Мына ошентип БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагы 12-жолу өткөрүлдү!
Биздин сынактын жаңылыктарына көз салгандар же Кыргызстандын мектептеринин турмушуна кызыккандар буга чейин эле жылдын темасы тууралуу окууга, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген мугалимдердин ишмердүүлүгү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алган болсо, анда биринчи турдун алты финалисти жана ошондой эле алардын дилбаяндары менен таанышып чыкты деп ойлойм. Шилтемелер бул посттун аягында берилген.
Сынактын экинчи туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты 2024-жылдын 27-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жыйын залында өттү. Бул иш-чара эртең мененки саат 10:00дон кечки 17:00го чейин созулду.
Адаттагыдай эле 12-жолку сынактын финалдык этабы жана жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи тууралуу репортаж менен бөлүшөмүн. Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле Санжарбек Данияровдун фондунун «Урмат белгисин» тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу кененирээк өзүнчө баяндамада.
Мен бул репортажды мүмкүн болушунча кыска жана нуска баяндоого аракеттенемин, бирок жөн гана негизги фактыларды тизмелөө көп орун ээлейт. Ошентип, азыр айтылып жүргөндөй, «көп тамгаларды» окууга даярдана берсеңиздер болот.
СЫНАКТЫН ЭКИНЧИ ТУРУ ЖӨНҮНДӨ (ФИНАЛ)
Биздин сынактын калыптанып калган эрежеси боюнча, биринчи турдун жыйынтыгында финалга 6 адам чыкты, алардын баары ар кайсы аймактардан келишти —
Исакова Нуржан Шамуратовна, Сузак району, Ганыева Аймыскал Ырысбаевна, Баткен району, Джапарова Айгүл Кусуевна, Жайыл району, Дүйшөнбү кызы Бермет, Тоң району, Серкебаева Гүлзана Молдобаевна, Түп району жана Уметалиева Индира Сакыпбековна, Кемин району. Биз бул мугалимдерге сынактын биринчи турунун жеңүүчүсүнүн Дипломун тапшырдык.
Биз финалисттер менен тааныштырып, биринчи турдун жүрүшү тууралуу мурунку репортажыбызда айтып бергенбиз, шилтеме бул басылманын аягында, ошол эле жерде финалисттердин жарыяланган дилбаяндарына шилтеме да бар.
Булар биздин финалчылар, сынактын 2-турунун катышуучулары:
Адаттагыдай эле 2-турдун катышуучулары 2-турдун суроолору менен алдын ала таанышып, даярданууга мүмкүнчүлүк алышты. Бардыгы болуп үч тапшырма болду, ар бирине берилүүчү 6 суроо чүчүкулак аркылуу аныкталды; Былтыркыдай эле биз экинчи турдун тапшырмаларын финалга чыккандарга эле эмес, сынактын бардык катышуучуларына да жөнөткөнбүз. Себеби сынактын катышуучуларынын өздөрүнүн жооптору бар болсо, сынактын жүрүшүнө көз салуу кызыктуураак болот деп ойлойбуз.
Жыл сайын финалисттер гана эмес, бардык катышуучулар экинчи турга келип, катышуу сертификаттарын алышат, ошондой эле бири-бири менен баарлашып, финалисттерди колдоп, ардактуу коноктун сөзүн угат. Бир мектептен беш мугалимден келгендер да болду.
Мелдеш учурунда жана тыныгууларда:
2-турдун суроолору катышуучулар тарабынан жогору бааланып, тапшырмалар мугалимдердин мектептеги окутуу жана тарбиялоодогу реалдуу кыйынчылыктарды чагылдырганын белгилешкенин айта кетишим керек. Экинчи турдун тапшырмаларын Сиз да бул жерден БМ-12. 2-ТУРДУН ТАПШЫРМАЛАРЫ окуп же жүктөп алсаңыз болот.
ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ КУТТУКТАЙБЫЗ!
Биздин жеңүүчүлөр:
ИСАКОВА НУРЖАН ШАМУРАТОВНА, Ы. Чанаков атындагы орто мектеп, Жалал-Абад обл., Сузак району, Кызыл Сеңир айылы – 172 упай. Сынактын финалына үчүнчү жолу чыкты: 8-сынакта (2019 г.) финалга чыккан, 10-сынакта (2021 г.) лауреат болгон, эми минтип 12-сынакта (2023/24-окуу жылы) жеңүүчү болду!
ГАНЫЕВА АЙМЫСКАЛ ЫРЫСБАЕВНА, К. Тагаев атындагы орто мектеп, Баткен обл., Баткен району, Самаркандек, Жаңы-Бак айыл – 171 упай. Сынакка биринчи жолу катышты.
УМЕТАЛИЕВА ИНДИРА САКЫПБЕКОВНА, А.Казакбаев атындагы орто мектеп, Чүй обл. Кемин району, Чым-Коргон айылы – 169 упай. Сынакка биринчи жолу катышты.
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана балдарга билим берүүдө ийгиликтерди каалайбыз!
БИЗДИН КАЛЫСТАР ЖӨНҮНДӨ
Сынактын экинчи туруна чыккан катышуучуларды биринчи турду баалаган калыстар тобу баалады. Баардыгы 17 адам, алардын ичинен – 10 адам билим берүү тармагынын эксперти, ал эми 7 адам – биздин сынактын мурдагы жылдардагы жеңүүчүлөрү. Калыстардын ичинен үч адам экинчи турда иштерине байланыштуу катыша албай калды.
Биздин калыстар жеке убактыларын арнап, өз ыктыяры менен иштейт. Биздин калыстар тобунун “ардагерлери” – Жаркын Рыскулова жана Мира Мыкыева 12 жылдан бери катышып келет, ал эми Замира Момункулова, Миргуль Эсенгулова, Чынара Батракеева катышкандарына 10 жыл болуп калды.
Биздин сынактын жогорку деңгээлде өтүшү үчүн калыстар тобунун жогорку кесипкөйлүгү өтө маанилүү деп эсептейбиз. Калыстар тобу тууралуу кененирээк өзүнчө макалада айтып беребиз.
Алып баруучу калыстардын орундарына салтанаттуу чыгып жаткан калыстар тобунун мүчөлөрүнүн аты-жөнүн жарыялайт:
БИЗДИН ИШ-ЧАРАНЫН АЛЫП БАРУУЧУСУ ЖӨНҮНДӨ
8-сынактан баштап сынактын туруктуу алып баруучусу — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Дөбө айылындагы No21 К.Карачев атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими Мырзабаев Таалайбек Мырзабаевич. Таалайбек Мырзабаевич – эл аралык долбоорлордун улуттук тренери, жаш мугалимдердин тажрыйбалуу насаатчысы, Санжарбек Данияровдун фондунун “УРМАТ БЕЛГИСИ” сыйлыгынын ээси, Таалайбек Мырзабаевич биздин ыктыярчыбыз экенин белгилей кетүү маанилүү деп ойлойм, ал сынакка материалдык сыйлык үчүн эмес, жан дүйнө чакырыгы боюнча катышып келет!
Өткөн жылдагы репортажымдагы сөздөрдү кайталап айткым келет: жалпы билим деңгээли, айылдык башталгыч класстын мугалиминин ишин мыкты билгендиги, артисттик чеберчилиги жана өз ишине чыгармачылык менен чын ыкластан берилүүсү Таалайбек Мырзабаевичти виртуоз, алмаштырылгыс алып баруучуга айландырууда!
Биздин алып баруучу — Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев:
АРДАКТУУ КОНОК ЖӨНҮНДӨ
Ардактуу конокту чакыруу биздин сынактын абдан маанилүү салты. Мугалимдер кесиптештери менен жолугуп, кесиптик форумга катышуу үчүн атайын Бишкекке келишет. Биз ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланып, кызыктуу инсан, замандашыбыз менен жандуу пикир алмашууну уюштуруп, анын Жылдын темасы боюнча ой-пикирин, идеяларын билүү үчүн чакырабыз.
Быйыл 12-БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын ардактуу коногу катары ЖЕҢИШГҮЛ ӨЗУБЕКОВАНЫ чакырганбыз.
Биздин сыйлуу коногубуз – акын, драматург, сценарист, театр актрисасы, тележурналист, кинопродюсер. Көптөр аны кыргыз телесериалынын жаратуучуларынын бири деп эсептешет. Жеңишгүл Өзүбекова «Чиркин өмүр» (40 серия), «Апамдын махабаты» (20 серия), «Жалбыз» (22 серия), «Мурас» (10 серия) сыяктуу популярдуу сериалдардын да продюсери экенин айтсак жетиштүү болот. Чоочун” киши» (1-сезондо 12 серия), алардын көбүнүн сценарийинин автору, ошондой эле режиссёр Геннадий Базаров тарткан «Карагыз» көркөм фильминин сценаристи жана продюсери. Ал бир катар поэзиялык китептердин жана драмалык жыйнактардын автору.
Албетте, мейман эмгек миграциясы, бул процесстин биздин жаш муундарга тийгизген кесепеттери тууралуу ой бөлүшүп, тасмалардын үстүндө иштөө процессиндеги тажрыйбасынан кызыктуу мисалдарды айтып берди. Анан албетте, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан чыгармачылык пландарга да токтолду.
Жеңишгүл Өзүбекова
ИШ-ЧАРАНЫ ӨТКӨРҮҮ ОРДУ
Биз былтыркыдай эле И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жыйын залына чогулдук. Бул атактуу окуу жайда сынактын 2-турун жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин экинчи жолу өткөрүп жатабыз. Академия бизге өз залын бергени кандай сонун!
Таң атпай эрте ар кайсы аймактардан келген биздин урматтуу катышуучулар, 250 киши сыя турган бийик шыпкалуу, таза жана жарык, кооз жасалгаланган жыйындар залына чогулушту. Иш-чаранын уюштуруучусу катары мага абдан жагымдуу болгон ыңгайлуу кырдаалдар менен бөлүшкүм келет: ал залдагы эң чоң экран – плазмалуу панель (ал үчүн залды караңгылатуунун зарылдыгы жок), үзгүлтүксүз иштеп турган жана төрт динамикасы менен коштолгон экраны бар компьютер, баардыгы ордунда, баардыгы жөнгө салынган; ютубдагы түз эфирге кошулуп ыңгайлашкан видекамералар, ары-бери көтөрүп текшерүүнүн кереги жок болгон бир нече микрофон…
Биз мурдагыдай эле сахнаны колдонбой, экинчи турдагы алты катышуучу даана көрүнүп турушу үчүн калыстар тобуна үстөлдөрдү орноттук, бул ошол эле учурда катышуучуларга жана көрүүчүлөргө калыстар тобунун мүчөлөрүн жана коюлган бааларды көрүүгө ыңгайлуу.
Биздин иш-чараны КММАнын залында өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген КММАнын жетекчилигине, биринчи кезекте ректор, профессор Кудайбергенова Индира Орозобаевнага чын дилимден ыраазычылык билдиремин. КММАнын жамааты, биринчи кезекте университеттин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна бизге абдан көңүл буруп, уюштуруу иштерине максималдуу колдоо көрсөтүштү. Техникалык маселелерди Дайыр Калыбек уулу көзөмөлдөп, дароо чечип берип жатты. Уюштуруу иштерине башкы корпусунун коменданты Мира көмөктөштү, ошондой эле С.Б.Данияров атындагы нормалдуу физиология кафедрасынын кызматкерлери жана студенттери колдоо көрсөтүштү.
ЫКТЫЯРЧЫ ЖАРДАМЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨ
Келген конокторду каттоого Тарых музейинин кызматкери ыктыярчы Назира Акматова, физик, сүрөтчү жана менин күйөө балам Марат Райымкулов жардам беришти.
Калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан катышуучуларга берилген упайларды эсепке алуу жана каттоо иштери мурдагыдай эле интервенциялык кардиолог жана менин иним Бектур Данияров, КРСУнун экономика мугалими жана Бектурдун жубайы Асел Жумакова тарабынан жүргүзүлдү. Аселге иш-чаранын жүрүшүндө көрсөткөн эффективдүү жардамы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.
Иш-чаранын жүрүшүндө жээним Бакыт Данияров үн жана көрсөтүүлөр менен иш алып барды.
Тилекке каршы, быйыл музыкалык сюрприз болгон жок. Биз күткөн музыканттар келе албай калышты. Бирок кийинки жылы бул салтты сөзсүз улантабыз!
12-«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН, АРДАКТУУ МЕЙМАНДЫН, КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨЛӨРҮНҮН, АЛЫП БАРУУЧУНУН ЖАНА УЮШТУРУУЧУНУН СҮРӨТҮ
Бул саптарды окурмандарынын сынакка карата кандайдыр бир сын пикирлери же конструктивдүү сунуштары болсо, комментарийге жазыңыз, мен аны толук түшүнүү менен кабыл аламын жана эч убакта көңүлдөн сырткары калтырбаймын.
12-ЖОЛКУ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН БИРИНЧИ ТУРУ АЯКТАДЫ. ФИНАЛИСТТЕРДИН ЫСЫМДАРЫ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ
12-«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР
Жеңүүчүлөрдүн саякаттары жөнүндө репортаждар:
билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз