ОКУУ ЖАНА ОКУТУУ ЖӨНҮНДӨ

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕП МУГАЛИМИН «УРМАТ БЕЛГИСИ» СЫЙЛЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

Санжарбек Данияровдун фонду кесипкөй тажрыйбалуу, балдарга мектепте окутуунун башталгыч билим-тарбиясын берип кийинки баскычка даярдаган башталгыч класстын мугалимдерине өзүнүн жеке сыйлыгын ыйгарууну чечти.

Урматтуу достор!

Бул сыйлык менен биз өз ордунда ыйык милдетин татыктуу аткарып келаткан, бирок коомчулук кээде баалай бербеген педагогдордун баалуу эмгегин белгилеп койгубуз келет. Биз бул сыйлык чыныгы кесипкөй чөйрөдө жана жалпы эле коомчулукта баалуу болушун каалайбыз, андыктан башталгыч класс мугалимдерин “Урмат белгиси” сыйлыгы менен сыйлоо жөнүндөгү Жободо белгиленген тандоо жана сыйлоо тартибин бекиттик.

Учурда биз “Урмат белгиси” сыйлыгынын дизайнын иштеп жатабыз жана сыйлоо демилгечилеринин кайрылууларын кабыл алуудабыз.


ЖОБОНУ ЖҮКТӨП АЛУУ
ТАЛАПКЕРДИН СОБОЛДОМОСУН ЖҮКТӨП АЛУУ

Төмөндө «УРМАТ БЕЛГИСИ» сыйлыгынын ЖОБОСУ толугу менен жарыялайбыз.

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ ФОНДУНУН БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕП МУГАЛИМИН
«УРМАТ БЕЛГИСИ» СЫЙЛЫГЫ МЕНЕН СЫЙЛОО ЖӨНҮНДӨ
ЖОБОСУ

12.04.2022
29.10.2022-ж; 20.02.2023-ж жаңыртылды
Бишкек-ш

А. Жалпы жоболор:

Санжарбек Данияровдун Фонду (мындан ары – Фонд) өсүп келаткан жаш муундарды окутууга жана тарбиялоого салым кошкон Кыргыз Республикасынын башталгыч класс мугалимине урмат көрсөтүү максатында 2022-жылдан баштап «Урмат белгиси» сыйлыгын жыл сайын уюштурат. 

Мамлекеттик программага ылайык башталгыч класстын окуучуларын даярдоону камсыз кылган жана ушул Жободо белгиленген критерийлерге жооп берген, Кыргыз Республикасынын бардык билим берүү мекемелеринде эмгектенген башталгыч класстын мугалими «Урмат белгисинин» ээси боло алат.

«Урмат белгиси» сыйлыгына мугалимдин талапкерлигин кесиптик иш стажы беш жылдан кем эмес мектеп мугалими (мындан ары — Демилгечи) жана анын ичинде, талапкер өзү да көрсөтүүгө укуктуу.

«Урмат белгиси» сыйлыгы Санжарбек Данияровдун коомдук фонду айыл мектептеринде эмгектенген башталгыч класс мугалимдери үчүн жыл сайын өткөрүп келаткан «Биринчи мугалим» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде же Фонддун башка иш-чарасында салтанаттуу түрдө тапшырылат. «Урмат белгиси» сыйлыгына анын ыйгарылгандыгын тастыктаган Ардак грамотасы менен коштолот. Фонддун сайтында «Урмат белгиси» жана Ардак грамоталарды тапшыруу жана сыйлык ээлери жөнүндө жарыялар жана маалыматтар жарыяланат.

________________________________________________________

Б. “Урмат белгисин” тапшыруунун критерийлери:

  1. Башталгыч класстын мугалими катары 15 жылдан кем эмес эмгек стажы
  2. Башталгыч класстын окуучуларын үч жолудан кем эмес жалпы билим берүүчү мектептин кийинки баскычына даярдап чыгаруу. Бир чыгарылышы — бул 1-класстан 4-класска чейинки окутуудан өткөн окуучулардын классы. Башкача айтканда, талапкер 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларды үч жолудан кем эмес даярдап чыгарышы керек.
  3. Кесиби боюнча ийгиликтүү иши — бул критерийге ылайыктыгы төмөндөгү документтердин топтомунун негизинде каралат.

_______________________________________________________

В. Документтердин топтому

Чечим документтердин топтомун кароонун негизинде кабыл алынат, ал Демилгечи тарабынан Фонддун директоруна электрондук түрдө төмөнкү дарек боюнча жиберилет: sdkf.meldesh@gmail.com   

№1. Сыйлыкка Талапкердин Ушул ЖОБОНУН Тиркемесиндеги форма боюнча толтурулган Соболдомосу

№2. Башталгыч класстын мугалими катары 15 жылдан кем эмес иш стажын жана эмгек тартибин бузууга жол бербегендигин тастыктаган мугалимдин эмгек китепчесинин бардык толтурулган барактарынын көчүрмөсү. Көчүрмө сканерленген же сүрөт түрүндө кабыл алынат

№3. Педагогикалык билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү. Көчүрмө сканерленген же сүрөт түрүндө кабыл алынат

№4. Башталгыч класстын окуучуларын үч жолудан кем эмес окутуп, окутуунун кийинки баскычына чыгаргандыгын тастыктаган жана жылдары жазылган мектеп директорунун колу жана мөөрү басылган маалымкат. Көчүрмө сканерленген же сүрөт түрүндө кабыл алынат.

№5. Бул талапкерге «Урмат белгиси» сыйлыгын тапшыруу боюнча эки кесиптеш мугалимдин сунуштары. Эки мугалимдин бири жыл сайын өтүүчү «Биринчи мугалим» сынагына жок дегенде бир жолу катышкан мугалим болууга тийиш. Документтин көлөмү бир барактан ашпашы керек, сөздөрдүн саны — 200дөн 400 сөзгө чейин болушу керек. Ар бир сунуш эки түрдө: а) электрондук түрдө Word форматында жана б) сунуштоочунун колу коюлган сканерленген же сүрөт түрүндө болгондо гана кабыл алынат.

№6. Эмгек жетишкендиктери. Сыйлыкка талапкер болуп жаткан мугалимдин иштеп жүргөн мезгилиндеги маанилүү жетишкендиктерин (сыйлыктары эмес) сыпаттоо. Документ талапкер тарабынан эркин түрдө түзүлөт жана анда ал өзүнүн иши жөнүндө жеке пикирин чагылдырат. Мисалы, иштин жаңы методдорун киргизүү, жаңы иштеп баштаган жаш адиске берген жардамы, окуучулардын ийгилиги, ийримдерди ж.б. түзгөндүгү жөнүндө маалыматтар. Документ бир барактан ашпашы керек, сөздөрдүн саны — 300дөн 400 сөзгө чейин болууга тийиш. Бул документ электрондук түрдө Word форматында гана кабыл алынат.

Мугалимдин талапкерлигин кароодо жогоруда көрсөтүлгөн документтер милдеттүү түрдө талап кылынат.

№7. Документтер топтомуна кошумча материалдар тиркелиши мүмкүн, мисалы, окуучулардын, ата-энелердин пикирлери, басма сөз беттеринде жарыяланган материалдар жана башкалар. Башка сыйлыктарды сүрөткө тартып же сканерлеп жөнөтүүнүн ЗАРЫЛДЫГЫ ЖОК. Мугалимдин, окуучулардын жана мектептеги иш-чаралардын сүрөттөрүн жиберүүнүн КЕРЕГИ ЖОК. Бул материалдар да ошондой эле сүрөт түрүндө, сканирленген же pdf форматында жиберилет.

Г. Документтерди берүүнүн тартиби

  • Документтер ЖАЛАҢ ГАНА электрондук почта аркылуу meldesh@gmail.com дареги боюнча кабыл алынат.
  • Бардык документтерди электрондук почтага бөлөк-бөлөк эмес, бир ГАНА маалыматка камтып жөнөтүү керек. Документтерди бир файлга бириктирүүнүн кереги жок, ар бири өз алдынча файлдарга бекитилүүгө тийиш.
  • Электрондук почтадагы маалыматка “УРМАТ БЕЛГИСИ” СЫЙЛЫГЫНА [ФАМИЛИЯСЫ] ТАЛАПКЕРЛИГИН КӨРСӨТҮҮ. Мисалы: “УРМАТ БЕЛГИСИ” СЫЙЛЫГЫНА БАЛАНЧАЕВАнын ТАЛАПКЕРЛИГИН КӨРСӨТҮҮ.
  • Документтер же кыргыз тилинде же орус тилинде орусчадан кыргыз тилине котормосу менен кабыл алынат.
  • Ар бир документти сактаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн тизмедеги номурун жана талапкердин фамилиясын белгилеп коюу керек. Мисалы, Соболдомонун аталышы: «1. Соболдомо. Баланчаева», Эмгек китепчесинин көчүрмөсү «2. Баланчаеванын эмгек китепчеси 1 бет, 2 бет», «3. Диплом. Баланчаева» жана башкалар.
  • Word форматындагы документтерди даярдоодо — сунуштамаларды (документ №5) жана ишиндеги жетишкендиктерди сыпаттоодо (документ №6) — кыргызча ө, ү, ң тамгаларын башка тамгаларга алмаштырууга болбойт!

Д. Сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу. Эксперттер кеңеши

Документтердин топтомун алган соң, алардын аталган ЖОБОНУН талаптарына шайкештиги ТЕКШЕРИЛЕТ.

Төмөндөгү эки шарт: а) №1-№6 документтердин толук пакети болгондо жана б) документтер ушул Жобонун №1-№6 пункттарда белгиленген талаптарына шайкеш  келгенде, ЭКСПЕРТТЕР тарабынан карап чыгууга кабыл алынат. Фонд эксперттерге №5, №6 жана ошондой эле тандоонун негизинде №7 документтерден турган пакетти жөнөтөт, фонд ал тууралуу Талапкерге билдирет. Мына ушундай ар бир пакет 7ден кем эмес ЭКСПЕРТКЕ жөнөтүлөт.

Эксперттер кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси жыл сайын Санжарбек Данияровдун фондунун директору тарабынан бекитилет. Эксперттер Кеңеши билим берүү тармагынын 7ден (жети) кем эмес кесипкөй  адисинен түзүлгөн, алардын катарында жыл сайын өткөрүлүп келаткан “Биринчи мугалим” сынагынын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары бар.

“Урмат белгиси” 7 эксперттин баары тең берген оң добушунун негизинде талапкерлердин бирөөсүнө ыйгарылат.

Е. Ыйгаруу мезгилдүүлүгү

«Урмат белгиси» жыл сайын ыйгарылып турат. Фонд жаңы Талапкерлерден документтер топтомун 15-апрелден 15-декабрга чейин кабыл алат. Документтердин келип түшүүсүнө жана аларды кабыл алуу мөөнөтүнүн аяктоосуна жараша Фонд талапкерлерге төмөнкү маалыматтарды билдирет: а) Документтер Жобонун талаптарына жооп берет, демек Талапкер эксперт тобунун кароосуна кабыл алынат; б) Документтерге өзгөрүүлөрдү же кошумчаларды киргизүү талап кылынат; в) Жобонун талаптарына жооп бербеген документтер кайра кайтарылып берилет.

 Кийинки жылдын (өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталгандан кийин) биринчи кварталында Фонд кабыл алынган документтерди сыйлык ыйгаруу жөнүндөгү маселени чечүү үчүн Эксперттик кеңешке жөнөтөт.

Фонд өтүнмөлөр кабыл алынгандан кийин келерки жылдын 15-апрелине чейин Талапкерге сыйлык ыйгарылгандыгы жөнүндөгү чечимди кабарлайт.

Асель Даниярова
Фонддун директору


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз.


Жыл сайын өтүүчү “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагы тууралуу сайттын төмөнкү бөлүмдөрүнөн окуй аласыз:

билим берүү › биринчи мугалим сыйлыгы
билим берүү › биринчи мугалим сынагы
билим берүү › сынактын катышуучуларына


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *