МУГАЛИМДИН САЯКАТЫ

2024. НУРЖАН ИСАКОВАНЫН (СУЗАК) ЖАНА ТУРУМКАН КАРИМОВАНЫН (ЫСЫК-КӨЛ) 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ. 1-БӨЛҮК

Быйылкы жылы “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын эки жеңүүчүсү салтка айланып калган Москва шаарына 10 күнгө саякатка барып келди. Бири – 12-сынактын жеңүүчүсү Исакова Нуржан Шамуратовна (2023/2024-окуу жылы) жана экинчиси — 6-сынактын жеңүүчүсү Каримова Турумкан Абдырахмановна (2017-жыл) болду. Турумкан эже жеке жагдайына байланыштуу убагында келалбай калган эле, эми кесиптеши менен бирге көптөн күткөн саякатка барып келди. Төмөндө мен конокторубуз Нуржанга менден кичүү экенине таянып “сен” деп, ал эми Турумкан эже менден улуу экендигине байланыштуу “эже” деп кайрыламын.

Санжарбек Данияровдун Фондунун жаңылыктарына көз салып жүргөндөргө маалым болгондой, жыл сайын “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын жеңүүчүсү бул саякаттан тышкары дем алыш күндөрү бүт классы менен Бишкекке экскурсияга келет. Экскурсияга биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген мугалимдердин окуучулары биригип, бардыгы үч класстын окуучулары келишет. Мектеп окуучуларынын кезектеги сапары (анын ичинде Нуржан Исакованын окуучулары да болот) ишке ашкандан кийин, фонддун салтына ылайык, бул сайтта репортажыбызды бөлүшөбүз.

Бул репортаж эки бөлүктөн турат: 2024-жылдын 8-июлунан 11-июлуна чейин жана 12-17-июлуна чейин.


1-БӨЛҮК

08.07.2024 ДҮЙШӨМБҮ

Биз Нуржан айым менен Турумкан эженин келишине алдын-ала даярдануу үчүн Москвага эртерээк келдик. Фонддун сыйлыгынын алкагында Москвага келген бардык жеңүүчүлөр ЦСКА метросундагы биздин Москвадагы батирибизде болушат, ал турак жай “Ходынское поле” паркында жайгашкан.

Коноктор учак менен Шереметьево аэропортуна 11:55те келип конду, биз шаарга Аэроэкспресс менен бардык. Бул Москванын бардык аэропортторун темир жол станциялары жана метро станциялары менен байланыштырган ыңгайлуу ылдам жүрүүчү поезд. Мен жана жолдошум сыяктуу пенсионерлер үчүн Aэроэкспресс менен саякаттоо жана коомдук транспорттун бардык түрлөрү бекер.

Меймандар менен бирге биз Ходынский бульварына түшкү тамак убагында келдик. Бир аз эс алып, программабыздын чоо-жайын талкуулагандан кийин биз жашаган жерибизди кыдырып чыктык.

«Ходынское поле» паркы курулганына аз гана убакыт болду, бул жерде эс алууну каалаган москвалыктар үчүн абдан ылайыктуу. Паркта өрдөктөрү бар чакан көлмө жана эки дөңсөө жайгашкан, ал жерден тегерегинин баары көрүнүп турат, алардын биринде Күзгү лабиринт, экинчисинде чоңдор үчүн селкинчек орнотулган. Чоң балдар аянтчасы, чоң кум короосу, үстү ачык бассейн жана көптөгөн спорт аянтчалары бар. Баардыгы өзгөчө “кургак” фонтанды абдан жактырышат, жердин түбүнөн чачырап атырылып чыккан сууга балдар да, чоңдор да жайдын ысык аптабында сергигенди жакшы көрүшөт.

ЦСКА метро станциясынан дароо эле сейил бакка түз чыгууга болот, ал анын курамындагы ички бөлүгү болуп саналат, станциянын чатырындагы көк чөптүү аянтчага күнгө кактануу үчүн ыңгайлуу отургучтар орнотулган.

Биздин үйдүн карама-каршы тарабында «Ходынское поле» сейил багына жанаша жайгашкан Авиапарк чоң соода жана оюн-зоок борбору, анда конокторду тартуу үчүн чоң аквариум орнотулган. Бул дүйнөдөгү эң бийик цилиндр формасындагы аквариум, бийиктиги 23 м жана диаметри 6 м, борборунда жасалма коралл рифи бар. Биз да андан кыйгач өтүп кеткен жокпуз. Кечке жуук биз үйгө келип, чогуу кечки тамакты ичтик


09.07.2024 ШЕЙШЕМБИ

Эртең мененки тамактан кийин биз метро менен шаардын так борборуна, Кызыл аянтты көздөй жөнөдүк. Жолдо биз Маяковский метро станциясынан түшүп, мен бардык саякатчыларга көрсөтүп жүргөн укмуштуудай кооз станциянын залын көрүп, андан соң саякатыбызды уланттык.

Биз шаардын борборуна саякатыбызды Кызыл аянттан баштадык, анын периметри Москва Кремлинин бийик дубалдары менен Спасская мунарасы, Лениндин мавзолейи, Тарых музейи, ГУМ жана Ыйык Василий собору менен белгиленген. Конокторубуз мавзолейди көрүүнү каалалагандыктарын билдиришти, бирок алар узун кезекке турууга туура келгендиктен (турникеттердин артындагы дубалды бойлоп созулуп кеткен кезектин аягы көрүнбөйт), күндүн ысыгында ал оюбуздан баш тарттык.

Биз 19-кылымдын аягында Жогорку соода катарлары катары курулган ГУМга бардык. Албетте, анын үч узун галерея (өтмөк) түрүндөгү айнек чатырлуу архитектурасы, экинчи кабаттагы көпүрөлөрү жана так ортосундагы фонтаны келгендердин көзүн кубандырат. Салт боюнча таттуу балмуздак жедик.

Василий Блаженный соборунун (Покровский соборунун) ичине кирүү үчүн аянтка кайтып келдик. 16-кылымдын орто ченинде Казан шаарынын алынышынын урматына тургузулган бул түстүү храм Россия Федерациясынын башкы аянтынын өзгөчө белгиси жана Москванын символу болуп калган. Биз сырдалган дубалдарды, сырдуу кууш бөлмөлөрдү, байыркы иконостасты көрүп чыктык, мунун баары храмдын эң сонун акустикасынын шарттарында чиркөөнүн полифониялык ырдоосу менен коштолгон.

Кызыл аянтка жакын жерде, мурдагы 10 миң орундуу «Россия» мейманканасынын ордунда «ЗАРЯДЬЕ» сейилбагы пайда болгонуна 10 жылдай болуп калды. Илгери ал соода катарларынын артында жайгашкандыктан ушундай аталып калган. Бул паркта өлкөнүн ар кандай климаттык зоналарынын өсүмдүктөрү менен капталган дөбөлөр бар, муну ал жердеги белгилерден улам баамдоого болот. Дөбөлөрдөн Кремлдеги жана анын айланасындагы, ошондой эле сейил бактын өзүндөгү керемет кооз көрүнүштөрдү көрүүгө болот.

Биз парктын ортосундагы үстү айнек менен жабылган чоң ачык концерттик аянтчада теребелге суктанып отурдук. Ал күнү Москвада аба ырайы болуп көрбөгөндөй ысык эле, эс алууга отургандарды сергитүү үчүн чатырдан туман чачырап турду. Москва дарыясынын үстүндөгү айнек тосмолору бар атактуу Учуучу (Парящий) көпүрөнү бойлоп сейилдедик. Көпүрө эң кооз көрүнүштөрдү көрүү үчүн атайын түзүлгөн, ал дарыянын так ортосуна чейин жетип, кайра артка бурулат.

Кызыл аянтка жанаша жайгашкан Манежная аянтынын жанындагы «Охотный ряд» соода борборундагы грузин ресторанында түшкү тамакты ичтик. Кремлдин батыш тарабын бойлой созулуп жаткан Александр бакчасы аркылуу Боровицкая мунарасына, андан ары Владимирдин эстелигинин, Ленин атындагы эң чоң китепкананын жанынан өттүк да, метрого кирип Комсомольская станциясына чейин жеттик. Биз Москванын Жаштар Сарайынын (МЖС) жанындагы Трубецкойлордун сейил багында эс алдык, ал негизинен мюзикл театры болуп эсептелет.

19.00 «ЭЧ НЕРСЕНЕН КОРКПО, МЕН СЕН МЕНЕН» мюзикли (МЖС). Бул мюзикл Советтер Союзунда популярдуу болгон «Секрет» тобунун хиттерине негизделген, алардын ырлары обондуу жана мазмундуу. Ал бизди совет доорунун акыркы мезгилине алып барат. Конокторго спектакль жакты деп ойлойм, эң жок дегенде мюзикл жанр менен таанышуу кызыктуу болду деп ишенем.


10.07.2024 ШАРШЕМБИ

Эртең мененки тамактан кийин “Кропоткинская” метро станциясын көздөй бет алдык. Биздин биринчи максатыбыз КУТКАРУУЧУ ХРИСТОСТУН соборунун сыртын жана ичин көрүп чыгуу болчу. Бийик куполдуу храмдын дубалдарында толугу менен библиялык темалар камтылган, ал эми борборунда абдан кооз иконостас бар. Мунун баары көргөн адамдарды таң калтырбай койбойт, бирок, тилекке каршы, ичинде сүрөткө тартууга тыюу салынган. Биз храмдын байкоочу палубасына чыктык, ал жерден Москванын борборунун панорамасына каалагандай суктансаң болот.

Храмдан чыгып, биз «ПАТРИАРХИЯ» көпүрөсүн бойлоп сейилдедик, анын бир тарабынан Кремлдин кооз көрүнүштөрү, ошондой эле совет мезгилинде «Кызыл Октябрь» деп аталып калган “Товарищество Эйнем” шоколад фабрикасынын тарыхый имараттары көрүнөт. Учурда имараттар көргөзмө-соода комплекси катары колдонулат.

Ошол күнү биздин башкы максатыбыз — А.С.ПУШКИН атындагы КӨРКӨМ ИСКУССТВО СҮРӨТ МУЗЕЙИНИН башкы имаратын көрүп келүү эле. Музей абдан чоң, 20-кылымдын башында ачылган. Профессор Цветаевдин демилгеси боюнча ал дүйнөлүк шедеврлердин үлгүлөрүн тартуулоо менен искусствону элге жакындатуу максатын көздөйт. Биз Байыркы Грециянын, Байыркы Египеттин, Месопотамиянын, Байыркы Римдин, Европанын 16-18-кылымдардын искусствосу залдарын кыдырдык. Чыгармалардын өзү эле эмес, скульптуралык жана сүрөттүү экспонаттардын кооздугун баса белгилеген кооз жасалгаланган музейдин залдары да чоң таасир калтырат.

Биз Куткаруучу Христостун соборунун жанындагы “Ил Патиодо” түшкү тамакты ичкен соң, Гоголь бульварын бойлоп сейилдегенге үлгүрдүк. Шаардын борбору менен чектешкен бульварлардын көбүндө жазуучулар менен акындардын эстеликтерин көрүүгө болот. Гоголь булварында «Тынч Дондун» автору, Нобель сыйлыгынын лауреаты Михаил Шолоховдун оригиналдуу эстелиги бар.

Метро менен Страстной бульварына түшүп Петровка жана Каретный ряд көчөлөрүнө бурулдук. Андан соң «ЭРМИТАЖ багына» келдик. «Бак» Москванын так борборунда абдан кооз бурчта жайгашкан жана негизинен жарандардын эс алуусу үчүн модерн стилиндеги сейилбак болуп саналат. Анда жайкы сахнадан тышкары үч театрдын: Эрмитаж театры, Жаңы опера жана Сфера театры жайгашканы адаттан тыш көрүнүш болуп эсептелет.

Саат 19:00дө СФЕРА театрында орустун классикалык драматургу А.Н. Островскийдин «КҮНӨӨСҮЗ КҮНӨӨЛҮҮЛӨР» спектаклин көрдүк. Сфера театры башка театрларга окшобойт, анын залы камералык (чакан) болгондуктан, сахна ар тараптан көрүнүп турат, ошондуктан көрүүчүлөр өзүн сахналык спектаклдин катышуучуларындай сезет. Эң кызыгы, кыргыз драма театры койгон бул спектаклдин сахналык версиясын Нуржан көп жыл мурун телевизордон көргөнүн айтып, ал эстен кеткис таасирлерин биз менен бөлүштү.


11.07.2024 БЕЙШЕМБИ

Эртен мененки тамактан кийин КОСМОНАВТИКА музейине бардык. Бул музей космосту багындыруучулардын 110 метрлик эстелигинин түбүндө жайгашкан. Музей, менин оюмча, өтө кызыктуу, чыныгы космостук аппараттар жана космонавттардын атрибуттары менен толтурулган, анда космонавтиканын өнүгүшү кеңири баяндалып берилген.

Музейде үч саат болуп, андан кийин ВДНХнын аймагын кыдырып чыктык. Албетте, Элдердин достугунун фонтанында сүрөткө да түштүк. Бул фонтан колдорунда республикалардын символикасын кармап турган улуттук кийим кийген 16 кыздын скульптуралары менен белгилүү. Фонтан жаралган учурда Советтер Союзуна 15 эмес, 16 республика кирген (кийин Карело-Фин ССРи жок болгон). Адаттагыдай эле мен биздин саякатчылардан кыргыз кызын аныктоолорун өтүндүм, бул оңой иш эмес. Ошол кездеги белгилерге ылайык, ал Кыргыз ССРинин гербинде да болгон пахтаны колуна кармап турат, анткени ал кездеги пахтачылык республиканын маанилүү тармагы болгон.

Биздин кийинки максатыбыз MOСКВАРИУМ океанариумун көрүү болду, ал жерде биз көпкө кыдырып жүрдүк, анткени аквариумдардын дисплей терезелеринен көрүнүп турган деңиздердин жана океандардын жашоочуларынын саны абдан көп — акулалардан, өлтүргүч косаткалардан жана скаттардан баштап, көп түстүү кызгылт көк, сары жана кооз майда балыктарга чейин бар.

Сыртка чыгып, «Шоколадница» кафесинен түшкү тамактандык, бул жолу бизди түшкү тамак менен Турумкан эже сыйлады.

Үйгө келатканда биз Ботаникалык бакча аркылуу башка жолго түшүп, Останкино короо жайын аралап өттүк (тилекке каршы, ошол учурда анда калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан экен).

Үйдө кечки тамактануудан соң, ошол күндөгү таасирлерибизди талкууладык.


УЛАНДЫСЫ =>2-БӨЛҮГҮН көрүңүз


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова

4 комментарии на “2024. НУРЖАН ИСАКОВАНЫН (СУЗАК) ЖАНА ТУРУМКАН КАРИМОВАНЫН (ЫСЫК-КӨЛ) 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ. 1-БӨЛҮК

  1. Саламатсызбы урматтуу Асел эжеке,сизге терен ыраазычылык билдиремин. Мугалимдерди колдоп келе жатасыз коптон бери,сиздин бул долбоорунуз коптогон мугалимдерди шыктандырып,дем куч берип келет. Ишинизге ийгилик каалайм

    1. Чоң рахмат Гулина айым!
      Мунун пайдасын көрүп жатканыңызга кубанычтамын.

  2. Кутман кеч, Асель Санжарбековна. Атанын кызы Сиздей болсун! Жеке демилгеңиз менен ат көтөргүс ажайып иштерди аткарып келе жатасыз. Мугалимдерге, врачтарга дем берип шыктандырганыңыз — улуттун келечегине кам көрүү деп түшүнөм. Бар болуңуз, элибизде Сиздей алысты көрө билген керемет адамдар көп болсун! Ден-соолукта болуңуз, дагы далай долбоорлорду ойлоп таап, иш жузүнө ашыра бериңиз!

    1. Чоң рахмат Бурулкан айым!
      Бул сынак жана сынактын сыйлыктары мугалимдер үчүн пайдалуу жана кызыктуу болсо, анда сынак өзүн актаган. Жылуу сөздөрүңүзго рахмат!

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *