КАТЫШУУЧУЛАРГА

ЖЫЛЫНА БИР ЖОЛУ ӨТҮҮЧҮ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” ДОЛБООРУ ЖӨНҮНДӨ

1-uchitel

БИРИНЧИ МУГАЛИМ – бул мектептин башталгыч классынын мугалими. Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн – мугалимдердин эң мыктысы!

Урматтуу БИРИНЧИ МУГАЛИМДЕР!

            Мектептен кетпеңиздер! Биринчи мугалим деген наамга дайыма татыктуу болуңуздар. Сиздер баарыбызга: балдарга да, чоңдорго да абдан керексиздер. Ар бирибиздин жашообузда БИРИНЧИ МУГАЛИМ – чыныгы БИРИНЧИ МУГАЛИМ болуш керек! Сиздердин алтынга бергис акыл сөзүңүздөр биздин турмуш жолубузга дайым жарык чачып келет, бул жарыксыз биз жашай алмак эмеспиз деп эч тартынбай айтабыз. Куттуу кесип ээлеринин катары сээлдеп кетпеши үчүн эмне кылуу керек?

Бул долбоордун өзөгүн мугалимдерге ушул кайрылуу сөздөрү түздү. Долбоордун айыл жергесиндеги мектептерде иштеген башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн жарыялаган сынагынын жеңүүчүсү Россиянын борбору Москва шаарына 10 күндүк МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТКА барууга мүмкүнчүлүк алат. Ал мугалим Москванын борборунда жайгашкан эң ыңгайлуу шарттагы батирде жашайт жана саякат мөөнөтү аяктаганга чейин дайыма ал көңүл чордонунда болуп, коштоп жүрүшөт.

“Биринчи мугалим” долбоорунун алкагындагы бул саякат бир чети мугалимдин маданий өсүп-өнүгүүсү үчүн жан азык болсо, экинчи жагынан аны жагымдуу жаңы сезимдерге байыткан майрам катары да уюштурулмакчы. Элет жеринде жашап, эмгектенген мугалимдердин канчасы өз өлкөсүнөн сырткары саякатка чыга алат болду экен деген ой пайда болбой койбойт. Чыгып жүрүшсө дагы алардын канчасы дүйнөлүк деңгээлдеги театрларда, опера жана балеттерде, цирк жана музыкалык концерттерде болушту экен? Канчасы белгилүү сүрөт галереяларында болушуп, эң мыкты делген көркөм искусство чыгармаларын көрүштү? Байыркы доордун изи калган көчөлөрдү кыдырып, чоң-чоң парктарда сейилдеп басып дегендей, жаңы тааныштарды күтүп, кечинде джаз-клубдарда көңүл ачып, эч болбоду дегенде, ресторандарда эс алышканы бар болду бекен?

Ушундай саякатка барып келген Биринчи мугалим менен кандай болсо да акча таап, үй-бүлөсүн багайын деген максат менен Россиянын шаарларына барышып, борбор шаардын базарларынан башка ырыстуу жерлерди көрүүгө убактысы да, мүмкүнчүлүгү да жок эмгек мигранттардын көрүп-билгендеринин ортосундагы айырмачылык асман менен жердей болоору анык. Алар баарлашкан адамдар коомдун ар кандай катмарынын өкүлдөрү болгондуктан, алардан кандайдыр бир маданий маанилүү  маалымат алаары күмөндүү. Андыктан биздин ал жердештер өздөрү менен кандай “байлык” алып келиши мүмкүн? Ал эми биздин мугалим өзү жана өзүнүн чөйрөсү үчүн маданий-эстетикалык өтө баалуу таасирлерге, ынтымак-ырашкерликтин жагымдуу сезимдерине чулганып, жаңы күч-дем менен кайтат деп ойлойбуз.

Сынактын жеңүүчүсүнө ыйгарылган сыйлык ушуну менен эле чектелбейт. Сынакта биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген мугалимдер үчүн дагы бир өзгөчө сыйлык бар. Ал мугалимдер өзүнүн классындагы окуучулар менен бирге Бишкек шаарына бир күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка келишет. Окуучу балдар театрлаштырылган оюн-зоокторду көрүшүп, борбор калаабыздагы музейлерди, эстеликтерди кыдырышат. Буга чейинки жеңүүчү мугалимдер менен келген окуучулардын айткандарына караганда, көпчүлүк балдар Бишкектеги кооз-көркөм жайларды биринчи жолу көрүшүп, скульптура чыгармалары, опера жана балет, театр жана драма менен тап-такыр тааныштыгы жок экен.

“Биринчи мугалим” сынагынын уюштурулуп жаткан түпкү максаты – мыкты мугалимди Москва шаарына баалуу саякатка алып чыгуу, ал эми окуучуларын Бишкек шаарындагы көркөм жайлар менен тааныштыруу болуп саналат. Ал эми мыкты мугалимди атайын түзүлгөн калыстар тобу аныктоого жардам берет. Биз мындай саякаттарды каалагандардын бардыгына уюштура албасак да, жыл сайын бир мугалим үчүн мүмкүнчүлүк түзүп жатканыбызга сыймыктанабыз!

Сынак кандай уюштурулат?

“Биринчи мугалим” сынагы эки этаптан турат. Айыл жериндеги мектепте иштеген башталгыч класстарынын бардык мугалимдери берилген тема боюнча дилбаян жазып салып жиберүү жолу аркылуу сынактын биринчи этабына сырттан катыша алышат. Сынактын экинчи туруна биринчи турдун жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган жеңүүчү мугалимдер катышат, ал эми калгандары конок жана күйөрман катары катышууга чакырылат.

Сынактын шарттары менен кеңири ““БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагы жөнүндө” жободон таанышууга болот. БУЛ САЙТТА “СЫНАК ЖӨНҮНДӨ ЖОБОЛОРДУН” БААРЫ жана сынакка катышууга зарыл болгон документтердин тизмеси ЖАРЫЯЛАНГАН.

Жеңүүчүлөрдү билим берүү системасында эмгектенген кесипкөй адистерден турган калыстар тобу аныктайт. Фонддун сыйлыктарынын бюджети менен ФОНД ЖӨНҮНДӨ > ДОЛБООРЛОР  > ДОЛБООРЛОРГО ЖУМШАЛГАН ЧЫГЫМДАР баракчасынан  — «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 2017 ДОЛБООРУНУ БОЛЖОЛДУУ СМЕТАСЫ макаласында таанышсаңыздар болот.

Сынак кандай уюштурулат?

“Биринчи мугалим” сынагынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен программасы бар. Биздин фонддун иш принциби: биз диний же башка бир агымдар менен кызматташпайбыз жана эч кандай үгүт иштерин жүргүзбөйбүз, биз мамлекеттик институттардын расмий уруксааты менен гана иш алып барабыз.

Мыктынын мыктысын кесипкөй адистер тандашат. 8-10 адамдан турган калыстар тобунда билим берүү тармагындагы эксперттер: мугалимдер, академиялык институттардын жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, кесипкөй адабиятчылар бар. Алар белгиленген критерийлер боюнча мугалимдер жөнөткөн дилбаяндарды баалашып, баллдарды коюшат, андан соң ал баллдарды Уюштуруу комитети эсептеп чыгып, жеңүүчүнү аныктайт.

КАЛЫСТАР ТОБУ менен ушул эле сайттан тааныша аласыздар.

Долбоордун таржымалы 

“Биринчи мугалим” сынагы алгачкы жолу 2011-жылы уюштурулган. 2011-жылдагы жана 2013-жылдагы сынактар Чүй облусунун Кемин районундагы айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин арасында өткөн. Чектелүү аймакты камтыганыбыздын себеби, биздин мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша болду. Албетте, биз сынакка республикабыздын дагы башка аймактарын камтыгыбыз келди. Андыктан 2014-2015-жылдары сынак Чүй облусунун мугалимдеринин арасына жайылтылды. Ал эми 2016-жылы сынак Кыргызстандын бардык аймактарындагы мугалимдер үчүн жарыяланды.

Окуя уланууда!

Эгерде сиз сынакты уюштурууга ыктыярчы катары дилгир болсоңуз, сынактын бардык этаптарына катыша аласыз. ШЕРИКТЕШТЕРГЕ ЭШИК АЧЫК!

Ал эми Сиз сынактын катышуучусуна күйөрмөн болгуңуз келсе, анда сынактын 2-туру жана жеңүүчүнү сыйлоо Салтанаты өтө турган жери жана убактысы жөнүндө кабарлаган жарыяларга көз сала жүрүңүз. Келиңиз, абдан кызыктуу болот!

 

 

 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *