МУГАЛИМДИН САЯКАТЫ

ТАЛАС ОБЛУСУНУН БАКАЙ-АТА АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ, ФОНДДУН ЛАУРЕАТЫ АЙГҮЛ ЖОЛЧУБАЕВАНЫН МОСКВА ШААРЫНДАГЫ 10 КҮНҮ.

СҮРӨТАЛЬБОМ. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” сынагынын кезектеги сыйлыгына Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата мектебинин башталгыч классынын мугалими Айгүл Жолчубаева татыктуу болду. Айгүл бир нече жылдан бери бир эмес, эки башталгыч класста сабак берип келет, андыктан анын балдар менен иштөөдө тажрыйбасы мол. Ал андан тышкары башка мугалимдер менен тажрыйба алмашуу программасында тренер катары да белгилүү. Үстүбүздөгү жылдын, т.а. 2016-жылдын 4-октябрынан 14-октябрга чейин Айгүл Фонддун сыйлыгынын алкагында МОСКВА ШААРЫНА МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТКА барып келди.

 

БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2016 ЖӨНҮНДӨ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *