БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ

2017. ОШ ОБЛУСУНУН АЛАЙ РАЙОНУНДАГЫ ТООЛУУ БҮЛӨЛҮ АЙЫЛЫНАН, ТАЛАС ОБЛУСУНУН БАКАЙ-АТА РАЙОНУНАН ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСУНУН КЕМИН РАЙОНУНАН БИШКЕККЕ ЭКСКУРСИЯГА КЕЛИШКЕН БАЛДАРДЫН КӨРГӨН КЫЗЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ

????????????????????????????????????
Бишкектин борборунда

Биздин эң эле чакан, бирок эң эле кооз өлкөбүздүн балдары дээрлик саякатташпайт. Борбор шаарыбызга анда-мында гана келишет. Келгендери деле негизинен базарларга мектеп формасын сатып алганы келишип, эң кызыктуу жайларды көрбөй кетишет. Алардын ата-энелери деле бишкектик туугандарыныкына аш-тойлорго келишкенде, театр-музейлерге, парктарга, эс алуучу жайларга сейрек барышат.

Балдар үчүн Бишкекке маданий-маалымат арттыруучу экскурсияларды уюштуруунун мааниси өтө чоң экендиги сезилүүдө. Эсиңиздерге сала кетсек, айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» сынагынын үч жеңүүчүсүнө 2015-жылдан бери атайын сыйлык – Бишкек шаарына классындагы БАРДЫК ОКУУЧУЛАР МЕНЕН  маданий-маалымат арттыруучу экскурсия уюштурулуп келет. Бул экскурсия биринчи орунду алган мугалимдин Москвага 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатына кошумча сыйлыгы болуп саналат.

2016-жылдын сентябрында башталгыч класстын төмөнкү үч мугалими байгелүү сыйлыктарга ээ болушкан:

  • Джолчубаева Айгуль Сейдекеримовна – Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы Ленин атындагы мектептин мугалими;
  • Примбердиева Сергуль Исраиловна — Ош облусундагы Алай районунун Бүлөлү айылындагы Ж.Исаева атындагы №38 орто мектептин мугалими;
  • Акматалиева Жаңыл Дюшекеевна Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айылындагы орто мектептин мугалими.

Ушул мугалимдердин артынан, алардын жеңишинин натыйжасында Бакай-Ата, Бүлөлү, Кичи-Кемин айылдарынын балдары ушундай кызыктуу саякатка катышууга мүмкүнчүлүк алып отурушат.

Бакай-Ата жана Бүлөлү айылдарынын балдары Бишкекке 21-23-апрелде келишти, ал эми Кичи-Кемин айылынын окуучулары 28-30-апрелде болушту.

Экскурсиянын ПРОГРАММАСЫ төмөндөгүдөй болду:

Жума

  • Балдар Билимкана-Кант мектебинин жатаканасына келишти. Ош облусунун Бүлөлү айылынан – самолет менен, ал эми Бакай-Ата жана Кичи-Кеминден – автобустар менен. Кичи-Кеминдин балдары жолдон БУРАНА Музей комплексине кайрылышып, аны гид менен кыдырып чыгышты.
  • Кечки тамакты ичишкен соң, жатакананын жайлуу бөлмөлөрүндө түнөштү.

Ишемби

????????????????????????????????????
Куурчак театрында
  • Билимкана-Кант жатак-мектебинде эртең мененки тамактарын ичишти.
  • 50 орундуу комфортабелдүү автобус менен Кант-Бишкек жолунда аларга гид Амангелди шаар менен айылдын, скульптура менен эстеликтин кандай айырмачылыктары бар экендиги айтып берип, жалпы эле Бишкек шаары, опера жана балет, драмтеатр тууралуу билгендери менен бөлүштү.
  • Муса Жангазиев атындагы Куурчак театры. Редьярд Киплингдин «БААРДЫГЫН БИЛГИМ КЕЛЕТ» (22-апрель) жана «ЧЫПАЛАК БАЛА» (29-апрель) кыргыз эл жомогунун негизинде коюлган спектаклдер.
  • Театрдын ичин кыдырып чыгуу. Башкы ролду аткаруучулар менен баарлашуу.
  • Баардыгы «БУБЛИК» кофейнясында түштөнүштү. Ал жердин тамактары, айрыкча, балмуздагы балдарга аябай жакты!
  • Түштөнгөн соң Спорт сарайынын алдындагы Кожомкулдун эстелигине карай жөө жүрүш жасашты. Балдар уламышка айланган баатыр жөнүндө угушуп, ага коюлган эстеликти, анын алаканы чегерилген ташты кызыгуу менен карашып, өздөрүнүн кичинекей алакандарын да ченеп көрүштү.
  • АЛА-ТОО кинотеатрынын алдына келишкен балдар Кыргызстандагы НӨЛҮНЧҮ КИЛОМЕТР каякта экендигин өз көздөрү менен көрүшүп, туулган айылы кайсы жагында жайгашканын билишти.
  • Андан кийин ошол эле жердеги КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН эстелигине барышты. Даңктуу датка энебиз тууралуу кызыктуу тарыхый баяндарды угушкан соң, эстеликке сүрөткө түшүштү.
  • Андан алыс эмес жердеги АЧЫК АСМАН АЛДЫНДАГЫ СКУЛЬПТУРА МУЗЕЙИ, айланадагы кызыл-тазыл гүлдөр балдарды кайдигер калтырган жок.
  • Бир аз чарчашкан балдар Курманжан Датканын эстелиги, Ала-Тоо аянты жана көчөдөгү галереянын ортосунда гироскутер жана эки орундуу велоэкипажда сейилдешти. Теребелдеги түркүн түстүү кызгалдактар көз жоосун алып, балдардын эс алуусуна кошумча көрк кошуп турду.
В театре Оперы и Балета им А.Малдыбаева

    А.Малдыбаев атындагы Опера жана Балет театрында
  • Балдар жөө жүрүш менен Орус драмтеатрын, ЧОЛПОНБЕК БАЗАРБАЕВДИН, ААЛЫ ТОКОМБАЕВДИН эстеликтерин, ИЗО музейин көрүшүп, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына келишти.
  • Искусство таануучу Е.А.Мягкова менен А.Малдыбаев атындагы ОПЕРА ЖАНА БАЛЕТ ТЕАТРЫН көрүү. Театрдын көркөмдүү декору балдарга болуп көрбөгөндөй таасир калтырды. Алар опера жана балетти көрүп, театр искусствосунун сыйкыр дүйнөсүнө аралашып жүргөндөй болушту.
  • Биздин программа боюнча кийинки бара турган жер – ФРУНЗЕ МУЗЕЙИ эле. ФРУНЗЕ МУЗЕЙИН Гулира Нурбаева менен кыдыруу. Балдар «үй ичиндеги үйдү», тачанканы, 20-кылымдын башында чыгарылган самолеттун моделин көрүшүп, музей жана экспонаттар деген эмне экендигин түшүнүшүп, бир аз болсо да тарыхый окуялардан кабардар болушту.
  • ЭМЕН паркы менен АЛА-ТОО аянтына карай сейилдөө
  • Аянтты, МАНАС жана ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО коюлган эстеликтерди кыдырып көрүү
  • Кайрадан автобуска отуруп Канттагы жатак-мектепке карай жол тартуу
  • Жатак-мектепте кечки тамак ичүү (22-апрель). Ал эми Кичи-Кеминден келген балдар «ГРЕНКИ» кафесинде кечки тамактарын ичишти. Кафенин кызматкерлери аларды жылуу маанайда тосуп алышып, балдар аянтында көңүл ачууну сунушташты жана өзгөчө кооз шарларды белекке тартуулашты.
  • «БИЛИМКАНА-КАНТ» жатак-мектепке кайтышкан балдардын көңүлдүү эс алуулары андан ары уланды.

Жекшемби

В Детском Научном Комплексе
Балдардын Илимий Комплекси
  • «БИЛИМКАНА-КАНТ» жатак-мектебинде эртең мененки тамактануу
  • Балдар 50 орундуу комфортабелдүү автобус менен Кант-Бишкек маршруту боюнча БАЛДАРДЫН ИЛИМИЙ КОМПЛЕКСИНЕ келишти. Алар адегенде суюк азот, жалындаган жалындын катышуусундагы ШОУга катышты, бул балдарды аябай кызыктырды, алар оюнга активдүү катышып, суроолорго дилгирленип жооп да берип жатышты. Жаңы маалыматтарды тез эле жаттап алышкандары да болду. Кыргыз тилде сүйлөшкөн гиддер Жаннат жана Канышай өздөрүнүн милдеттерин так жана мыкты аткарышып, аудитория менен байланышты тез эле түзүштү. Андан соң балдарга атайын экспонат-жабдуулардын жардамы менен физиканын закондорунун кубулуштарын көргөзүштү. Аягында балдарга жабдуулар менен оюндарды ойноо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул балдарга болуп көрбөгөндөй таасир калтырды!
  • 21-23-апрелде келишкен балдар «ТЮБЕТЕЙКА» ресторанынан пицца жешип түштөнүштү, ал эми 28-30-апрелдеги топтун балдары жолго жаңы бышкан таттуу токоч жана самсы алышты.
  • Биринчи топтогу балдардын саякаты гүлгө оролгон «Жаштар аллеясын», баатыр Манастын эстелигин, Филармония, мэрия, КМУУнун имараттарын көрүү менен аяктады, андан соң Таласка кете тургандар чакан автобустарда, ал эми Ошко кетүүчүлөр самолет менен өздөрүнүн кичи мекенине кайтышты. Кичи-Кеминден келген балдарды да чакан автобустар жеткирип келди.
  • Балдар биз менен аябай жылуу коштошуп, ушундай экскурсия үчүн ыраазычылыктарын билдирип жатышты, ал эми Кичи-Кеминден келген окуучулар өздөрү чыгарган ырларын окуп беришти.

Экскурсия түрүндө атайын сыйлыктын уюштуруучусу жана демилгечиси катары  мага жүрүм-турумдары ушундай эң жөнөкөй, тартиптүү жана ачык-айрым балдар менен баарлашуу аябай жагымдуу жана кубанычтуу болгондугун белгилеп кетким келет. Мугалимдин эмгегинин үзүрүн ушул жерден көрүүгө болот! Бул экскурсияга мугалимдерге жардамчы катары келишкен ата-энелер комитетинин мүчөлөрү да ынтымактуу, бирдиктүү аракеттенишип, балдардын жаңы чөйрөдө ыңгайлашуусуна көмөктөшүштү.

Транспортко, тамак-ашка, жашаган жерине жана театр-музейлерди кыдырууга кеткен чыгымдардын баары Санжарбек Данияровдун Фонду тарабынан Атайын сыйлык катары жеңүүчүлөр үчүн уюштурулду.

Билимкананын жетекчилиги акысыз жатакана менен камсыздап, балдарга, мугалимдерге жана ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнө Билимкананын ашканасында тамактанууга мүмкүнчүлүк түзүп беришип, Фондго чоң колдоо көрсөттү. Бул аябагандай чоң жардам болду! Санжарбек Данияровдун Фонду түзүлүп, «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» долбоору уюшулгандан  6 жылдан ашык убакыттан бери бул биринчи ири масштабдагы материалдык колдоо болгондугун белгилеп кетким келет. 

Бул жерде ашпозчу Анаранын өзгөчө даамдуу тамак-аштарын жана жарык маанайын жана ошондой эле кароолчу Асыпбек Атакуловдун дилгирлигин белгилебей коюуга болбойт.

Бул жолу экскурсияны уюштурууда бизге ВОЛОНТЕРЛОР аябай жакшы жардам беришти. Шаар боюнча гид катары бизге Корея Республикасынын адиси АМАНГЕЛДИ ЖУМАБАЙДЫН (22-апрелде бир күн толугу менен) жана жеке нотариус СЫМБАТ РЫСКУЛОВАНЫН (29-апрелде бир күн толугу менен жана 30-апрелде түшкө чейин) жардамы чоң болду. ТУРУСБЕКОВ ХАЛЕД жана анын апасы ЖАҢЫЛ ТУРУСБЕКОВА экскурсияны сүрөткө тартып жүрүштү. Биздин ыктыярчылар балдардын табитин таба билишкендери кубандырды!

Бизге жылуу мамиле жасап, атайын көңүл бурушкандыктары үчүн төмөнкүлөргө өзгөчө ыраазычылыгыбызды билдиребиз:

  • Муса Жангазиев атындагы КУУРЧАК ТЕАТРЫНЫН администратору Замира Токтогулова Кубаталиевага;
  • БАЛДАРДЫН ИЛИМИЙ БОРБОРУНА, өзүнчө ыраазычылыгыбыз Жаннат менен Канышайга, анан албетте директору Гульназ Турбатовага;
  • «БУБЛИК» кофейнясына, «ТЮБЕТЕЙКА» ресторанына жана «ГРЕНКИ» кафесине.

«Кыргызконцепт» фирмасынын автобус жана чакан автобус айдоочулары – Эрмек, Николай, Эмиль, Дмитрий жана ошондой эле транспорт боюнча менеджер Эрмек Байдалиевдер өтө жоопкерчиликтүү жана өз кесибин аздектеген адамдар экендигин көргөзүштү. Ал үчүн рахматыбызды айтабыз!

Мен ушул экскурсиянын соңунда билим берүү системасы, мектеп, жетекчилер, ата-энелер балдардын саякаттоосу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү табышы керек деген оюмду ого бетер бекемдедим, айрыкча, класс менен, бирдиктүү жамааттар менен экскурсияларды уюштуруу өтө зарыл.

????????????????????????????????????
Салам!

БҮЛӨЛҮ жана БАКАЙ-АТАдан борборго 21-23 АПРЕЛДЕ экскурсияга келишкен балдардын  СҮРӨТАЛЬБОМ.

Кичи-Кеминден Бишкекке 28-30.04 экскурсияга келишкен СҮРӨТАЛЬБОМ.

ЫР ДЕСТЕ ВИДЕО

АЙГҮЛ ЖОЛЧУБАЕВАНЫН САЯКАТЫ

2015 ЭКСКУРСИЯ


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *