СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

ЖЫЛДЫН ТЕМАСЫ: АЙЫЛДАГЫ ЗАМАНБАП МАДАНИЯТ ҮЙҮ. 10-ЖОЛУ ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТКАН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫНЫН 2-ТУРУ ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ СЫЙЛОО АЗЕМИ

Убайдылдаева Асел Уркалыковна

Салт болуп калгандай, жыл сайын өткөрүлүп келаткан айылдык мектептердин башталгыч класстар мугалимдеринин “Биринчи мугалим” 2021 сынагынын 2-туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо Салтанаты жөнүндө репортажды баяндайбыз. Сынактын кезектеги 10-жолкусу 2021-жылы жарыяланган, анын 2-туру пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынып салынгандан кийин, 2022-жылдын 23-апрелинде болуп өттү. Ушуну менен 7-жолу бул иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун жыйындар залында белгиленди.

Бул окуя жөнүндө сүрөт репртаж УШУЛ ЖЕРДЕ: БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2021 – СҮРӨТАЛЬБОМ

Иш-чаранын жүрүшүндө сынактын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары аныкталып, сыйлыктар ыйгарылды жана ошондой эле биринчи жолу берилип жаткан Санжарбек Данияровдун Фондунун “Урмат белгиси” сыйлыгынын ээси аныкталды.


ИШ-ЧАРАНЫН ЖҮРҮШҮ ЖӨНҮНДӨ

Алып баруучу иш-чаранын ачылышын жарыялайт

Салтанаттуу иш-чараны алып барууга 3-жолу катары менен БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2018 сынагынын мурунку катышуусу, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Дөбө айылындагы К.Карачев атыдагы №21 мектептин башталгыч классынын мугалими Мырзабаев Таалайбек Мырзабаевичти чакырганбыз. Биз бул алып баруучу менен сыймыктанабыз, анткени ал заманбап билими бар, сөзмөр, ишине чыгармачылык менен мамиле жасаган, аудиториянын маанайын сезе билген, мугалимдин ишин мыкты өздөштүргөн, кең пейил жана ошол эле учурда өтө жооптуу жана тыкан адам. Биздин сынак 10-жолу өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу калыстар тобунун курамын да өзгөчө шаңдуу тааныштырды. Биздин калыстар тобу менен БУЛ ЖЕРДЕН тааныша аласыз: КАЛЫСТАР — СЫНАКТЫН ЖҮЗҮ. 

Сынактын экинчи турундагы калыстар тобунун курамы биринчи турдагы калыстардан айырмаланышы мүмкүн, анткени биздин туруктуу калыстар тобунун мүчөлөрү башка чыгармачыл адамдар сыяктуу эле иш сапарларга чыгышат, ошол эле учурда жыл сайын сынактын жаңы жеңүүчүлөрү аныкталып, алардын көбү калыстар курамына кошулуп турат. Экинчи турда калыстар тобуна 9-сынактын жеңүүчүсү, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Дөбө айылындагы К.Карачев атындагы No21 мектептин мугалими Узакова Үмүт Курманбековна кирди.

Профессор Төлөбек Абылович Абдырахманов жана алып баруучу Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев

Салт боюнча иш-чаранын ачылышында И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абылович Абдрахманов салтанаттуу сөз сүйлөп, сынактын дарегине жылуу пикирин айтып, анын ийгиликтүү уланышын кааларын билдирди. Анткени биздин сынак университет даярдап чыгарган кадрлар үчүн жана алар жөнүндө, тагыраак айтканда, сөз педагогдор жөнүндө жүрүүдө. Ректор өз сөзүндө мугалимдердин эмгек маянасы жогорулагандыгына жараша мугалимдин коомдогу статусун да жогорулатуу керектигин баса белгиледи.

Андан соң, мен 10 жылдан бери уланып келаткан сынак жөнүндө кыскача тааныштырып өттүм. Аны ушул жерден окусаңыздар болот: «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫНА — 10 ЖЫЛ (жайгаштыруу процессинде)

ТАЛКУУНУН ТЕМАСЫ, СЮРПРИЗДЕР ЖАНА АРДАКТУУ КОНОКТОР ЖӨНҮНДӨ

Биздин сайттын туруктуу окурмандары жана фонддун достору биз жыл сайын сынактын жаңы темасын жарыялаган соң, мугалимдер биринчи турда дилбаян жазышарын жана сынактын экинчи турундагы тапшырмаларынын биринде аны талкуулашарын жакшы билишет. 2021-жылдын темасы “Айылдагы заманбап маданият үйү” деп аталып, ал мурдагы “Биздин айылга балдардын кызыктуу саякаты”, “Менин чөлкөм таануу музейим” деген темалардын логикалык уландысы болду. Дилбаяндын мазмунунан жана талкуулардын жүрүшүнөн улам биз бул тема өтө чоң кызыгууну жаратканын көрдүк! Мурдагыдай эле мыкты деп эсептелген билим берүү › сынактын катышуучуларына › катышуучулардын дилбаяндары  деген тиешелүү рубрикалар алдында жарыяланды.

Дилбаяндын темасы ошондой эле иш-чараларга чакырыла турган АРДАКТУУ МЕЙМАНДАРДЫ тандоону аныктайт.

Режиссер Нурлан Асанбеков

Бул жылы сынактын Ардактуу коногу – Муса Жангазиев атындагы кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын  көркөм жетекчиси, режиссер, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нурлан Асанбеков болду. Ал салтанатка катышкандарга улуттук театр деген эмне, тагыраак айтканда, улуттук кыргыз театры кандай болушу керектиги жөнүндө өзүнүн ой-толгоолорун айтып берди. Режиссер мугалимдерге биздин улуттук театрдагы дастандын маанилүү ролу жөнүндө айтып берип, өзүнүн жеке иш тажрыйбасы жана эл аралык адуиториянын өз ара мамилелери жөнүндө ой бөлүштү. Анын баяны эмгек жамааты менен бирге ар кайсы өлкөлөрдө көрсөтүлгөн өзүнүн спектаклдеринен тартылган сүрөттөрүнүн коштоосунда өттү. Режиссердун балдар көрүүчүлөрү үчүн театралдык спектаклдерди түзүүдөгү жеке тажрыйбасы, атап айтканда, театралдык спектаклдердин балдарды тарбиялоодогу чыныгы ролу, аларды көрүүчүлөр катары кабыл алуу аркылуу гана эмес, аларды актёр жана режиссёр катары ишке тартуу аркылуу тарбиялоо да өзгөчө баалуу болду.

Кинорежиссер Руслан Акундун виде саламы

Салтанаттуу иш-чарага келгендерге балдар жөнүндө жана балдар үчүн “Апамды издеп” тасмасын, “Акыркы сабак” сериалын жараткан кинорежиссер Руслан Акун видеосалам жолдоду. Анын бул тасмалары мектеп чөйрөсүндө өтө популярдуу экендиги маалым. Учурда Кыргызстандын аймагынан сырткары жүргөн кинорежиссердун видеосаламын аудиториядагылар жылуу кабыл алышты. Ал видеотасманы ушул жерден көрүүгө болот: Руслан Акундун “Биринчи мугалим 2021 сынагынын катышуучуларына жолдогон саламы (жайгаштыруу процессинде).

Музыкант- саксофонист Асылбек Жусупжанов

Катышуучулар жана жалпы меймандар жыл сайын өтүүчү иш-чаранын жагымдуу элементтеринин бири болгон музыкалык сюрприз — жандуу музыкага бул жолу да күбө болушту. Мугалимдер кезектеги мейманыбыз Бишкек шаардык мэриясынын үйлөмө оркестринин солисти, саксофонист Асылбек Жусупжановдун керемет ыргактарын угушту. Угуп гана тим болбой, ал аткарган кыргыздын белгилүү обондорунун жана эл аралык хиттердин коштоосунда орундарынан туруп, бийлеп киришти.

ТАЙМАШ ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ 

Бул жылы бизде экинчи турдун финалисти 2021-жылдагы сынактын Жобосунда жазылгандай 6 эмес, 8 катышуучу болду, анткени үч катышуучу биринчи турдун жыйынтыгында окшош упай алган. Бул уюштуруу милдетин оорлоштуруп жибергенине карабай, таймаштын өзүнө кошумча интрига жаратты. Биринчи турдун жеңүүчүлөрүнүн аты-жөнү жана алар жөнүндө кеңири маалымат биринчи тур аяктар замат биздин сайтыбызда УШУЛ ЖЕРДЕ жарыяланган: “БИРИНЧИ МУГАЛИМ”- 2021 СЫНАГЫНЫН БИРИНЧИ ТУРУНДА КИМ ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ? 

Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча үч катышуучу бирдей упай топтогону да таң калыштуу болду. Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн алдында кимисине биринчи, кимисине экинчи жана үчүнчү орунду ыйгаруу керек деген татаал тандоо турду.

Биз аларга кошумча тапшырма берүүгө жетише алган жокпуз, анткени алар бир күнгө гана келишкен эле. Калыстар тобу чукул талкууга чогулушуп, кайсы принцип боюнча адилет чечим кабыл алууга болорун талкуулашты. Ар кандай варианттар сунушталды: мисалы,

  • Экинчи турдун упайларына биринчи турдун жыйынтыгын кошуу,
  • Катышуучу үчүн жашыруун добуш берүү,
  • Катышуучунун сынакка канча жолу катышкандыгын эске алуу
  • Талапкерлерди талкуулап, жалпы добуш берүү аркылуу чечим кабыл алуу.

Ушул сунуштарды колдогондор да каршы болгондор да болду. Акырында дилбаян үчүн коюлган упайларды эсепке алуу ыкмасы адилеттүү болот деген чечимге келишти, анткени дилбаяндар “туюк”, код коюлган түрүндө жашыруун текшерилген.

Ошентип, биздин сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкүлөр болду:

___________________________________________________________

1-орун жана БИРИНЧИ МУГАЛИМ наамы:

Убайдылдаева Асель Уркалыковна, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Чолпон айылындагы Ү.Калиев атындагы №29 мектептин мугалими. Билими тууралуу диплом – К.Тыныстанов атындагы ЫМУ.

2-орун – сынактын ЛАУРЕАТТАРЫ (эки мугалим):

Исакова Нуржан Шамуратовна Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сенгир айылындагы Ы.Чанаков атындагы №31 мектептин мугалими. Билими тууралуу диплом – ЖАМУ (Жалал-Абад мамлекеттик университети);

Турганбаева Гүлүмкан Абыталыповна Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен мектебинин  мугалими. Билими тууралуу диплом – И.Арабаев атындагы КМУ

___________________________________________________________

Турганбаева Г.А., Убайдылдаева А.У., Исакова Н.Ш.

Сынактын жеңүүчүлөрүн чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз жана биздин балдарыбызды окутуп, тарбиялоодо мындан ары да ийгиликтерге жетише беришине тилектешпиз! Эми жеңүүчүлөрдү жана алардын окуучуларын алдыда маданий-маалымат арттыруучу саякаттар күтүп жатат!

СЫЙЛОО ЖӨНҮНДӨ

Бул иш-чарага арнап “УРМАТ БЕЛГИСИ” сыйлыгын уюштурганбыз. Бул Фонддун жаңы долбоору мугалимдер арасында чоң кызыгууларды жаратты. Аталган сыйлыкты Санжарбек Данияровдун Фонду башталгыч класстын тажрыйбалуу мугалимдеринин эмгегин белгилөө үчүн уюштурду. Сыйлыкты ыйгаруунун критерийлери, талапкерлерди тандоо процедуралары жөнүндө кененирээк ушул жерден окуй аласыз: САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕП МУГАЛИМИН «УРМАТ БЕЛГИСИ» СЫЙЛЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

Бизге сыйлык ыйгаруу жөнүндө көптөгөн демилгечилер сунуштамаларды жөнөтүшүүдө, Эксперттер кеңешине сунуштоо үчүн биз ал документтер менен таанышып жатабыз.

Вручение удостоверения к знаку «Урмат белгиси»

Бул күндөгү иш-чарага төш белги даяр болбой калса да, “Урмат белгиси” сыйлыгынын алгачкы ээсине №1 сыйлыкты тапшырдык. Сыйлык ээси – биздин алып баруучу Таалайбек Мырзабаевич Мырзабаев болду, ал сыйлыкты ыйгаруу критерийлеринин баарына толугу менен шайкеш келет. Таалайбек Мырзабаевичтин талапкерлиги боюнча эксперттер арасында эч кандай маселе жаралган жок, ал жарыяланган критерийлерге толугу менен жооп берет жана коомдук сыйлыкка татыктуу болуп саналат. Биз башталыгч класстын мугалимин жана биздин алып баруучубузду чын жүрөктөн татыктуу алган сыйлыгы менен кызуу куттуктайбыз! Бул жөнүндө кененирээк УШУЛ жерден окуңуздар: ТАТЫКТУУЛАРГА СЫЙЛЫК (жайгаштыруу процессинде).

Адаттагыдай эле, катышуучуларга Күбөлүктөрдү, лауреаттарга Дипломдорду тапшыруу процесси зал ичин аябай жандандырып жиберди. Биздин ар бир катышуучуга күбөлүктөрдү салтанаттуу тапшыруу процессин узак создурбай тапшырууда калыптанып калган жакшы бир ыкмабыз бар. Калыстар тобунун бардык мүчөлөрү сценага чыгат да, “чынжырча” түрүндө бири-бирине микрофон узатышып, мугалимдердин аты-жөнүн жарыялап, колдоруна Күбөлүктөрдү тапшырат. Ошол учурда биз ар бирин жеке эле эмес, калыстар тобунун 8 мүчөсү менен чогуу сүрөткө тартып алабыз.

Шашкандыктанбы, бир кичинекей “чекилик” кетип кала жаздады. Аз жерден биринчи турдун бардык жеңүүчүлөрүн “Сынакта 1-орунду ээлеген жеңүүчүнүн диплому” менен сыйлап жибере жаздап токтодук! Көрсө, мен жаңылышып багеттерге жеңүүчүнүн алдын-ала даярдалган Дипломдорун салып коюптурмун. Албетте, аны ыктыярчылардын жардамы менен тез эле тууралап койдук деңизчи, менимче ошол учурда күйөрмандар экинчи турдун жеңүүчүсү ким болорун жана “Сынактын жеңүүчүсүнүн диплому” кимге ыйгарыларын алдын-ала болжолдоого болбой тургандыгына ынанышты болуш керек.

Калыстар тобунун бардык мүчөлөрүнө, алып баруучуга, сегиз финалистке мен Кутпа Бакировна Орузбаева-Даниярова менен биргеликте жазган “Базаркул Данияров – алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси” китебин тартууладык.

Жеңүүчүлөргө андан тышкары, И.Арабаев атындагы КМУнун ректораты Абдыкерим Муратовдун эки томдугун, Шабдан баатырдын фонду Жаңыл Абдылдабек кызынын “Шабдан баатыр. Доорлор тогошуусу китебин, Айя-София Шамшиеванын легендарлуу режиссер Болот Шамшиевдин “Эсимде” китебин белекке тартуулашты. Сынактын төрайымы Миркуль Молутбековна Эсенгулова да өзүнүн Эшенаалы Арабаев жөнүндөгү монографиясын тапшырды.

Эң баалуу белек – бул китеп!

ЖАРДАМЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨ

Биздин салтанаттуу иш-чарабыздын өз деңгээлинде өтүшүнө салым кошкон жардамчыларыбызды белгилеп койгум келет:

Бахтияр Токтосунов иш-чаранын жүрүшүн видеотасмага түшүрдү. Каалоочулар ал видео материал менен тааныша алышат деп ишенем.

Курманбек Жаанбаев ар дайым “керектүү учурда керектүү жерде” болуп, ар түрдүү кызматтарды аткарып жатты: микрофондун үнү чыкпай калса чыгарып, залдын жарык болушуна көз салып, катышуучулардын Күбөлүктөрүн иреттеп дегендей, кайсы жумуш болсо да, дароо аткарып турду.

Анан албетте, мында менин ардактуу туугандарым жакындан жардам беришип, жанымда жүрүштү:

Владимир Шварц адаттагыдай эле иш-чараны баштан аяк сүрөткө тартып жатты.

Асел Жумакова жана Бектур Данияров баалоо учурунда калыстар тобунун 8 мүчөсү 8 (сегиз) катышуучуга биринчи тапшырмада үч критерий боюнча, экинчисинде эки критерий боюнча көрсөткөн баллдарды катташты — бул жерде жаңылышууга болбойт!

Жаңыл Турусбекова кейтеринг компания менен макулдашууларды жүргүзүп, иш-чаранын башталышындагы кофени жана жеңил түштөндүрүүнү уюштуруу милдетин өз мойнуна алды.

 Жээндерим Эркин Каримов, Аида Урпоева жана Бакыт Данияров ошол жерде кимге кандай жардам керек болуп калса, ошолорду тез арада жөнгө салууга өз салымдарын кошту.

Студенттер ыктыярчылар Бакытбек кызы Элиза, Орозалиева Алина, Бекенова Айбермет (отурат) жана Асель Жумакова (окутуучу)

Студенттер да бизге жардам берүүгө ыктыярдуу болушту, аларга конокторду каттоо жана китеп сатуу иштери тапшырылды.

 

 

 

 


 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *