ОКУУ ЖАНА ОКУТУУ ЖӨНҮНДӨ

СЕРЕП: КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮСҮ: ЭМНЕ КЫЛЫШ КЕРЕК?

Сиздердин назарыңыздарга KG Analytics Интеллектуалдык фондунун ишмердүүлүгүнүн натыйжасынын алкагында даярдалган Гүлнара Каликованын Кыргызстандагы мектепте билим берүү системасынын абалы жөнүндөгү обзорду сунуштайбыз. Автор — «Kalikova & Associates» юридикалык фирманын негиздөөчүсү, биздин республикадагы белгилүү юрист, KG Analytics фондунун байкоочу кеңешинин төрайымы.

Сайтта KG Analytics уюмунун миссиясы мындайча берилет:  KG Analytics Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн эң ыкчам жана жөнөкөй чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аянтча түзүп берет. 

Биз бул обзор эң эле актуалдуу деп ойлойбуз, ошол себептен сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Обзорду автор баяндап берет. Ой-пикирлериңиз, сунуштарыңыз болсо, бөлүшүүнү унутпаңыздар.


Гульнара Каликова КР мектебинин системасынын абалы тууралуу презентацияны тартуулайт

ОКУУ ЖЕ ЖҮКТӨП АЛУУ

Бул сереп ачык статистикалык маалыматтарды (улуттук жана эл аралык) талдоонун, Кыргыз Республикасынын билим берүү секторун өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу мамлекеттик документтердин, мектеп билим берүү чөйрөсүндөгү программалардын, ченемдик укуктук актылардын, изилдөөнүн негизинде даярдалган (маалымат булактардын тизмеси — Тиркемеде). Мындан тышкары, серепте көтөрүлгөн негизги маселелерди эксперттер, адистер жана Кыргызстандагы мектептеги билим берүүнүн сапатын жакшыртууга кызыкдар адамдар менен талкуулоонун жыйынтыктары эске алынган.

Серептин максаты төмөнкүлөрдү көрсөтүү:

  • Кыргызстандын экономикалык абалы жана жакырчылык, башка себептер менен бирге, калктын эрезеге жеткен басымдуу бөлүгүнүн функционалдык сабатынын төмөндүгү менен байланышы;

Минималдуу сабаттуулук — бул окуу, жазуу жана саноо жөндөмү.
Функционалдык сабаттуулук — бул турмуштагы түрдүү милдетти чечиш үчүн билим, көндүм жана мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу жөндөмү.низкий уровень функциональной грамотности взрослого населения связан в значительной мере с низким качеством школьного образования;


  • калктын функционалдык сабатынын төмөндүгү көбүнчө мектептеги билимдин сапатынын төмөндүгү менен байланыштуу;
  • Кыргызстандын мектептеринде билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү бир катар себептерден көз каранды, негизгиси: мектеп мугалимдердин сапаты менен окутуунун сапаты; билим берүүнүн бардык баскычтарында жетекчилердин дареметинин төмөндүгү; мектептеги билим берүүнү башкаруунун жана каржылоонун заманбап ыкмаларынын жоктугу.
  • Мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жолунда өзгөрүүлөрдү киргизиш үчүн булар болууга тийиш: а) мектептеги билим берүү системасын башкаруу менен каржылоону, ваучердик ыкманы киргизип, өзгөртүү; б) мугалимдерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ишин өзгөртүү;
  • мектептетин билим берүү сапатынын өсүшү калктын эрезеге жеткен бөлүгүнүн сабаты жогорулашына, эмгек өндүрүмдүүлүктүн өсүшү менен экономикалык өсүшкө түздөн -түз таасир этет.

 

  1. КЫРГЫЗСТАН 
    ДЕМОГРАФИЯ, ЖАКЫРЧЫЛЫК, ЭКОНОМИКА
  1. Кыргызстандын калкы 6,6 миллион адам, анын үчтөн экиси айыл жеринде жашайт. Калктын 30%ын 15 жашка чейинкилер түзөт. Кыргыз жаранынын орточо курагы 27,5 жаш. 2030 -жылга карата калктын жалпы саны 7,5 миллионго жетиши мүмкүн. Жаш муундун саны өсөт.
  2. 2,2 миллионго жакын адам жакырчылыкта жана жакырчылыктын ашкан чегинде жашайт. 1 миллионго жакыны эмгек миграциясында жүрөт. Эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү квалификациясы жок жумуштарда иштейт.
  3. 2020-жылы жан башына киреше боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстандын экономикасы 181 өлкөнүн ичинен 151-орунду ээлеген. Кыргызстанда киши башына ИДӨ (1173$) Казакстандан дээрлик 8 эсе, Россияга караганда 9 эсе, Эстонияга караганда 20 эсе аз.

 

2. ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАРДЫБЫЗ?
САБАТТУУЛУК ДЕҢГЭЭЛИНИН ТӨМӨНДҮГҮ, ЭМГЕК ӨНДҮРҮМДҮҮЛҮГҮНҮН ТӨМӨНДҮГҮ

  1. 2018-жылы Кыргызстандын калкынын эрезеге жеткен бөлүгүнүн компетенттүүлүгүн баалоо боюнча эл аралык программасынын жыйынтыктары көрсөткөндөй (The Programme for the International Assessment of Adult Competencies, PIAAC) Кыргызстандын калкынын дээрлик 60% ы тилдик жана математикалык сабаттуулугу «биринчи жана андан төмөн» деңгээлине ээ (бардыгы үч деңгээли бар. Анын ичинен минималдуу түрдө керек болгон экинчиси талап кылынат). Бул Кыргызстандагы калктын эрезеге жеткен бөлүгүнүн 60% ы эң жок дегенде «негизги сөз байлыгы бар, сүйлөмдөрдүн маанисин түшүнүп, тексттердин абзацтарын окуйт» деңгээлинде экенин жана «санап, ылгап, жөнөкөй арифметикалык амалдарды” аткара алат дегенди билдирет. 

Эрезеге жеткендердин компетенттүүлүгүн баалоо боюнча эл аралык программа (PIAAC) дүйнө жүзү боюнча эмгекке жарамдуу курактагы калктын кесиптик көндүмдөрү менен компетенттүүлүктөрүн баалайт. Компетенциялар эмгекке жарамдуу курактагылар жеке жашоодо жана / же жамааттык максаттарга жетиш үчүн колдонулган көндүмдөрдүн, билимдер менен мамилелердин жыйындысы катары түшүнүлөт

 


  1. Кыргызстандын эрезеге жеткен калкынын дээрлик 98% ы «технологиялык жактан бай чөйрөдө маселени чечүү» (же — маалыматтык жана коммуникативдик көндүмдөр) «биринчи жана андан төмөн» деңгээлине ээ (анын үч гана деңгээли болот. Алардын ичинен минималдуу экинчи деңгээли керектүү) Бул Кыргызстандын эрезеге жекендердин 98% ы » кеңири таралган жана тааныш технологиялык тиркемелерди колдонууда электрондук почта же веб-браузер сыяктуу жөнөкөйлөрү» менен гана иштей алат дегенди билдирет.
  2. Кыргызстандагы жумушчулардын эмгек өндүрүмдүүлүгү (бир жумушчу тарабынан иштелип чыккан продукциянын саны) Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн. Мисалы, Кыргызстандын жумушчуларынын эмгек өндүрүмдүүлүгү Россия менен Казакстанга караганда 4 эсе, Эстонияга караганда 5 эсе төмөн.
  3. Кыргызстанда адамдык капиталдын индекси 0,58, башкача айтканда, учурда Кыргызстанда төрөлгөн бала, толук билим алып, ден соолугу чың болуп эрезеге жетсе, өндүрүмдүүлүгү 100%дын ордуна 58% деңгээлинде болот.
  4. Кыргызстанда жогорку жана орто билимдүүлөрдүн эмгек акысынын деңгээлиндеги айырмасы 9%ды гана түзөт. ЭКӨУ өлкөлөрүндө бул айырма орточо 50%дан 100%га чейин. (OECD — Европа, Азия жана Латын Америкасынын 37 өлкөсүн бириктирген Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму). Балким, мунун себептеринин бири — жогорку билимдин сапатынын начардыгы.

Жыл сайын 50 миңге жакын жаштар эмгек рыногуна чыгышат. Ошол эле учурда жумуш берүүчүлөр квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилешет. Адистердин айтымында, рынокко чыккан жаштардын квалификациясын жогорулатуунун эң мыкты, кыска жолу — бул билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.


  1. ЭМНЕ ҮЧҮН ЭРЕЗЕГЕ ЖЕТКЕНДЕРДИН ФУНКЦИОНАЛДУУ САБАТТУУЛУГУ МЕНЕН ЭМГЕК ӨНДҮРҮМДҮҮЛҮГҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИ ТӨМӨН?

Мектептеги билим берүү системасындагы айрым жетишкендиктерге карабастан (балдарды мектепке тартуунун жогорулашы, бала бакча менен мектептердин, билимге болгон чыгымдардын көбөйүшү, мугалимдердин маянасынын жогорулашы, камсыздоо абалынын жакшырышы, мектептердин компьютер, интернеттин ж.б. менен камсыздалышы), сапаты өзгөрүүсүз бойдон калган.

МЕКТЕПТЕ БИЛИМ БЕРҮҮ ДЕҢГЭЭЛИНИН ТӨМӨНДҮГҮ

  1. Кыргызстанда 1 миллион 350 миң мектеп окуучусу бар. Башкача айтканда өлкөбүздүн дээрлик ар бир бешинчи тургуну мектеп окуучусу. Мектеп жашындагы балдардын 6% га жакыны ден соолугунун чектелгендиги менен материалдык абалынын оордугуна байланыштуу окубайт. Алардын көбү эмгек мигранттарынын балдары.
  2. Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык жана улуттук системаларына ылайык, орточо эсеп менен, мектеп окуучуларынын 60% ы окуу, математика жана табият таануу боюнча функционалдык сабаттуулуктун негизги деңгээлине жетпейт. Бул мектеп окуучулары окуйт, жаза алат, санайт, бирок окуган маалыматтын маанисин түшүнбөйт жана алган билимин турмушта колдоно албайт дегенди билдирет.

Алсак, окуу сабаттуулугу боюнча тесттерде окуучулар үчүн эң татаал тапшырмалар катары текстти турмуш менен байланыштыруу, алган маалыматын иш жүзүндөгү маселелерди чечиш үчүн колдонуп, тыянак чыгаруу болгон. Окуучулар ачык суроолорго жооп берүүдө, ойлорун мисалдар аркылуу далилдей албай, тыянак чыгара алышкан жок. Мектеп окуучулары арасында табигый илимдер — физика, химия, география жана биология боюнча эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болду. Кыргызстандын 15 жашар окуучулары ЭКӨУ өлкөлөрүндө жашаган теңтуштарынан, болжол менен 4,5 класска артта калган.


2009 -жылы мектеп окуучуларынын жетишкендиктерин эл аралык баалоосунун (PISA) жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 314 упай менен 65 өлкөнүн ичинен 65 -орунду ээлеген. Кыргызстан 2025 -жылы PISAre катышууну пландоодо.

Кыргыз Республикасында Билим берүүсүн өнүктүрүү Программасына ылайык (2021 — жылдын майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген), 2040 -жылга чейин Кыргызстан PISAда 15 пунктка жогорулашы керек. Ошентип, бул Кыргызстанды 20019 -жылдагы 65 -орундан 2040 -жылга чейин 50 -орунга көтөрүү дегенди билдирет. 2009 -жылы Таиланд Р^Ада 50 -орунду (421 упай менен) алган (анда Кыргызстан 314 упай менен 65 -орунду ээлеген). 2018 -жылы Кипр 50 орунда (424 упай менен) болгон (2018 -жылы Кыргызстан Р^Ага катышкан жок). Буга ылайык, Кыргызстандын максаты 420 упайга жетүү деп билебиз.


  1. Айыл мектептерде билим берүүнүн сапаты шаардагы билим берүүнүн сапатынан кыйла артта. 2017-жылдагы окуучулардын билим жетишкендиктеринин улуттук баалоого ылайык, айыл мектептердин 4 — класстын окуучуларынын 70% га жакыны билимдин баштапкы деңгээлине жеткен эмес; Бишкекте мындай окуучулар 43% ды түзөт.
  2. Мектептеги окуучулардын артта калуусуна мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдардын аз тартылышы түздөн-түз таасир этет. Алсак, үч жаштан беш жашка чейинки балдардын 22,2% ы гана бала бакчаларга барат.

 

  1. ЭМНЕ ҮЧҮН МЕКТЕПТЕ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИ ТӨМӨН?

4.1 Мугалимдер


«Мектеп системасынын сапаты анда иштеген мугалимдердин сапатынан жогору боло албайт»


  1. Кыргызстанда 82 мин мугалим бар. Алардын үчтөн экиси айыл жеринде эмгектенет. Мугалимдердин 85% га жакыны аялдар. Алардын дээрлик жарымын пенсияга чейинки жана пенсия курагындагылар (50 жаш жана андан жогору) түзөт. Жакынкы он жыл ичинде алар да жаш-курагына байланыштуу мектептен кетиши айкын.
  2. Көптөгөн өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, мугалим үчүн татыктуу эмгек акы жок дегенде өлкөдөгү орточо эмгек акыга барабар деп эсептелет.

Кыргызстанда билим берүү тармагындагы орточо айлык эмгек акы (буга мамлекеттик жана жеке билим берүү мекемелеринин, ошондой эле илимий мекемелердин окутуучу жана окутуучулук эмес кызматкерлеринин эмгек акысы кирет) өлкөдөгү орточо эмгек акыдан болжол менен 20%га төмөн. Мамлекеттик башкаруу секторунда орточо айлык маянадан дээрлик 40%га төмөн. Мисалы, 2020-жылы билим берүү тармагындагы орточо айлык акы 14,764 сомду түзсө, республика боюнча орточо айлык 18,940 сомду, мамлекеттик башкаруу секторунда орточо айлык 22,879 сомду түзгөн.

  1. Жыл сайын өлкөгө 2 миңдей мугалим жетишпейт. Өзгөчө башталгыч класс, орус тили, математика, физика мугалимдери жетишсиз. Кыргызстанда мугалим болуп иштөө абройлуу эмес. 30 жашка чейинки мугалимдердин саны 10%дан ашпайт.
  1. Мектеп системасы өнүккөн өлкөлөрдө мектепти мыкты аяктаган бүтүрүүчүлөр мугалимдерди даярдоочу мекемелердин студенттери болуп калышат. Ошентип, Түштүк Кореяда мугалимдерди даярдоочу университеттерге 5%ы мектепти мыкты бүтүрүүчүлөрдөн, Финляндияда 10%дан, Сингапурда жана Гонконгдо 30%дан келет. Кыргызстанда педагогикалык ЖОЖдордун студенттери, адатта, окуу көрсөткүчү төмөн мектеп бүтүрүүчүлөрдөн болот. Кыргызстанда мугалимдерди даярдоо бюджеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Болочок мугалимдерди даярдоонун жылдык чыгымы кеминде 100 миллион сомду түзөт. Жыл сайын педагогикалык ЖОЖдордун бюджеттик орундарына 2 миңден ашык адам кабыл алынат. Бир студенттин бир жылдык окуу баасы 25 сомдон 45 миң сомго чейин жетет. Окуу учурунда педагогикалык факультеттердин бир катар студенттери башка адистиктерге которулат. Университетти аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн 25%га жакыны мугалим болуп иштебейт. Үч жыл иштеген жаш адистердин 60% га жакыны мектептен кетишет. Натыйжада, педагогикалык ЖОЖду бүткөндөрдүн 20% дан ашыгы гана мугалим болуп иштейт. Учурдагы система бюджеттик каражаттарды негизсиз сарптоо түрүндө жыл сайын миллиондогон чыгымдарга алып келет.
  2. Мугалимдер түрдүү отчёттордон улам кыйналышат. 2020 –жылдын декабрында кээ бир милдеттүү түрдөгү отчёттордун жокко чыгышына карабай, мугалимдер дагы эле 10дон ашык отчет боюнча кагаз жүзүндө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү.
  3. Учурда мугалимдердин 35% га жакыны окуу жана математикалык сабаттуулуктун негизги деңгээлине да жетишпейт (бул өлкөнүн эрезеге жеткендер үчүн орточо көрсөткүчтөн жакшы). Мугалимдердин маалыматтык жана коммуникативдик көндүмдөрүнүн деңгээли бардык эрезеге жеткен калктын орточо көрсөткүчүнөн кыйла төмөн. 2020-жылы билим берүү онлайн түрүндө өтүшү Бишкек мугалимдеринин электрондук почтасы жок экенин, компьютерде иштөө жөндөмдүүлүгү аз болгондуктан WhatsApp аркылуу сабак өткөндөрү аныкталды.
  4. Өлкөдө квалификациялуу мугалимдер жетишсиз. Мектеп директорлорду сурамжылоо маалыматына ылайык, бош орундардын 40% ын гана квалификациялуу мугалимдер ээлейт, калган 60%ы талап кылынган квалификацияга жооп бербейт.
  5. Мектептеги билим берүү системасы сапаттуу болгон өлкөлөрдө мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга, кесиптик өсүүсүнө, ишинин натыйжалуулугун баалоого чоң көңүл бурулат.
  6. Кыргызстанда мугалимдердин баары беш жылда, жок дегенде, бир жолу 72 сааттан кем эмес квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүш керек. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине (мындан ары — ББжИМ), тактап айтканда, министрликтин алдындагы Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна Ысык-Көл жана Ош билим берүү институттарына билим квалификациясын жогорулатуу милдети жүктөлгөн. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн жыл сайын бюджетке 80 — 90 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт. Квалификацияны жогорулатуу системасы чындыгында мамлекеттин монополиясы болуп калган.
  1. Ошол эле учурда, иштеп жаткан система сан-сапат жактан да мугалимдерди даярдоо муктаждыгына жооп бербейт. 82 миң мугалимди камтыган өлкөдө ББжИМ 10 жылда бир эле мугалимдин квалификациясын жогорулатса болот. Ал эми мыйзам боюнча мугалим квалификациясын 5 жылда бир жолу жогорулатып турушу керек. Изилдөөлөргө ылайык, бюджеттик программалардын алкагында берилген квалификацияны жогорулатуу курстарынын мазмуну көбүнчө формалдуу, эскирген жана натыйжасыз. Адатта, алардын жигердүүлүгү жана мугалимдердин кесиптик чеберчилигине тийгизген таасирине баа берилбейт.

Мугалимдерди даярдоо мамлекеттик монополиясы алардын кесипкөйлүгүн, ошону менен бирге, мектептерде окутуунун сапатын жогорулатууга тоскоолдук болуп саналат. Көп өлкө мындай системадан эбак эле баш тарткан. Мындай өлкөлөрдө (анын ичинде Россия, Украина), менчигинин түрүнө карабастан, бардык билим берүү мекемелери мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн лицензияланган жана аккредитацияланган. Мугалимдер мындай аккредитацияланган мекемеде үзгүлтүксүз билим алууга укуктуу. Бул система кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосундагы атаандаштыкты күчөтөт. Мындай атаандаштык кесиптик деңгээлин жогорулатуу кызматтарынын сапатын жогорулатууга алып келет.

  1. Мугалимдерди даярдоо системасынын жигердүүлүгүн объективдүү жана калыс болгон мугалимдерди аттестациялоо системасы текшериш керек. Бул система мугалимдин окуучулардын компетенттүүлүгүн өнүктүрүү жөндөмдүүлүгүн баалоого негизделиши зарыл.

Учурдагы мыйзамга ылайык, өлкөдө мугалимдердин аттестациясы өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча, аларга экинчи, биринчи жана эң жогорку категориялары берилип, Алган категорияларына ылайык 1 миң, 1,5 миң, 2 миң сом кошулушу керек. Иш жүзүндө, аттестация жөнүндө Жобо болгонуна карабастан, 2012 — жылдан бери мугалимдердин аттестациясы токтотулуп, категориялар берилбей калган. Кээ бир мугалимдердин айтымында, бул жөлөкпулдар стимул эмес. Анын өлчөмү эмгек акынын 30%нан кем болбошу керек.

Мисалы, Казакстанда мугалимдерди тестирлөө эки тапта өтөт: биринчиси — мугалимдердин Улуттук квалификациялык тестирлөөсү; экинчи этабы — окутуу ишмердүүлүгүн Комплекстүү аналитикалык жалпылоо. Анын ичинде топтолгон тажрыйбаны жалпылоо менен мугалимдин портфолиосу да кирет.

  1. Кыргызстанда мугалимдерди кайра даярдоо системасы жок. Башкача айтканда, педагогикалык эмес жогорку билимдүү адистерден педагогикалык кадрларды даярдоо (же экинчи педагогикалык билим алуу). Кыргызстанда кайра даярдоо системасы мыйзам менен белгиленген. Бирок иш жүзүндө ал жок. Мугалимдерди кайра даярдоо системасы көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Россия менен Казакстанда иштейт. Максаты — жогорку билимдүүлөрдү кыска мөөнөттүү мугалимдерди даярдоо курстары аркылуу педагог болгонду каалоочулардын агымын көбөйтүү.
  2. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы мугалимдерге квалификациялык талаптар жок жалгыз өлкө. Квалификациялык талаптардын жоктугу тандоо системасына, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өсүшүнө терс таасирин тийгизет.

82 мин мугалим бар. Алардын үчтөн экиси айыл жеринде эмгектенет. Мугалимдердин 85% га жакыны аялдар. Алардын дээрлик жарымын пенсияга чейинки жана пенсия курагындагылар (50 жаш жана андан жогору) түзөт. Жакынкы он жыл ичинде алар да жаш-курагына байланыштуу мектептен кетиши айкын.

Көптөгөн өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, мугалим үчүн татыктуу эмгек акы жок дегенде өлкөдөгү орточо эмгек акыга барабар деп эсептелет.

4.2 Окутуу

Окуу китептери

  1. Өлкөдө окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча олуттуу көйгөйлөр бар. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер окуу китептери менен 80%га, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер 70%га камсыздалган.
  2. Кээ бир окуу китептери орфографиялык, грамматикалык жана семантикалык каталар менен басылып чыгат. Көптөгөн окуу китеби мектептеги билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты талап кылгандай, окуучулардын компетенциясын өнүктүрүү талаптарына жооп бербейт. Окуу китептеринин жетишсиздиги менен сапатсыдыгына карабай, мугалимдер министрлик сунуштаган тизмеге кирген китептерди гана колдонууга милдеттүү.

Окуу жүктөмү

  1. Кыргызстандын окуучулары үчүн окуу жүктөмү жогору. Алсак, орточо эсеп менен, Кыргызстанда бир окуучу жылына 1060 саат окуйт. Ал эми Эстонияда 820, Финляндияда 808, Россияда 803 саат бөлүнгөн. Жогорку окуу жүктөмү окуудагы сапаттуу натыйжалары болушуна кепилдик бербейт. Эл аралык рейтингдерде Кыргызстан акыркы орунду ээлеген. Ал эми жогоруда аталган өлкөлөрдүн бардыгы мектепте билим берүүнүн сапаты кыйла жогору болгон өлкөлөрдүн катарына кирет.
  2. Совет мезгилинде Кыргызстандын мектептеринде 17 предмет окулган. Учурда жалпы кабыл алынган стандарттардан ашып түшкөн 25 сабак өтүлөт. Дүйнөдө окулган предметтердин саны 8ден 15ке чейин өзгөрөт. Кыргызстандын мектептеринде өтүлгөн предметтердин саны менен мазмунун тереңирээк изилдөө үчүн кыскартууну жана кайра кароону талап кылат.

Окутуу процесси — компетенцияларды өнүктүрүү

  1. Окуу процесси заманбап турмуш менен Мамлекеттик билим берүү стандартынын (2014) талабы боюнча компетенцияларды (башкача айтканда, күнүмдүк турмушта билимди, көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү өз алдынча колдонуусун өнүктүрүү үчүн) кайра түзүлгөн эмес. Мектептерде окутуу, мурункудай эле, 87% окууга, жаттоого, окуганды кайра айтууга негизделген. Башкача айтканда, мугалимдер маалымат беришет, окуучулар болсо эстеп калышат.

Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫна (2014) ылайык, окутуу окуучулардын компетенциясын өнүктүрүүгө негизделиши керек. Бул билимди, жөндөмдөр менен көндүмдөрдү күнүмдүк турмушунда өз алдынча колдонуу жөндөмүн өнүктүрүүнү билдирет. Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасына (2021) ылайык, мектеп окуучулардын маалыматтык жана социалдык- коммуникативдик компетенцияларын, ошондой эле өзүн өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенциясын өнүктүрүүгө тийиш:

  1. Маалыматтык компетенттүүлүк — Өз ишин пландаштыруу жана жүргүзүү үчүн маалыматтарды, анын ичинде маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды пайдаланууга, жүйөлүү тыянактарды жасоого даярдык. Ал адамга маалыматтын тегерегинде
  2. Социалдык коммуникациялык компетенттүүлүк — өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен салыштырууга, позициялардын ар түрдүүлүгүнүн негизинде өз көз карашын негиздүү коргоо жана башка адамдардын баалуулуктарына (диний, этностук, кесиптик, инсандык ж.б.) урматтоо менен мамиле кылууга даярдык. Маектешүүдө зарыл маалымат алууга жана аны жеке, социалдык, кесиптик маселелерди чечүү үчүн оозеки түрдө жана жазуу жүзүндө берүүгө даярдык. Ал милдеттерди чечүү үчүн башка адамдардын жана социалдык институттардын ресурстарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет
  3. Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү — маалыматта, окууда жана/же турмуштук жагдайларда карама-каршылыктарды табууга жана ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен өз алдынча же башкалар менен өз ара аракетте аларды чечүүгө, ошондой эле андан аркы аракеттер жөнүндө чечим кабыл алууга даярдык

  1. Мугалимдер үчүн милдеттүү болгон көптөгөн предметтик стандарттар компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган эмес. Берилген маалыматты жөн эле эстеп калуу дагы эле окутуунун негизги ыкмасы болуп келет. Демек, предметтик сабактарда окуучулар жогорку даражадагы ой жүгүртүүнүн ордуна жөнөкөй түрдөгү ой жүгүртүү иш-аракетин жасашат.
  2. Маалыматтык -коммуникациялык технологиялар (МКТ) предметтерди окутууда аз колдонулат. МКТ боюнча окуу программасы 5-9-класстар үчүн гана каралган. 1-4-класстарда жана 10-11-класстарда МКТ боюнча окутуу каралган эмес. Мектептердин компьютер менен камсыздалышы боюнча учурда 61 окуучуга 1 компьютер туура келет. Көптөгөн компьютер эскирип, иштебейт.
  3. Предметтик стандарттардын негизги кемчилиги — бул өлчөнүүчү окуу натыйжасынын жоктугу. Окутуунун сапатынын көрсөткүчтөрүн аныктабай туруп, аны жакшыртуу мүмкүн эмес.
  4. Мектептер жыл сайын ББжИМ тарабынан бекитилген негизги окуу планын сактоого милдеттүү. Мектептер предметтер менен окуу программаларын аныктоодо 5%дын чегинде гана эркиндикке ээ. Базистик окуу планынын сакталышын көзөмөлдөө райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт. Министрлик жыл сайын негизги окуу планына өзгөртүүлөрдү киргизип, предметтерди жокко чыгарат, кошот же бириктирет. ББжИМдин мындай чечимдери мектептердеги окуу процессинин пландоосу менен сапатына терс таасирин тийгизет.
  5. Мектептерде да, ЖОЖдорго кабыл алууда да баалоо системасы дагы эле окуу программасынын мазмунун баалоого багытталган. Ошону менен бирге, бул алынган компетенциялардын деңгээлин, алган билимди колдонуу, талдоо жана түшүнүү үчүн көндүм менен жөндөмдөрдү баалоого көмөк бербейт.

4.3 Мектеп инфраструктурасы

  1. Өлкөдө 2 296 мектеп бар, анын ичинен 152си жеке менчик (анда 38 миң окуучу, же өлкөдөгү бардык мектеп окуучуларынын 3% га жакыны окуйт).
  2. 245 мамлекеттик мектеп жараксыз абалда (башкача айтканда, аларды оңдоого болбойт. Аларды бузуп кайра жаңы мектеп куруш керек). Окууга жараксыз абалдагы мектептерде билим берүү окуучулардын өмүрү менен ден соолукка коркунуч туудурат. Республиканын 457 мектебинде чатыр, пайдубал, дубал, суу түтүк, канализацияны капиталдык ремонттон өткөрүүнү талап кылат. ББжИМдин маалыматы боюнча, өлкөгө 670ке жакын мектеп жетишпейт.
  3. Мектептерде окуучулардын саны көп. Учурда 151 мектеп үч сменада иштейт. Бишкектеги 90 мектеп 75 миң окуучуга ылайыкташтырылган. Бирок иш жүзүндө аларда 170 миң окуучу билим алат.
  4. Мектептердин 25% ы таза ичүүчү суу менен камсыздалган эмес. Мектептердин 74%ында ички дааратканасы жок. Мектептердин 68%ы ысык суу менен камсыздалган эмес
  5. Мектептерди каржылоо менен башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу, тактап айтканда, мектепке товарларды жана тейлөөнү сатып алуу, кадр саясаты борборлоштурулган бухгалтериялардын карамагында болушу райондук / шаардык кеңештин, мектеп башкаруудагы ББжИМдин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна алып келбейт.
  6. Мыйзамда мамлекеттик мектептердин аныктамасы жок. Мектепти өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу чектелген.

4.4 Мектептеги билим берүүдөгү мамлекеттин чыгымы

  1. 2017 -жылы Кыргызстандын билим берүүгө чыгымдары (мектепке чейинки, мектептеги, кесиптик жана жогорку билимди кошкондо) ИДПнын 7% ын түзгөн (Ички дүң продукт). Бул башка өлкөлөргө караганда көп (Казакстанда 3%, Россия менен Монголияда 4%, Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө орточо эсеп менен 5% түзгөн).

Билим берүүгө кетирген чыгымдар жыл сайын өсүүдө. Алсак, 2001-жылы чыгымдар 3 миллиард сомду, 2007-жылы 9 миллиард сомду, 2012-жылы 21 миллиард сомду жана 2020-жылы 39,9 миллиард сомду (анын 34,3 миллиард сому республикалык бюджеттен жана 5,6 миллиард сому жергиликтүү бюджеттен) түзгөн. Билим берүүнүн бардык чыгашаларынын 60% га жакыны мектеп билим берүүсүнө жумшалат. Бирок, билим берүүгө болгон чыгашалардын өсүшү билим берүүнүн сапатынын жогорулашына алып келген жок.

  1. Мамлекеттин билим берүүнүн бекитилген бюджетине карабастан (2020 -жылы 39,9 миллиард сом, анын 60% га жакыны мектеп билим берүүсүнө кеткен чыгашалар), мектептер бюджеттен 1,1 миллиард сомго жакын короткон. Бироккеректөөлөрдүн негизинде каржылоонун ажырымы 4 миллиард сомдун тегерегин түзгөн. Алсак, Бишкектеги 90 мамлекеттик мектептин ар бирине 10 миллион сомдой жетпейт.

Изилдөөлөр боюнча, учурдагы каржылоо системасы мектепти өнүктүрүүгө эмес сактоого багытталган. Мамлекеттик бюджет минималдуу муктаждыктарды да толугу менен каржылабайт.

  1. Мектеп толук кандуу иштеш үчүн чыгашалардын 50гө жакыны каржылоого жумшалышы зарыл. Иш жүзүндө республикалык бюджеттин чыгымдары чыгашалардын беши гана каржыланат — эмгек акы фонду (96,1%), тамак -аш (2,7%), квалификацияны жогорулатуу (0,4%), окутуу чыгымдары (0,4%) жана тейлөө (0,4%). (2020-жылдын маалыматы). Акыркы экөө жетиштүү каржыланбай келет.
  2. 2017 -жылы бир окуучуга кетирген бир жылдык мамлекеттик чыгымдары 826 $ түзгөн. Ошол эле учурда, мисалы, Молдовада 1 937 $, Монголияда 1 711 $, Казакстанда 6 432$, Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдө 10 292 $ түзгөн.
  3. 2017-жылы Кыргызстандын бир мектеп окуучусуна (826 $), жогорку окуу жайдын бир студентине 1 480 $, бир КТБ студентине кетирген мамлекеттик чыгымдары 1 574 $ түзгөн.
  4. Мектепте билим алууга кетирген мамлекеттик чыгымдардын көбү донордук каражаттардын эсебинен каржыланат (Дүйнөлүк Банк, Азия Өнүктүрүү Банкы, USAID, GIZ). Анын бир бөлүгү грант түрүндө, дагы бир бөлүгү насыя түрүндө берилет.
  5. Жыл сайын 1-класстан 4-класска чейинки окуучулардын тамактануусуна мамлекеттик бюджеттен болжол менен 600 миллион сом бөлүнөт. Башкача айтканда бир окуучуга күнүнө 7 сом жумшалат. Ошол эле учурда тамак-ашка бөлүнгөн каражаттар жигерсиз, коррупциялык жол менен сарпталат. Социалдык жактан аярлуу балдар үчүн каражаттарды даректүү бөлүштүрүүгө өтүү зарыл.

5. ЧЕЧИМДЕР

Мектеп системасынын биринчи жана эң маанилүү деңгээли — бул окуучулардын муктаждыктары. Алар үчүн бүт билим берүү системасы түзүлгөн. Окуучулардын эң негизги муктаждыгы — сапаттуу билим. Демек, негизги максат — мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Ал SMART ченемдерине негизделген (ченемдүүлүк, маанилүүлүк, так, ишке ашуу мүмкүнчүлүгү жана белгилүү бир убакыт аралыгында жеткиликтүүлүк). Төмөндөгү аныктама сунуш кылабыз:

2025 -жылга карата мектеп окуучуларынын 60%ы функционалдык сабаттуулуктун негизги деңгээлине жетишүү аркылуу КЫРГЫЗСТАНДА МЕКТЕП БИЛИМИНИН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ

Кыргыз Республикасынын мектептеги билим берүүнүн учурдагы абалын эске алуу менен (ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө мектептеги билим берүү системасын жакшыртуу боюнча көптөгөн изилдөөнүн жыйынтыгын эске алып), мектептин сапатын жакшыртуу үчүн системалуу билим берүүдөгү олуттуу өзгөрүүлөр (реформалоо) эки багыттан башталышы зарыл деп эсептейбиз:

Мектептеги билим берүү системасын каржылоо — каржылоонун даректүү ваучердик/ жан башына каржылоо системасына өтүү зарыл (мунун зарылдыгын Садыр Жапаровдун 2021 -жылдын 5 -майындагы Кыргызстан элине Кайрылуусунда да белгиленген).

Ваучердик система (же «окуучуну акча ээрчиген каржылоо системасы») бюджеттик каражаттар окуучуну ээрчип жүргөндүгүн тастыктаган, мектептин ар бир окуучусуна өздүк (электрондук) күбөлүктү берүүгө негизделген. Окуучулар / ата -энелер мектепти, менчигинин түрүнө карабастан (мамлекеттик, муниципалдык, жеке), өз алдынча тандоого укуктуу. Алар тандаган мектепке окуучунун артынан акча түшөт. Бул тандоо укугу мектептер арасында билим берүүнүн сапаты үчүн атаандаштыкты күчөтөт. Каржылоонун ачыктыгы менен каржылык ресурстарды сарптоо жогорулатат. Ваучерлер окуучулардын социалдык аярлуу катмарына даректүү колдоо көрсөтүүгө да жардам берет.

Ваучердик системаны киргизүү төмөндөгү шарттарда натыйжалуу болот:

  • мамлекет кепилдик берген милдеттүү стандарты, мектеп окуучусуна билим берүү кызматтарынын көлөмүн кабыл алынса;
  • алынган каржылоону иштетүүдө мектептердин каржылык жана башкаруудагы өз алдынчалуулугу, аны менен бирге, сатып алуулар менен кызматчылардын штатын аныктоо, ошону менен бирге, негизги ставкага кошумча төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоо; көз карандысыздыктын өсүшү менен, мектеп башчыларынын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугу жана жоопкерчилиги жогорулашы керек;
  • мектеп ишмердүүлүгүнүн натыйжасы болгон окуучулардын билим жетишкендиктерин милдеттүү жана үзгүлтүксүз түрдө текшерүүнү киргизүү; аны менен бирге тестирлөө көрсөткүчтөрүнүн мониторинги көз карандысыз уюмдар тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш;
  1. Мугалимдерди даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү (дүйнө жүзүндө көп учур менен далилденген тезистин негизинде: мектептеги билим берүүнүн сапаты анда иштеген мугалимдердин сапатына жана окутуунун сапатына жараша болот). Ага төмөнкүлөр кирүүгө тийиш:
  • болочок мугалимдерди даярдоо системасын (финансылык, уюштуруучулук жана академиялык талаптарды кошуп) кайра карап чыгуу;

мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмдарды (менчигинин түрүнө карабастан) тандоо укугун мугалимдерге бериш керек. Ошол уюмдардын берилген тастыктамалары ББжИМ тарабынан таанылышы зарыл;

  • жогорку билимдүү адамдарга экинчи жогорку педагогикалык билим алуу укугун берүү.

Сунуштаган чечимдерибиз учурдагы чөйрөдө ишке ашат деп ойлойбуз. Мындан тышкары, сунушталган чечимдер каржылоону көбөйтүүнү талап кылбай, учурдагы болгон каражаттарды жигердүү бөлүштүрүүгө багытталып, бюджетти үнөмдөөгө алып келиши мүмкүн. Эң башкысы, сунушталган чечимдер мектептеги билим берүүнүн сапатынын өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.

1-тиркеме

Серепти даярдоодо колдонулган маалымат булактардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин расмий сайтынан алынган маалыматтар.stat.kg
  2. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  3. «Мугалимдердин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  4. 2021 -жылдын 2 -сентябрында коомдук талкууга коюлган «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзамдын долбоору
  5. Президент Садыр Жапаровдун 2021 -жылдын 5 -майындагы Кыргызстан элине кайрылуусу
  6. Дүйнөлүк банк Кыргызстанда жакырчылыктын мындан аркы өсүшүн божомолдойт https://rus.azattvk.Org/a/vsemirnvv-bank-prognoziruet-dalnevshiy-rost-bednosti-v kyrgyzstane/31154963.html
  7. 2014 -жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын орто мектебинин билиминин мамлекеттик билим стандарты
  8. 2021 -жылдын июлунда коомдук талкууга коюлган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоору
  9. Дүйнөлүк банктын маалыматы https://data.worldbank.org/indicator/NY.GDP.PCAP.CD?locations=KG
  10. Улуттук билим берүү саясатын сереп. Кыргыз Республикасы 2010. Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо эл аралык программасынын алынган сабактар (PISA). Дүйнөлүк банк.
  11. Диньёнг Хоу, Карина Асеведо, Джуст де Лаат и Дженника Ларрисон. 2020. Адамдык капиталды түзүү үчүн суроо-талапка ээ болгон көндүмдөрдү өнүктүрүү: Кыргыз Республикасында билим берүү, көндүмдөр жана өндүрүмдүүлүк. М. И. Аджвад и С. Б. Гонсалес. 2018 -ж.»Кыргыз Республикасындагы жумуш орундары». Дүйнөлүк банк, Вашингтон округу. http://hdl.handle.net/10986/34495
  12. Эл аралык эмгек уюмунун статистикасы — https://ilostat.ilo.org/topics/labour- productivity
  13. UNICEFhttps://www.unicef.org/kvrgvzstan/ru/%D0%BE%D0%B1%D1%80%D0%B0%D0%B7%D0%BE%D0%B2%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D0%B5
  14. «2017 -жылы 8 -класстын окуучуларынын билим жетишкендиктерин улуттук баалоо» изилдөөсүнүн негизги жыйынтыктарыжөнүндө отчет. ББОУБ. 2017.
  15. Кыргызстанда 21 -кылымдагы билим берүү: Заманбап учурлар жана системалык реформалардын жол картасы. Изилдөөнүн кыскача мазмуну. Борбордук Азия университети. 2021.
  16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы №200 токтому менен бекитилген 2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасы.
  17. Instruction time in compulsory education. OECD. https://stats.oecd.org/Index.aspx?DataSetCode=EAG IT ALL
  18. Кызматкерлердин эмгек акысы чарбалык иштин ачасына жараша (динамикалык таблица). http://www.stat.kg/ru/statistics/trud-i-zarabotnaya-plata/
  19. Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жүргүзгөн маалыматтардын жана отчеттордун типтүү тизмеси.
    http://kao.kg/wp-content/uploads/2020/12/Пояснительная-записка-03-12-2020.pdf
  20. Кыргыз Республикасынын Билимберүү жана илим министрлигинин 2017 -жылдын20 -июнундагы буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын педагогикалык жанаалдыңкы билимберүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу тартибижөнүндө жобо.
  21. Окуучулардын компетенцияларын эл аралык баалоонун(PISA) талаптарына ылайык мектептик билимберүүнүн өнүгүү тенденцияларынсерептөө: 2024 -жылы баалоого катышууүчүн корутундулар жана сунуштар. Сереп КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен даярдалган. 2019.
  22. Мугалимдерди даярдоо институттарынын жана Кыргыз билим берүү академиясынын бүтүрүүчүлөрү боюнча изилдөө. Изилдөө КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен даярдалган. 2017.
  23. «Мектептин билим берүү системасынын кызматкерлерин (билим берүү мекемелеринин башкаруу персоналын (директорлор жана башкы мугалимдер), мектеп методикалык бирикмелеринин башчыларын, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын даярдоо жана кайра даярдоо / квалификациясын жогорулатуу системасынын натыйжалуулугу жана сапаты боюнча изилдөө. уюмдар, райондук деңгээлдеги методисттер) «. Отчёт.
  24. А.П. Иванов. Кыргызстанда окутуунун сапатын башкаруу. Кырдаалдык иликтөө. 2017.
  25. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн функционалдык анализин жүргүзүү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен даярдалган. 2020.
  26. Consistently high performance: Lessons from the world’s top performing school systems // McKinsey&Company. June 2007.
  27. Такаши Ямано, Хэл Хилл, Эдимон Гинтинг и Джиндра Самсон, Кыргыз Республикасы өсүү потенциалын жогорулатууда. Азия өнүктүрүү банкы 2020
  28. Билим деңгээли мугалимдердин деңгээлинен эч качан жогору болбойт 2019 https://rus.azattyk.org/a/30292666.html
  29. Мугалимдердин тартыштыгы. Аз болсо жакшы. 2015. https://rus.azattyk.org/a/26836970.html
  30. Кыргызстанга дагы 2000 мугалим жетишпейт. 2021
    https://rus.azattyk.org/a/31438577.html
  31. Аналитика: мугалимдин айлыгы эмнеден түзүлөт жана акырында колуна канчасы тийет (2019) https://www.gov.kg/ru/post/s/russkiy-vitse-premer-ministr-damira-niyazalieva- ministerstvo-zdravoohraneniya-i-ministerstvo-obrazovaniya-negotovo-segodnya- obespechit-vozvrat-sredstv-vvidelennvih-gosudarstvom-na-bvudzhetnvi
  32. https://kaktus.media/doc/398160 analitika: iz chego skladyvaetsia zarplata ychitelia i skolko polychaetsia v itoge.html
  33. «Билим берүү уюмдарынын жаңы 2018-2019-окуу жылына даярдыгы жөнүндө» боюнча материалдар https://www.gov.kg/wp-content/uploads/2018/07/RUS-Materialyi-dlya-zasedaniya-Gotovnost-shkol-k-2018-2019-rus.pdf
  34. Strategy2050.kz: https://strategy2050.kz/ru/news/kak-budut-povyshat-kvalifikatsiyu- pedagogov-v-kazakhstane/
  35. Мектеп системасында кошумча каржылоо булактарын талдоо. Март 2020

 

 


Автору
Гульнара Каликова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *