ОКУУ ЖАНА ОКУТУУ ЖӨНҮНДӨ

АДАМ КАНДАЙ ТҮЗҮЛГӨН – “СЕНИН ӨЗҮҢ ЖӨНҮНДӨ” БАЛДАР ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ

КӨЧҮРҮП АЛЫҢЫЗ

Кыргыз тилинде жарык көргөн Алексей Дороховдун “СЕНИН ӨЗҮҢ ЖӨНҮНДӨ” китебин балдарыңызга, досторуңуздун балдарына белекке тартууласаңыздар болот.

Бул китепти окуган окурман адамдын түзүлүшү кандай экенин, биздин организмибиз кандай иштерин биле алат.

Санжарбек Данияров 1980-жылы кыргыз тилине которгон бул китепти биздин Фонд Санжарбек Бакирович Данияровдун 90 жылдыгына арнап кайра басып чыгарды. Китеп аябай керектүү жана кызыктуу. Бул адамдын организминин кыскача энциклопедиясы кенже класстын окуучуларына арналган, бирок жогорку класстын балдарына жана ошондой эле ата-энелерге да аябай пайдалуу экени талашсыз. Андан тышкары, кыргыз тили боюнча билимин өркүндөткүсү келгендерге адамдын дене бөлүктөрүнүн аталыштарын жана организмдин касиеттерин кыргыз тилинде жакшылап билип алууга көмөктөшөт.

«СЕНИН ӨЗҮҢ ЖӨНҮНДӨ» КИТЕПТИ КАНТИП ТАБАСЫЗ:

  • Ушул жерден бекер жүктөп алсаңыз болот (Эгерде чоң адамдар кыргыз тилиндеги терминологияны үйрөнүп, адамдын организми жөнүндө билимин дагы бир жолу эстерине салгылары келсе) — шилтемеси жогору жактагы сүрөттүн алдында.

Же болбосо

  • Бишкектеги РАРИТЕТ китеп дүкөндөрүнөн балдарга окуп бериш үчүн ТҮСТҮҮ БАСЫЛМАНЫ сатып алсаңыз болот. Раритет дүкөндөрүндөгү баасы — 310 сом. 
    • РАРИТЕТ Инстаграмы: https://www.instagram.com/raritet_kg/
  • НУСКА дүкөнүндө: 
    • Эркиндик бульвары, 56 
    • НУСКА Инстаграмы: https://www.instagram.com/nuska_books/ 
  • КИТЕПКАНА.КГ (ОНЛАЙН КИТЕП ДҮКӨНҮ): Жеткизүү жөнүндө маалымат
    • Эгер сиз саат 15-00 чейин заказ кылсаңыз, заказ кылган китебиңиз эртеси жеткизилет.
    • Бишкек шаары боюнча китептерди кошумча акыга жеткизебиз, алыскы, жаны конуштарга келишим аркылуу 50-100 сом кошулушу мүмкүн.
    • Региондорго жеткизүү сүйлөшүү аркылуу. Региондорго «Кыргыз Почтасы» аркылуу же өздүк каналдар аркылуу келишим аркылуу жеткизебиз.
    • Башка мамлекеттерге DHL, FedEx ж.б компаниялары аркылуу жеткизүү жүргүзүлөт.

ДАГЫ:

Академик Санжарбек Бакирович Данияров жөнүндө көбүрөөк маалыматтар ушул жерде.
Академик Санжарбек Бакирович Данияровдун 90 жылдыгы жөнүндө маалыматтар ушул жерде

БИРИНЧИ МУГАЛИМ СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ: билим берүү › биринчи мугалим сынагы


 

Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз.


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *