СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

БИРИНЧИ МУГАЛИМДИН САБАКТАРЫ. БИРИНЧИ САБАК. БИЗДИН БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ?

 Биз балдарыбызды жаш курагына жараша өөрчүп-өнүгүшүнө, өз күчүнө ишеним артышына, аларды курчап турган чөйрөнү таанып билүү процессин сүймөнчүк менен кабыл алышына мүмкүнчүлүк берип жатабызбы? Алардын басымдуу көпчүлүгүн интеллектуалдык жетилүүнүн жана билимдин “тескей жагында” калтырып жаткан жокпузбу?

Мына ушундай суроолор айылдык мугалимдер үчүн өткөрүлүп келген “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын бешинчисинин соңунда пайда болду. Бир жагынан алып караганда, сынактын жана анын сыйлыктарынын артынан мен көптөгөн сонун адамдар — айылдык мектептерде эмгектенишкен башталгыч класстардын мугалимдери менен тааныштым. Анткени сынакка педжамааттардын активдүү бөлүгү тартылды. Ал эми экинчи жагынан алып караганда, мен айыл мектептери, андагы мугалимдер, элет эли, балдар, жалпы эле билим берүү системасынын администраторлору, анын ичинде аларда кезиккен көйгөйлөрдү жакындан билдим десем да болот. Кээ бир маселелер үстүңкү катмарында каалгып тургандай сезилгени менен, аларга бетме-бет кездешмейинче, аң-сезимдин тээ түпкүрүндө кала берчүдөй.  

Ал маселелер өтө олутуу, керек болсо бүтүндөй өлкөнүн алкагында приоритеттүү дегим келет. Аларды ыкчам аракеттер жана бүтүндөй коомчулуктун: ата-энелердин, билим берүү системасынын профессионалдарынын катышуусунда чечүү зарыл.


p1030880

Менин жеке көз карашымда, мындай масштабдуу маселенин эң чордону – бул кыргыз тилде окуган балдар билим алууда алдын ала эле үмүттөн кол жуугандай, кандайдыр бир боштукка кептелип, өнүгүп-өсүүдө артта калып, натыйжада окууга болгон кызыгуусу менен өзүнүн баасын да жоготуп коюшкандай. Эмне үчүн?

Мындай кооптуу кырдаал ата-энелер мектепти тандаган кезден баштап эле түзүлөт.

Мен үчүн өлкөнүн жарандары өз өлкөсүндө өзүнүн мамлекеттик тилин билиши керектигинин өзү аксиомадай сезилет. Кыргызстанда бул албетте, кыргыз тили. Ошол эле учурда кеңири кругозорго ээ болуп, кесиптик мыкты билим алуу менен толук кандуу жашоо кечиргиси келген билимдүү адамга дагы бир тилди, андан да мыктысы, эки тилди билиши шарт. Кыргызстанда экинчи тил катары орус тили таанылгандыгы чындык. Калктын басымдуу көпчүлүгү кыргыз жана орус тилинде (көбү орус тилинде жок дегенде күнүмдүк тиричилик деңгээлинде) сүйлөшөрү да маалым.

Арийне, орус тилин гана мыкты деңгээлде өздөштүргөн шаар тургундарынын көпчүлүгү бул тилди начар билген экинчи тарап менен тиешелүү деңгээлде баарлаша албасы да эч кимге жашыруун эмес. Ал эми айыл тургундары ич ара негизинен кыргыз тилинде гана сүйлөшөт. Алар болсо өлкө калкынын үчтөн эки бөлүгүн, башкача айтканда, көбүрөөк бөлүгүн түзүшөт. Демек, кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү турмуш тиричилигинде кыргыз тилинде, ал эми расмий турмушунда – орус тилинде сүйлөшөт.

Элеттиктерде эгерде адам билимди кыргыз тилинде алса, карьера жасай албайт, демек, бакубат жашоого да жол жок дегендей маанай калыптанып калган. Ошол себептүү ата-энелердин көбү балдарын орус тилдүү мектептерге же класстарга беришет. Мына так ушул кезде ата-энелердин аракети чүрпөлөрүнүкүнө карама-каршы келген натыйжага алып келет десек болот.

Эне-аталар эмне үчүн бакубат жашоону орус тилдүү класстарга байланыштырышат?

Биринчиден, шаар тургундары айылдыктарга караганда материалдык жактан мыкты шартта жашашат деген пикир калыптанып калган. А калаа жериндеги коомдук жайларда болсо орус тили үстөмдүк кылат. Экинчиден, эмгек мигранттары акча табууга эң оболу Россияга жөнөшөт, ошондуктан орус тилин жакшы билүүгө муктаж. Үчүнчүдөн, жогорку окуу жайларында билим алуу кечээ жакындан баштап эле кыргыз тилинде жүргүзүлө баштады, ал дагы бардык кесиптерде эмес, маселен, медицина тармагында азыр да жок. Төртүнчүдөн, кыйла жылдар мектептерде орус тилин дүйнөлүк адабият жана маданият айдыңына алып чыгуучу тил катары окутуу практикасынын да таасири тийбей койбосо керек.

Албетте, орус адабияты жана искусствосу чексиз байлыгы, мазмундуулугу менен дүйнөлүк адабиятта орчундуу орунду ээлеп келери да талашсыз. Бирок бул негизги тилди – эне тилин жана маданиятын сүрүп чыгарышы жана анын ордун алмаштырышы керек дегендик эмес. Эгерде ага кошумчаласа, аны байытса — анда кеп башка.

Кандай болгон күндө да балдарын орус тилдүү класстарга берүүгө умтулган ата-энелер көп экендиги да ачуу чындык. Орус тилдүү класстардагы көпчүлүк мектептерде кыргыз улутундагы мугалимдер окутарын белгилеп коюу керек, демек, ата-энелер мугалимдердин этникалык белгилерине эмес, предметтерди орус тилинде окуп үйрөнүүгө басым жасашат.

Ата-энелер “адашып” тандаган мектеп. Анын натыйжасы кандай?

Мына ушул жерде ОЛУТТУУ коллизия пайда болот. Ата-энелер балдарынын түрдүү предметтерди окуп-үйрөнүшү үчүн зарыл болгон орус тилин тиешелүү деңгээлде билбей тургандыгын этибарга алышпайт. Ата-энелердин арасында балага экинчи тилди үйрөтүү, окутуу жана эсеп чыгарууга жетиштирүү жеке мугалимдин иши деп эсептегендер да бар. Чындыгында программада бул камтылган эмес. Орус тилдүү мектептердин программасы орус тилин өз эне тили катары окутууга, ал эми орус тилинен бөлөк тилдерди чет тилдери катары үйрөтүүгө багытталган. Орус тилин түшүнбөй, жеткиликтүү билбей туруп биринчи класстын партасына келип олтурган бөбөк ошол тилде окууга, жазууга эсеп чыгаруу жана башка өзүнүн жаш курагына ылайыктуу интеллектуалдык өнүгүүсү үчүн фундаменталдуу маанилүү көп нерселердин баарын үйрөнүүгө тийиш болот.

Окуучу билим жана тажрыйбанын баалуу негиздерин толук ала албайт. Натыйжада өзү курдуу балдарга салыштырмалуу өсүп-өнүгүүсү да начарлайт. Сабак учурунда окуучу мугалим эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнүүгө далалаттанат. Ал эми сабакка бөлүнгөн убакыт ыкчам окуу ыкмасын өздөштүрүүгө, текст менен иштөөгө, материалды түшүнүүгө, суроо түзүүнү, ага жооп берүүнү үйрөнүүгө, чыгарманын негизги өзөгүн өз сөзү менен баяндоо же жазууга, кошуу, алуу эсебин үйрөнүүгө ж.б. жумшалышы керек. Мугалим өзү билингв болуп, окуучуга татаал учурларды теориялык жактан түшүндүрө алган күндө да (мындай учурлар да сейрек эмес), ал түзүлгөн кырдаалды куткарууга кудурети жетпейт, анткени сабакка бөлүнгөн убакыт чектелүү жана класста андан башка окуучулар да бар экендигин эстен чыгарууга болбойт.

Окуучу базалык билим алууга жумшалуучу убактысын жөн гана мугалимдин сөзүн түшүнүп калууга короткону аз келгенсип, предметти жеткиликтүү кабыл албай калгандыгы анын жалпы эле окууга көңүлүн солгундатып, мектепте өзүн аргасыз башка чөйрөгө туш келгендей абалда алып жүрүшүн шарттайт, бул акыр аягында келип окууга болгон ынтызарын өчүрөт. Ошону менен катар балдарда өз күчүнө ишенбестик, өзүн төмөн сезүү сыяктуу сезимдер калыптанышы ыктымал. Бул балдарына мыкты билим берүү максатында орус тилдүү класстарга окуткусу келген ата-энелердин  каалоосуна тап-такыр карама-каршы келип чыккан натыйжа.

Бул макаламдын көмүскөсүндө балдарга өз эне тилине кызыгууну жана урмат-сыйды арттыруу, анын сөз баалуулуктарын жана сырларын окуп-үйрөнүүнү калыптандыруу сыяктуу маселелерди калтырып коймокчумун.

Ошентип биз кыргыз тилде билим алган, алардын арасында алдын-ала эле үмүттөн кол жууган, кандайдыр бир боштукка кептелип, өнүгүп-өсүүдө артта калган, натыйжада окууга болгон кызыгуусу менен өзүнүн баасын да жоготуп койгон муундун балдарына эгедер болдук! Традегия деген ушул эмеспи? Бул көйгөйдү тез арада чечүү керек.

Чечүүнүн кандай жолдору бар?

Билим берүү системасын, биринчи кезекте, кыргыз тилинде билим берүүнү жакшыртуу багытында иш жүргүзүү керектиги айдан ачык. Бул, албетте, эң чоң жана узак убакытта жетүүчү максатка кирет, ал жөнүндө өзүнчө сөз болор, мында мен токтоосуз чечүүнү азыр көздөөгө алганыбызда гана аны келечекте ишке ашыра аларыбызды айткым келет.

Бүгүнкү кырдаалда маселени чечүү үчүн кандай иш-чараларды аткаруу зарыл? Канчалык парадокс катары сезилсе дагы анын чечүү жолу төмөнкүдөй деп ойлоймун: кыргыз мектептеринде орус тилин окутуу деңгээлин олуттуу жана сапаттуу көтөрүү керек. Кыргыз тилинде окуткан мектепте билим алган өспүрүм мектепти аяктап жатканда, орус тилдүү мектептин бүтүрүүчүсүнө салыштырмалуу орус тилинде эркин жана сабаттуу сүйлөөгө жетишкендигин ата-энелер көргүдөй деңгээлге жеткирүү керек. Башкача айтканда, кыргыз тилдүү үй-бүлөдөгү балдарды кыргыз тилинде окуткан класстарга берип жатканда, алардын келечегине балта чаап жатабыз деп кабатырланбагыдай кырдаалды түзүү зарыл.

Мындай шартка кантип жетүү керек деген суроону билим берүү системасындагы профессионалдарга жолдойбуз. Менин баамымда, башталгыч класстарда өтүлгөн орус тил сабактарынын саатын көбөйтүү керек, балким биринчи класстан эмес, экинчи же үчүнчү класстан баштап көбөйтсө туура болор. Балким окутуу программасын өтө кылдат анализдөө талап кылынар. Бирок эң негизгиси – бул мугалимдерди даярдоо. Адегенде орус тилдүү класстардын мугалимдери резерв болууга жарайт болуш керек. Андан тышкары, тез арада ЖОЖдордогу кыргыз мектептеринде орус тилин окутуу адистигине кабыл алууну көбөйтүп, бул факультетти мамлекет өзүнүн камкордугуна алуусу шарт. Албетте, ушунун баары бир эле учурда кыргыз мектептеринде орус тилин окутуучу мугалимдер үчүн материалдык стимул түзөт (балким аны менен катар кыргыз жана орус тилдүү мектептер иштеген кыргыз тили мугалимдери үчүн да). Ошондо гана ЖОЖдорго өз кесиби боюнча окууну каалаган абитуриенттер барышмакчы. Стимул демекчи, ал белгилүү топтогу мугалимдердин гана айлык акысын жогорулатуу менен чектелбейт. Бул алардын турак-жай маселесин ж.б. мотивациялоочу программаларды чечүү дегенди билдирет. Эң негизгиси, алар орчундуу жана реалдуу ишке аша тургандай болушу шарт.

Албетте, эгерде азыр кыргыз тилдүү класстарда (же мектептерде) орус тилин окутуунун сапаты сыйкырдуу күчкө ээ болгондой тез эле жогорулап кеткен күндө да, ата-энелердин ой-пикири дароо эле өзгөрө калбайт. Бирок тез арада, олуттуу түрдө ойлонуп, чечкиндүү чараларды көрсөк, өтө тез арада болбосо да жакынкы келечекте жетишерибиз бышык. Ал ортодо ата-энелер арасында балдарына башталгыч мектептин талаптарына шайкеш билим жана тарбия берүү зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу керек.

Кыскасы, кыргыз тилдүү мектептерде же класстарда тилдерди окутуунун деңгээлин көтөрүү, квалификациялуу кадрларды даярдоо жана тартуу, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен анын кадыр-баркын көтөрүү багытында тынбай аракеттене берүү зарыл. Бул аракеттердин баары кыргыз тилин андан ары жогорку мектепке жайылтуу багытындагы иш-чараларга бирикмекчи.

Баштадыкпы?

Эгерде окурмандардын арасында менин баамдагандарым жана мен чыгарган тыянактар менен макул болбогондор болсо, башка же карама-каршы көз караштар негизделген аргументтерди угууга даярмын. Андыктан, сиздерди талкууга, маектешүүгө чакырам. Фонддун сайтынын барактарында да баарлашууга даярмын. Ал эми менин пикириме кошулган окурмандарды ойлонууга жана билим берүү системасы үчүн даярдалган сунуштарды жакшылап даярдоого чакырып кетмекчимин.

Эң негизгиси, менин каалаганым – бул көйгөйлөрдү ачыкка алып чыгып, ата-энелердин, мугалимдердин, билим берүү системасынын жетекчилеринин, илимий коомчулуктун, өлкө жетекчилеринин көңүлүн ага буруу менен, дартты туура аныктап, чечүү жолдорун издөөгө жана тиешелүү чараларды кабыл алууга чакыруу.

ЭКИНЧИ САБАК >


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *