СЫНАКТЫН СҮРӨТ ГАЛЕРЕЯСЫ

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ»-2018: ЭКИНЧИ ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ

Жеңүүчү Камбарова Динара Дарманбековна жана Роза Торкуловна Айтматова

СҮРӨТАЛЬБОМ: Кезектеги иш-чара былтыркы жылдагыдай эле И.Арабаев атындагы КМУнун жыйындар залында өттү. Ага республикабыздын бардык аймактарынан катышуучу-мугалимдер, алардын ичинде – 1-турдун жеңүүчүлөрү келишти, алар кимдер – катышуучулар жана жеңүүчүлөр жөнүндөгү биздин репортаждан окуңуздар

КАТЫШУУЧУЛАР ЖАНА КОНОКТОР СҮРӨТТӨРДҮН БААРЫН (516 сүрөт)  ШИЛТЕМЕ БОЮНЧА КӨЧҮРӨ АЛЫШАТ 

Сүрөттөрдү 05.12.2018-ж. чейин жүктөп алса болот. Андан кийин сүрөтальбомдогу бул сүрөттөрдү жөн гана көрүп, бирок көчүрө албайсыздар. 

Бул жылы атайын чакырылган ардактуу коногубуз Роза Төрөкуловна Айтматова болду. Роза Төрөкуловна аудиториянын суроолоруна жооп берди. Аны менен баарлашкысы, жанаша сүрөткө түшкүсү келгендер өтө көп болду. Ардактуу конок катары ошондой эле Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Дооронбекович Дооронбеков келип катышты.

Музыкалык сюрприз катары Түштүк Кореянын скрипкачысы Су Чи Хе, Кыргыз Консерваториясынын бүтүрүүчүсү жана Германиядагы магистранты Айтурган Беренбек кызынын музыкалык белеги тартууланды.



Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *