СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

2015 ЖЫЛ: ДАГЫ БИР ЖОЛУ ЧУЙ ОБЛУСУНУН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» КОНКУРСУНУН БАШТАЛЫШЫН ЖАРЫЯЛАП ЖАТАБЫЗ

 

Кайтадан айыл мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери, негизги байгени – Санжарбек Данияровдун Фондунан Сыйлыгын, Москва шаарына маданий – билим берүү саякатты утуп алууга мүмкүнчүлүк алышты. Саякаттын программасы бүтүн дүйнөгө таанымал музейлерге жана галереяларга чыгыштары менен, даңктуу театрларга баруулары менен, архитектуранын сонун жерлерин көрүүлөрү менен толот.

Конкурс эмнеден турат? Бул суроо боюнча толук маалыматты Проекттин Сүрөттөөсүндө көруп алсаңыз болот. Мугалимдер баяндамаларды жазышат андан кийин биринчи бөлүмүнүн жеңүүчүлөрү бетме бет оозеки мелдешке катышышат.

Бул 2015 жылынын баяндамалардын темасы: «Үйүндө китептери жок балдарды кантип көркөм адабиятка көндүрүш болот?». Экинчи бөлүмүндөгү оозеки презентациянын темасы: «10 жашка чейинки балдарга арналган менин сүйүктүү китептерим». Эгер сиз мугалим болуп бул конкурс менен кызыгып калсаңыз,  же жакындарыңарга сунуштайын десеңиз, анда биз силерге 2015 жылынын Конкурстун Абалын жүктөп алууга кеңеш беребиз жана Арыз менен Резюменин формаларын жүктөп алууга зарыл.

Конкурстун Оргкомитети баяндамаларды 2015 жылынын 30 июлуна чейин кана алат.  Конкурстун этаптары бул жерде  Календарь2015.

2015 жылынын «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» конкурсу төртүнчү болуп эсептелет. Мурдагы жылындай эле Чуй облусунун айыл мектептеринин мугалимдери  жарышышат. Фонддун пландарында конкурстун географиясын бүтүн Кыргызстанга кеңейтүү болду.

Мурунку конкурстардын темалары:

  • 2011 жылынын темасы: «Менин окуучуларым мени эмнеге окуутушат?»
  • 2013 жылынын темасы: «Мугалим балдардын тарбиялоосунда ата энелер менен биригилишет.»
  • 2014 жылынын темасы: «Биринчи класстагы окуучу мугалимге: кичинекей бала, тарбиялануучу, окуучу?»

Мурдагы конкурстардын жеңүүчүлөрүн эми жюри мүчөлөр жана ардактуу коноктор катарында сизге тааныштырууга абдан ыракаттанабыз.

Бактыгуль Калмамбетова 2011
Бактыгуль Калмамбетова 2011
  • 2011 ж  Калмамбетова Бактыгуль, Кемин районундагы Шабдан айылынын ортончу мектебинен. Азыркы учурда Шабдан аыйлындагы «Билимкана» мектебинин директору.
  • 2013жАкматканова Алмагуль, Кемин районундагы Шабдан айылынын орто мектебинен.
  • 2014 ж Лим Элина Ивановна, Чуй облусунун Аламүдүн районундагы
    Алмагуль Акматканова 2013
    Алмагуль Акматканова 2013

    Ленин айылынын, В.И.Ленин атындагы орто мектебинен.

Катышуучулардын пикири боюнча конкурс абдан кызыктуу өттү.  Эгер сиз айыл мектептериндеги тааныш мугалимдериңерге, алар да конкурска катышуу максаты менен, конкурс  жөнүндө айтып берейин десеңер, биз абдан ыраазы болобуз. Эң жакын арада конкурстун  жюрисинин составын жарыялайбыз.

Элина Лим 2014
Элина Лим 2014

Чуй облусундагы «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 2015 конкурсунун экинчи бөлүмүндө сизди конок катарында көргөнү кубанабыз. Жаңылыктарды окуп туруңуз.

 

 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *