КАТЫШУУЧУЛАРГА

АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАР МУГАЛИМДЕРИНИН “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2021” СЫНАГЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

2021-жылы Санжарбек Данияровдун фонду айыл мектептеринде эмгектенген башталгыч класстардын мугалимдеринин “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагын 10-жолу уюштурууда. Катышуучулар жана күйөрмандар өткөрүлгөн сынактардын баары өтө кызыктуу болду деген пикирлерин билдиришүүдө, бул биз үчүн өтө жагымдуу. Мугалимдер үчүн бул сынактар пайдалуу болгондугуна ишенгибиз келет, эгерде алар үчүн пайдалуу болсо, демек окуучулар жана алардын ата-энелер үчүн дагы кызыктуу болоорунда шек жок.

Биздин сынактын шарты боюнча жеңүүчүлөр жана лауреаттар аябай кызыктуу жана жагымдуу программалар менен коштолгон маданий-маалымат арттыруучу саякатка баруу сыйлыгы менен сыйланышат. “Биринчи мугалим” наамын алган жеңүүчү Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барып, ал жактагы театрларды, концерттерди, музейлерди жана баалуу тарыхый жайларды кыдырат, ал эми үч лауреат жеңүүчү мугалим менен бирге эс алуу күндөрү Бишкек шаарына өздөрүнүн классындагы окуучулары жана ата-энелер комитетинин өкүлү менен келишип, кызыктуу маданий иш-чараларга жык толгон программанын катышуучу болот.

Тилекке каршы, Ковид-19 пандемиясы башталгандан бери бул иш-чараларды уюштурууга объективдүү мүнөздөгү тоскоолдуктар жаралууда. Биз 2019 жана 2020-жж. жеңүүчүлөрүбүздүн жана лауреаттарыбыздын саякаттарын чектөөлөр алынгыча токтотууга аргасыз болдук. Пандемия аяктап, саякаттоого жана маданий иш-чараларды уюштурууга чектөөлөр толук алынып салынганда, биз дагы өзүбүздүн пландарыбызды ишке ашырууга кирише алабыз!

_______________________________________________________________________________________________________________

Учурдагы кырдаалды эске алуу менен, Фонд 2021-жылдын сынагын өткөрүү мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алды. “Биринчи мугалим-2021” сынагынын Жобосуна ылайык, сынактын биринчи турундагы дилбаяндарды кабыл алуу мөөнөтү 2021-жылдын 25-июлунда аяктамак. 2021-жылдагы темасы боюнча жазылган дилбаяндар 2021-жылдын 15-декабрына чейин кабыл алынат.

_______________________________________________________________________________________________________________

Мугалимдердин пикирлерине караганда, сынактын Жобосунда адаттагыдай эле көрсөтүлгөн 2021-жылдын темасы өтө кызыктуу болгон.

2021-жылдагы сынактын экинчи туру алдын-ала пландалгандай сентябрда эмес, 2022-жылдын башында болмокчу, анын так мөөнөтүн дилбаяндарды кабыл алуу аяктагандыгын жарыялаганда кошо билдиребиз.

БМ 2021 СДКФ ЖОБОНУ ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ. Кырг

КАТЫШУУЧУНУН СОБОЛДОМОСУН ЖҮКТӨП АЛУУ (интерактивдүү pdf)

Мындай чечимди биздин сынактын күйөрмандары жана катышуучулары туура кабыл алышат деп ишенебиз. Жашоо уланууда, демек, биздин сынак да уланууда.


Дагы:

10-ЖОЛКУ ЮБИЛЕЙЛИК “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 2021 СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАП ЖАТАБЫЗ

АЙЫЛДАРГА ЧӨЛКӨМ ТААНУУ МУЗЕЙИ КЕРЕКПИ – БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИНИН ОЙЛОРУ КАНДАЙ. БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2020 СЫНАГЫНЫН 2-ТУРУ ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ ЖӨНҮНДӨ        


Автору
Асел Даниярова

2 комментарии на “АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАР МУГАЛИМДЕРИНИН “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2021” СЫНАГЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

  1. Саламатсыздарбы? Аябай жакшы конкурс экен.Темасы: Биздин айылдагы маданият уйу.
    деген темада жазабызбы?

    1. Саламатсызбы, Бегай! Сынак тууралуу жылуу сөздөрүңүз үчүн чоң рахмат. Дилбаяндын темасы жана талаптары, баалоо критерийлери Сынактын жобосунда көрсөтүлгөн. Бул макаладагы шилтемени басыңыз, 2021 ЖОБО ачылат. Мен макаланын текстинде теманы атайылап көрсөткөн жокмун, анткени ар бир катышуучу сынак жөнүндө ЖОБОну кунт коюп окуп чыгышы керек.

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *