СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

МЫКТЫНЫН МЫКТЫСЫ КИМ?

Школьники читают
Окуучулар китептерди окуп жатышат

2015-жылдын, 5-сентябырында, ишемби күнү, айыл жергесиндеги башталгыч класс мугалимдери, өздөрүнүн болочок балдарга сүйүктүү китептери жөнүндө айтып беришет, бири бирине суроо берип, кайрадан жооп кайтарышат. Мунун баары, Кыргыз Республикасынын, Чүй облусунун “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 2015 конкурсунун 2 турунда болмокчу.Ошол күнү биз, Санжарбек Данияров Фондунун премиясы-10 күндүк Москвага маданият таанып-билүү саякатына ким барарын билебиз.

Мелдешке 1 турда: “Үйүндө китеби жок балдарды кантип көркөм чыгарма окууга көндүрсө болот” – темасына баяндама жазып, эң көп упай топтогон жеңүүчүлөр катышат. Баяндама кабыл алуу аяктады, иштер жюри мүчөлөрүнө берилди. Финалга ким чыкты 1- сентябрда билинмекчи.

Каалоочуларды, конкурстун 2 туруна жана жеңүүчүнү сыйлоо мааракесине чакырабыз, келип

КГУ им И.Арабаева
И.Арабаев атындагы КМУ

катышуучуларды колдоп кетиңиздер. Иш чара 05.09.2015, эртеңмененки саат 10-до, И.АРАБАЕВ атындагы КМУнин АКТЫЛЫК ЗАЛЫНДА өтмөкчү. Дареги: Бишкек шаары, Раззаков көч 51

Келип катышуучуларды колдоңуздар!

Албетте, биздин жаңы муунду ошолор тарбиялоодо!

 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *