүчөлөрү, экскурсияга катышкан балдар, балдарды Бишкекке алып келген бусиктердин жана ошондой эле Бишкекте балдарды ташыган чоң автобустардын айдоочулары, жол көзөмөл кызматкерлеринин ишине аябай таасирленишти! Балдарды ташыган бустарды коштоп жүргөн жол көзөмөл кызматкерлери так жана уюшкандыкта эстафета боюнча бири-бирине өткөрүп жатышты. Баары сылык-сыпаа, кунт коюп мамиле жасашып, балдарды  автобустан чыгарып, түшүрүп, жолдон өткөргөнгө жардамдашып турушту.  Балдарды жолдо коштоп жүрүүдө жооптуу болгон Шергазиев Узакбек Жаныбековичке, жана ошондой эле региондордогу жооптуу адамдар: Бишкектеги – Уланга (командирдин орун басары), Чүй облусунан – ЖКК начальниги Айбекке, Ысык-Көл облусунан – ЖКК начальниги Мирланга, Талас облусунан – улуу инспектор Узакка, Жалал-Абад облусунан ЖКК начальниги Мунарга чоң рахмат! Алардын аты-жөнүн толук атабагандыгым үчүн кечирим сурайм, тактап алып, сөзсүз кошуп коемун!
  1. Албетте, жагымдуу салт болуп калган боюнча БИЛИМКАНА Фондуна, анын негиздөөчүсү ТӨЛӨН ТОЙЧУБАЕВге ыраазычылык билдиремин, ал 2017-жылдан бери балдарды укмуштуу ыңгайлуу шартта – айланасы тып-тынч жана жап-жашыл чөйрөдө орун алган БИЛИМКАНА-КАНТ интернатында эки түнгө жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзүп келатат! Бардык катышуучуларды эки түнгө жатаканасын, келген күнкү кечки тамагы жана эки жолку эртең мененки тамак-ашын бекер камсыздап берди.
  2. Билимкана-Кант жатаканасынын куратору ТОКТОБҮБҮ ТАЛИПОВНА ЭСЕНКУЛОВА мурдагыдай эле балдарды жогорку деңгээлде кабыл алып, бөлмөлөргө бөлүштүрүп, келген күнкү кечки жана эртең мененки тамактанууну мыкты уюштурду. Андан тышкары, Токтобүбү Талиповна акыркы күнү экскурсияга кошулуп, балдарды уюштурууга жардамдашты.
  3. Менин кулактандыруума кайдигер болбой, эс алуу күндөрүн биз үчүн коротуп, экскурсия өткөрүүгө жардам берген ЫКТЫЯРЧЫЛАРГА ыраазычылык билдиремин.
 

Жагымдуу окуяларга жыш толгон ишемби күнү бизге жардам бергендер:

  • ЗАЛКАР КЫДЫКОВ, Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык училищенин кызматкери,
  • НУРКЫЗ АБДЫРАХМАНОВА, Бишкектеги №64 мектеп-гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалими
 

Жума күнү балдарды тосууга жардам бергендер:

  • КАЛЫБЕК КЫЗЫ ТОЛГОНАЙ, И.Арабаев атындагы КМУнун бүтүрүүчүсү.
  • ЭДИЛБЕК КЫЗЫ АДИНА, Бишкектеги №74 мектеп-лицейдин кыргыз тили жана адабияты мугалими
  1. М. Жангазиев атындагы Куурчак театрынын администратору КУБАТАЛИЕВА ЗАМИРА ТОКТОГУЛОВНАГА балдарга спектакль көрүүнү уюштурууга жардам бергендиги үчүн терең ыраазчылык билдиремин. Биз Замира Кубаталиевнага 2017-жылдан бери спектакль көрүүнү уюштуруу үчүн жардам сурап кайрылып келебиз жана ал маселени так жана тез чечип келатканына күбөбүз!
  2. Тарых музейинин кызматкерлери — экскурсиячылары ЖАНОНА ШАМШИЕВАГА, АЛИНА ЖАНА ГҮЛЗАДАГА чоң рахмат! Ошондой эле уюштуруу-билим берүү бөлүмүнүн башчысы ӨМҮРБЕК САМУДИНОВГО жана кскурсияны бекер жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген музейдин директорунун милдетин убактылуу аткаруучу АБДЫКАЛЫКОВА ГҮЛБАРА КАДЫРБЕКОВНАГА өзүмдүн чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгымды билдиремин!
  3. Өзгөчө ыраазычылыгымды Опера жана балет театрынын директорунун орунбасары ЕЛЕНА ВИКТОРОВНА СМИРНОВАГА билдиргим келет. Ал бизге чоң колдоо көрсөтүү менен бирге, билеттерди арзан алууга, спектакль алдында экскурсия уюштурууга, биз сурагандай мамлекеттик тилде экскурсия жүргүзө турган эки гид табууга жардам берди. Мен сынак өткөрүп келаткан ушул жылдар аралыгында театр кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн эң чоң колдоо болгондугун баса белгилеп кетким келет.
  4. Бизге өтө даамдуу жана сапаттуу тамак-аштарын даярдап берген:
  • «ФИНИКИ» (“фри-фло” түрүндөгү) кафесинде шефи НАГИМА ДАВЛЕТАЛИЕВА жана ИСЛАМ ТУРГАНБАЕВ менен алдын-ала түзүлгөн келишим боюнча биз үчүн алдын-ала дасторкон жайылды.
  • Чүй проспектиси жана Үмөталиев көчөсүнүн кесилишиндеги “БУФЕТ” кафесинин (“фри-фло” түрүндөгү) жетекчиси КУМАРЖАН КОНУШБАЕВА менен түзүлгөн келишимдин негизинде дасторкон даярдашты, ал жерде 90дон ашык адамга алдын-ала даярдалган кумган менен колдорун жууганга жардам беришти.
  • Билимкана Американ Скул ашкана-кафеси. Ашкананын башчысы КАНДЖЕБАЕВА АСЕЛЬ АСЫПБЕКОВНА балдарга жаккан тамак-аштарды сунуштап, балдарды азыктандырууда чоң тажрыйбага ээ экендигин далилдеди.

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН телеграм каналына жазылуу:

СДКФ телеграм каналы кыргыз тилинде


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *