БАЛДАРДЫН САЯКАТЫ

2018. КҮН НУРЛУУ БАЛДАР КҮНӨСТҮҮ БИШКЕКТЕ: БАТКЕНДЕГИ ЖАҢЫ-БАК, ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ТЕМИР ЖАНА НАРЫНДЫН ЧОЛПОН АЙЫЛДАРЫНАН КЕЛИШКЕН КИЧИНЕКЕЙ МЕЙМАНДАР

Санжарбек Данияровдун Фонду жыл сайын БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын жыйынтыгында биринчи орунду ээлеген жеңүүчүгө  ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ – Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат, ал эми биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген жеңүүчү мугалимге ФОНДДУН АТАЙЫН СЫЙЛЫГЫ – классындагы бардык окуучулары менен Бишкек шаарына экскурсия тартуулайт. Ар бир класс өзүнүн жеңүүчү мугалими жана ата-энелер комитетинин 3-4 мүчөсүнүн коштоосу менен келишет.

Фонд мурдагыдай эле, балдардын экскурсиясын сентябрь айында өтүүчү 2-турдун соңунда эмес, жазында – күн нурун жылуу чачкан апрель айында уюштурат. Биздин тоолуу республикабызда бул өтө маанилүү деп ойлойбуз, анткени балдар борбор калаабызга келиши үчүн дабан ашып келишет эмеспи.

Төмөндө БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2017 сынагынын жыйынтыгы боюнча 2018-жылы апрелинде өткөн саякат жөнүндө репортаж.

Фоторепортаж: 2018-ЖЫЛДАГЫ ЭКСКУРСИЯ ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТ ОТЧЕТ.


Былтыркыдай эле, экскурсия апрель айынын акыркы жекшембисинде, 27синен 29уна чейин өттү. Балдар бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышкан, анткени сынактын жеңүүчүлөрү мурдагыдай эле сентябрь айынын башында өткөн сынактын 2-турунда эле аныкталган болуучу. Сынактын бул жолку жеңүүчүлөрү төмөнкү мугалимдер болушту:

Каримова Турумкан Абдырахмановна, Темир айылы, Ысык-Көл облусу, Акунова Нур Садатбековна, Чолпон айылы, Нарын облусу жана Караева Нургуль ЖапаровнаЖаңы-Бак айылы, Баткен облусу.

Бишкек бул күнү жарашыктуу жасанып алып, кудум биздин татынакай кичинекей конокторубузду чыдамсыздык менен күтүп жаткандай эле! Жарык чачкан күндүн нурлары көп-көк асманга чагылышса, айланадагы кызыл-тазыл мандалактар андан беш бетер көрк кошуп кулпунуп турду. 140 жашка чыккан баш калаабыздын борбор аянтында эки-экиден жетелешкен бөбөктөрүбүз өздөрүн кадыресе олуттуу сезе оң колдорун жогору көтөрүшүп:

Бишкегим, Бишкегим, борборум сен,
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин түшкө кирсен,
Бар болгун, бар болгун Бишкегим сен – деп ырдап баратышты.

Биздин кичинекей ырчыларыбыз аларды жылмая узата карашып, кызыга сүрөткө тартып жатышкан шаардыктарга көңүл буруп да коюшпай, ырдап, ошол ырдан ырахат алып жатышкандай эле…

Эми 2018-жылдын эстен кеткис 27-29-апрели кандай өткөндүгүн өз ирети менен айтып берейин.

Кочкор районунун Чолпон айылынан жана Ысык-Көл районундагы Темир айылынан балдар борбор калаага 27инде күүгүм талаш чакан автобустарда келип түшүштү. Ал эми Баткендеги Жаңы-Бак айылынан Ош-Бишкек багытындагы самолет менен учуп келишти.

Балдар узак жолдо чарчап-чаалыкпай, бизге жана бири-бирине сюрприз даярдай келишиптир: интернаттын фойесине дароо чогула калышкан окуучулар заманбап жана улуттук ар түрдүү бийлерди бийлешип, өздөрү бизге арнап жазган ырларын чын жүрөктөн айтып беришти. Менин байкаганым: айылдык мектептерде окушкан балдар өтө тартиптүү келишип, улуулар айткан насааттарды дилгирленип аткарышат экен. Айрыкча, столдо отурушканда байкаганым ушул болду. Баарынан таң калыштуусу, улуулардын акыл-насааттарын аткарууга ынтызарлыгы алардын ачык-айрым, активдүү, демилгечил, шайдоот-шайыр болушуна түк дагы тоскоол болбогону жакты. 73 баланын бирөө да бийлебей, ырдабай же ыр айтпай четте калган жок! Тескерисинче, өздөрүнүн ролун артисттик чеберчиликте аткарууга умтулушуп, ошол эле учурда башка класстын окуучулары аткарышкан номурларды да кызыгуу менен кунт коюп көрүп жатышты.

Шаардык мектептерде билим алышкан балдар менен салыштыра турган болсок, алар мейманга барышканда, майрамдарда өздөрү даярдашкан номурларды аткарганда кыжалаттанышып, аткаруудан баш тартып коюшкан учурлар көп эле кездешет. Албетте, баары эле андай эмес деңизчи, бирок андайлар жок эмес.

Концерт кызыктуу болгонуна карабай, убакыттын тардыгына байланыштуу баардыгын көрө албай, бирөөнү экскурсиянын соңуна калтырууга туура келди. Көрсө, биз эң аягына мюзикль түрүндөгү сюрпризди калтырыптырбыз. Бул жөнүндө өз кезегинде айтып берейин.
Концерттен кийин балдар эс алууга кетишти.
Эртеси эртең мененки тамактан кийин кичинекей саякатчыларды 50 орундук комфортабелдүү автобус күтүп турган эле. Канттан Бишкекке келаткан жолдо (бул 40-50 мүнөттүк жол) гид-ыктыярчылар меймандар менен биргеликте айыл менен шаардын айырмачылыктарын, борбор калаа деген эмне, скульптура, музей, театр, опера жана балет деген эмне экендигин талкуулашты. Андан кийин балдар автобуска отураар замат логикалык оюндарды ойношуп, табышмактарды айтып жатышты. Экинчи байкаганым: балдар көптөгөн макал-лакаптарды, табышмактарды, логикалык оюндарды билишкендиги, оюндарга тартынбай катышууга дилгирленип жатышканы мени жагымдуу таң калтырды.

Экскурсия программасы биздин белгилүү алп-баатырыбыз КАБА УУЛУ КОЖОМКУЛДУН эстелигин көрүүдөн башталды. Балдардын көбү ал тууралуу мурда-жарым угуп жүрүшкөнүн айтышты, аларга айрыкча Кожомкулдун алаканына өздөрүнүн быйтыйган кичинекей алакандарын ченегени өтө жакты.

МУСА ЖАНГАЗИЕВ АТЫНДАГЫ КУУРЧАК ТЕАТРЫ алыстан келишкен кичинекей көрүүчүлөрүнө “КУЙРУЧУК” спектаклинин бет ачарын даярдап коюптур. Ушундай профессионалдык театрда балдар эле эмес, аларды коштоп келишкен чоңдор да биринчи жолу болушканын жашырышпай, алакандарын кызарта чаап жатышканын байкап, аларга спектакль аябай жаккандыгын билдим. Спектакль аяктаганда балдарды көшөгө артына киргизишип, куурчактарды жакындан көрүүгө эле эмес, кармалап көрүүгө да уруксат беришти.

АЛА-ТОО АЯНТЫ. МАНАС жана ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН эстелик. Бөбөктөргө бул эстелик ээлери тууралуу ыктыярчылар кеңири маалымат беришти. Бирок аянттагы эң ырахаттуу учур – бул Улуттук гвардиянын солдаттарынын КАРООЛ АЛМАШУУ САЛТАНАТЫНАН көргөн сезимдер болду окшойт. Биз албетте, программаны түзүп жатканда ушул учурду балдар көрүшсүн деп атайын кошуп койгонбуз, балдардын жайнаган көздөрүн, оозун ачып суктанып карап турушканын көргөндө, туура эле кылганыбызды түшүндүк. Алардын көргөндөрү текке кеткен жок, балдар бир топко чейин гвардиячыл агаларынын кыймылдарын дал өздөрүндөй туурап басып келишти.

Ала-Тоо аянтынын жанындагы “Уголек” деген кафеден түштөнүп алган соң, МИХАИЛ ВАСИЛЬЕВИЧ ФРУНЗЕНИН МУЗЕЙИНЕ жөнөдүк. Кыргызстандагы бул байыркы музей 1926-жылы ачылган. Музейдин экскурсия алып баруучулары кичинекей көрүүчүлөрдүн табитине шайкеш маалыматтарды беришип, алардын кызыгуусун арттыра алышкандыгы үчүн ыраазы болдук. Айрыкча балдар үй-музейдин ичиндеги Фрунзенин үй-бүлөсүнүн чыныгы үйүн, тачанканы, самолеттордун моделдерин аябай кызыгып көрүштү.

Музейден кийин балдар Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы НӨЛДҮК КИЛОМЕТРГЕ жол тартышты. Алар өздөрүнүн үйлөрү кайсы багытта жана канчалык алыстыкта жайгашкандыгын кызуу талкуулап жатышты. Балдардын көбү компас менен жакшы тааныш  экен.

Андан ары кичинекей саякатчылар Курманжан-Датканын эстелигин, ачык асман алдындагы музейди жана башка Бишкектин борборунда жайгашкан бир топ эстеликтерди, эс алуу жайларын кыдырышты. Ара чолодо бош убакыт боло калса эле, алар “Ак-Терек — Көк-Терек”, “Учту-Учту” ж.б. оюндарды ойноп жатышты.

Андан соң балдар ОПЕРА ЖАНА БАЛЕТ ТЕАТРЫ жакты көздөй бет алышып, Чолпонбек Базарбаев, Аалы Токомбаевдин эстеликтерин, Көркөм сүрөт музейин көрүшүп, Касымаалы Баялинов атындагы китепкананын имараты менен таанышышты. Бул жерден аларды артынан ээрчип келаткан автобус “илип” кетип, Аврора бизнес-борборуна кечки тамактанууга жеткирип койду.

Эртеси күнү тамактануудан чыккан балдарды ошол эле автобус  БИЛИМКАНА-КАНТ интернатынан дароо эле “ДНКга” (Балдардын илимий комплекси) алып келди. Бул жерде балдар толук эки саат болушту. Балдарды айрыкча “фокустар” менен даярдалган шоу жана физика, химия мыйзамдарынын сырлары өтө кызыктырды. Былтыркыдай эле бул Музей балдарга эстен кеткис сезим тартуулады. Музейдин экскурсия алып баруучуларынын балдарга жеткиликтүү жана кызыктуу  айтып беришкен аңгемелери алардын эсинен көпкө кетпей сакталары турган иш.
Биздин саякат АВРОРА бизнес-борборунда түшкү тамактануу менен аяктамак. Бирок бизнес-борбордун кызматкерлери бизге таттуу даам сызуу менен бирге кызыктуу оюн көрүүгө шарт түзүп берди: бул жерден биз мурда айтылган, нарындык окуучулар даярдашкан “АЛТЫН-УЯ” МЮЗИКЛИНЕ күбө болдук. Ага Корчубек Акназаров атындагы мектептин төртүнчү классынын 26 окуучусу текши катышыптыр. Балдар ушунчалык жеңил, шаңдуу, өтө кызыктуу аткарышкан 50 мүнөттүк оюнду  өтө кызыгуу менен көрүп отурушту. Мугалими Нур Садатбековна Акунова жана анын окуучулары кумурска, көпөлөк, ийнеликтердин костюмдарын жана керектүү шаймандарды эринбей көтөрүп келишкени өзүнчө кол чабууга татыктуу! Спектаклди балдар бизнес-борбордун алдындагы аянтта, ачык асман алдында, аткарып беришти. Оюндагы каармандардын образдары ушунчалык жогорку деңгээлде ачылыптыр, аны көргөн көрүүчүлөр эле эмес, аткаруучулар өздөрү да ырахаттанып аткарып жатышты.

Саякат башталгандан аягына чейин балдар менен ыктыярчылар жүрүштү. Алар мени балдардан кем эмес кубандырышты. Айрыкча алардын балдар менен мамиле түзө билгендиктери, өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасашкандары, тапкычтыктары, анан деги эле шайдоот, шайыр мүнөздөрү, бири-бирин колдогондору менен мени аябай кубандырды. Алардын ынтымактуу, бирдиктүү ишинен улам, командалык Олимпиадалык оюнду аткарып жатышкандай туюлду.

Кыргызтелекомдун кызматкери — Курманбек Жаанбаев, КЭУнун студенттери Жанара Дүйшөнова, Арзыгүл Оморова, Нурболот Жаныбек уулу, Лира Урматова – баардыгыңыздарга терең ыраазычылык билдирем, эгерде керек болсо, жан дилим менен силер менен бирге чалгынга барууга даярмын! Өзүнүн студенттерин ыктыярчылык ишке тарткан КЭУнун туризм кафедрасынын улуу окутуучусу АЙНУРА ЖЕКШЕНБЕКОВНА БЕЙШЕЕВАГА жана ыктыярчыларды издөөдө ушул кафедрага кайрылуу сунушун айткан Кашыбаева Айнагүл Супатаевнага жана анын курбусу КЭУнун доценти ОСМОНОВА ЖЫЛДЫЗ БАКАСОВНАГА терең ыраазычылык билдиремин!

Былтыркыдай эле окуучуларды жатакана менен БИЛИМКАНА жетекчилиги камсыздашты. ТӨЛӨНДҮ ТОЙЧУБАЕВ жана ЭЛЬНУРА ОСМОНАЛИЕВА балдарды эки түнгө интернаттын жатаканасына жайгаштырышып, тынч жана жап-жашыл аймакта сонун шарт түзүп беришти! Билимкана-Кант Мектептин директору Айзада Турдакуновна Турганбаева, кызматкерлер Кундуз Талгатовна Думанаева жана Токтобүбү Талиповна биздин кичинекей меймандарыбызга сый-урматтарын көрсөтүшүп, эртең мененки жана кечки тамактарын үзгүлтүккө учуратышкан жок. Таттуу тамак даярдаган ашпозчу Айнурага өзүнчө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. БИЛИМКАНА мектеби биздин Фондго олуттуу материалдык колдоо көрсөтүп берди!

Быйылкы биздин жеңүүчүлөрүбүзгө түшкү жана кечки тамактарды ишкер АЗРЕТ БООТАЕВ АВРОРА бизнес-борборунун ашканасында уюштуруп берди. Бизге Азрет жеке эле материалдык колдоосу менен эмес, өзүнүн демилгеси менен балдарга болгон сүйүү, жылуу мамиле – бул уюткулуу элибиздин унутулгус сапаты экендигин айкын далилдеп берди.

Марс Боотаев бул демилгени ишке ашырууга жардамдашса, балдарга тамак-ашты Эльвира даярдап берди.

Ишкер СВЕТЛАНА ТЫНЫБЕКОВАнын жакындан жардамы менен биз жолго кеткен чыгымдарыбызды бир топ кыскарта алдык, себеби, тилекке каршы, азырынча биздин өлкөдө туристтик инфраструктура биз каалагандай деңгээлде өнүгө элек. Светлана андан тышкары окуучуларга жана мугалимдерге атайын китептерди белекке тартуулады.

Бизге жылуу мамиле жасап, атайын көңүл бурушкандыктары үчүн Муса Жангазиев атындагы КУУРЧАК ТЕАТРЫНЫН администратору Замира Токтогуловна Кубаталиевага өзгөчө ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Өзүнчө ыраазычылыкты ДНК түзүүчүсү ГҮЛНАЗ ТУРБАТОВАГА балдарга мыкты музей түзгөндүгү  үчүн билдиргим келет. Ошондой эле биздин меймандар менен жогорку деңгээлде иш алып барышкан кыргыз тилдүү гиддерге рахмат айтамын.

Катышуучулардын пикири боюнча экскурсия аябай кызыктуу, пайдалуу жана чыныгы майрамдык маанай тартуулаган деңгээлде өттү. А мен болсо ушундай конокторубуз менен таанышкандан кийин БУЛ ДҮЙНӨДӨ ДАГЫ КӨБҮРӨӨК ЖАШАГЫМ КЕЛДИ!


Ушул жерден көрүңүз:

Былтыркы жылдагы экскурсия жөнүндө репортаж:
2017-жылдын сүрөт альбому, 1-бөлүгү
2017-жылдын сүрөт альбому, 2-бөлүгү

2015-жылдын экскурсиясын сүрөт альбому

Мугалим Айгүл Жолчубаеванын Москвага саякаты жөнүндө сүрөт альбом.

Экскурсиянын бюджети

Ыр-десте — Бишкекке маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келишкен балдардын сезими 2017 — видео

Төмөнкү-Чүдүн мектеп окуучулардын видео саламы — экскурсиядан бир жылдан кийин


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *