СҮРӨТАЛЬБОМ. Сегизинчи жана тогузунчу сынактын лауреаттарынын окуучуларынын маданий-маалымат арттыруучу саякаттарынын алкагында быйыл балдардын экинчи тобу келди: Үч класстын балдары:
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Чолпон айылындагы Үтүр Калиев атындагы мектептин мугалими Беккул кызы Нуржандын 5-классындагы 23 окуучу,
- Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Дөбө айылындагы К.Карачев атындагы №21 мектептин мугалими Үмүт Курманбековна Узакованын 4-классындагы 24 окуучу жана
- Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чоң-Кара-Буура айылындагы Мамат Акымбеков атындагы мектептин мугалими Аспира Каныбековна Рахматованын 7-классындагы 31 окуучу.
Бул саякат жөнүндөгү баянды кененирээк “2022. БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ БАЛДАР ЖАНА ЧОҢДОР ҮЧҮН ЧОҢ КУБАНЫЧ! БЫЙЫЛКЫ САЯКАТЧЫЛАРДЫН 2-ТОБУ» репортажынан окуй аласыздар.
БИРИНЧИ КҮНҮ – ЖУМА, 3-ИЮНЬ. КЕЛҮҮ
Келүү, кечки тамак жана Билимкана-Кантта жайгашуу
ЭКИНЧИ КҮН – ИШЕМБИ, 4-ИЮНЬ
Тарых музейин, М.Жангазиев атындагы куурчак театрын, Эркиндик бульварын кыдыруу, түштөнүү, Ала-Тоо аянтындагы кароол алмашуу салтанатын көрүү, Мырзабаев Таалайбек Мырзабаевичке «УРМАТ БЕЛГИСИ» төш белгисин тапшыруу, Айкөл Манаска коюлган эстеликтин алдында балдар уюштурган ФЛЭШМОБ, Курманжан-датка, Нөл км, Эмен баркындагы «пикник», Ачык асман алдындагы скульптура музейи, Эски аянт, Каба уулу Кожомкулдун эстелиги, кечки тамактануу.
ҮЧҮНЧҮ КҮН – ЖЕКШЕМБИ, 5-ИЮНЬ
Жеңиш аянтында, театр артындагы скверде сейилдөө, Абайга коюлган эстеликти көрүү, Опера жана балет театрынын алдында 4-класстын окуучуларынын кыргыз бийи, “Доктор Айболит” балети, Билимкана Американ скулга экскурсия, түшкү тамак. Үйлөрүнө кетүү.
САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН телеграм каналына жазылуу:
СДКФ телеграм каналы кыргыз тилинде