БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ

2023. АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНДАГЫ ОЙ-ТЕРСКЕН МЕКТЕБИНИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН БИШКЕК ШААРЫНА САЯКАТЫ

Жыл сайын биздин өлкөбүздүн ар кайсы булуң-бурчунан башталгыч класстын үч мугалими эс алуу күндөрү классындагы окуучулары менен бирге Бишкек шаарына келет. Бул – жыл сайын өткөрүлүп келаткан БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын жеңүүчүлөрүнө биздин фонддун сыйлыгы. Окуучулар, мугалими, ата-энелер комитетинин өкүлдөрү Бишкектин эң кооз, эң кызыктуу жерлерин көрүп, театр, музейлерге кирип, парктарды кыдырышат. Мен ушул рубрикада ар бир саякат жөнүндө репортаж жарыялап турамын.  

Үстүбүздөгү жылдын 25-27-августунда адегенде Ош жана Ысык-Көл облустарынан эки класс келди, бул жөнүндө “ысык” кезинде “Кара-Кулжа жана Кара-Талаадагы… окуучулардын … Бишкекке саякаты” деген репортажымды жарыялаган элем.

Ал эми биринчи орунду ээлеген мугалим Турганбаева Гүлүмкан Абыталыповнанын окуучулары – 22-24-сентябрда өзүнчө келишти. Төмөндө ошол саякат тууралуу баяныма назар салыңыздар.


БИЗДИН САЯКАТЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨ

Биздин Гүлүмкан Абыталыповна ушуну менен экинчи жолу сыйлыкка жетишип олтурганын белгилей кетели, былтыркы (10-сынакта) сынакта ал экинчи орунду ээлеген, ал эми быйыл (11-сынакта) биринчи орунга озуп чыкты. Андыктан анын окуучулары – Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен мектебинин балдары Бишкекке бир жолу келип кетишкен соң, кийинкисин чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. Мен алар үчүн жаңы, былтыркыга окшобогон программа даярдоону туура көрдүм. (Ушул жерде былтыркы жылдагы саякат жөнүндө баяндама: 2022… Кош келиңздер Ат-Башы, Сузак, Ак-Суу жана Бакай-Ата!)

Мен чын ыкласым менен Ой-Терскен мектебинин мугалими жана анын окуучуларынын жаңы саякаты жөнүндө бөлүшөмүн!


ЖУМА КҮНҮ КЕЧИНДЕ БИШКЕКТЕ

Биздин жаш саякатчылар ата-энелер комитетинин эки өкүлү менен бирге Бишкектеги хореографиялык училищенин жатаканасында жайгаштырылды. Бул окуу жайы Бишкектин так борборунда орун алган, андыктан биздин программа үчүн эң оңтойлуу болду.  Окуучулар жума күнү кечинде келген соң, кечки тамакты ичип бүтүп, уктап эс алышты, анткени эртеси жаңы күндү жаңы дем-күч менен жогорку маанайда тосуу керек эмеспи. Экскурсиянын жүрүшүндө балдарды тосуп алуу, коштоп жүрүү, алар менен баарлашууда мага биздин эски досубуз жана балдар менен мыкты тил таба билген, жөн гана жакшы адам – Бахтияр Токтосунов жардам берди.

Бардык сүрөттөрдү көрүү үчүн мобилдик телефонуңуздагы сүрөттүн бетин “басып” койсоңуз болот, эгерде компьютерден көрүп жатсаңыз, чычканын “чырк” эттирип койсоңуз, оң тарапты көздөй көрсөткөн сызыкча пайда болот. Сүрөттөрдү көрүү үчүн сары тегерекчелерди баскандан көрө, ушинтип барактап көргөн ыңгайлуу.


ИШЕМБИ

Уламыштардын негизиндеги мультфильмдер жана аларды талкуулоо

Биринчи күн кыргыз элинин уламыштарынын негизинде “Айгине” маданий изилдөө борборунун тапшырыгы боюнча тартылган эки жаңы мультфильмди көрүү жана аны талкуулоо менен башталды. Ал биздин балдарга расмий премьерасы болор алдында көрсөтүлдү.  Бул иш-чарадагы биздин ыктыярлуу жардамчыларыбыз Чолпонай Усубалиева-Грищук жана Шаакан Токтогул бул мультфильмдерди жаратууга жана уламыштарды чогултууга катышкан. Алардын катышуусунда талкуу өтө жандуу жана кызык өттү. Балдар да суроолорго жигердүү жооп берип, өздөрүнүн ойлорун тартынбай айтып беришти, алардын так жообу үчүн Чолпонай менен Шаакан аларга элдик уламыштарга байланышкан китептерди белекке тартуулады. Иш-чара “Сейтек” балдар борборунда өттү, мында чоң ЛЕД экраны орноштурулган мыкты зал бар экен. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн директор Ира Камантуловна Балтабаевага ыраазычылык билдиребиз

Эски аянтты аралап М.В.Фрунзенин музейине карай

Балдар “Сейтектен” чыккан соң, Эски аянт аркылуу Фрунзе музейине жөнөштү. Мында балдарды тажрыйбалуу экскурсчу Дамира Икрамовна Стамкулова күтүп жаткан эле. Ал кылымдын башында музейдин ичине орнотулган үйдүн имаратын (бул өтө уникалдуу жана кызыктуу деп эсептейм), тачанканы жана башка 20-кылымдын башындагы өтө кызыктуу окуяларды баяндаган буюмдар менен тааныштырды.  

Мында балдарды тажрыйбалуу экскурсчу Дамира Икрамовна Стамкулова күтүп жаткан эле. Ал кылымдын башында музейдин ичине орнотулган үйдүн имаратын (бул өтө уникалдуу жана кызыктуу деп эсептейм), тачанканы жана башка 20-кылымдын башындагы өтө кызыктуу окуяларды баяндаган буюмдар менен тааныштырды.  

БОН жапон фестивалы

Ал жерден чыгып, биз Жаштар Аллеясына жөнөдүк, ал күнү ал жерде Бон жапон фестивалы өтүп жаткан эле. БУБЛИК кофейнясы бизге Бишкектеги эң популярдуу бублик түрүндөгү ичине ар түрдүү даамдуу нерселер кошулуп даярдалган сэндвичтерин алып келип, бизди сыйлады.

Фестиваль ачык асман алдында жапон добулбастарынын “Ооэдо дайко” шоусу менен башталды. Ооэдо дайко шоусу – жайдары жана дух көтөргөн кубанычтуу оюн-зооктордун бири. Биздин жаш саякатчыларыбызга ал аябай жакты.

Фестиваль жапондордун салттуу бийи менен уланды, көрүүчүлөр сахнадагы бий аткаруучуларынын кыймылдарына кылдат көз жүгүртүп эле тим болбостон, башка каалоочулар менен бийлей да алат.

Жаштар аллеясы жана “Манас” скульптуралык комплекси

Биз филармонияга чейин жөө сейилдеп, Манастын эстелик комплексине келип, ал жердеги белгилүү манасчылардын айкелдерин көрдүк. Балдар кыргыз фольклорун жакшы билишерин көрсөттү! Мен мурда да бул тууралуу бир нече жолу белгилеп жаздым эле, сынакты уюштуруп келаткан жылдар аралыгында алыскы аймактардан келген балдар аябай активдүү, тиригарак болушарын, ар түрдүү оюн-зоокторго, бийлерге тез аралашып, кошо ырдап, бирдиктүү, ынтымактуу болушарын байкап жүрөм. 

Аңгыча түшкү тамак маалы болуп калгандыктан, биз баарыбыз пиццерияга түштөнүүгө жөнөдүк. Балдардын баары пиццаны жакшы көрөрү белгилүү эмеспи. 

Бакен Кыдыкеева атындагы театрдагы “Найман-эне” спектакли

Түшкү тамактан кийин кичине эс алууну чечтик, анткени таасирлер аябай арбын болду. Балдар БХУнун жатаканасында бир аз тыныгып, күч жыйнап алгандан кийин Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында көрсөтүлүп жаткан “Найман эне” спектаклинин премьерасына жөнөштү. Спектакль Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы уламыштын негизинде коюлган.  Ал азыркы заманга жараша шарттуу белгилер менен коюлган экен, ошондой болсо да балдар ынтаа коюп көрүп, сюжетти, артисттердин оюнун түшүнүүгө аракеттенгени байкалды. Баарынан эң кызыгы, спектаклдеги башкы каарманды аткарган актер Ой-Терскен мектебинин бүтүрүүчүсү болуп чыкты!

ЖЕКШЕМБИ

Бишкектин темир жол вокзалына экскурсия

Кийинки күнү, жекшембиде балдар эртең мененки тамактарын ичкен соң, темир жол вокзалына экскурсияга жөнөштү. Ал жерден Ласло Месароштун сүрөттөрү түшүрүлгөн интерьерди көрүшүп, темир жол вокзалынын кызматкери Клара Дүйшөналиеванын биздин өлкөдө темир жол кыймылы кандай иштери жөнүндө кызыктуу баянын угушту. Менин байкашымча, бул тема балдарга өтө кызыктуу болду окшойт.

Эркиндик сейилбагы жана эркин оюндар

Андан чыгып биз Эркиндик гүлбагына келип, былтыркы саякатыбызды кайталадык. Бул аябай көңүлдүү болду. Балдар “Ак-Терек – Көк-Терек” оюнун ушунчалык кызыгуу жана зор энтузиазм менен ойноп жатканын көрүп, биз, улуулар – мугалими, бизди коштоп жүргөн МАИ кызматкери жана ыктыярчы Бахтияр Токтосунов карап тура албай, кошо ойнодук. Гүлбакта сээлдеп жүргөн шаардык балдар жана алардын ата-энелери биздин кызыктуу оюнубузду “көздөрү күйүп” карап турушту…

Ала-Тоо кинотеатры, Нөлдүк километр

Балдар Ала-Тоо кинотеатрынын жанында МАИ кызматкери Адилеттин коштоосунда туристтик поездге түштү.

«Буфет» кафесинде түштөнгөн соң, балдар үйлөрүнө, Ача-Кайыңды айылына жөнөп кетишти. Ак жол!

Ыраазычылык

Ымандай сырымды айтсам, биздин өлкөдө балдар үчүн саякат уюштуруу оңой иш эмес. Андыктан бул өтө маанилүү жана керек нерсе деп ойлойм.

Мен чын пейлимден Бишкек хореографиялык окуу жайынын жетекчилигине балдарды жатаканага жайгаштырууга баалуу жардам бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Директору Эрик Вильданович Латыповго  жана анын орун басары – Залкар Кыдыковго чоң рахмат! Алардын колдоосу болбосо, мен балдарды жайгаштыра алмак эмесмин жана бул саякат ишке ашары да күмөн эле. Мен алардан мындай жардамды биринчи жолу эле алган жокмун, 2022-жылы биздин кичинекей саякатчыларыбыз БХУнун жатаканасында түнөп кетишкен.

Биздин саякатыбыздын бардык этабында бизди жер-жерлерде коштоп жүргөн МАИ кызматкерлерине жана алардын жетекчилигине алардын эң жогорку деңгээлде – эффекттүү жана уюшкандыкта, эң негизгиси, чын ыкластан аткарган кызматы үчүн рахмат айтамын!  Манасбек Арленович Сыдыгалиев (КР Борбордук МАИси), Дурус Жалилов (КР Борбордук МАИси), Болот Эламанов (Нарын), Тимур (Ысык-Көл), Миралим Юлдашбаевич (Ысык-Көл), Бахтияр Кусеинов (Чүй), Руслан (Чүй), Бек Ташматов (Бишкек), Адилет (Бишкек) – жана башка мен бул жерде ысымдарын атабай кеткен бардык кызматкерлерге терең ыраазычылык билдиремин, тилекке каршы, баарынын аты-жөнүн билбейм, андыктан бул жерде да баардыгынын аты-жөнү аталбай калышы мүмкүн.

Эң мыкты гид Бахтияр Токтосуновго рахмат, ал балдар менен чарчабай-чаалыкпай иштей алат жана жардамга келгенге ар дайым даяр!

Чолпонай Усубалиева-Грищук жана Шаакан Токтогулга ыраазычылык билдиремин, алар биздин иш-чарага чыгармачылык жана зор кызыгуу менен фантазияларын кошуп кызыктуу өткөрүп беришти.

Бишкек темир жол вокзалы II начальниги Нурланбек Барпыбекович Тамаевге балдарга вокзалды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазыбыз.

Адинай Мамбетакуновага балдарды тосууда чоң көмөк көрсөткөндүгү үчүн рахмат айтамын.

Менин бир тууган эгиз сиңдим Гюзель Айтматова-Данияровага чоң рахмат, ал мени экскурсия башталгандан аягына чейин коштоп, колдоп жүрүү менен бирге, баалуу кеп-кеңештерин айтып, маанайыбызды көтөргөнгө көмөктөштү!

Мугалимдерге ыйгарылган сыйлык иретинде саякат уюштурууда кездешкен кыйынчылыктарды да айта кетпесем болбос. Албетте, экскурсияны уюштурганга жардам бергендер тууралуу кененирээк баяндагым келет. Бул баяным өтө узак болуп кетпеши үчүн, ал тууралуу өзүнчө репортажда айтып беремин.


Мугалимдердин саякаттоосу жөнүндө көбүрөөк маалымат:
билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › мугалимдин саякаты

Окуучулардын мугалимдер менен болгон саякаттары жөнүндө:
билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы › балдардын саякаты

КР АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕРДИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 12-СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙБЫЗ


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *