БИЗДИН МЕКТЕПТЕР ЖӨНҮНДӨ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2003-жылдын 30-апрели № 92

Жүктөө Билим берүү ж мыйзамы Кырг.docx

Билим берүү жөнүндө

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 225, 2007-жылдын 31-июлундагы № 111,
2007-жылдын 31-июлундагы № 115, 2009-жылдын 20-январындагы № 10,
2009-жылдын 17-июнундагы № 185, 2010-жылдын 15-январындагы № 2,
2011-жылдын 13-июнундагы № 42, 2011-жылдын 8-августундагы № 150,
2011-жылдын 29-декабрындагы № 255, 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206,
2013-жылдын 4-июлундагы № 110, 2013-жылдын 30-июлундагы № 176,
2013-жылдын 5-ноябрындагы № 199, 2013-жылдын 16-декабрындагы № 221
2014-жылдын 30-майындагы № 82, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144,
2015-жылдын 16-январындагы № 15, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 82,

2015-жылдын 17-апрелиндеги № 84, 2015-жылдын 3августундагы № 213,

2016-жылдын 29-июнундагы № 92, 2017-жылдын 22-февралындагы № 32, 2017-жылдын 23майындагы № 84,

2017-жылдын 8-июнундагы № 100

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын, билим берүү процессин жүзөгө ашыруунун, билим берүү уюмдарынын ишинин, Кыргыз Республикасында билим алуунун принциптерин белгилейт, ошондой эле аны жүзөгө ашыруунун укуктук базасы болуп кызмат кылат.

I Глава
Жалпы жоболор

1-берене. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда негизги түшүнүктөр төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:

адъюнктура — аскердик окуу жайларда жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун формасы;

академиялык эркиндик — мамлекеттик билим берүү стандарттары койгон талаптардын чегинде окутуу программаларын иштеп чыгуу, окуу сабактарын өз алдынча баяндоо, илимий изилдөөлөр үчүн теманы жана аларды ишке ашыруунун усулдарын тандап алуу, ошондой эле окуп жаткандардын өздөрүнүн жөндөмдөрүнө ылайык билим алуу укугу;

аккредитациялык агенттик — ишинин негизги максаты билим берүү уюмдарын жана билим берүү программаларын аккредитациялоону жүзөгө ашыруу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте катталган мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес уюм;

аккредитация — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган талаптардан жана критерийлерден төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге билим берүү уюмунун же билим берүү программаларынын ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү уюмунун сапатынын деңгээлин бүтүндөй же анын айрым бир билим берүү программаларын баалоонун жол-жобосу;

институционалдык аккредитация — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган талаптардан жана критерийлерден төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге анын ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү уюмунун сапатынын деңгээлин баалоонун жол-жобосу;

программалык аккредитация — тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге алардын ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү программаларынын сапатынын деңгээлин баалоонун жол-жобосу;

бакалавр — магистратурага өтүүгө жана кесиптик ишин жүргүзүүгө укук берген базалык жогорку кесиптик билимдин академиялык даражасы;

жогорку кесиптик билим берүү — билим берүү программаларынын жана стандарттарынын тиешелүү деңгээлинде адистерди окутуу, даярдоо, кайра даярдоо;

бюджеттен тышкаркы билим берүү иши — акы төлөө негизинде мамлекеттик билим берүү уюмдары көрсөткөн билим берүү кызматы;

билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясат — мамлекеттик билим берүү жаатында толук аныкталган стратегиялык максаттарды жана жалпы мамлекеттик же глобалдуу маанидеги милдеттерди чечүү үчүн билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында ал жүзөгө ашыруучу багыттоочу жана жөнгө салуучу иши. Ал мыйзамдар, жалпы мамлекеттик программалар, өкмөттүк токтомдор, ошондой эле коомдук уюмдарды жана кыймылдарды, кеңири коомчулукту алардын карамагында болгон каражаттар (массалык маалымат каражаттары, коомдук академиялар, кесиптик ассоциациялар, союздар ж.б) аркылуу колдоо көрсөтүү үчүн аларды тартуу жолу менен ишке ашырылат;

дистанциялык билим берүү технологиялары — негизинен информатизация жана телекоммуникация каражаттарын колдонуп, окуп жаткандар менен педагогикалык кызматкердин кыйыр же толук эмес кыйыр түрдө өз ара иш жүргүзүүсү аркылуу ишке ашырылуучу билим берүү технологиялары;

эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү — билим берүү стандарттары тынымсыз өркүндөп жатканына байланыштуу жумушчулардын, кызматчылардын, адистердин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу максатында инсандын суроо-талаптарын толугураак канааттандыруу;

балдарга кошумча билим берүү — жалпы билим берүү жана башка билим берүү уюмдарында окуудан бош мезгилинде базалык билим берүүдөн тышкары кошумча программаларды өздөштүрүү аркылуу балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын кесипти эркин тандоосуна жана алардын кызыкчылыктарын, руханий талаптарын жана муктаждыктарын толугураак канааттандырууга негизделген мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүү тутумунун өзгөчө бөлүгү;

мектеп жашына чейинки билим берүү — баланы турмушка жана мектепке алгачкы даярдоо, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү негизги максаты болуп саналган таалим-тарбия берүү тутуму;

кабыл алуу квотасы — I жана II топтордогу майыптардын ичинен жарандарды, жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча теңештирилген адамдарды, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды, айылдык жаштарды жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдарды, ошондой эле жетим балдарды жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды кесиптик баштапкы, орто жана жогорку билим берүүчү билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн бөлүнүп берилүүчү мамлекеттик билим берүү тапшырыгынын, анын ичинде билим берүү гранттарынын чегине жеткен көлөмү;

колледж — базалык жана жогорку деңгээлдеги орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу орто кесиптик окуу жайы;

мамлекеттик жогорку окуу жайдын жамааты — педагогикалык жана илимий кызматкерлер (профессордук-окутуучулук курам) жана администрациялык-башкаруучу кызматкерлер;

компетенция — окуучуну (окуп жатканды) билим берүүгө карата даярдоодо, белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу жемиштүү иши үчүн зарыл болгон алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);

компетенттүүлүк — адамдын белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык жана кесиптик) илимдин ар кандай элементтерин жана жөндөмдөрүн өз алдынча колдонуудагы интеграцияланган жөндөмдүүлүгү;

лицензиялоо — билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксат берүү, анын максаты билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары койгон талаптардын деңгээлинде кепилдикке алынган билим сапатын камсыз кылуу болуп саналат;

магистр — аспирантурага өтүүгө жана кесиптик ишин жүргүзүүгө укук берген толук жогорку кесиптик билимдин академиялык даражасы;

кесиптик башталгыч билим берүү — негизги же орто жалпы билим берүү базасында квалификациялуу эмгек кызматкерлерин (жумушчуларды, кызматчыларды) коомдук-пайдалуу иштин негизги багыттары боюнча даярдоо;

толук эмес мектеп — окуп жаткандардын аз контингенти, аралаш класс-комплекти жана окуу сабактарын уюштуруунун бөтөнчө формасы менен жалпы билим берүү мектеби;

билим берүү — инсанды, коомду жана мамлекетти гармониялуу өнүктүрүү максатында окуп жаткандардын мамлекет тарабынан белгиленген билим берүү деңгээлине жетишүүсүн тастыктоо менен коштолгон тарбиялоонун жана окутуунун тынымсыз, тутумдуу процесси. Билим алуу деп окуп жаткандардын тиешелүү документ менен тастыкталган белгилүү бир билим деңгээлине жетиши жана аны ырасташы түшүнүлөт;

билим берүү программасы — конкреттүү бир деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүү мазмуну;

билим берүү процесси — педагогдордун түздөн-түз катышуусу жана окуп жаткандардын өз бетинче окуусу менен ар кандай түрдөгү сабак өтүү формасында, ошондой эле окуп жаткандардан жана бүтүрүүчүлөрдөн экзамен, зачет алуу, аттестациялоонун дагы башка түрлөрү аркылуу тарбиялоонун жана окутуунун уюшулган процесси. Билим берүү процесси менен билим берүү программалары ишке ашырылат;

билим берүү стандарты — негизги билим берүү программаларынын мазмунунун билим берүү минимумун, бүтүрүүчүлөрдү даярдоо сапатына коюлуучу базалык талаптардын, окуп жаткандарга жетимдүү окуу жүктөмүнүн чегин аныктоочу ченемдер менен эрежелердин жыйындысы;

билим берүү стратегиясы (билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы) — бир бүтүн социалдык институт катары билим берүү тутумунун негизги багыттарын жана принциптерин аныктоо;

жалпы билим берүү мектеби — башталгыч, негизги орто жана орто жалпы билим берүү окуу программаларын, ошондой эле окуп жаткандарга жана тарбиялануучуларга кошумча билим берүүнүн окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши (мындан ары — камкорчулук кеңеши) — мамлекеттик билим берүү уюмунун уставдык максаттарына жетүүсү үчүн, ошондой эле кошумча (бюджеттен тышкары) каражаттарды тартуу жана алардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча көмөк көрсөтүү функцияларын жүзөгө ашыруучу, юридикалык жак статусу жок мамлекеттик билим берүү уюмунун тең башкаруусунун шайлануучу органы;

жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү — кесиптик жогорку билим берүү базасында жарандарга билим деңгээлин, илимий педагогдук квалификациясын жогорулатууга мүмкүн болгон билим берүү;

кесиптик даярдоо — окуп жаткандардын белгилүү бир ишти, иштердин тобун аткарууга зарыл билимге, жөндөмгө жана ыкка ээ болуусу. Кесиптик даярдык окуп жаткандардын мамлекет тарабынан белгиленген билим деңгээлин жогорулатуу менен коштолбойт;

билим берүү тутуму — өз ара иш жүргүзүүчү жолун уланткан билим берүү программаларынын жана ар кандай деңгээлдеги жана багыттагы мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, аларды ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын жана адамдардын, ошондой эле билим берүүнү башкаруу органдарынын жана аларга ведомстволук жактан караштуу мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жыйындысы;

адис — жогорку окуу жайдан кийинки тиешелүү билим берүү формаларында квалификациясын жогорулатуу укугу менен тиешелүү адистик боюнча толук кесиптик жогорку билим берүүнүн кесиптик квалификациялык даражасы;

атайын билим берүү — ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды атайын же жалпы билим берүү уюмдарында окутуу;

орто жалпы билим берүү — коомдо жигердүү социалдык көнүгүүгө жана өз алдынча турмушту тандоого, эмгек ишмердүүлүгүнө, өз алдынча билим алууга жана өзүн өзү жетилтүүгө жөндөмдүү, гармониялуу өнүккөн инсанды тарбиялоого жана окутууга максаттуу багытталган үзгүлтүксүз процесс;

кесиптик орто билим берүү — негизги, орто жалпы же кесиптик башталгыч билим берүү базасында белгилүү бир адистик (багыт) боюнча окуп жаткандардын кесиптик билимге, жөндөмгө жана ыкка ээ болуусун камсыз кылуучу даярдык;

билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган — компетенциясына билим берүү жагындагы маселелер кирген Кыргыз Республикасынын министрлиги жана ведомстволору жана алардын аймактык түзүмдөрү;

билим берүү процессине катышуучулар — окуп жаткандар (тарбиялануучулар), педагогикалык кызматкерлер, билим берүү уюмдарынын окутуучу-көмөкчү жана башкаруучу кызматкерлери, окуп жаткандардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү);

мектеп (жалпы) билим берүүсү — тарбиялоо жана окутуу тутуму, ушул тутумдун баскычтарына шайкеш келүүчү коомдо активдүү иштөөгө зарыл билимди, жөндөмдү, практикалык ыкты камсыз кылат;

окуу-тарбиялык комплекс/автордук окуу-тарбиялык комплекс/мектеп-комплекс — окутуунун, окуучуларды ар тараптуу маданий-эстетикалык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоонун жаңычыл/автордук программасын ишке ашыруу үчүн жалпы билим берүүчү мектеп менен башка кызыкдар билим берүүчү уюмдарды жана мекемелерди (мектепке чейинки билим берүү уюмдарын, жогорку окуу жайларын, музыкалык, спорттук жана башка уюмдарды жана мекемелерди) өзүнө бириктирген көп тармактуу окуу жайы;

орто окуу жайы — негизги орто, жалпы орто билим берүүнүн жалпы билим берүү окуу программаларын жана техникалык жана кесиптик, маданият жана искусство жаатындагы орто билим берүүдөн кийинки кесиптик окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жай;

мектеп-гимназия — башталгыч жалпы жана окуучулардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша гуманитардык тармактар боюнча негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүчү жалпы билим берүү окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы;

мектеп-лицей — башталгыч жалпы жана окуучулардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша табигый-илимий, физика-математикалык тармактар боюнча негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүчү жалпы билим берүү окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы;

эксперименттик аянтча — жаңы педагогикалык технологияларды жана билим берүү окуу программаларын сыноодон өткөрүү үчүн билим берүү окуу программаларын эксперимент режиминде ишке ашыруучу билим берүүчү уюм;

экстернат — тиешелүү билим берүү уюмунда кийин аттестациядан (учурдагы жана жыйынтыктоочу) өтүү менен негизги билим берүү программаларына ылайык окуп жаткандардын сабактарды өз алдынча окуп үйрөнүшү.

Билим берүү жаатындагы ченемдик базаны калыптандырууда колдонулуучу башка бардык атайын түшүнүктөр ушул беренеде баяндалган негизги түшүнүктөргө карама-каршы келбөөгө тийиш.

(КР 2010-жылдын 15-январындагы № 2, 2011-жылдын 29-декабрындагы № 255, 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206, 2013-жылдын 4-июлундагы № 110, 2013-жылдын 30-июлундагы № 176, 2015-жылдын 3августундагы № 213, 2017-жылдын 23майындагы № 84, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-берене. Билим берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Билим берүү жаатындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары менен жөнгө салынат.

3-берене. Билим алуу укугу

Кыргыз Республикасынын жарандары жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим алышат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-берене. Билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери

Билим берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылык берилген стратегиялык багыты болуп саналат.

Кыргыз Республикасында билим берүү эл аралык келишимдерде жана пактыларда, Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясында жарыяланган принциптерге, демократиянын жана элдин гумандуу баалуулуктарына, дүйнөлүк маданияттын принциптерине негизделет. Билим берүүнү уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөндөгүлөр саналат:

— Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын сапаттуу билим алуу укуктарынын теңдиги;

— ар бир жарандын милдеттүү жана акысыз баштапкы жана негизги жалпы билим алуу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларда акысыз орто жалпы билим алуу; мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын чегинде мамлекеттик окуу жайларында акысыз кесиптик, атайын орто жана жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү;

— акы төлөө негизинде, анын ичинде мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуу мүмкүнчүлүгү;

— билим берүүнүн гумандуу мүнөзү, улуттук маданий байлык менен шайкеш келген жалпы адамзаттык баалуулуктарга артыкчылык берүү, жарандуулукка, эмгекти, үй-бүлөнү, Ата Мекенди, айлана-чөйрөнү сүйүүгө, патриотизмге жана адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоого тарбиялоо;

— ата мекендик, дүйнөлүк илимдин жана эл аралык тажрыйбанын жетишкендиктерине багыт алуу;

— билим берүү процессинин ырааттуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;

— билим берүүнүн саясий жана диний институттарга көз карандысыздыгы;

— окутуунун, тарбия берүүнүн типтери жана формалары, иш багыттары, менчик формалары жагынан билим берүү уюмдарынын көп түрдүүлүгү;

— билим берүү мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарында окутуунун динден тышкаркы мүнөзү;

— орто жалпы билим берүүнүн жалпыга жетимдүүлүгү, билим берүү тутумундагы окуп жаткандардын өсүп-жетилүүсүнүн жана даярдыгынын деңгээли менен өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келиши;

— окуп жатышкандардын өзгөчө зээндүүлөрүнүн чыгармачылыгы тынымсыз өсүүсү үчүн шарттарды түзүү;

— билим берүүнүн мамлекеттик эмес түзүмдөрүнүн иштөө мүмкүнчүлүгү;

— билим берүү уюмдарынын академиялык эркиндиги, академиялык ак ниеттиги.

(КР 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-берене. Мамлекеттик билим берүү стандарттары

Кыргыз Республикасында билим берүүнүн бардык деңгээлдерине төмөнкүдөй мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленет: мектепке чейинки билим берүү, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү жана орто кесиптик билим берүү, жогорку кесиптик билим берүү.

Мамлекеттик билим берүү стандарттары билим берүүнүн принциптерин, түзүмүн, билим алуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмүн, бүтүрүүчүлөрдү окутуунун ар түрдүү деңгээлинде даярдоонун деңгээлине жана алар тарабынан алынуучу компетенттүүлүккө карата талаптарды аныктайт.

Мамлекеттик стандарт билим алуучуларга берилген билимдин сапатын баалоону өткөрүү үчүн негиз болуп саналат.

Мамлекеттик билим берүү стандарттары менчигинин формасына жана ведомстволук таандыктуулугуна карабастан, бардык билим берүү уюмдары тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.

Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик билим берүү стандарттары, ошондой эле кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын макеттери, жалпы билим берүү мектептери үчүн предметтик стандарттар жана кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн даярдоо багыты боюнча жана адистик боюнча стандарттар Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Жождон кийинки кесиптик медициналык билим берүү боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра кароо жана жаңылоо 5 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.

(КР 2017-жылдын 23-майындагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене. Окутуунун тили

Билим берүү уюмдарында тил саясаты Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Мамлекет ар бир жарандын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен тарта негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдердин бирин үйрөнүшү үчүн шарттарды түзөт.

Тиешелүү шарттар болсо, окутуу ошондой эле ар кандай башка тилде да жүргүзүлсө болот.

Эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыз элинин өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде билим алууга мамлекет көмөк көрсөтөт.

(КР 2007-жылдын 31-июлундагы № 111, 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алуу укуктарына мамлекеттик кепилдиктер

Мамлекет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жарандардын билим алуу укугун төмөндөгүдөй жолдор менен камсыз кылат:

— инсандын, коомдун жана мамлекеттин таламдарына ылайык келген билим берүү тутумун түзүү;

— эгерде билим берүүнүн ушул деңгээлин жаран биринчи жолу алып жатса, акысыз милдеттүү негизги жалпы, жалпыга жетимдүү акысыз жалпы орто, акысыз кесиптик башталгыч жана конкурстук негизде кесиптик орто, кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайдан кийин мамлекеттик кесиптик билим берүү уюмдарында мамлекеттик тапшырыктын жана билим берүү стандарттарынын чегинде билим алуу үчүн зарыл социалдык-экономикалык жана укуктук шарттарды түзүү. Окуп жаткандардын акысыз билим алуусу мамлекеттик билим берүү уюмдарын күтүүнү бюджеттен каржылоо, билим берүү уюмдарынын билим берүүчү кызматтарына бюджеттик каражаттардан акы төлөө, болбосо мамлекеттик билим берүү гранттарын берүү аркылуу ишке ашырылат;

— окутуу, тарбиялоо формасына, билим берүү уюмунун тибине жана менчигинин түрүнө карабастан окуп жаткандарды жана тарбиялануучуларды социалдык жана укуктук жактан коргоону жүзөгө ашыруу;

— окуу китептерин, анын ичинде Брайлдын рельефтик-чекиттик ариптери менен чыгарылган окуу китептерин, окуу жана усулдук колдонмолорду чыгаруу жана алар менен мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларын камсыз кылуу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү квоталардын чектеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга акысыз баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 255, 2017-жылдын 22-февралындагы № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-берене. Билим берүүнү өнүктүрүүгө мамлекеттик стимулдаштыруу

Мамлекет билим берүүнү каржылоо, мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим берүү тутумунун кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө маселелеринде артыкчылыктуу саясатты жүргүзөт, коомдо педагогдук, илимий жана камкордук көрүү ишинин кадырын көтөрүүнү колдойт.

Кыргыз Республикасында билим берүү жаатында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана атайын белгилер белгиленет.

9-берене. Билим берүү уюмунун укуктук статусу

Билим берүү уюму юридикалык жак болуп саналат.

Мамлекет аралык билим берүү уюмдарынын укуктук статусу өкмөт аралык келишимдерге ылайык аныкталат.

Юридикалык жактын укуктары, ошондой эле билим берүү уюмдарынын уставдык иштин бардык түрлөрүн жүргүзүү жагынан жарандык укуктары алар катталган жана билим берүү ишине лицензия алган учурдан тартып пайда болот.

Билим берүү уюмунун статусу (ишке ашырылуучу билим берүү программаларынын деңгээлине жана багытына ылайык аныкталуучу тиби, түрү жана категориясы) аны аккредитациялоо учурунда белгиленет (тастыкталат).

Инсанды тарбиялоого, окутууга, кесиптик жактан калыптанышына олуттуу салым кошкон айрым мамлекеттик билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте «Улуттук» деген статус ыйгарылышы мүмкүн.

Билим берүү уюмунун укуктары менен ыйгарым укуктары ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актылары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү билим берүү уюмдарынын тиешелүү типтери жөнүндө жобо жана алардын негизинде иштелип чыгуучу устав менен аныкталат.

(КР 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206, 2013-жылдын 4-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-берене. Билим берүү уюмунун уставы

Билим берүү мекемесинин уставы анын уюштуруучусу (уюштуруучулары) тарабынан бекитилет, ал эми билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте катталат.

Билим берүү уюмунун уставында төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

— аталышы, жайгашкан жери (юридикалык дареги) жана уюмдаштыруучу (уюмдаштыруучулар);

— ишинин предмети жана максаты;

— билим берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби;

— билим берүү уюмуна кабыл алуунун тартиби;

— окуп жаткандарды чыгарып жиберүү тартиби;

— окуу процессин, анын ичинен окутуунун жана тарбиялоонун тилин (тилдерди), окуп жаткандарга сабак берүү режимин, окуучулардын кийиминин формасын уюштуруу;

— билим берүү уюмунун кызматкерлеринин штатын түзүүнүн тартиби, эмгекке акы төлөөнүн шарты жана тартиби, алардын укуктары жана милдеттери;

— каржылоонун, чарбалык иштин түзүмү жана тартиби, билим берүү уюмунун ишин финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун булактары;

— билим берүү уюмунун органдары, алардын компетенциясы жана башкаруу тартиби;

— уставын өзгөртүүнүн тартиби;

— билим берүү уюмун кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби.

Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын уставы, ушул берененин экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактардан алынган бюджеттен тышкары каражаттарды чыгымдоо маселеси боюнча коомдук угууларды өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.

Билим берүү уюмунун уставы билим берүү жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылгандан кийин юстиция органдарында катталууга тийиш.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 255, 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206, 2013-жылдын 30-июлундагы № 176 Мыйзамдарынын редакциясларына ылайык)

II Глава
Билим берүү тутуму

 

11-берене. Билим берүү программалары

Кыргыз Республикасында жалпы (негизги жана кошумча) жана кесиптик (негизги жана кошумча) билим берүү программалары ишке ашырылат.

Билим берүү программалары инсандын жалпы маданиятын калыптандырууга жана коом турмушуна ыңгайлашуусуна, кесиптик билим берүү программасын аңдап тандап алышынын жана өздөштүрүшүнүн пайдубалын түптөөгө багытталган.

Жалпы билим берүү программаларына төмөндөгүлөр кирет:

— мектепке чейинки билим берүү;

— башталгыч жалпы билим берүү;

— негизги жалпы билим берүү;

— орто жалпы билим берүү;

— кошумча билим берүү.

Кесиптик билим берүү программалары кесиптик деңгээлди ырааттуу жогорулатууга, тиешелүү квалификациядагы адистерди даярдоого багытталган.

Кесиптик билим берүү программаларына төмөндөгүлөр кирет:

— кесиптик башталгыч билим берүү;

— кесиптик орто билим берүү;

— кесиптик жогорку билим берүү;

— жождон кийинки кесиптик билим берүү;

— кошумча кесиптик билим берүү.

Караңыз:

Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруунун шарттары жана структурасы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген)

Ар бир негизги жалпы билим берүү же негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн милдеттүү минималдуу мазмуну менен ченемдик мөөнөттөрү тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарында белгиленет.

12-берене. Билим берүү уюмдары

Билим берүү уюмдарына мектепке чейинки билим берүү уюмдары, жалпы билим берүү уюмдары (жалпы билим берүүчү мектеп, окуу-тарбиялык комплекс, автордук окуу-тарбиялык комплекс, мектеп-гимназия, мектеп-лицей, мектеп-комплекс, атайын мектеп (жатак мектеп), жалпы билим берүүчү санатордук мектеп, көмөкчү мектеп, кечки мектеп (кечки жана нөөмөттүк), жаппы билим берүүчү сырттан окуу мектеби, эксперименттик аянтчасы менен мектеп, толук эмес мектеп), мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, атайын билим берүү уюмдары, балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүү уюмдары, башталгыч (кесиптик лицей, кесиптик орто окуу жайы ж.б.), орто (орто окуу жайы, колледж, техникум ж.б.), жогорку (институт, академия, университет, консерватория ж.б.) жана жождон кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары кирет.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-берене. Билим берүү уюмдарын уюмдаштыруучулар

Билим берүү уюмдарынын уюмдаштыруучулары катары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар мамлекеттик билим берүү стандарттарын сактаса, эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар боло алышат.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, министрликтер жана башка аткаруу бийлик органдары үчүн аскердик кызмат өтөө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлөт.

Билим берүү уюмдарын түзүүдө бөтөнчө учурлардан тышкары, төмөнкүлөрдө: мектеп билимин берүүдө — жалпы билим берүү мектеби, кесиптик орто билим берүүдө — кесиптик орто окуу жайы, кесиптик жогорку билим берүүдө — институт баштапкы статусун алат.

Кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын уюмдаштыруучулардан болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы, министрликтер менен мамлекеттик комитеттер саналат.

Мамлекеттик бийлик органдары, билим берүү мамлекеттик башкаруу органдары жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кайра түзүлгөн учурда уюмдаштыруучулардын укугу тиешелүү укук мураскорлоруна өтөт.

Билим берүү уюмдарына көрүнүктүү инсандардын атын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органынын макулдугу менен жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-берене. Билим берүү формалары

Билим берүү программалары окуп жаткандардын муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу (кечки жана нөөмөттүк), сырттан окуу, экстернат, ошондой эле үй-бүлөлүк жана үйүндө окутууну кошуп алганда жекече мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы деңгээлдеги билим берүү формаларында өздөштүрүлөт.

Күндүзгү-сырттан окуу (кечки), сырттан окуу формаларында жана экстернаттык формада алууга тыюу салынган кесиптер менен адистиктердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Күндүзгү-сырттан окуу (кечки), сырттан окуу формасында жана экстернат формасында кесиптерге жана адистиктерге ээ болууга жол берилбейт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте дистанциялык билим берүү технологиясы аркылуу аны өздөштүрүүгө чектөө киргизилиши мүмкүн.

Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жарым-жартылай же толук көлөмүндө билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн дистанциялык билим берүү технологиясын колдоно алат.

(КР 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 199, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

15-берене. Мектепке чейинки билим берүү

Мектепке чейинки билим берүү үй-бүлөдө жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылат жана инсандын дене, интеллектуалдык жана адеп-ахлактык жактан өсүп-жетилишинин негиздерин түптөйт.

Ата-эне (мыйзамдуу өкүлдөр) мектеп жашына чейинки балдардын инсан катары дене, адеп-ахлактык жана интеллектуалдык жактан өсүп-жетилишинин негиздерин түптөөгө милдеттүү.

Мамлекет мектеп жашына чейинки балдардын тарбияланышына финансылык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүүгө кепилдик берет, калктын бардык катмарлары үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан таалим-тарбия ала алгыдай шартты камсыз кылат.

Мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоо, алардын дене-боюнун жана психикалык саламаттыгын сактоодо жана чыңдоодо, жеке шыгын өнүктүрүү жана мындай балдардын өсүп-жетилишиндеги өксүктөрдү зарыл түрдө оңоодо үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тармагы иштейт.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосундагы мамиле алар өз ара түзгөн келишим менен жөнгө салынат, ал тараптардын мыйзамда белгиленген укуктарын чектей албайт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектеп жашына чейинки балдарды үйүндө тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө усулдук, диагностикалык жана консультациялык жардам берүүнү уюштурат жана координациялайт.

Мектепке чейинки билим берүү уюму 6 айдан 7 жашка чейинки балдарга кызмат кылат.

Мектепке чейинки билим берүү мамлекеттик, муниципалдык менчик мектепке чейинки уюмдарында жана альтернативалуу билим берүү түзүмдөрүнүн мектепке чейинки уюмдарында жүзөгө ашырылат.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорунун статусу жана эмгек акысы башталгыч билим берүүнүн мугалимдердикине теңештирилет.

(КР 2010-жылдын 15-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-1-берене. Мектепке даярдоо программасы

Мектепке чейинки билим берүүгө тартылбаган балдардын тең старттык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн жалпы билим берүүчү уюмдардын алдында 5-7 жаштагы балдарды мектепке даярдоо боюнча республикалык бюджеттен каржыланган программалар ишке ашырылат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-берене. Мектепте билим берүү

Мектептик билим берүү билим берүү тутумунун негизги звеносу саналат жана 3 баскычты камтыйт:

— жалпы башталгыч — 1-4-класстарды;

— жалпы негизги — 5-9-класстарды;

— орто жалпы — 10-11-класстарды.

Жалпы башталгыч жана жалпы негизги мектепте окуу Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн милдеттүү, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларында — акысыз болуп саналат. Мамлекет жарандардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларында акысыз орто жалпы билим алууга болгон укугун жүзөгө ашырууну камсыз кылат.

Мектептеги билим берүү инсандын коомдо активдүү иштеши жетиштүү болгон, өз баскычтарына шайкеш келгидей билимин, жана практикалык ык алуусу менен өсүп-жетилүүсүн камсыз кылып, кесип жана квалификация алышына база катары кызмат кылат.

Эреже катары, мектепке кирүү курагы — 6-7 жаш, ар бир класста окуунун узактыгы — бир окуу жылынан кем эмес.

Жалпы башталгыч билим берүүнүн максаты: баланын инсандыгын калыптандыруу, анын интеллектуалдык шыгын өөрчүтүү, окуп жаткан тилинде эсеп-кысап, окуу жана жазуу ыктарына, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерде сүйлөшө билүү өнөрүнө үйрөтүү.

Жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим берүү окутуунун күндүзгү формасы боюнча жүзөгө ашырылат. Жалпы негизги билим берүү программасы боюнча окууга башталгыч мектепти бүткөн бардык окуучулар конкурссуз кабыл алынат. Атайын башталгыч мектептин бүтүрүүчүлөрү жалпы негизги билим берүүнүн программаларын өздөштүрүүгө даярдыгынын деңгээлин текшертүү шарты менен кабыл алынат.

Жалпы негизги билимге ээ болгон адамдар кесиптик башталгыч жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча, окууну улантууга укуктуу.

Орто жалпы билим берүү кесиптик орто же кесиптик жогорку билим берүү программалары боюнча окууну улантууга зарыл болгон инсандын негизги теориялык даярдыгын, билим алып жаткандардын таламдары жана жөндөмдүүлүктөрү боюнча тармактык тереңдетилген жалпы маданиятын калыптандырууну камсыз кылат.

Мамлекеттик орто мектепке жалпы негизги мектепти бүтүргөн бардык каалоочулар акысыз кабыл алынат.

17-берене. Кошумча билим берүү

Окуп жаткандарга жана тарбиялануучуларга кошумча билим берүү билим берүү уюмдарында, ошондой эле кошумча билим берүү уюмдарында акысыз же акылуу (ыктыярдуу) негизде жүзөгө ашырылат.

Мамлекет кошумча билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылат.

Акылуу негизинде кошумча билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кошумча билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде билим берүү программаларынын, атайын курстардын мазмунуна карата талаптар ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен билим берүү уюмдарынын ортосунда келишимдерди түзүүдө тараптар тарабынан аныкталат.

Кошумча билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар билим берүү уюму тарабынан ушул мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча сарпталат.

Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акылуу негизиндеги класстарды түзүүгө жол берилбейт.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-берене. Мектептен тышкаркы билим берүү

Мектептен тышкаркы билим берүү балдардын жана өспүрүмдөрдүн ар кандай таламдары менен муктаждыктарын толук канааттандыруу, бош убакыттарын жана эс алуусун уюштуруу, ден соолугун чыңдоо, кесиптик багыт берүү, инсанды адеп-ахлактык жана интеллектуалдык жактан жетилтүү максатында маданий-эстетикалык, табигый-илимий, экологиялык-натуралисттик, техникалык, спорттук жана башка багыттардагы мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдар тармагы аркылуу жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарын каржылоону мамлекет камсыз кылат.

19-берене. Кесиптик даярдык

Мамлекет зарыл болгон учурларда жалпы негизги билими жок адамдарга алардын кесиптик даярдык алышы үчүн шарт түзөт.

Кесиптик даярдык кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынан, билим берүүчү башка уюмдардан жана жекече даярдоо тартибинде тийиштүү лицензиясы бар адистерден алынышы мүмкүн.

20-берене. Кесиптик башталгыч билим берүү

Кесиптик башталгыч билим берүү квалификациялуу эмгектин кызматкерлерин даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону камтыйт.

Кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окууга жалпы негизги же орто жалпы билими бар адамдар кабыл алынат. Квалификациялуу эмгектин кызматкерлерин даярдоо жалпы жана кесиптик билим берүүнүн бирдиктүү интеграцияланган программасы боюнча жүргүзүлөт.

Зарыл болгон учурларда жалпы негизги билими жок адамдардын кесипке ээ болушу үчүн шарттар түзүлөт.

Кесиптик башталгыч билим берүү программалары кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында ишке ашырылат.

Кесиптик башталгыч билим берүү программасы боюнча окууну бүтүргөн адамга кесиби боюнча квалификация ыйгарылат.

21-берене. Кесиптик орто билим берүү

Кесиптик орто билим берүү жалпы негизги же орто жалпы билим берүү базасында ортоңку звенодогу адистерди даярдоону жана кайра даярдоону көздөйт.

Кесиптик орто билим берүү программасы боюнча окуусун ийгиликтүү бүтүргөн адамдарга тиешелүү адистик боюнча квалификация ыйгарылат.

Кесиптик орто билим берүү программалары кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүчү билим берүү уюмдарында ишке ашырылат.

22-берене. Кесиптик жогорку билим берүү

Кесиптик жогорку билим берүү жалпы орто, кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү базасында инсандын билимин тереңдетүүдөгү жана кеңейтүүдөгү муктаждыктарын канааттандыруу максатында бакалаврларды, адистерди жана магистрлерди даярдоону жана кайра даярдоону камтыйт.

Кесиптик жогорку билим берүү программалары кесиптик жогорку билим берүүчү билим берүү уюмдарында (жогорку окуу жайларда) ишке ашырылат.

Тиешелүү багыттагы кесиптик орто билими бар адамдар тездетилген программалар боюнча кесиптик жогорку билим алышы мүмкүн.

Кесиптик жогорку билими бар адамдар тездетилген программа боюнча экинчи жана үчүнчү кесиптик жогорку билим алышы мүмкүн.

Кесиптик жогорку билим берүү багыттарынын жана адистиктеринин тизмеси, программаларды өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөттөрү, аларды ишке ашыруу тартиби мамлекеттик билим берүү стандарттары менен аныкталат.

Кесиптик жогорку билим алууга орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын, кесиптик орто билими тууралу дипломдун же кесиптик жогорку билими жөнүндө дипломдун (экинчи, үчүнчү, ошондой эле жогорку билим алганда) болушу мүмкүнчүлүк берет.

23-берене. Жождон кийинки кесиптик билим берүү

Жождон кийинки кесиптик билим берүү илимдин кандидаты жана доктору деген окумуштуулук даражалары бар илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууну көздөйт.

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, эреже катары, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында жана илимий мекемелерде түзүлүүчү изденип алуу, аспирантура, адъюнктура жана докторантура аркылуу жүзөгө ашырылат.

Илимдин кандидаты жана илимдин доктору деген окумуштуулук даражалар мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан эл алдында диссертациясын жактап чыгуунун натыйжасы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин расмий өтүнмөсүнүн негизинде ыйгарылат.

Улук илимий кызматкердин, доценттин, профессордун окумуштуулук наамдары мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан окумуштуулук наам берүү сунушу жөнүндө жогорку окуу жайдын (илим-изилдөө институтунун) окумуштуулар кеңешинин (илимий-техникалык) чечиминин негизинде ыйгарылат.

Жождон кийинки кесиптик билим берүүнү уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

24-берене. Эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү

Эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү (анын ичинде кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу) билим берүү уюмдарынын ар кандай түрлөрүнүн жана типтеринин тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат.

Эрезеге жеткендерге кошумча билим берүүнүн негизги милдети инсандын өз билимин өзү өркүндөтүү, өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу жана квалификациясын алмаштыруу муктаждыгын толугураак канааттандыруу болуп саналат.

Кошумча билим берүү программаларына төмөндөгүлөр аркылуу ишке ашырылуучу ар кандай багыттагы билим берүү программалары кирет:

— негизги билим берүү программаларынын чегинен тышкары жалпы жана кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарында;

— кошумча билим берүүчү билим берүү уюмдарында (квалификацияны жогорулатуу курстарында, музыкалык жана көркөм өнөр мектептеринде, искусство мектептеринде жана тиешелүү лицензияга ээ болгон дагы башка билим берүү уюмдарда);

— жекече педагогикалык иш аркылуу.

25-берене. Билими жөнүндө документтер

Мектепке чейинки жана кошумча билим берүүдөн тышкаркы, лицензиялоодон жана андан кийин аккредитациялоодон өткөн билим берүү уюмдары жалпы негизги билим берүү жана (же) кесиптик негизги билим берүү программаларын толук өздөштүргөн жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө (ар бир билим берүү уюмуна бирден ашпаган) билими (жана) же квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү тийиштүү документ беришет.

Окуп жаткандар жогорку окуу жайынын филиалын же башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмүн (юридикалык жакты) окуп бүтүрүшкөндө, билими жөнүндөгү документине ошол филиалдын же түзүмдүк бөлүмдүн жайгашкан жери көрсөтүлүү менен маалымат жазылат.

Тийиштүү билим деңгээли жана квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ билим берүүнүн андан кийинки программаларынын деңгээли боюнча окууну улантуунун зарыл шарты болуп саналат.

Кесиптик башталгыч, кесиптик орто, кесиптик жогорку билими жана (же) квалификациясы жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтерде жана жождон кийинки кесиптик билими тууралу документтерде көрсөтүлгөн окумуштуулук даражалар менен наамдар алардын ээлерине алган даярдыгына жараша кесиптик ишти жүргүзүүгө, анын ичинде белгиленген тартипте тийиштүү билим деңгээлине жараша милдеттүү квалификациялык талаптар кызмат орунун ээлөөгө укук берет.

Билим берүү уюму окуп жаткандардын билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн натыйжаларын жекече эсепке алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы белгилеген тартипте кагаз жүзүндө жана (же) электрондук жазуу түрүндө анын натыйжалары жөнүндөгү маалыматтарды архивге сактоону жүзөгө ашырат.

Билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтер так отчеттуулуктун документтери болуп саналат, аларды даярдоо, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын жекелештирилген документтеринин Мамлекеттик тизмегин жүргүзүүгө жана тейлөөгө жооптуу мамлекеттик органга таандык болуп эсептелет.

(КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III Глава
Билим берүү тутумундагы окуп жаткандардын, педагогдордун жана ата-энелердин
укуктары менен милдеттери

26-берене. Окуп жаткандардын укуктары менен милдеттери

Ар кандай типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын укуктары менен милдеттери ушул Мыйзам жана билим берүү уюмдары жөнүндө жоболор менен аныкталат.

Кайсы типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында болбосун окуп жаткандар окутуунун кайсы гана этабында болбосун (кесиптик жогорку билим берүүчү окуунун биринчи жылынан кийин) билим берүү уюмун, билим алуунун формасын, белгилүү бир мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим алууну, ошол стандарттардын алкагында жекече билим берүү кызматтарын тандап алууга, өздөрүнүн адамдык аброюнун урматталышына, өз көз караштарын жана ынанымдарын эркин билдирүүгө укуктуу.

Билим берүү программасын толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн дистанциялык билим берүү технологиясын колдонушкан билим берүү уюмунда окуп жаткандар билим алуунун бардык укуктары менен милдеттерине, ал эми аны бүтүргөндө ошол билим берүү уюмунун билим жөнүндө документин алуу укугуна ээ.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу учурларды кошпогондо, аккредиттелбеген билим берүү уюмдарында жекече билим берүү жана өз алдынча билим алуу түрүндө билим алган жарандар экстернат түрүндө аттестациядан өтүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына мамлекеттик бюджеттин эсебинен студенттерди кабыл алуу 2000-жылдагы кабыл алуу планынан төмөн болбогон деңгээлде сакталат.

Лицензиясы же мамлекеттик аккредитациясы бар жогорку окуу жайынын студенттери анык аскердик кызмат өтөөгө чакырылуу мөөнөтүн узартуу укугуна ээ.

Окуп жаткандар мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде билим берүү программаларын өздөштүрүүгө, билим берүү уюмунун ички тартип эрежелерин сактоого, улуттук каада-салттарды урматтоого, билим берүү уюмуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте юридикалык жоопкерчилик тартууга милдеттүү.

Жаш адистерди бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 110, 2015-жылдын 16-январындагы № 15  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-берене. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) укуктары менен милдеттери

Жаш балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөндөгүлөргө укуктуу:

— окутуунун формасын, билим берүү уюмдарынын тибин жана түрүн тандап алууга, ошондой эле балага үй-бүлөдө билим берүүгө (өзгөчөлөнгөн, бөтөнчө жагдайларда);

— баланы окутуунун кайсы гана этабында болбосун окуусун улантуу үчүн билим берүү уюмдарына жиберүүгө;

— мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында окуп жаткандардан билим алуу укугун сактоону талап кылууга.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) өзгөчө учурларда үй-бүлөдө балага жалпы башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим берүүгө укуктуу. Үй-бүлөдө билим алган бала аттестациядан жакшы өткөндө окутуунун кайсы гана баскычында болбосун ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) чечими боюнча билим алуусун билим берүү уюмунда улантууга укуктуу.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө милдеттүү:

— негизги билим алууда балдардын жашоосу, окуусу жана алардын шыгын өөрчүтүү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүүгө, алардын дене-боюнун жана психикалык саламаттыгына дайыма кам көрүүгө;

— баланын ар намысын ызаттоого, эмгекти сүйүүгө, мээримдүүлүк жана боорукердик сезимдерин ойготууга, үй-бүлөгө, жашы боюнча улууларга, мамлекеттик жана эне тилге, элдик үрп-адаттарга, салттарга ызаттоо менен мамиле жасоого тарбиялоого;

— элдин улуттук, тарыхый, маданий баалуулуктарын урматтоого, тарыхый-маданий мурастарга жана айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоого, Ата мекенди сүйүүгө тарбиялоого;

— жалпы билим берүү уюму менен үзгүлтүксүз кызматташууну (ата-энелер чогулуштарына катышуу, мугалимдердин баланы окутуу жана тарбиялоо боюнча педагогдордун сунуштамаларын аткаруу) колдоого;

— ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан сырткары, окуудан тышкары убакта болгон балдардын саламаттыгы жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышат.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) баланын жалпы негизги билим алышы боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-берене. Педагогдук ишти иштөө укугу

Педагогдук ишти иштөө укугуна зарыл билим алган жана тиешелүү педагогдук квалификациясы бар адамдар ээ болушат ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо.

Педагогдук билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук (окутуучулук) иште иштөө укугуна төмөнкү учурларда ээ болот:

— кайра даярдоодон өткөн;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу иштин көндүмдөрүн үйрөнгөн;

— репетитордук жана тренингдер тартибинде сабак өткөн.

Кесиптик жогорку билим берүү уюмунда педагог болуп иштөөгө эреже катары магистрден төмөн эмес билими бар адамдарга уруксат берилет.

Педагогдук иште иштөөгө соттолгон же медициналык жактан каршы көрсөтмөсү бар адамдарга жол берилбейт, анын тизмеси Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аркылуу аныкталат.

Педагогдук иште иштөө укугунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2017-жылдын 22-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-берене. Педагогдордун укуктары менен милдеттери

Педагогдор төмөндөгүлөргө укуктуу:

— педагогдук ишти уюштуруунун усулдары менен түрлөрүн эркин тандап алууга;

— педагогдук алдыңкы тажрыйбаны ишке жайылтууга;

— өз аброюн жана кесиптик баркын коргоого;

— кесиптик иши үчүн тиешелүү шарттарды талап кылууга.

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте мамлекеттин эсебинен өзүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын жогорулатууга.

Педагогдор төмөндөгүлөргө милдеттүү:

— педагогдук этиканын ченемдерин сактоого;

— окуучулардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан төмөн болбогон деңгээлде билим берүү программаларын өздөштүрүшүн камсыз кылууга;

— окуп жаткандардын өз алдынчалуулугун, окууга чыгармачыл мамиле жасоосун өнүктүрүүгө, жүрүм-турумунда жогорку адеп-ахлактык ченемдерди калыптандырууга;

— өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма өркүндөтүүгө жана квалификациясын кеминде 5 жылда бир жолу жогорулатууга;

— балдарга карата эмоциялык, психикалык, дене-бой зомбулугун колдонууга жол бербөөгө.

(КР 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206, 2013-жылдын 30-июлундагы № 176 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IV Глава
Окуп жаткандар менен билим берүү тутумунун кызматкерлерин социалдык
жактан коргоо

30-берене. Окуп жаткандарды социалдык жактан коргоо

Мамлекет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте окуп жаткандарга окуу үчүн шарт түзөт, окуй турган жайлар, жабдуу, жатакана, жөлөкпул, материалдык жардам, тамак-ашка жана транспортто жүрүүгө жеңилдиктер, медициналык жактан тейлөө жана ден соолукту чыңдоо, окуу китептери менен (республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен студенттерге, окуп жаткандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө стипендиялар төлөнөт) камсыз кылат.

Социалдык жактан көмөк көрсөтүү үчүн кесиптик башталгыч, кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын студенттерине, окуп жаткандарга социалдык билим берүү кредиттери берилиши мүмкүн.

Социалдык билим берүү кредити жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

Жогорку кесиптик билим берүү алкагында сырттан окуу формасын, дистанциялык билим берүү технологияларын пайдаланган билим берүү уюмдарында окугандар Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү кошумча жеңилдиктерге укуктуу.

Олимпиадалык оюндардын, дүйнөлүк чемпионаттардын чемпиондору жана байге ээлери жана Азия оюндарынын чемпиондору дене тарбия жана спорт жаатындагы адистик жана даярдоонун багыттары боюнча (бакалавриат, магистратура) окуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кирүү сынагысыз (экзамендерсиз, тестирлөөсүз жана аңгемелешүүсүз) кабыл алынат.

«Кыргыз Республикасынын спорт чебери», «Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери» спорттук наамы бар спортсмендер мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланат. «Спорттун чеберлигине талапкер» спорттук разряды, «Кыргыз Республикасынын спорт чебери», «Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери» спорттук наамы бар спортсмендер мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик орто билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланышат.

Жетим балдарга жана ата-эне (мыйзамдуу өкүлдөрү) көзөмөлдүгүнөн камкордугунан өксүп калган балдарга билим берүү, алардын жашы жетилгенге чейин мамлекеттик камсыз кылуу негизинде жүзөгө ашырылат.

Окуп жаткандарды окуу сабактарынан жана окуу процессинен алагды кылууга Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органынын уруксаты менен жол берилет. Окуу процессин бузууга күнөөлүү болгон (тике же кыйыр) адамдар окуп жаткандарга келтирилген моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтуруп беришет.

(КР 2009-жылдын 17-июнундагы № 185, 2011-жылдын 13-июнундагы № 42, 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 199 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

31-берене. Балдардын жана окуучу жаштардын саламаттыгын сактоо

Билим берүү уюмдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдардын жана окуучу жаштардын саламаттыгын сактоого жана чыңдоого кепилдик берүүчү шарттарды түзөт.

Окуу-эмгек жүктөмү, окуучулардын окуу режими, анын ичинде дене тарбиясы билим берүү уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу органдарынын сунуштарынын негизинде саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча аныкталат.

Узак дарыланууга муктаж болгон балдар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ден соолукту чыңдоо мекемелеринде окутуу шартын түзөт. Окуу сабактары ошондой эле үйдө, дарылоо мекемесинде жүргүзүлөт.

32-берене. Билим берүү тутумунун кызматкерлерин социалдык жактан коргоо

Билим берүү уюмунун кызматкерлерине эмгек акы жана кызматтык маяна алардын эмгек келишиминде (контрактта) каралган иш-милдеттерин жана жумуштарды аткарганы үчүн төлөнүп берилет. Кызматкер аткарган башка жумуштар менен милдеттерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда жумуштун көлөмүнө жараша кошумча келишим боюнча төлөнөт.

Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Билим берүү уюмдары өздөрүнүн тескөөсүндөгү каражаттарынын чегинде эмгекке акы төлөөдө илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөндөргө жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдагандарга эмгек акысына (дифференциацияланган) үстөктөрдү өз алдынча кое алат.

Билим берүү кызматкерлерине төмөндөгүдөй кошумча акы белгиленет:

— илимдин доктору же кандидаты деген илимий даража үчүн — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;

— 5 жылдык педагогдук иш стажы үчүн — эмгек акынын он пайызынан аз эмес, 10 жыл үчүн — жыйырма пайызынан аз эмес, 15 жана андан да көп жыл үчүн — отуз пайызынан аз эмес өлчөмүндө.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 65 «Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөө жөнүндө» токтому

Айыл жерлеринде жайгашкан билим берүү уюмдарында иштегендиги үчүн педагогикалык кызматкерлерге кошумча акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.

Билим берүү уюму өзүндө болгон каражаттардын чегинде кызматкерлерге эмгекке акы төлөөдө акчалай сыйлыктарды, материалдык кызыктыруунун жана компенсациянын дагы башка түрлөрүн белгилейт, ошондой эле окуу, усулдук жана илимий адабияттарды сатып алуу үчүн каражат бөлүп бералат.

(Жетинчи бөлүк КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Айыл мектептерине иштегени келген жаш адистерге жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен чарбачылыгын жүргүзүү үчүн кызматтык маянанын он эсе өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул берилет.

(Тогузунчу бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлери жыл сайын милдеттүү түрдө мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелеринде амбулатордук медициналык акысыз кароосунан өтүшөт.

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 225, 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

33-берене. Окуучулардын өзгөчө контингентик социалдык жактан коргоо

Мамлекет курагына, жынысына, этностук жана диний таандуулугуна, окуудагы жетишкендиктерине, социалдык-экономикалык статусуна карабастан балдарды жалпы билим берүү процессине тартуу боюнча аларды социалдык жактан коргоо саясатын жүргүзөт жана жетим балдарды, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды мамлекеттик камсыздоого алат.

Балдар үйүнүн жана жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үчүн жатак мектептердин тарбиялануучулары жалпы негизги билим (орто жалпы билим) алгандан кийин акысыз кесиптик башталгыч билим алуу укугуна ээ болушат.

Дене-боюнун же акыл-эсинин өсүшү жагынан бузулушу бар балдар үчүн аларды дарылоону, тарбиялоону жана окутууну, социалдык жактан байыр алууну жана коомго жуурулушууну камсыз кылуучу атайын топтор, класстар же уюмдар уюштурулат.

Дене-бойлук же акыл-эстик өнүгүүсүндө бузулуулар бар балдар үчүн уюмдарды ачуу жана жоюу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Балдарды бул уюмдарга жиберүү билим берүү тутумунун психологиялык-медициналык-педагогикалык консультацияларынын корутундусу боюнча жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен, белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациялардын иштөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Бул уюмдарга жиберилүүчү, ошондой эле мамлекеттин толук камкордугунда туруучу балдардын категориялары билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат. Медициналык көрсөтүүлөр бар болгондо, дене-бойлук же акыл-эстик өнүгүүсүндө бузулуулар бар балдарды окутуу ата-энелеринин макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, үйдө окутууну кошуп алганда жекече формада жүргүзүлөт. Оорулардын тизмеги билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.

Социалдык жактан коркунуч туудурган жана тарбия берүү менен окутуунун өзгөчө шарттарына муктаж болгон балдар үчүн аларды окутууну, кесиптик даярдоону жана медициналык-социалдык жактан калыбына келтирүүнү камсыз кылуучу атайын окутуу-көмөкчү уюмдары түзүлөт.

Балдарга социалдык коркунуч туудурган жана өзгөчө тарбия берүүгө жана окутууга муктаж болгон окуучуларды балдар уюмдарына жиберүү соттун чечими боюнча гана жүзөгө ашырылат.

Түзөтүү-эмгек мекемелеринде жаткан балдар үчүн ошол уюмдардын администрациясы жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы тарабынан жалпы негизги жана кесиптик башталгыч билим берүү, ошондой эле өз алдынча билим алуу үчүн шарттар түзүлөт.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 176, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

V Глава
Билим берүү тутумун башкаруу

34-берене. Билим берүү тутумун мамлекеттик башкаруу органдары

Билим берүү тутумун башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук жана региондук органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Билим берүү тутумун мамлекеттик башкаруунун түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ага мыйзам берген ыйгарым укуктардын чектеринде иштелип чыгат жана бекитилет.

(КР 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-берене. Билим берүүнү башкаруудагы мамлекеттин компетенциясы

Билим берүү жаатындагы мамлекеттин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

— мамлекеттик билим берүү саясатын, билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясын түзүү жана жүзөгө ашыруу, бул чөйрөдөгү артыкчылыктарды аныктоо;

— билим берүү жаатындагы мамилелерди жалпы мамлекеттик деңгээлде укуктук жактан жөнгө салуу;

— мамлекеттик бюджеттин билим берүүгө жумшалуучу чыгымдар жагын ченемдик негизде түзүү, билим берүү тутумун каржылоонун тартибин аныктоо;

— ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, бардык билим берүү уюмдарына жалпы окуу-илимий-усулдук жактан жетекчилик кылуу;

— мамлекеттик каржылоо үчүн улуттук жана региондук маанидеги мамлекеттик жогорку окуу жайларынын тизмесин аныктоо;

— билим берүү тутумун маалыматтар менен камсыз кылуу, окуу адабияттарын жана окуу куралдарын бастырууну жана чыгарууну уюштуруу;

— окутуунун ченемдик мөөнөттөрүн билим берүүнүн деңгээлдери боюнча аныктоо;

— билим берүү уюмдары үчүн кесиптердин жана адистиктердин тизмесин аныктоо;

— билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын белгилөө;

— билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана эл аралык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

— билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо;

— лицензиялоо, тестирлөө, аккредитациялоо институттары аркылуу билим берүүнүн сапатына кепилдик берүү;

— камкорчулук жана билим берүү кыймылдарына колдоо көрсөтүү жана аларды өнүктүрүү;

— мыйзам тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чектеринде кадр саясатын жүзөгө ашыруу.

(КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

36-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

Билим берүү жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

— билим берүү уюмдарынын тармагын өнүктүрүү жана жарандардын билим алуу укугун камсыз кылуу;

— ведомстволук караштыгы бар билим берүү уюмдарын чарбалык жактан тейлөөнү жана каржылоону жүзөгө ашыруу;

— жетим жана ата-энесинин кароосунан калган жашы жетиле элек балдарды камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алуу, алардын укуктарын коргоо, балдар үйлөрүндө, жатак мектептеринде үй-бүлөлөргө тарбиялоо же асырап алуу үчүн жайгаштыруу;

— айылдык мектептердин окуучуларын — кембагал үй-бүлөдөгү балдарды окуу китептери менен акысыз камсыз кылуу;

— жаштардын кесиптик даярдык маселелерин координациялоо;

— мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды туруктуу эсепке алууну жүзөгө ашыруу;

— балдарды жалпы билим берүү уюмдарына жана алардын иш жүзүндө жашаган жерлерине жеткирүүнү уюштуруу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте тиешелүү педагогикалык (илимий-педагогикалык) кадрлар, материалдык-техникалык база менен камсыз кылуу аркылуу билим берүү уюмдарын түзө алат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттүү түрдө Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондусунан айылдык мектептерге жер үлүшүн бөлүп берүүнү жүзөгө ашырат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

37-берене. Билим берүү уюмдарынын компетенциясы

Билим берүү уюмдары өзүнө мыйзам тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде кадр саясатын жүргүзүүдө, окутуунун, тарбиялоонун усулдарын тандап алууда, илимий изилдөөлөрдүн багыттарын аныктоодо, уюштуруу, кесиптик, финансылык-чарбалык жана башка маселелерде уставдын, уюмдаштыруу келишиминин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук башка актыларынын чегинде өз алдынчалуулукка ээ.

Билим берүү уюму окуп жаткандардын маалы менен аттестациялоо тутумунун баасын, формасын, тартибин жана мезгилдүүлүгүн, билим берүү процессинин жана билим берүү технологияларынын, анын ичинде дистанциялык билим берүү технологияларынын усулдарын тандоодо өз алдынчалыкка ээ.

Билим берүү уюму билим берүү программаларын жарым-жартылай же толугу менен (айрым сабактарды эске албаганда) ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы чектеген тартипте дистанциялык билим берүү технологияларын колдоно алат.

Билим берүү уюмдары юридикалык жакты же филиалды өзүнчө мүлккө ээ кылуу менен статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрдү түзө алат. Түзүмдүк бөлүмдөр филиалдарды жана башка бөлүмдөрдү түзүүгө укуксуз.

Кесиптик жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү бир билим берүү уюмунун алкагында бир адистик боюнча студенттерди окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн биринин ишин бири кайталаган түзүмдүк бөлүмдөрдү (институттарды, борборлорду, факультеттерди ж.б.) түзүүгө жол берилбейт.

Билим берүү уюмунун тиби жана статусу институционалдуу аккредиттөөнүн жүрүшүндө белгиленет.

38-берене. Билим берүү уюмдарын башкаруу

Билим берүү уюмдарын башкаруу демократиялуулук, борборлоштуруудан окчундоо, өз алдынчалуулук жана өз алдынча башкаруу принциптеринде курулат.

Жалпы чогулуш, камкорчулук, окумуштуулар, педагогдук жана башка кеңештер же комитеттер билим берүү уюмдарын өз алдынча башкаруунун формасы болуп саналат. Өз алдынча башкаруу органдарын шайлоонун тартиби жана алардын компетенциялары, кеңеш жана билим берүү уюмунун жетекчисинин ортосундагы ыйгарым укуктарды ажырымдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат. Билим берүү уюмуна түздөн-түз жетекчиликти ректор, директор, башчы же башка жетекчи (администратор) жүзөгө ашырат.

Республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, мектептердин, балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын мектептен тышкаркы, атайын жана кошумча билим берүү уюмдарынын, кесиптик башталгыч жана кесиптик орто билим берүү окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдардыкы — билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун региондук органы тарабынан дайындалат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси (ректору) альтернативдик негизде мамлекеттик жогорку окуу жайдын жамаатынын жалпы жыйынында илимий даражасы жана наамы, ошондой эле тиешелүү квалификациясы бар адистердин ичинен жашыруун добуш берүү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланат.

Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү анын окуу жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан же болбосо өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жүргүзүлөт.

Эгерде аларга мамлекеттик жогорку окуу жайынын жамаатынын жалпы курамынын жарымынан көбү катышса, мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин шайлоо өткөрүлөт жана болуп өттү деп эсептелет.

Добуштардын көпчүлүк санын алган үч талапкер алардын бирин мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылынат. Сунуш кылынган үч талапкердин ар бири кызмат ордуна дайындалуунун тең укугуна ээ болот.

Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси кызмат ордуна беш жылдык мөөнөткө шайланат жана бекитилет. Бир эле адам мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык шайланышы жана дайындалышы мүмкүн эмес.

Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жаңы жетекчисин кезектеги шайлоо иштеп жаткан жетекчинин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси ушул окуу жайдын кайрадан шайланган жетекчиси кызматына киришкенге чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

Шайлоо өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүүнүн курамы жана тартиби жогорку окуу жайдын окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынын бекитилет.

Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:

— ыктыярдуу отставкага кеткенде;

— ушул Мыйзамда каралган тартипте демилгеленген кайра чакыртып алынууда;

— оорусунун себеби боюнча кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүн болбогондо же каза болгон учурда;

— жазык жоопкерчилигине тартылганда;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздерде.

Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин кайра чакыртып алуу мамлекеттик жогорку окуу жайдын окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн кем эмесинин добушу менен демилгелениши мүмкүн. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин кайра чакыртып алуу жөнүндө чечим жогорку окуу жайдын жамаатынын жалпы чогулушунда, жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди бекитүү мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин кызмат ордунан бошотууга алып келет.

Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин шайлоону өткөргөнгө чейин мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин милдетин аткаруучуну дайындайт. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин милдетин аткаруучу мамлекеттик жогорку окуу жайдын жамаатына жаңы кызматкерлерди алууга укуксуз.

Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жаңы жетекчисин шайлоо мурдагы жетекчи ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурдан тартып алтымыш күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.

(КР 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

39-берене. Билим берүү уюмдарынын коомдук, саясий, диний уюмдар, ассоциациялар жана союздар менен өз ара мамилеси

Билим берүү тутумунда коомдук уюмдар менен бирикмелер (союздар, академиялар, кесиптик ассоциациялар, окуу-усулдук бирикмелер окуу-усулдук, окуу-техникалык жана башка кеңештер менен уюмдар) түзүлүшү мүмкүн.

Билим берүү уюмдарында саясий жана диний партияларды жана уюмдарды түзүүгө тыюу салынат.

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлери, студенттери, окуучулары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каттоодон өткөн саясий партиялардын жана уюмдардын мүчөсү болууга укугу бар.

Иши билим берүү уюмдарынын ишинин негизги багыттарына ылайык келген коомдук уюмдар менен болгон өз ара мамилелер келишим негизинде жөнгө салынат.

Мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши өз ишин мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан уставдык максаттарына жетүүсү үчүн жүзөгө ашырат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 255, 2014-жылдын 30-майындагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

40-берене. Билим берүү ишин лицензиялоо, билим берүү уюмдарын жана программаларды аккредитациялоо, окуп жаткандарды тестирлөө

Мектепке чейинки, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто жана мектептен тышкаркы билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан тышкары билим берүү уюмдары билим берүү программаларын ишке ашырууну тиешелүү лицензияларды алгандан кийин гана башташат.

Билим берүү уюмдарын лицензиялоо Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Жогорку окуу жайларына кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжаларынын негизинде жүзөгө ашырылат. Орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо жалпы республикалык тестирлөө менен айкалыштырылышы мүмкүн.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 «Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому

Билим берүү уюмунун билим берүү программаларын, анын ичинде дистанциялык билим берүү технологияларынын жардамы менен ишке ашырууга даярдыгы билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензия берүүдө белгиленет.

Диний билим берүү уюмдарына (бирикмелерине) билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиялар тиешелүү конфессиянын жетекчилигинин сунуштамасы боюнча жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен берилет.

Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын ырастоо максатында билим берүү уюмдары аккредитациялык агенттиктерден институционалдык жана (же) программалык аккредитациялоодон өтүшөт.

Мында негизги жана жалпы орто билим берүү, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында институционалдык же/жана программалык аккредитациялоодон өтө алышат.

Менчигинин формасына жана ведомстволук таандыктуулугуна карабастан, билим берүү уюмдарын аккредитациялоо алардын иши Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте таанылган аккредитациялык агенттиктер тарабынан же билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 5 жылдык мөөнөткө алардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Билим берүү уюмдарын аккредитациялоону жүзөгө ашыруучу аккредитациялык агенттиктер мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес уюмдар түрүндө түзүлөт. Аккредитациялык агенттиктерди каржылоо артыкчылыктуу билим берүү уюмдарынан алынуучу аккредитациялык жыйымдардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын жетекчисинин төрагалыгы астында, аккредитациялык агенттиктердин ишин таануу жөнүндө маселени коллегиялуу жана айкын кароо үчүн түзүлгөн, консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналган, коомдук башталышта иштөөчү Улуттук аккредитациялык кеңеш түзүлөт.

Улуттук аккредитациялык кеңеш 15 адамдан турат, алардын ичине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 депутаты — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин өкүлдөрү, өзүнүн карамагында билим берүү уюмдары болгон мамлекеттик органдардын жетекчилери, коомдук жана кесиптик бирикмелердин, билим берүү уюмдарынын, мамлекеттик башкаруу органдарынын коомдук кеңештеринин өкүлдөрү кирет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин өкүлдөрү Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына кеңеш берүү добуш укугу менен кирет. Улуттук аккредитациялык кеңешти түзүүнүн жана ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Аккредитациялык агенттиктерди таануу Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылат. Таануунун же болбосо таануудан баш тартуунун негизи жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, аккредитациялануучу билим берүү уюмунун өзүнүн каражаттарынын эсебинен аккредитациялык агенттиктер тарабынан жүргүзүлөт.

Аккредитациялануучу уюм тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, аккредитациялоону өткөрүп жаткан аккредитациялык агенттик же билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган билим берүү уюмун аккредитациялоодон баш тартат.

Аккредитациянын жол-жоболорун өткөрүүнүн тартиби, аккредитациялануучу уюмга карата коюлуучу эң төмөнкү талаптар, ошондой эле аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу үчүн негиздер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 110, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 82, 2017-жылдын 23майындагы № 84 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

41-берене. Сапатсыз билим берүүдөн келип чыккан зыяндын ордун толтуруу

Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары билим берүү уюмдары бүтүрүүчүлөрдү сапатсыз даярдаган учурда бул бүтүрүүчүлөрдү башка билим берүү уюмунда кайра даярдоого жумшалган кошумча чыгымдардын ордун толтуруу боюнча кесиптик орто жана кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмуна доо коюуга укуктуу.

42-берене. Билим берүү уюмдарын кайра уюштуруу жана жоюу

Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра уюшулушу, жоюлушу мүмкүн.

Эгерде уюмдаштыруучу билим берүү уюмунун көрсөткүчтөрүн талап кылынган ченемдерге чейин жеткирүүгө милдеттенме алса, окуп жаткандардын укуктары менен кошо аны аткарууну ишке ашыруу менен бирдей камсыз кыла алса, билим берүү уюму башка түрдөгү билим берүү уюмуна кайра уюштурулушу мүмкүн.

Билим берүү уюмдарын кайра уюштуруу же жоюу, эреже катары, окуу жылынын аягында жүзөгө ашырылат. Мындай учурда уюмдаштыруучу окуп жаткандардын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) макулдугу боюнча башка билим берүү уюмдарына которуу жоопкерчилигин өзүнө алат.

Жоюлган учурда билим берүү уюмдарынын акча каражаттары жана башка, мүлкү, милдеттенмелерди жабуу боюнча төлөмдөрдү чыгарып салуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана билим берүү уюмунун уставына ылайык пайдаланылат.

VI Глава
Билим берүүнү өнүктүрүүнүн экономикалык негиздери жана каржылоо

43-берене. Билим берүүнү каржылоонун булактары

Билим берүүнү каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

— мамлекеттик билим берүү уюмдары үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;

— уюмдаштыруучу катары жеке жана юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин жана жарандардын каражаттары;

— билим берүү уюмдарынын менчик каражаттары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган консультативдик, илим изилдөөчүлүк, басма, өндүрүштүк жана киреше киргизүүчү башка иштерден, ошондой эле бюджеттен тышкаркы билим берүү ишинин негизги жана кошумча билим берүү программаларынын бардык түрлөрүнөн, анын ичинде мамлекеттик билим берүү стандарттары койгон талаптардын чегинде келип түшкөн валюта каражаттары;

— депозиттик салымдардан түшкөн кирешелери;

— жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кошкон каражаттары, башка жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ыктыярдуу соопчулуктары жана максаттуу төгүмдөрү;

— кредиттер;

— мамлекеттик билим берүү уюмдарын мамлекеттик каржылоо имараттарды, курулма, жер участкаларын, жабдууларды берүү, билим берүү уюмдары сарптаган чыгымдын ордун толтуруу, энчилүү жана башка формада стипендияларды, гранттарды, кредиттерди, жеңилдик берүү түрүндө ишке ашырыла тургандар;

— окуп жаткандарга берилчү мамлекеттик гранттар;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген дагы башка булактар.

431-берене. Мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештеринин финансылык жана башка материалдык каражаттарды тартуусу

Мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын (мындан ары — билим берүү уюмдары) камкорчулук кеңештери гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн жана кайрымдуулуктарынан, башка түшүүлөрдөн түзүлгөн финансылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тартышы мүмкүн.

Билим берүү уюмунун ишин камсыз кылуу, өнүктүрүү жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн камкорчулук кеңеши донорлорду (инвесторлорду, меценаттарды), финансылык жана башка материалдык каражаттарды издөөнү жана тартууну жүзөгө ашырат жана бул тууралуу андан ары келип түшкөн финансылык жана башка материалдык каражаттар, аларды сарптоо тууралуу милдеттүү отчет менен жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-сайттарына жана башка жолдор аркылуу жарыялоого укуктуу.

Билим берүү уюмуна финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүүлөр тууралуу окуучулардын ата-энелери үчүн кайрылуу маалыматтары, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттор билим берүү уюмдарынын көрүнүктүү жана жалпыга жеткиликтүү жерлерине жайгаштырылышы керек.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардан, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп саналган ата-энелерден (мыйзамдуу өкүлдөрдөн) же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар ата-энелерден (мыйзамдуу өкүлдөрдөн), ошондой эле жетим балдардан жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) камкордугусуз калган балдардан финансы каражаттарын чогултууга тыюу салынат.

Камкорчулук кеңеши тарабынан билим берүү уюму үчүн тартылган финансылык каражаттар атайын казыналык эсепке чегерилет жана билим берүү уюмунун камкорчулук кеңешинин чечими менен максаттуу арналыш боюнча пайдаланылат.

Камкорчулук кеңешинин төрагасы келип түшкөн финансылык жана материалдык каражаттар жана аларды сарптоо тууралуу отчетторду бербегени үчүн жоопкерчилик тартат.

Билим берүү уюмунун кызматчылары (жетекчиси, педагогикалык кызматчылар жана башкалар) өз мекемеси үчүн окуучулардан жана алардын ата-энелеринен (мыйзамдуу өкүлдөрүнөн) финансылык жана башка материалдык жардамдарды көрсөтүүнү талап кылууга укуксуз.

(КР 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

432-берене. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн эсептешүүлөр

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик, муниципалдык жана жеке билим берүү уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө билим берүү уюмунун банктык эсебине же казыналыктагы атайын эсебине акча каражаттарын чегерүү жолу менен, улуттук валютада жүргүзүлөт.

Билим берүү уюмдарынын билим берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн чет өлкөлүк валютада акы төлөө тууралуу талаптары мыйзамсыз болуп саналат жана мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.

(КР 2017-жылдын 22-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

44-берене. Билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби

Билим берүү уюмдарын каржылоо билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрү жана типтери боюнча окуп жаткандардын ар бирине класс-комплектисине жана тобуна эсептелген типтүү ченемдердин негизинде, ар бир окуучуга иш жүзүндө жумшалуучу чыгымдарды ырааттуу көбөйтүү принцибинде жүзөгө ашырылат.

Окуп жаткандардын ар бирине класс-комплектисинин, топтун типтүү ченемдерин эске алуу менен билим берүү уюмдарынын муктаждыгын каржылоонун көлөмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитүүчү ар жылкы республикалык бюджетте каралат.

Мамлекет билим берүү муктаждыгына артыкчылыктуулугун камсыз кылгыдай, ошондой эле инфляция шартында тиешелүү чыгымдоо беренелери корголчу өлчөмдө каражат бөлүп турууга кепилдик берет.

Кошумча булактарды тартуу мамлекеттик бюджеттен каржылоонун ченемдерин же абсолюттук өлчөмдөрүн азайтууга алып келбейт.

Билим берүү уюмдарынын финансылык каражаттары алынып коюлбайт.

Окуп жаткандардын ар бирине класс-комплектиге жана топко эсептелген типтүү ченемдер мамлекеттик билим берүү уюмдарынын туруктуу иштешине жана өнүгүшүнө зарыл болгон шарттарга жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Билим берүү процессинин жана билим берүү технологияларынын ар кандай усулдагы билим берүү программаларын ишке ашыруу учурунда, анын ичинде дистанциялык билим берүү технологияларын билим берүү уюмдары тарабынан пайдалануусу каржылоо ченемдеринин көбөйүшүнө алып келбейт.

Аз комплектелген айылдык мектептерди каржылоо ченемдери окуп жаткандардын санына карабастан кеткен чыгымдарды эсепке алуу менен түзүлөт.

Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарын каржылоонун ченемдери мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоонун ченемдеринен төмөн болбоого тийиш.

Кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдары лицензиялык ченемдердин чектеринде уюмдаштыруучунун эсебинен ашыра каржылануучу квалификациялуу эмгектин кызматкерлерин (жумушчуларды жана кызматчыларды) жана адистерди жеке жана (же) юридикалык жактар менен түзүлгөн келишим боюнча анын наркына акы төлөтүү аркылуу тийиштүү деңгээлдеги билим берүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.

Мамлекеттик бюджеттен билим берүү уюмдарына бөлүнүп берилген каражаттар казыналык тарабынан контролдонот. Билим берүү уюму иштеп тапкан калган бардык каражаттарды камкорчулар кеңеши жана коомдук институттар контролдойт.

Мамлекеттин эсебинен билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү республикалык бюджетте өзүнчө сап менен аныкталат. Адистиктердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Билим берүү уюмдары бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттардын чегинде окуп жаткандарды жана педагогдорду социалдык жактан колдоо боюнча чараларды өз алдынча иштеп чыгат жана ишке ашырат.

Кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдары өздөрүнүн каражаттарын пайдалануунун багытын жана тартибин, анын ичинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөгө жана материалдык жактан стимулдаштырууга багытталган үлүштү көзөмөлчүлүк кылуу кеңешинин макулдугу менен өз алдынча аныктайт.

44-1-берене. Мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө отчетту коомдук угуу

Мамлекеттик билим берүү уюмдары отчеттон кийинки жылдын 1-августуна чейин жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактардан алынган бюджеттен тышкары каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө коомдук угууларды өткөрүүгө милдеттүү.

Билим берүү уюмдарынын билим берүү процессинин катышуучулары, жарандык сектордун өкүлдөрү жана бардык кызыкдар адамдар коомдук угууларга катыша алышат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

44-2-берене. Мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши

(КР 2014-жылдын 30-майындагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

44-3-берене. Мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңешинин ишин уюштуруу

(КР 2014-жылдын 30-майындагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

45-берене. Билим берүү уюмдарынын өндүрүштүк иши

Билим берүү уюмдары өндүрүштүк, анын ичинде бюджеттен тышкаркы билим берүү ишинен киреше алууга укуктуу, ал уставда каралган иштерди аткарууга багытталат.

Жалпы билим берүүчү уюмдарда окуу китептерин ижаралоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-берене. Билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасы

Билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасына билим берүү, илим-изилдөө иштерине, билим берүү чөйрөсүнүн башка маселелерин чечүүгө пайдаланылуучу курулуштар, коммуникациялар, машиналар жана жабдуулар транспорттук, ошондой эле башка материалдык жана техникалык каражаттар кирет.

Билим берүү уюмдары өздөрүнө бекитилген жана (же) менчик укугуна таандык болгон имараттарды, курулуштарды, жабдууларды, ошондой эле социалдык, маданий жана башка багыттагы мүлктү, Кыргыз Республикасында колдонуучу ченемдерде аныкталган деңгээлден төмөн болбогон күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базалары уюмдаштыруучунун жана өз каражаттарынын эсебинен өнүктүрүлөт жана билим берүү уюмунун менчиги болуп саналат.

Мамлекеттик билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү өзүнө бекитилип берилген бюджеттик каражаттардын жана өзүмдүк каражатынын чегинде билим берүү уюмунун өзү тарабынан жүзөгө ашырылат. Жабдууларды алууга, капиталдык ремонт жүргүзүүгө кеткен чыгымдардын өлчөмү билим берүү уюму тарабынан тиешелүү тартипте бекитилген киреше жана чыгым сметасынын чегинде керектөөгө жараша жана болгон финансы каражаттарына лимиттерди белгилебестен билим берүү уюму өз алдынча аныктайт.

Башында турган мекеменин карамагындагы чарбалык эсептеги билим берүү түзүмдөрү учурдагы ремонтко жана алардын балансында турбаган, өздөрүнө бекитилип берилген материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө тиешелүү финансы чыгымдарын жумшоого укугу бар. Бул финансы чыгымы ошол мекемелердин бекитилген кирешелер жана чыгымдар сметаларынын чегинде жүргүзүлөт жана бюджетке алынып коюлбайт.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук жака аймактык органдары ведомстволук караштуулугу бар билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын күтүү жана өнүктүрүү маселелерин чечүүгө жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

Билим берүү, илим-изилдөө, өндүрүштүк ишке жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасы жеке адамдарга жана уюмдарга бекер ээлик кылууга жана пайдаланууга берилбейт. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын ижарага берүүдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.

(КР 2016-жылдын 29-июнундагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

47-берене. Билим берүү тутумунун менчик мамилелери

Мамлекеттик билим берүү уюмдарына алардын ишин камсыз кылуу максатында, уставда каралган имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, ошондой эле керектелүүчү, социалдык, маданий жана башка багыттагы зарыл керектүү башка мүлктөрдү оперативдүү башкаруу укугу берилет.

Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарына алардын ишин камсыз кылуу максатында, уставда каралган имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, ошондой эле керектелүүчү, социалдык, маданий жана башка багыттагы зарыл керектүү башка мүлктөрдү уюмдаштыруучу (уюмдаштыруучулар) менчикке өткөрүп берет же оперативдүү башкаруу укугун берет. Ушул ченем, эгерде мамлекет уюмдаштыруучу болуп саналган учурга жайылтылбайт.

Билим берүү уюмдарына билим берүү уюмдарынын жүргүзгөн ишинин натыйжасы болуп эсептелген ага жеке жана юридикалык жактардын интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгектин продуктысына белек түрүндө, соопчулук иретинде берген акча каражаттарына, мүлкүнө жана менчиктин башка объектилерине, ошондой эле жекече жүргүзгөн ишинен түшкөн кирешеге жана ошол кирешеге сатылып алынган мүлккө менчиктөө укугу таандык. Аларды ажыратуу маселеси өзүнчө чечилет.

Бюджеттик эмес каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк билим берүү уюмунун өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт жана өзүнчө баланста эсепке алынат.

Мамлекеттик билим берүү уюмдарына белгиленген тартипте берилген жер участкаларын оперативдүү башкаруу укугу берилет. Бул участкаларды пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодекси менен жөнгө салынат.

Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын имараттары жана курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттары жана курулмалары менчиктештирилүүгө жана сатылууга жатпайт.

Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мүлкү билим берүүдөн башка максаттарга пайдалануу үчүн алынып коюлбайт.

Улуттук жана региондук маанидеги мамлекеттик жогорку окуу жайларынын тизмегине кирбеген мамлекеттик жогорку окуу жайлары, негизги катары билим берүү ишин сактап калуу менен өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштеген мамлекеттик коммерциялык эмес билим берүү уюмдарына кайра уюштурулат. Улуттук жана региондук маанидеги мамлекеттик жогорку окуу жайларынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Улуттук жана региондук маанидеги жогорку окуу жайларынын тизмегине кирбеген билим берүү уюмдарын каржылоодон бошотулган каржы ресурстары билим берүү уюмдарын өнүктүрүүгө багытталат.

Билим берүү уюму мүлктүн сакталышы жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат. Билим берүү уюмдарынын бул жагындагы ишине контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары өздөрүнө мурда бекитилген же мамлекеттик менчиктен ажыратылып ижарага берилген мүлктү сатып алууда артыкчылык укуктарынан пайдаланышат.

(КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 110,  2013-жылдын 16-декабрындагы № 221 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

48-берене. Билим берүү уюмдарынын интеллектуалдык менчиги

Материалдык активдер формасындагы (илимий эмгектер, лекциялар, патенттер, программалык камсыз кылуу, билим берүү, дистанциялык жана маалымат технологиялары) интеллектуалдык менчик билим берүү уюмдарынын жана алардын кызматкерлеринин билим берүү жана экономикалык иштеринин булагы катары кызмат кылган менчиктин башка түрлөрүндөй эле корголууга тийиш.

VII Глава
Билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтык жана тышкы
экономикалык иш

49-берене. Эл аралык кызматташтык

Кыргыз Республикасынын тышкы саясий иштеринин алкактарында жүзөгө ашырылуучу билим берүү жагындагы эл аралык кызматташтык накта өнөктөштүккө, аз ара ишенимге негизделет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин негизинде курулат.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн борбордук жана региондук мамлекеттик башкаруу органдары, билим берүү уюмдары, билим берүү тутумундагы ишканалар жана уюмдар чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, ишканалар жана уюмдар менен түз байланыштарды орнотууга, мамлекеттер аралык жана эл аралык билим берүү, илимий жана илим-изилдөө программаларын жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттер аралык жана эл аралык коомдук билим берүү бирикмелерине кирүүгө укуктуу.

Башка мамлекеттердин жарандарын Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окутуу, кайра даярдоо жака квалификациясын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн мамлекеттер аралык макулдашуулар, ошондой эле билим берүү уюмдары же айрым жарандар менен түзүлгөн келишимдер боюнча жүзөгө ашырылат.

(КР 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

50-берене. Тышкы экономикалык иш

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн борбордук жана региондук мамлекеттик башкаруу органдары, билим берүү уюмдары, билим берүү тутумундагы ишканалар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тышкы экономикалык ишин өз алдынча жүзөгө ашырышат.

Алар банктарда жана башка кредиттик уюмдарда валюталык эсептерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачууга укугу бар.

Мамлекеттик билим берүү уюмдары, ишканалары жана билим берүү тутумундагы уюмдар тышкы экономикалык иштен алган, менчик укугундагы өзүнө таандык валюталык каражаттарга ээ. Алар билим берүү тутумун өнүктүрүүгө жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалат.

51-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашаган этностук кыргыздарга, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга билим берүү кызматын көрсөтүү

Кыргыз Республикасы башка мамлекеттерде жашаган этностук кыргыздарга жана башка чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде атайын билим берүү уюмдарын түзүү формасында билим берүү кызматын көрсөтөт. Кызмат көрсөтүү тартиби мамлекеттер аралык келишим, ошондой эле жеке адамдар менен түзүлгөн келишим боюнча жөнгө салынат.

Башка мамлекеттин жараны болуп саналган этностук кыргыздарга мамлекеттик бюджеттин эсебинен мамлекеттик билим берүү уюмдарында окуу үчүн квота берилет.

Этностук кыргыздардын контракттык форма боюнча окуусу үчүн акы төлөө Кыргыз Республикасынын жарандары төлөгөн өлчөмдө алынат.

52-берене. Эл аралык келишимдер

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ратификациялаган зл аралык келишимге жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарга шайкеш келбеген учурда, Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

Мамлекеттер аралык билим берүү уюмдар алардын ортосунда жана башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен түзүлгөн келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлөт, кайра уюштурулат жана жоюлат.

52-1-берене. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамды бузган же анын аткарылышына тоскоолдук кылган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VIII Глава
Корутунду жоболор

53-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирген 40-берененин алтынчы-он бешинчи бөлүктөрүн кошпогондо, ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-жыл, № 2, 53-ст.);

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-жыл, № 12, 575-ст.);

2002-жылдын 25-июлундагы № 130 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси.

(КР 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

54-берене. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Акаев   

 


Автору
Жогорку Кеңеш

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *